Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-майы № 266
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-июнундагы № 352 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
-1-пунктундагы «тиркемеге ылайык курамда» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин курамы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Координациялык кеңештин курамына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын жетекчилери, анын ичинде өзгөчө кооптуу оорулар менен ооруган же жабыр тарткан же алардын атынан чыккан адамдар, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлдөрү кирет. Координациялык кеңештин жеке курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
Зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин жыйынына Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Координациялык кеңештин курамына кирбеген аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилери, эл аралык, донор жана башка уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.»;
- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Координациялык кеңештин ишинин принциптери, негизги милдеттери жана функциялары»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
«41. Координациялык кеңеш төмөнкү принциптердин негизинде иштейт:
- ишинин ачык-айкындыгы;
- Кыргыз Республикасында өзгөчө кооптуу эпидемияларга (АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана башкаларга) каршы күрөшүүдө мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун кызматташтыгы жана өнөктөштүгү;
- анын ишине өзгөчө кооптуу оорулар менен ооруган же жабыр тарткан адамдардын катышуусу;
- кабыл алынуучу чечимдерди жамааттык, эркин жана ачык талкуулоо;
- теңдик жана коллегиалуулук;
- кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо.»;
- 7-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«- Координациялык кеңешке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча), коомдук жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн, илимий кызматкерлерден, башка көз карандысыз эксперттерден турган координациялык түзүмдөрдү (жумушчу комитеттерди) түзүүгө, алардын курамын жана алар жөнүндөгү жоболорду бекитүүгө;
- өлкөнүн артыкчылыктуу керектөөлөрүнүн негизинде эл аралык жана донор уюмдарга улуттук өтүнмөлөрдү жиберүү жөнүндө Координациялык кеңештин комитеттеринин чечимдерин бекитүүгө; бекитилбей калган учурда конкреттүү сунуштамаларды көрсөтүү менен комитеттерге кошумча иштеп чыгууга кайтарууга.»;
- 8-пунктунда:
төртүнчү абзацындагы «ведомстволордон» деген сөз «мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пунктундагы «бир айдан» деген сөздөр «бир жумадан» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин жеке курамын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругунун долбоорун, ошондой эле комитеттерди уюштуруу жана алардын курамы менен алар жөнүндөгү жоболорду бекитүү маселеси боюнча кезексиз жыйынын өткөрүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 «АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө» токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 617 «АИВ/ЖИКСке, кургак учукка жана безгекке каршы күрөшүү боюнча Өлкөлүк координациялык комитет жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 306 токтому.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана ушул токтомго кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган 2-пунктун кошпогондо, 2017-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |