Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 30-марты № 181
Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы төлоонүн шарттары жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 217, 2023-жылдын 14-августундагы № 416, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 510, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 627, 2024-жылдын 5-февралындагы № 48, 8 мая 2024 года № 224 , 2024-жылдын 27-августундагы № 527, 2024-жылдын 9-сентябрындагы № 551 , 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 702, 2025-жылдын 4-июнундагы № 317, 2025-жылдын 29-июлундагы № 452, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 , 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 "Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: 7-пунктундагы "саатына 200 сом, кийимчен позада тургандыгы үчүн саатына 100 сом" деген сөздөр "саатына 360 сом, жарым кийимчен позада тургандыгы үчүн - 270 сом, кийимчен позада тургандыгы үчүн саатына 180 сом" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 22-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдой озгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттарында:
3-пункту "Бухгалтер" деген сөздөн кийин "(эки же андан көп бухгалтер болгон учурда, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча адистин милдеттери бир бухгалтерге жүктөлөт)" деген сөздөр менен толукталсын.
9. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
121.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
13. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23- августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24- июнундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү Кыргыз Республикасыиьш Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10- июлундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлорду киргизүү жөнүндө" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11- сентябрындагы № 628 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-октябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жонүндө" токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндогү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 204 "Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеггик билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын регламеттөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 649 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
17) Кыргыз Республикасынын Окмотүнүн 2021-жылдын 26-апрслиидеги № 172 "Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн билим берүү чөйрөсүндогү айрым чечимдерине озгортүүлордү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2, 3-пункттары.
15.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16.(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 37-38 (3372-3373) саны менен жарыяланды
Төрага | А.У.Жапаров |
|
| 22-тиркеме |
|
|
Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлерге саатына эмгек акы төлөөнүн СТАВКАЛАРЫ
(сом менен)
№ | Окугандардын контингенти | Саатына эмгек акы төлөөнүн ставкалары, сом менен | ||
Профессор, илимдин доктору | Доцент, илимдин кандидаты | Окумуштуу даражасы жок адамдар | ||
1 | Жалпы билим берүүчү баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окугандар; окугандардын ушундай эле башка категориялары; орто кесиптик билимди талап кылган кызмат орундарын ээлеген жумушчулар, кызматкерлер, курстардын угуучулары | 164 | 117 | 83 |
2 | Студенттер | 200 | 164 | 94 |
3 | Аспиранттар, жетектөөчү кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жайлардын угуучулары | 247 | 200 | 117 |
4 | Мамлекеттик заказдын алкагында окутулуучу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар | 350 | 350 | 300 |
5 | Кыргыз Республикасынын судьялары жана сот системасынын кызматкерлери | 350 | 350 | 300 |