Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 763
Тамекини керектөөнү кыскартуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-декабрындагы № 668 "Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
Мезгил | 20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар |
2018-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин | 50 сом |
2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин | 60 сом |
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин | 70 сом |
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин | 80 сом |
2022-жылдын 1-январынан тартып | 90 сом |
";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизип турсун.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |