Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябры № 637
Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик
документтерди пайдаланууну киргизүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 27 "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө", 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыктарын аткаруу максатында, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринде:
- 1.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сексен алтынчы абзац менен толукталсын:
"Түндүк" мобилдик тиркемеси" - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо.";
- 2.1.1-пункттун биринчи абзацы "токтотууга жана" деген сөздөрдөн кийин "эгерде артыкчылыктуу тартипте "Түндүк" мобилдик тиркемесинин жардамы менен документтерди санариптик форматта бөлүшүү мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта," деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.4-пункт "көрсөтүүгө" деген сөздөн кийин "жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу берилүүчү документтерди санариптик форматта онлайн режимде текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү программалык-аппараттык каражатка ээ болууга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.6-пункттун үчүнчү абзацы "документти" деген сөздөн кийин анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта" деген сөздөр менен толукталсын;
- 21.3-пункт "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу бул документти санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
- 22.1-пункттун биринчи абзацы "стажы бар" деген сөздөрдөн кийин "же болбосо бул документти тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугунун бар экендигин ырастаган "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:
- 5-пункт "пайдалануу үчүн арналган" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: "жетүү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген улуттук паспорт юридикалык күчкө ээ жана ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык физикалык форматта улуттук паспорттун номиналдуу тибине карата документке барабар болуп саналат.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 197 "Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Жетүү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген идентификациялык карта юридикалык күчкө ээ жана физикалык форматтагы идентификациялык картанын номиналдуу тибине карата документке барабар болуп саналат.".
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 "Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси менен санариптик форматта берилген документтер өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелеринде:
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы жана он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"санариптик документ - бул Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген документтин мазмунуна ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалымат базаларында камтылган жана Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, анын ичинде "Түндүк" мобилдик тиркемесинде түзүлгөн маалыматтардын жыйындысынан турган санариптик форматтагы документ;
"Түндүк" мобилдик тиркемеси - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү программалык камсыздоо.";
- 48-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Портал же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилүүчү документтер юридикалык күчкө ээ жана кагаз түрүндөгү документтерге барабар.".
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 686 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Жетүү "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан санариптик форматта берилген жалпы жарандык паспорт өз колу менен кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз түрүндөгү документтер менен бирдей юридикалык күчкө ээ.".
9. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күндүн ичинде өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |