Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 648
Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категориясы үчүн кошумча төлөмдөр жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомунун редакциясына ылайык)
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү өркүндөтүү, педагог кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатууну жана окуучулардын билим сапатын жакшыртууну материалдык шыктандыруу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине квалификациялык категория үчүн эмгек акысына ай сайын кошумча төлөмдөр төмөнкүдөй белгиленсин:
- жогорку категория үчүн - 5000 сом;
- биринчи категория үчүн - 3000 сом;
- экинчи категория үчүн - 2000 сом.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү жылга карата өтүнмөсүнүн негизинде республикалык бюджетте жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин квалификациялык категориясы үчүн эмгек акысына кошумча төлөм берүүгө каражат караштырсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алты айдын ичинде жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин арасында ушул токтомду колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |