Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-декабрындагы № 805 токтому менен бекитилген |
Запастагы офицерлер программасы боюнча жарандарды аскердик даярдоого тандоо, аны уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Жогорку окуу жайындагы аскер кафедрасы студенттер арасынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо максатында түзүлөт.
Аскер кафедрасы жогорку окуу жайдын түзүмдүк бөлүкчөсү болуп саналат.
2. Студенттер менен окуу-тарбиялоо иши окуу программасына жана жалпы аскердик уставдарга ылайык аскер кафедрасы тарабынан өткөрүлөт жана окутуу программаларында каралган теориялык жоболорду студенттердин жакшы өздөштүрүүсүнө, куралдарды колдонууда жана аскердик техниканы пайдаланууга берүүдө, бөлүкчөлөрдү башкарууда алып жаткан аскердик адистикке ылайык бекем практикалык ыктарды иштеп чыгуусуна багытталышы керек.
3. Аскер кафедрасы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, аскердик уставдарды, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйруктарын, директиваларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Аскер кафедрасынын офицердик курамынын адамдары, прапорщиктер жана контракттык кызматтын аскер кызматчылары тарабынан аскердик кызматты өтөө тартиби жана тартип практикасы жалпы аскердик уставдарда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн прапорщиктеринин жана контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөөсү жөнүндө жободо аныкталат.
II. Окуу жыйындарынан өткөрүү үчүн талапкерлерди тандоо тартиби
5. Окуу жыйындарынан өткөрүү үчүн талапкерлер базасында аскердик даярдоо өткөрүлүүчү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун буйругу менен түзүлгөн тандоо комиссиясы тарабынан коллегиялуу түрдө тандалып алынат.
Талапкерлерди тандоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- студенттердин Кыргыз Республикасынын жараны болуусун;
- студенттердин окуу предметтери боюнча карызы жоктугун.
Тандоо комиссиясынын курамына аскер кафедрасынын профессордук окутуучулар курамынын өкүлдөрү кирет.
Аскердик медициналык даярдоодон эркек студенттер, ошондой эле студент кыз-келиндер да өтөт. Окуу жыйындарынан өткөн жана аскердик даярдоо боюнча бүтүрүү экзамендерин тапшырган эркек студенттер офицердик курамдын запастагы аскердик наамына ээ болуу үчүн аттестациядан өтүшөт.
Студент кыз-келиндер окуу жайда аскердик медициналык даярдоо боюнча курстан өтүп, аскердик медициналык даярдоо курсуна экзамендерди тапшыргандан кийин офицердик курамдын запастагы аскердик наамына ээ болуу үчүн аттестациядан өтүшөт.
III. Аскердик даярдоону өткөрүү жана уюштуруу тартиби
6. ЖОЖдордо аскердик даярдоону жетектөө билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен бирге коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
7. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын күндүзгү бөлүмүндөгү студенттерди запастагы офицерлердин программаcы боюнча (мындан ары - аскер кафедрасы) аскердик даярдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү үчүн запастагы офицерлерди даярдоо максатында уюштурулат.
Аскердик даярдоо И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында ушул Жобонун талаптарына ылайык өткөрүлөт.
8. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасын кармоого кеткен чыгымдар ЖОЖдун бюджеттик жана атайын каражаттарынын эсебинен каржыланат.
Окуу материалдык-техникалык базаны жаңылоонун, техникаларды жана окуу полигондорун тейлөөнүн, ошондой эле коротулган ресурстарды толтуруунун тартиби жана мезгилдүүлүгү коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ортосундагы тийиштүү келишимдер менен аныкталат.
9. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөр жүктөлөт:
а) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча аскердик даярдоонун баштапкы, жалпы, негизги жана атайын курстарына бөлүнгөн сааттардын санын, ошондой эле И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасында же коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер бөлүктөрүндө окуу жыйындарын өткөрүү үчүн убакытты аныктоо;
б) төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү:
- И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын түзүмүн, санын жана штатын;
- аскер кафедрасынын аскердик даярдоосун камсыздоо үчүн зарыл болгон окутуу куралдары, аскердик техника жана аскердик-окуу мүлкү менен комплекттөө боюнча штатка табелди;
- аскер кафедрасында циклдердин аталышын жана санын аныктоо;
- профессордук-окутуучу курамды тандоону жана анын квалификациясын жогорулатууну контролдоо;
в) И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын алдында же аскер бөлүктөрүндө студенттер менен окуу жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү;
г) аскердик даярдоо үчүн керектүү болгон талаа окуу базасын И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында ЖОЖдун каражаттарынын эсебинен түзүү;
д) аскердик даярдоо боюнча бүтүрүү экзамендерин кабыл алуу үчүн атайын экзамендик комиссияларды түзүү, экзамендик комиссиялардын төрагаларын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн начальниктеринин ичинен дайындоо;
е) аскердик даярдоону, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасында жашыруун режимдин жана мамлекеттик, аскердик сырдын сакталышын контролдоо;
ж) штаттын табелине ылайык куралдар, аскердик техника, автомобилдик транспорт, окуу-машыгуу каражаттары, аппаратура, аспаптар, аскердик техникага запастык бөлүктөр, ошондой эле аскердик уставдар, керектүү насааттар, колдонмолор, нускамалар, топографикалык карталар жана башка аскердик даярдоо боюнча окуу китептери менен камсыздоо;
з) билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн армияларында резервдерди даярдоонун алдыңкы концепцияларын талдоонун жана жалпылоонун негизинде, ошондой эле жеке тажрыйбанын топтолушуна жараша запастагы офицерлерди аскердик даярдоо системасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү;
и) И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасына студенттердин башка кафедраларда окутулуучу сабактар менен тыгыз байланышта аскердик сабактарды окуусун уюштурууда окуу-методикалык жардам көрсөтүү;
к) И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасында иштелип чыккан методикалык окуу куралдарды басып чыгарууну камсыз кылуу.
10. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр жүктөлөт:
а) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген программаларга жана белгиленген аскердик адистиктерге ылайык И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында аскердик даярдоону уюштуруу;
б) ушул Жобонун талаптарына ылайык убакыт бөлүү менен окуу пландарында аскердик даярдоону өтүүнүн тартибин аныктоо;
в) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттарынын негизинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын штаттык ырааттамасын карап чыгуу жана бекитүү;
г) окуу, методикалык жана илимий-изилдөө иштеринин маселелери боюнча И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын ишин координациялоо жана окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу;
д) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашыруучулардан тышкары, окуу программаларында каралган иштин түрлөрүнө (кеңсе товарлары, чарба инвентарлары, окуу-материалдык базаны сатып алуу жана оңдоо, эмгек акы төлөө) акча каражатын бөлүү;
е) И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын ишинин жылдык планын карап чыгуу жана бекитүү.
11. Аскердик даярдоону уюштуруу, аны өткөрүүнүн сапаты, ал үчүн зарыл материалдык-техникалык базаны түзүү, куралдын, аскердик жана башка техниканын сакталышын камсыздоо, жашыруундуулук режимин бек сактоо үчүн түздөн-түз жоопкерчилик И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын начальнигине жүктөлөт.
12. Аскердик даярдоого 610дон кем эмес саат бөлүнөт, анын ичинен: 350дөн кем эмес сааты - милдеттүү аудиториялык сабактарга жана 116 саат - окутуучунун жетекчилиги астында өз алдынча пландуу даярдоого, 144 саат - окуу жыйындарын өткөрүүгө бөлүнөт. Аскердик даярдоого сааттардын так саны жана аларды сабактардын түрү боюнча бөлүштүрүү студенттердин контингентине жараша медициналык багыттагы аскердик даярдоо программаларында белгиленет.
13. Студенттердин окуу жыйындары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында же аскер бөлүктөрүндө аскердик даярдоонун жыйынтыктоочу этабында уюштурулат жана ЖОЖдун ректору менен макулдашылган мөөнөттө өткөрүлөт. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасында студенттердин окуу жыйындарынын узактыгы бардык аскердик адистиктер боюнча 30 календардык күндү түзөт.
Окуу жыйындарын өтүү учурунда студенттер коргоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык укуктарга ээ болушат жана жоопкерчилик тартышат. Студенттер окуу жыйындарынан өтүү мезгилинде курсанттар деп аталат. Окуу жыйындарынын башталышынын алдында бардык студенттер милдеттүү түрдө аскердик-дарыгердик комиссиядан өтүшөт. Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан ден соолугунун абалы боюнча жараксыз деп табылган эркек студенттер И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасында окуу жыйындарынан өтүүдөн бошотулат жана запастагы офицерлер курамына аттестацияланбайт, бирок негизги адистик боюнча окуусун улантат.
14. Аскердик даярдоо мезгилинде студенттер зачетторду жана экзамендерди тапшырышат. Студенттер ЖОЖдо аскердик даярдоо курсунан жана окуу жыйындарынан өткөндөн кийин И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өтүлүүчү жана атайын экзамендик комиссиялар тарабынан кабыл алынуучу бүтүрүү экзаменин тапшырышат.
Студенттердин аскердик даярдоо боюнча экзамендерде алган баалары башка сабактар боюнча алган баалары менен бирдей эске алынат. Аскердик даярдоо боюнча сабактарга негизсиз себептер менен (студенттин жана/же анын жашы жете элек балдарынын оорусу, жакын тууганынын өлүмү) системалуу түрдө (семестрдин ичинде катары менен 3 жолудан көп же бир жылдын ичинде сабактарга келбей калуусу 30 пайыз болгон) келбеген, аскердик жыйындарга катышуудан баш тарткан, ошондой эле аскер кафедрасындагы окуу процессинде жана окуу жыйындарын өткөрүү мезгилинде окутуучуларга жана жетекчиликке баш ийбей, көрсөтмөлөрүн аткарбай тартип бузган студенттер аскер кафедрасынын начальнигинин өтүнүчү боюнча алар студент болуп эсептелген жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмунун ректорунун буйругу менен аскердик даярдоо боюнча сабактардан чыгарылат. Жүйөсүз себептер менен аскердик даярдоо боюнча сабактарга системалуу түрдө катышпаган, окуу жыйындарынан өтүүдөн баш тарткан, ошондой эле аскер кафедрасында окуу процессинде жана окуу жыйындарынан өтүү учурунда тартип бузган студенттер И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын начальнигинин буйругу менен аскердик даярдоо боюнча сабактардан четтетилет.
15. Аскердик даярдоо боюнча бүтүрүү экзаменин тапшырган студенттер жекече тизме менен таризделет жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын начальниги тарабынан коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигинин буйруктарына жана директиваларына ылайык запастагы офицердик курамдын наамын ыйгаруу үчүн аларды аттестациядан өткөрүүгө коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет. Аскердик даярдоо боюнча бүтүрүү экзамендерин тапшырбаган студенттер офицердик курамга аттестацияланбайт.
16. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын жетектөөчү жана окутуучу курамдарынын кызматтарына аскердик кызматта турган, жогорку же жогорку атайын билими жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө офицердик кызматтарда тийиштүү кызмат өтөө тажрыйбасы бар офицерлер дайындалышат. Окутуучу курамдын штаттык кызмат орундары аларга анык аскердик кызматты өтөгөн офицер-окутуучулар үчүн каралган кызмат орундары боюнча айлык маяналарды белгилөө менен запаста турган офицердик курамдын адамдары менен алмаштырылат.
Окутуучу курамдын штаттык кызматтарына запаста турган офицердик курамдын адамдарынын иштөөсү, ошондой эле окутуу-көмөкчү персоналынын штаттык кызматтарын комплекттөө И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын начальнигинин сунушу боюнча И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун буйруктары менен жүргүзүлөт.
Офицердик курамдын адамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык аскердик кызматтан бошотулат.
17. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын штаттык кызмат орундарына, ошондой эле аскердик даярдоону уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан билим берүү органдарынын кызмат орундарына дайындалган офицерлер жана прапорщиктер аскердик кызматта турушат жана аларда Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн белгиленген бардык укуктар, артыкчылыктар жана жеңилдиктер сакталат.
Запаста турган офицердик курамдагы жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасында иштеген адамдар студенттер менен сабак өтүү учурунда аларга ыйгарылган аскердик наамдары боюнча айырма белгилери бар аскер кийим формасын кийишет, эгер коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан мындай укук берилсе, толук көлөмдө кызматтык милдеттерин аткарышат жана аскер кафедрасында белгиленген күн тартибин сакташат. Алар аскер кийимдери жана бут кийим менен коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын камсыздоочу органдары жана оорук кызматтары тарабынан өзүнчө акыга камсыздалышат.
18. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аскер кафедрасынын окутуучу курамынын катарындагы аскер кызматчыларга профессор жана доцент илимий наамдары Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарылат.
19. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына аскердик даярдоо үчүн бөлүнгөн куралдарды, аскердик техниканы жана мүлктү, ошондой эле жашыруун бөлүктөрдү жана китепканаларды кайтаруу ЖОЖдун өзүнүн каражаттарынын эсебинен уюштурулат.