Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-июну № 304
Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-октябрындагы № 674, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Мыйзамынын 12-3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 "Чет элдик расмий документтерди легалдаштыруу талабын алып салуучу Конвенциянын жоболорун ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленсин:
1) 2 жумуш күндүн ичинде - 1340 сом;
2) 1 жумуш күндүн ичинде - 3760 сом;
3) 3 сааттын ичинде - 8460 сом.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 686 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн республикалык бюджетке түшүүчү жыйымдар апостилди коюу боюнча ыйгарым укукка ээ мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын камсыздоого жумшалаары белгиленсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|