Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 646
Айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүчү Кыргыз Республикасынын тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана экономикалык жактан дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга жаткан айыл чарба продукциясын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандардан бөлөк) тизмесине киргизүүгө тандап алуунун критерийлери жана тартибинин 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Тизмеге киргизилчү жылдын 1-октябрына карата" деген сөздөр жана цифра алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү ишке ашыруучу тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын (товарлардын акциздик топторун өндүрүү үчүн пайдаланылгандарды кошпогондо) тизмесине 13-пунктунда:
- "Экономикалык иштин мамлекеттик классификатору" графасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"10.51.9";
"Иштин түрү" графасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Сырларды жана башка сүт жана уютулган сүт азыктарын өндүрүү".
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |