Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 4-ноябрындагы № 609
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-декабры № 668
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу, тамеки буюмдарын керектөөнү азайтуу жана калктын ден соолугун чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене баалар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
Мезгил | 20 (жыйырма) даана сигарет үчүн минималдык чекене баалар |
2018-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына чейин | 50 сом |
2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин | 60 сом |
2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына чейин | 70 сом |
2021-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейин | 80 сом |
2022-жылдын 1-январынан тартып | 90 сом |
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сигареттерге белгиленген минималдык чекене баалардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте чыпкалуу сигареттерге жана чыпкасыз сигареттерге минималдык чекене бааларды кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды зарылдыгына жараша белгиленген тартипте киргизип турсун.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 763 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |