Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 512
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-июну № 263
Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 276-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 222 "2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 112-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 278 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-августундагы № 517 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 212-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктун жана 239-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-майындагы № 284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-июнундагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 239 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Үч жылдык мөөнөткө пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги № 190 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1, 3 жана 4-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-декабрындагы № 697 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "Кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-октябрындагы № 646 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 216 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-январындагы № 37 "Пайда салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон айыл чарба продукцияларын өнөр жайлык кайра иштетүүнү жүргүзүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2018-жылдын 24-сентябрынан тартып колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн ТИЗМЕСИ
№ | Код | Экономикалык иштин түрлөрүнүн аталыштары |
1 | 10.13.1 | Туздалган, тузга кармалган, кургатылган же ышталган эт, канаттуулардын эти жана тамак-аш субпродуктулары |
2 | 10.13.9 | Эттен, эттин субпродуктусунан же жаныбарлардын канынан жасалган колбаса жана башка азыктарды чыгаруу |
3 | 10.31.0 | Картошканы кайра иштетүү жана консервалоо |
4 | 10.32.0 | Жемиш жана жашылча ширелерин өндүрүү |
5 | 10.39.0 | Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнүн жана консервалоонун башка ыкмалары |
6 | 10.41.1 | Тазаланбаган (акталбаган) өсүмдүк жана тоң майларды, майларды өндүрүү |
7 | 10.41.9 | Тазаланган (акталган) өсүмдүк жана тоң майларды, майларды өндүрүү |
8 | 10.42.0 | Маргарин жана аралашма тамак-аш майларын өндүрүү |
9 | 10.51.1 | Суюк сүт жана камкаймак өндүрүү |
10 | 10.51.9 | Сырларды, башка сүт жана ачытылган сүт азыктарын өндүрүү |
11 | 10.52.0 | Балмуздак өндүрүү |
12 | 10.61.2 | Дан (күрүчтөн башкасы), жашылча өсүмдүктөрүнөн жана жаңгактардан ун жасоо |
13 | 10.61.9 | Эртең мененки тамактар үчүн акшак, гранул жана хлопья жана башка ушул сыяктуу продуктуларды чыгаруу |
14 | 10.62.0 | Крахмал жана крахмалдуу продуктуларды чыгаруу |
15 | 10.81.0 | Кант өндүрүү |
16 | 10.84.0 | Татымалдарды чыгаруу |
17 | 10.86.0 | Гомогендештирилген азыктарды (балдардын тамагын) жана диеталык азыктарды чыгаруу |
18 | 10.89.2 | Ачыткыларды чыгаруу |
19 | 10.91.0 | Фермаларда багылуучу жаныбарлар үчүн даяр тоюттарды чыгаруу |
20 | 10.92.0 | Үй жаныбарлары (үйдө багылуучу) үчүн тоюттарды чыгаруу |
21 | 11.07.2 | Улуттук суусундуктарды чыгаруу (максым, чалап, жарма, бозо) |
22 | 13.10.1 | Пахта буласын даярдоо жана ийрүү |
23 | 13.10.2 | Жүн буласын даярдоо жана ийрүү |
24 | 13.20.1 | Кебез кездемелерди чыгаруу |
25 | 13.20.2 | Жүн кездемелерди чыгаруу |
26 | 13.20.3 | Жибек кездемелерди чыгаруу |
27 | 13.20.9 | Башка кездемелерди чыгаруу |
28 | 13.91.0 | Машина же кол менен согулган трикотаж болотнай чыгаруу |
29 | 13.93.0 | Килемдерди жана килем буюмдарын чыгаруу |
30 | 15.11.1 | Мех терилерин (мехти) иштетүү жана боёо |
31 | 15.11.9 | Башка терилерин жана булгаарыларды ийлөө жана боёо; накта жана композициялык терилерди өндүрүү |