Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-октябры № 674
Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Апостиль коюунун мөөнөтү жана ага төлөнүүчү жыйымдын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленсин:
- 2 иш күндүн ичинде - 940 сом;
апостилди шашылыш түрдө коюу:
-1 иш күндүн ичинде - 1880 сом;
- 3 сааттын ичинде - 2820 сом".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 "Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманын 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Документтерди апостилдештирүү мөөнөтү документтер берилген күндөн тартып 2 иш күндөн ашпоого тийиш.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |