Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-декабры № 796
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмдөрүн белгилөө жана эмгек акы боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 12-1 жана 24-1-тиркемелери менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги республикалык бюджетте министрлик үчүн каралган каражаттын чегинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү белгиленген тартипте каржыласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Директор | 20000 |
2 | Башкы бухгалтер | 16000 |
3 | Бухгалтер | 13000 |
".
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин кенже жана техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Күзөттүн начальниги | 12000 |
2 | Сантехник | 10000 |
3 | Электрик | 10000 |
4 | Күзөтчү | 8000 |
5 | Короо шыпыргыч | 5000 |
6 | Имаратты тейлөө жана учурдагы оңдоо, аймакты жайгаштыруу иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу | 4800 |