Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген |
Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелери
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344,
2025-жылдын 14-августундагы № 497 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер тракторлорду, башка өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга квалификациялык сынак өткөрүү жана тапшыруу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, ошондой эле эсепке алуу формаларын толтуруу тартибин аныктайт.
2. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга квалификациялык сынак кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, ошондой эле аларды алмаштыруу Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. "А", "В", "Г" графаларындагы уруксат берүүчү белгилери бар тракторист-машинисттин күбөлүгү төмөнкү категориялардагы тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугунун бар экендигин тастыктайт:
1) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар 77,2 кВт чейинки кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга;
2) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор 77,2 кВт жогору кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м чейин ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз бир жыл тракторист-машинист иш стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга;
3) мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м жогору ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз эки жыл тракторист-машинист иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга;
4) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7) (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Квалификациялык сынак кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү талапкерлердин жашаган (барган) жеринен көз карандысыз ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүндө жүргүзүлөт.
Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуу үчүн талапкерлерди даярдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан типтүү программалардын негизинде окуу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
2. Квалификациялык сынак тапшыруу тартиби
5. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга укук алуу үчүн талапкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окуу уюмдарын бүтүргөн, ушул Эрежелер менен аныкталган тартипте квалификациялык сынактарды тапшырган жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн алган адамдарга тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга жол берилет.
6. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүндө сынак комиссиялары түзүлөт.
7. Квалификациялык сынактарды кабыл алуу боюнча сынак комиссиясы 3төн кем эмес адамдан турууга тийиш. Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү бөлүнүшүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
8. Комиссияга кирет:
1) ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн эки өкүлү, алардын бири комиссиянын төрагасы болот;
2) Кыргыз Республикасынын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
3) коомчулуктун өкүлү.
9. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алууга квалификациялык сынак өткөрүү тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуучу адамдарды даярдаган жана кайра даярдаган билим берүү мекемелеринин бүтүрүү комиссияларынын иши менен катар ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрү тарабынан жүргүзүлөт.
10. Тийиштүү категориядагы тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна квалификациялык сынак тапшырууну каалаган талапкерлер ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнө төмөнкүлөрдү беришет:
1) транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген формадагы арызды;
2) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта);
3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - барган орду боюнча каттоосу жана мөөнөтү алты айдан кем болбогон визасы болсо өздүгүн күбөлөндүргөн документин, же жашап турууга уруксатын жана качкындын күбөлүгүн;
4) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өтүүнү тастыктаган документти;
5) тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуу үчүн талапкерлерди даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзгөн билим берүү мекемеси тарабынан берилген, окуу жайынын жетекчисинин кол тамгасы коюлган жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн окуудан өткөндүгү тууралуу күбөлүктү;
6) тракторист-машинисттин күбөлүгүн, эгер ал мурда берилсе (жоголгон учурда көрсөтүлбөйт);
7) "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы айдоочулук күбөлүктү же айдоочулук күбөлүктү (болсо);
8) кагазы жалтырабаган 3х4 см өлчөмүндөгү түстүү эки фотосүрөттү;
9) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасы).
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 637, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 , 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген окууга жолдомо көрсөтүлгөн шартта балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, "айыл чарба механизатору" адистиги боюнча жогорку жана орто окуу жайларында, техникумдарда окуган жетим-балдар тракторлорду жана өзү жүрүүчү машиналарды башкаруу укугуна квалификациялык сынак кабыл алуу жана күбөлүктөрдү берүү үчүн белгиленген жыйымдарды төлөшпөйт.
12. Ушул Эрежелердин 9-пунктунда каралган документтер берилген шартта Кыргыз Республикасында жашаган жеринен же иштеген жеринен сырткары билим берүү мекемесин бүткөн талапкерден квалификациялык сынак кабыл алууга жана тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүгө жол берилет.
13. Берилген документтер жана квалификациялык сынактын жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар протоколго киргизилет, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшу керек.
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Адам автомототранспорт каражаттарын, тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугунан ажыратылгандыгы жөнүндө маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системада болгон учурда тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүк берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
15-1. Автоматташтырылган маалыматтык системада жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде фиксацияланган укук бузуулар үчүн айыптар боюнча арыз ээсинин карыздары жөнүндөгү маалыматтардын болушу тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
Тракторист-машинисттин күбөлүгүн жоготулгандардын ордуна алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн болгон айыптарды төлөөгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Квалификациялык сынак төмөнкүдөй ырааттуулукта тапшырылат:
1) теориялык сынак;
2) практикалык сынак.
17. Теориялык сынактан өтпөй калган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Кайталап сынак тапшыруу биринчи сынак тапшырылган күндөн тартып жети күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган сынактардын натыйжасы терс болуп калган учурда квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2025-жылдын 28-февралындагы № 100 токтомдорунун редакциясына ылайык)
18. Теориялык сынакта алынган баа алты айга чейин жарактуу деп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-августундагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгү бар адамдар теориялык сынак тапшыруудан бошотулат.
21. Теориялык сынак иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген сынак билеттери боюнча кабыл алынат.
Теориялык сынакты тапшыруудан мурда талапкер транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте бетинин графикалык сүрөтү боюнча өздүгүн идентификациялоодон өтөт.
Теориялык сынактын сынактык тапшырмалары аралаш 20 суроодон турат. Теориялык сынакты тапшыруу үчүн убакыт 25 мүнөттү түзөт. Сынактык тапшырмалардын 18 жана андан көп суроосуна туура жооп берген талапкер теориялык сынакты тапшырган болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585 токтомдорунун редакциясына ылайык)
22. Практикалык сынак талапкерлерди даярдоону, кайра даярдоону жүргүзгөн билим берүү уюмдары тарабынан берилген тракторлордо, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарда кабыл алынат.
23. Практикалык сынакта төмөнкүлөр боюнча көндүмдөрү текшерилет:
1) кыймылдаткычты ишке киргизүү;
2) өргө карай ордунан жылдыруу;
3) туурасы тар аймактан ылдамдыкты бир жолу которуу менен кайрылуу (каз тамандуу машиналардан сырткары);
4) тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны артка айдап, бокско токтотуу;
5) чиркегичи бар тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны артка айдап, бокско токтотуу;
6) асылма жабдуусу бар тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны агрегаттоо;
7) чиркегичи бар тракторду же өзү жүрүүчү технологиялык машинаны (чиркегич машинасы менен) агрегаттоо;
8) ар башка ылдамдыктан тормоздоо жана токтотуу, анын ичинде өзгөчө жагдайда токтотууну.
24. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
25. Практикалык сынак тракторлордун, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналардын реалдуу механикалык иштөө шарттарында кабыл алынат.
Квалификациялык сынактар контролдоочу техникалык каражаттарды пайдалануу менен өткөрүлөт (аудио жана видео жаздыруу). Практикалык сынактарды өткөрүү процессин аудио жана видео жаздыруу каражаттары практикалык сынактарды өткөрүү үчүн пайдаланылган транспорт каражаттарына орнотулат.
Практикалык сынактарды өткөрүү процессин аудио жана видео жаздыруу каражаттары төмөнкүлөрдү камсыздашы керек:
1) алдыдагы жол жагдайын видео жаздыруу;
2) сынак алуучулардын командаларын жана тапшырмаларын аудио жаздыруу жана видео жаздыруу.
Квалификациялык сынак өткөрүүдө аудио жана видео маалыматтар сынакты кабыл алуу жаздырылган учурдан тартып 30 күндүн ичинде маалыматтын бүтүндүгүн камсыздаган электрондук алып жүрүүчүгө сакталат. Аудио жана видео маалыматтардын болушу жана сакталашы үчүн жоопкерчилик сынак комиссиясынын төрагасына жүктөлөт.
3. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү
26. Квалификациялык сынактардын жыйынтыгы боюнча алынган оң баа тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүгө негиз болот.
Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү квалификациялык сынактар тапшырылгандан кийинки бир иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган тракторист-машинисттин берилген айдоочулук күбөлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт, ошондой эле тракторист-машинисттин жарактуу жана жараксыз айдоочулук күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды электрондук маалыматтар базасына киргизет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
27. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
28. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29. Тракторист-машинисттин күбөлүгүнө ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүшүнүн кызматтык нускамалары менен тракторист-машинисттин күбөлүгүнө кол тамга коюуга милдеттүү кызматкери кол коёт жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
30. Тракторист-машинисттин күбөлүгүнүн башкарууга укук берилген тракторлордун (машиналардын) категорияларынын графаларына "Уруксат берилди" штампы менен белги коюлат.
31. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкарууга укук берген күбөлүк 10 жылга берилет.
4. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн алмаштыруу жана кайтарып берүү тартиби
33. Тракторист-машинисттин күбөлүгү төмөнкү учурларда алмаштырылууга тийиш:
1) эски үлгүдөгү күбөлүктү алмаштырууда;
2) тракторлорду жана өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналарды башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү бүткөндөн кийинки 12 айдын ичинде талап кылынбаган жана актынын негизинде жок кылынган учурда;
3) башка категориялардагы тракторлорду жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна уруксат алганда;
4) тракторист-машинисттин күбөлүгүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө;
5) тракторист-машинисттин күбөлүгүндө камтылган ээсинин жеке маалыматтары өзгөргөндө;
6) эгер тракторист-машинисттин күбөлүгү эскирген, бузулган же башка себептен андан ары колдонууга жараксыз болсо жана анда көрсөтүлгөн маалыматтарды (же анын бир бөлүгүн) визуалдуу аныктоого мүмкүн болбой калса;
7) тракторист-машинисттин күбөлүгүн жоготуу (уурдоо) тууралуу арыз түшкөн учурда.
Тракторист-машинисттин мурда берилген күбөлүгүн алмаштыруу үчүн ушул Эрежелердин 10-пунктунда көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтер берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Тракторист-машинисттин жаңы күбөлүгүнө мурда берилген күбөлүккө, окуу уюмун аяктагандыгы тууралуу күбөлүккө ылайык уруксат берүүчү, чектөөчү жана маалыматтык, ошондой эле башка категориянын ачылышы тууралуу белгилер көчүрүлөт. Бул учурда "Өзгөчө белгилер үчүн" графасына мурдагы күбөлүктүн сериясы, номери жана берилген күнү, тийиштүү категориялар графаларына - "Уруксат берилди" белгиси коюлат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
35. Тракторист-машинисттин күбөлүгү тракторлорду жана өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналарды башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу мөөнөтү аяктаганда квалификациялык сынак өткөрүлгөндөн кийин берилет.
36. Тракторист-машинистке башка категориялардагы машиналарды башкаруу укугуна уруксат алууда тиешелүү категорияларга кайра даярдоо боюнча күбөлүктүн негизинде, практикалык башкаруу боюнча сынак тапшырылгандан кийин тиешелүү графасына "Уруксат берилди" штампы менен белги коюлган жаңы күбөлүк берилет.
37. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
38. Калган учурларда тракторист-машинисттин күбөлүгү квалификациялык сынак өткөрбөстөн берилет.
5. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн даярдоо, сактоо жана жок кылуу тартиби
39. Тракторист-машинисттер үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген күбөлүктөрдүн бирдиктүү формасы киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомдорунун редакциясына ылайык)
40. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүнүн бланктарынын үлгүлөрү транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2024-жылдын 25-сентябрындагы № 585, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомдорунун редакциясына ылайык)
41. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
42. Ордуна жаңы күбөлүк берилген тракторист-машинисттин күбөлүктөрү жараксыз деп эсептелет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акт боюнча сакталат жана жок кылынат.
43. Тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү үчүн негиз болуп берилген документтердин түп нускалары мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет (арыз, тракторист-машинисттин мурунку күбөлүктөрү, жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастаган документ, окугандыгы тууралуу күбөлүк, өздүгүн ырастаган документ, практикалык сынактарды тапшыруунун этаптык карточкалары).
Сынак комиссияларынын протоколдору 10 жыл сакталат. Тракторист-машинисттин айдоочулук күбөлүктөрүн берүү реестрлери 45 жыл сакталат.
Документтер ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жана бөтөн адамдардын аларга жетүүсү жокко чыгарылган жерлерде сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685, 2025-жылдын 16-июнундагы № 344 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Ыйгарым укуктуу орган берилген жарактуу, жараксыз жана жоголгон тракторист-машинисттин күбөлүктөрү тууралуу маалыматтарды транспорт каражаттарынын жана айдоочулардын курамынын электрондук маалыматтык базасына киргизип турат.