Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 241 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилди |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 495, 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2013-жылдын 30-майындагы № 306 , 2014-жылдын 2-октябрындагы № 572, 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 659,2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2016-жылдын 17-июнундагы № 337, 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 568, 2016-жылдын 9-декабрындагы № 651, 2017-жылдын 18-августундагы № 506, 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2018-жылдын 4-октябрындагы № 454, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117, 2020-жылдын 14-январындагы № 8, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 210, 2022-жылдын 15-июлундагы № 386, 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I бөлүк. II бөлүк. III бөлүк. VI бөлүм. V бөлүм. VI бөлүм.
1-тиркеме. 2-тиркеме.
3-тиркеме. | Жалпы жоболор Офицердик курамдын аскердик кызматты өтөөсү Прапорщиктердин аскердик кызматты өтөөсү Куралдуу күчтөрдүн запасында туруу Өргүүлөр Аскердик кызматтан бошотуу
Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт Бир жыл жана андан ашык окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайда, адъюнктурада же аскердик докторантурада аскер кызматчынын окуусуна контракт
Аскердик окуу жайда аскер кызматчынын окуусуна контракт
|
Ушул Жобо, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктайт.
I бөлүк
Жалпы жоболор
1-глава
Контракт боюнча аскердик кызмат
1. Контракт боюнча аскердик кызмат - Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары - жарандар), Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерин өз ыктыяры менен аткарууга негизделген аскердик кызмат.
Контракт боюнча аскердик кызматты офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер өтөйт (мындан ары - эгерде текст боюнча башка көрсөтүлбөсө аскер кызматчылар).
Контракт боюнча аскердик кызматты мыйзамдарга ылайык Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдар) өтөшөт.
Аскердик прокуратуранын кызматчылары болгон аскер кызматчылар кызматты Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык, аскердик прокуратуранын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өтөшөт.
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болуп саналган аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салуучу атайын мыйзамдарда, ошондой эле аларга ылайык чыгарылган улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин актыларында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык кызмат өтөшөт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайларында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2017-жылдын 18-августундагы № 506, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө өзүнө, аскердик кызматка дайындоону, аскердик наамды ыйгарууну, аттестациялоону, аскердик кызматтан бошотууну, ошондой эле мыйзамдар жана ушул Жобо менен аныкталган аскер кызматчылардын кызматтык-укуктук абалына ылайык башка шарттарды камтыйт.
Биринчи чакырылган же өз каалоосу менен аскердик кызматка (контракт боюнча) келген жарандар Кыргызстан элинин ишенимине Аскердик ант беришет.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалган офицердик курамдын адамдары аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт түзбөстөн тийиштүү кызматта аскердик кызмат өтөшөт. Мындай офицерлерге контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчынын статусу сакталат.
Аскер кызматчыларды мындай кызматтардан бошоткондон кийин алар аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин карамагына киргизилет, андан кийин аскердик кызматты өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүшөт (эгерде анын аракети аяктаса) же ушул Жобонун VI бөлүмүнө ылайык аскердик кызматтан бошотулушат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өз ара жакын тууган болгон аскер кызматчылардын (мамлекеттик кызматчылардын иштеши) (ата-энелер, балдары, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң апа, таята, таяне, неберелер), эгерде алардын кызмат өтөөсү бирөөнүн экинчисине тике баш ийүүсү, контролдоосу менен байланыштуу болгон учурда бир аскердик бөлүктө, кошуунда жана башкармалыкта (департаментте) аскердик кызматты өтөөсүнө жол берилбейт.
5. Аскер кызматчылар контракт (жаңы контракт) түзбөстөн, аскердик эмес кызматтарда төмөнкү учурларда аскердик кызмат өтөсө болот:
1) командирдин (башчынын) карамагында эки айдан көп эмес турганда;
2) командирдин (башчынын) карамагында уюштуруу-штаттык иш чараларды өткөрүүгө байланыштуу үч айдан көп эмес турганда;
3) аскер кызматчыга карата кылмыш иши козголгонуна байланыштуу, командирдин (башчынын) карамагында кылмыш иши боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин турганда;
4) мамлекеттин коргонуусунун жана коопсуздугунун кызыкчылыгындагы иштерди аткаруу же эл аралык милдеттерди аткаруу максатында мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилгенде.
5) кызматтан бошотуу (четтетүү) жөнүндө командирдин (башчынын) буйругуна сотто даттанууга байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында жарандык иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин турганда
6) жубайынын (күйөөсүнүн) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 210 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Контракт боюнча аскердик кызматка офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматтарына жарандарды кабыл алуу аскердик комиссариаттар аркылуу жүргүзүлөт, мында офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматтарында пайдалануу үчүн аскердик кызматка аныктоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринин кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн - Кыргыз Республикасынын коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен;
2) улуттук коопсуздук органдарынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн - ушул органдын жетекчисинин буйруктары менен, ал эми улуттук коопсуздук органынын Чек ара кызматынын (мындан ары - Чек ара кызматы) кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирүүчү кызмат орундарынан тышкары);
3) аскердик прокуратура органына - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен.
4) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2017-жылдын 18-августундагы № 506, 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракт жаран менен, ал аскердик кызмат өтүүчү же ал жерде аскердик кызматты өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын атынан чыккан мамлекеттик орган ортосунда, ушул Жобо менен аныкталган тартипте типтик форма боюнча жазуу түрүндө түзүлөт.
Контрактта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) контракт түзгөн жарандын (аскер кызматчынын) аскердик наамы (бар болсо), аты-жөнү, жана анын туулган күнү, айы, жылы;
2) Кыргыз Республикасынын атынан контракт түзгөн мамлекеттик органдын аталышы, ушул органдын контрактка кол койгон кызмат адамынын кызматы, аскердик наамы, аты-жөнү;
3) контрактка кол коюлган күн-айы.
8. Контрактын шарттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жарандын (аскер кызматчынын) контрактта белгиленген мөөнөттүн аралыгында аскердик кызматты өтүүсүн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген аскер кызматчылардын бардык жалпы,кызматтык жана атайын милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга милдеттерин;
2) аскер кызматчынын юридикалык жоопкерчилигин;
3) аскер кызматчыларынын статусун жана жеңилдиктерди, кепилдиктерди жана компенсацияларды кошуу менен аскердик кызматты өтөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген анын укуктарынын жана анын үй-бүлөсүнүн укуктарынын сакталышына жарандын (аскер кызматчынын) укугун;
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
9. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Аскердик кызматты өтөө жөнүндө биринчи контракт, ошондой эле ар бир кийинкиси Мыйзам менен белгиленген мөөнөткө (жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруу учурларынан тышкары) аскердик кызматта туруунун чектүү жашына же пенсияга чыгуу укугун берген кызмат өтөө жылдарына жеткенге чейин түзүлөт.
11. Мыйзамга ылайык 2 жылдык мөөнөткө аскердик кызматка чакырылган, аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген офицердик курамдын адамдары менен аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт, ушул Жобонун талаптарына ылайык алар чакырылган кызматтын мөөнөтү бүткөндө түзүлүшү мүмкүн.
12. Аял жарандар, офицерлердин жана прапорщиктердин бош аскердик кызмат орундары бар болгондо, офицерлердин жана прапорщиктердин кызмат ордуларына контракт боюнча аскердик кызматка алынышы мүмкүн.
13. Контракт мамлекеттик же жарандын (аскер кызматчынын) каалоосу боюнча расмий тилде төрт нускада түзүлөт, биринчиси аскер бөлүктүн (мекеменин) иш жүргүзүүсүндө өзүнчө делодо көктөлөт, экинчи жана үчүнчүсү аскер кызматчынын өздүк делосуна тигилет, ал эми төртүнчүсү анын колуна берилет. Мында контракттын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ.
Контрактта жазылуучу бардык жазуулар бардык төрт нускада ишке ашышы керек, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командирдин (башчынын) колу жана гербдүү мөөрү менен бекитилет.
Контракттын кайсы бир нускасы жоголгон учурда ал аскер кызматчынын биринчи өздүк делосундагы нускасын (ал жок болсо - бар болгон нускадан) көчүрүү жолу менен, кадрдык орган тарабынан күбөлөнүп калыбына келтирилет.
14. Контракттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) мөөнөтү аяктаганда, аскер кызматчынын каалоосу боюнча;
2) аскер кызматчы каза болгон учурда (аны дайынсыз жоголгон же өлгөн деп таанылганда);
3) ушул Жобонун 186-187-пункттары менен каралган негиздер боюнча.
15. Контракт боюнча аскердик кызматты улантууну каалаган аскер кызматчылар менен жаңы контрактты түзүү ушул Жобонун 45-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары мурдагы контракттын колдонуу мөөнөтү бүткөн күнү (эгер бул күн эс алуу же майрам күнүнө туш келсе - эс алуу же майрам күнүнөн кийинки иш күнүндө) ишке ашырылат.
16. Контракт боюнча аскер кызматчысы үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү - контракттын аракетинин мөөнөттү бүткөн күндө токтойт. Мында аскердик кызматтан бошонууну каалаган аскер кызматчы контрактын мөөнөтү бүтө турган күнгө кызматын жана ишин өткөрүп бериши, ал эми контракт бүткөн күнү өздүк курамдын тизмесинен чыгарылышы керек. Ушул Жобонун 45-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, контракттын аракети ушул Жобонун 45-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары менен белгиленген тартипте уланат.
Аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу күнү аскер кызматчы үчүн аскердик кызматты аяктаган күн (акыркы күн) болуп эсептелет.
17. Аскердик кызматты өтөө мөөнөтүнө төмөнкүлөр эсептелбейт:
а) кылмыш иши боюнча чектөө чаралары катары аскер кызматчысынын камакта болгон убактысы, ал боюнча кийин соттун айыптоо өкүмү чыгарылган же кылмыш иши өзүн актабаган негиздер боюнча токтотулган болсо;
б) бөлүктү же кызмат өтөгөн ордун өз каалоосу менен таштап кеткен же дезертирликте жүргөн убактысы, кийин айыптоо өкүмү чыгарылган учурларда.
18. Аскердик кызматтын жалпы узактыгы өзүнө чакыруу боюнча дагы, контракт боюнча дагы, анын ичинде аскердик кызматка экинчи жолу кирген учурлардагы убактысы дагы аскер кызматчынын аскер кызматына кирет.
19. Аскердик кызматтын мөөнөтүн календардык эсептеп чыгаруу - бул аскер кызматчынын жылдарда, айларда жана суткаларда чагылдырылган аскердик кызматта болгон чыныгы убактысы.
20. Кызмат өтөгөн жылдары боюнча пенсияга укугу бар аскер кызматчыларга, аскердик кызматты өтөгөн мезгилдери (календардык жана жеңилдетилген эсептеп чыгарууда), аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөп жаткан ошол мамлекеттик органдын кадрдык органы тарабынан тастыкталат.
Кызмат өтөө жылдарынын эсеби пенсия органынын башчысы тарабынан түзүлөт, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана аскер кызматчынын өздүк делосуна көктөлөт.
2-глава
Контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучуларга талаптар
21. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү жарандар Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бериши керек.
22. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынбайт:
1) медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар болсо;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тартса;
3) аскердик кызматка келген убакта, мыйзам менен белгиленген тартипте соттолгондугу жоюла элек же алынып салына элек же ага карата кылмыш иши козголсо. Улуттук коопсуздук органдарында соттолгондугу жоюлган же алынып салынгандыгына карабай, кылмыштары үчүн соттолгон адамдар аскердик кызматты өтөй албайт;
4) аскердик кызматка келгенге чейин, бир жыл аралыгында соттук тартипте атайын укук бузгандыгы үчүн ага административдик жаза салынса;
5) кызматына ылайык келбегендиги боюнча мамлекеттик (аскердик) кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо;
6) жаман жоруктары боюнча аскердик кызматтан бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо.
Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда, талапкерлерге Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар менен аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.
Мурда ушул Жобонун 186-пунктунун 5 - 91-пунктчаларында жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставынын 106-пунктунда каралган негиздер боюнча, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамда белгиленген негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулган жарандар улуттук коопсуздук органдарына контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынбайт.
Адамдын ушул Жободо жана улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын бирине ылайык келбегендиги улуттук коопсуздук органдарына аскердик кызматка алуудан баш тартууга, ошондой эле аны улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга негиз болот.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2016-жылдын 9-декабрындагы № 651, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
23. Жарандардын аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 711 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган (тынч жана согуш убагына) мамлекеттик органдарда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобого ылайык медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
3-глава
Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө үчүн талапкерлерди тандоо тартиби
24. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматына контракт боюнча аскердик кызматка кирүүнү каалаган жаран жашаган жери боюнча аскердик комиссариатка же аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына арыз берет.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) жарандын аскердик наамы (эгер бар болсо), аты-жөнү;
2) туулган жылы, айы, күнү жана жери;
3) жашаган жери;
4) билими;
5) жаран контракт түзүүнү каалаган мамлекеттик органдын аталышы, аскердик кызматка кирүү мотиви;
6) эгерде аскердик кызматты өтөсө, аскердик бөлүктүн номери (мекеменин аталышы) жана кайсы кызматта өтөгөндүгү, ошондой эле аскердик кызматтын мезгилдери.
Жаран арыз менен кошо төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) өз колу менен жазган өмүр баянды;
2) аскердик-каттоо документтеринин көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
3) эмгек стажы бар болгондо эмгек китепчесинин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
4) кесиптик же башка билимин тастыктаган документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) паспорттун, туулгандыгы жөнүндө, нике жөнүндө (эгер никеде турса), бала туулгандыгы жөнүндө (эгерде бар болсо) күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү.
25. Аскер комиссариаттары жана аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдары, контракт боюнча аскердик кызматка кирүү каалоосун билдирген жарандарын арыздарын катташат жана кароого кабыл алышат.
Арызы кароого кабыл алынган жаран контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө талапкер болуп (мындан ары - талапкер деп аталат) эсептелет.
26. Аскер комиссариаттары кабыл алынган арыздарды он жумуш күнүнүн ичинде карап чыгышат жана талапкерлерди алдын ала тандоо боюнча ишти уюштурушат.
Талапкердин таризделген документтери аскер комиссариаттары тарабынан мамлекеттик органга (талапкер аскердик кызматты өтөөнү каалаган) чечим кабыл алуу үчүн жиберет.
27. Талапкер, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар менен аныкталган учурларда, мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат алууну тариздөө жол-жобосун белгиленген тартипте өтөт.
28. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөгө жарактуу деп табылган талапкерге аскер комиссариаттарында, аскердик кызматка чакырууда (аныктоодо) (эгерде мурда өздүк дело таризделбеген болсо), өздүк дело таризделет.
Аскердик кызматка чакырылгандан (аныкталгандан) кийин талапкердин өздүк делосу жана башка керектүү документтери аскер комиссариаттар тарабынан алардын аскердик кызматты мындан ары өтөөчү орду боюнча жиберилет.
29. Контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген талапкердин арызы ушул Жобонун 22-пунктунда каралган жоболорду эске алуу менен кайтарылууга жатат.
Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл албаган учурда, талапкерге жазуу түрүндөгү жооп берилет, анда баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.
291. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу иш-чараларын уюштуруу өзгөчөлүктөрү жана жүргүзүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамга ылайык аныкталат.
Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлер психофизиологиялык, медициналык күбөлөндүрүүдөн, полиграфтык изилдөөдөн, ошондой эле кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн жана тестирлөөдөн өтөт, аларды өтүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава
Контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алууга байланыштуу кызмат адамдарынын милдеттери
30. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматтарына контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алууга байланыштуу аскердик башкаруу органдарына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) аскер комиссариаттарына:
а) офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматтары, аскердик-каттоо адистиктери жана кызмат орундары боюнча талапкерлерди тандоого аскердик бөлүктөрдүн суроо-талаптарын жыйноо жана чогултуу;
б) контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуу жөнүндө жарандардын арыздарын тиешелүү мамлекеттик органдарына жиберүү;
в) ушул талапкерлердин банкын түзүү;
г) аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) суроо-талаптарына ылайык мүмкүн болгон кызмат орундар жана кызматтар жөнүндө жарандарга маалымат берүү;
д) өздүк делолорду тариздөө жана талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүүдөн, керектүү текшерүүлөрдөн өтүү үчүн жиберүү;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган учурларда - улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу жана талапкерге мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү тариздөө;
ж) керектүү аскердик-каттоо адистиктери боюнча талапкерлердин бардыгы жөнүндө аскер бөлүктөргө (мекемелерге) билдирүү;
з) талапкерлер менен маек өткөрүү, алардын аскердик-каттоо адистиктерге ылайыктуулугун аныктоо үчүн аскер бөлүктөрүнүн (мекемелеринин) өкүлдөрү менен талапкерлердин жолугушууларын уюштуруу;
и) контракт боюнча аскердик кызматка чакыруу (аныктоо) үчүн керектүү материалдарды өз убагында тариздөө жана тиешелүү кадрдык органдын дарегине жиберүү;
к) талапкерлердин өздүк делолорун аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына жиберүү;
л) талапкерлерди кызмат өтөө ордуна, аларды контракт боюнча аскердик кызматка аныктоо жөнүндө келип түшкөн буйруктун көчүрмөлөрүнүн негизинде жиберүү.
2) аскердик бөлүктүн (мекеменин) командачылыгына:
а) аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен аскердик бөлүктө (мекемеде) бар болгон бош кызматтарды комплектөөгө суроо-талаптарды команда боюнча көрсөтүү;
б) жарандардын, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан прапорщиктердин жана аскер кызматчылардын (мындан ары - контракттык кызматтын аскер кызматчылары) катарынан талапкерлерди тандоону уюштуруу;
в) ушул Жобо менен белгиленген талаптарга талапкерлердин ылайык келүүсүн аныктоо боюнча аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу;
г) талапкерлердин өздүк делолорун жана башка материалдарын тариздөө боюнча ишти уюштуруу, аларды офицерлер жана прапорщиктер катарында аскердик кызматка аныктоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн жогорку инстанцияларга жиберүү жана алар менен контракттарды түзүү.
3) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилерине:
а) контракт боюнча аскердик кызматка офицерлердин жана прапорщиктердин кызматтарына кабыл алуу жөнүндө арыздарды (билдирмелерди) кароо;
б) тийиштүү мамлекеттик органдын атынан контракттарды түзүү боюнча кызмат адамдарынын укуктарын аныктоо;
в) ушул Жобонун 6-пунктуна ылайык контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды аныктоо;
г) жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматына дайындалуучу прапорщиктерден тышкары офицерлерди жана прапорщиктерди тийиштүү кызматтарга дайындоо жүктөлөт.
31. Бар болгон бош кызматтардын ордуна иштөөгө табыштамалар (аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен) аскердик бөлүктөрдүн командирлери (мекемелердин башчылары) тарабынан жогору турган башкаруу органдарына берилет.
5-глава
Контракт түзүү тартиби. Контракт боюнча аскердик кызматтын башталышы, мөөнөтү жана аякташы
32. Кыргыз Республикасынын жарандары жана аскер кызматчылары биринчи контрактты төмөнкү учурларда түзүшөт:
а) мурда контракт боюнча аскердик кызматты өтөбөгөндөр:
1) он сегиз жаштан жаш эмес жана запаста турган, Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта болуу үчүн чектүү жаштан улуу эмес курактагылар;
2) он тогуздан баштап кырк жашка чейинки аялдар;
б) мурда мөөнөттү аскердик кызматты жана аскердик кызматты (анын ичинде контракт боюнча да) өтүшкөн жана контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү адамдар үчүн белгиленген талаптарга ылайык шарттарда аскердик кызматта туруунун чектүү жашына жете электер;
в) аскердик кызматта тургандар:
- аскердик кызматты өтөө жөнүндө мурда түзүлгөн контракттардын аракетинин мөөнөтү бүтүп калса;
- аскердик кызматты өтөө жөнүндө мурда контракттарды түзбөгөндөр.
33. Биринчи контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт:
1) контракт боюнча аскердик кызматка кирген жарандар менен (1-тиркеме);
2) аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен (1-тиркеме);
3) аскер окуу жайына тапшыруучу прапорщиктер менен (3-тиркеме).
331. Улуттук коопсуздук органдарында контракттын формасы жана шарттары, аны түзүү, узартуу, өзгөртүү, бузуу жана токтотуу тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Талапкер менен биринчи контрактка мамлекеттик органдын тийиштүү жетекчисинин чечими менен ыйгарым укук берилген кызмат адамы кол коет.
35. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан жана аны улантууну каалаган аскер кызматчы төмөнкү учурларда жаңы контракт түзөт:
1) мурдагы контрактын мөөнөтү бүткөндө;
2) ушул Жобонун 33-пунктунун 3-пунктчасында каралган адамдардан аскердик окуу жайга, адъюнктурага, аскердик докторантурага өткөндө;
3) ушул Жобо менен аныкталган тартипте аскердик окуу жайынан, адъюнктурадан, аскердик докторантурадан чыгарылганда;
36. Мыйзам жана ушул Жобо менен белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызматтан бошотулган, аскердик кызматты улантууну каалаган аскер кызматчы да жаңы контракт түзөт.
37. Жаңы контракт төмөнкү типтик форма боюнча түзүлөт:
1) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен - аскердик кызматта болуунун чектүү жашы же пенсия алууга укук берүүчү кызмат өтөө мөөнөтү келгенге чейин ар бир жолу;
2) бир же андан ашык жылга окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайларына өтүүдө офицерлер менен, адъюнктурага же аскердик докторантурага - окуунун бардык мезгилине жана аларды бүткөндөн кийин аскердик кызматтын үч жыл аралыгына (2-тиркеме);
3) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер менен жогорку аскер окуу жайына өтүүдө.
371. Чектелген курактан жогору аскердик кызматта калтырылган аскер кызматчылары менен аскердик кызматынын мөөнөтү узартылган мөөнөткө аскердик кызмат өтөө жөнүндө жаңы контракт түзүлөт.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Жаңы контрактка, мамлекеттик органдын тийиштүү жетекчисинин чечими менен ыйгарым укук берилген кызмат адамы кол коет.
39. Аракеттеги контракттын мөөнөтү бүтүп жаткан аскер кызматчы жаңы контракт түзүү үчүн, команда боюнча мурдагы контракттын мөөнөтү аяктаарына эки айдан кем эмес убакыт калганда билдирме берет.
40. Аскер кызматчынын билдирмеси белгиленген тартипте катталат. Билдирмелерди өз убагында берүүнү контролдоону тийиштүү кадрдык орган же аскердик бөлүктүн (мекемени) комплектөө органы ишке ашырат.
41. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктаган командирлер (башчылар), аскер кызматчы менен жаңы контракт түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө, аракеттеги контракттын бүтөөрүнө бир ай калгандан кечиктирбестен чечим кабыл алышат.
42. Аскердик кызматта болуунун чектүү жашына жете элек, мурда жакшы аттестацияланган аскер кызматчыга жаңы контракт түзүүдөн баш тартылбашы керек.
43. Аскердик кызматта болуусунун чектүү курагы Мыйзам менен белгиленет.
44. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан, аракеттеги контракт аяктаганга чейин жаңы контракт түзүү жөнүндө белгиленген мөөнөттө билдирме бербеген аскер кызматчы аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүлөт.
45. Жаңы контракт түзүүгө мүмкүнчүлүгүн объективдүү жокко чыгарган (күжүрмөн аракеттерге катышуу; дарыланууда болуу; боюнда болуу жана төрөт боюнча өргүүдө болуу; бала багуу боюнча өргүүдө болуу; чет мамлекетте иш сапарларда, чет мамлекеттик курстук окууларда, окутуучу семинарларда болуу; туткунда болуу, барымта же эркинен ажыратылган абалында жана башка ушул сыяктуу мыйзамдар менен аныкталган абалдарда) шарттарда контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчысы контракттык аскердик кызматтын аскер кызматчысынын статусун сактайт жана мурда түзүлгөн контракттын шарттарында аскердик кызматты улантат.
Көрсөтүлгөн шарттар токтогондо, аскер кызматчысы аскердик бөлүккө (мекемеге) келгенден кийин беш жумуш күн аралыгында аскердик кызматты өтөөгө жаңы контракттын түзүлүүсү же аскердик кызматтан бошонуу жөнүндө билдирме берет.
Тийиштүү командирлер (башчылар) он күн мөөнөтүндө, Мыйзам жана ушул Жобо менен каралган негиздер боюнча жаңы контрактты мындай аскер кызматчысы менен түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышат.
46. Кызмат өтөө жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга чейин үч жылдан көп эмес убакыт калганда аскер кызматчы, ушул Жобонун 186-пунктунун 4-9-пунктчалары жана 187-пункту менен белгиленген негиздер боюнча бошотууга жаткан учурлардан тышкары аскердик кызматтан бошотулушу мүмкүн эмес.
Мындай аскер кызматчы менен, кызмат өтөө жалдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга зарыл болгон мөөнөткө жаңы контракт түзүлөт.
II бөлүк
Офицердик курамдын аскердик кызматты өтөөсү
1-глава
Жалпы жоболор
47. Куралдуу Күчтөрдө аскердик кызматта турган офицердик курамдын адамдарына аскер кызматчылардын статусу бар жана офицердик курамдын аскердик наамы ыйгарылган адамдар кирет.
Аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдары жана аскер комиссариаттары офицерлердин өздүк делолорун тариздешет, анда төмөнкүлөр болушу керек:
1) кызмат өтөө тизмеси;
2) өмүр баян;
3) бөлүктүн штаб башчысы жана кадрдык орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн, баш кийими жок, күнүмдүк аскердик форма кийиминде 9x12 өлчөмдөгү түстүү сүрөт (запастан аныкталган адамдарга сүрөт аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлөт);
4) аскер кызматчыга өзүнүн түздөн-түз башчысы, ал эми жарандарга акыркы иштеген (окуган) жеринен тийиштүү кызмат адамдары жазып берген кызматтык мүнөздөмө;
5) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;
6) паспорттун жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
7) нике жөнүндө (никеден ажырашкандыгы жөнүндө), балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
8) аскердик кызматка жарактуулук даражасы жөнүндө медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгынын көчүрмөсү.
Аскердик бөлүктөрдө (мекемелерде) өздүк курамдын өздүк делолорун кийин түзүүнүн, жүргүзүүнүн жана каттоонун тартиби тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.
48. Офицердик курамдын адамдарына аскердик кызмат чакыруу боюнча жана контракт боюнча аскердик кызматтан турат.
Чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан офицерлерге төмөнкүлөр кирет:
1) Мыйзамга ылайык аскердик кызматка чакырылган офицерлер;
2) мобилизация жарыяланганда жана аскер убагында аскердик кызматка чакырылган запастагы офицерлер;
3) аскердик жыйындарды өтүү үчүн тартылган запастагы офицерлер.
49. Офицердик курамдын адамдары үчүн төмөнкү аскердик наамдар белгиленет:
- кенже офицердик курам: кенже лейтенант, лейтенант, улук лейтенант, капитан;
- улук офицердик курам: майор, подполковник, полковник;
- жогорку офицердик курам: генерал-майор, генерал-лейтенант, генерал-полковник, армиянын генералы.
Юридикалык жана медициналык аскердик-каттоо адистиктери бар жана тийиштүү бөлүкчөлөрдө жана кызматтарда кызмат өтөп жаткан офицерлер үчүн аскердик наамдарына "юстициянын", "медициналык кызматтын" деген сөздөр кошулат. Гвардиялык аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөп жаткан офицерлерге тийиштүү аскердик наамдын алдына "гвардиянын" деген сөздү кошуу жолу менен түзүлгөн (гвардиянын улук лейтенанты, гвардиянын полковниги) айырмаланган гвардиялык аскердик наамдар белгиленет.
50. Аскердик милдеттери боюнча офицерлер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- аскердик кызматта турган офицерлерге;
- запаста турган офицерлерге - запастагы офицерлерге;
- отставкада турган офицерлерге - отставкадагы офицерлерге.
51. Офицерлер, аларга ыйгарылган офицердик курамдын аскердик наамдарында түбөлүк турушат.
Запаста турган офицерлердин аскердик наамдарына "запастагы" деген сөзү кошулат (запастагы капитан, запастагы полковник), ал эми отставкадагы офицерлердин аскердик наамына "отставкадагы" деген сөзү кошулат (отставкадагы полковник, отставкадагы генерал-лейтенант).
52. Офицерлер аскердик кызматта жана запаста Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзамына ылайык болушат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан, ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта катардагы эмес аскердик кызматка жарактуу, согуш убагында биринчи даражадагы чектүү жарактуу же тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында экинчи даражадагы чектүү жарактуу запастагы офицерлер 3-разряддагы запаста аскердик каттоодо турушат.
Офицердик курамдын аял аскер кызматчылары офицердик курамдын аскердик наамдарына карабастан 3-разряддын запасында турушат. Алардын запаста туруусунун чектүү жашы 45 жашка чейин, аны кошуу менен белгиленет.
54. Аскердик кызматта болуунун чектүү жашына жеткен офицерлер, ушул Жобонун 46-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотулууга тийиш.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кызматтык зарылчылыктын айрым учурларында, башка адамдар тарабынан милдеттерди аткаруу мүмкүн болбогондо, аскердик кызматта болуунун чектүү жашына жеткен офицерлер Офицердик жыйналыштын өтүнүчү боюнча аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдын коллегиясынын чечиминин негизинде 3 жылга чейинки мөөнөткө аскердик кызматка калтырылышы мүмкүн.
Бул максаттарда учурдагы жылы чектүү жашка жеткен жана Офицердик жыйналыштын өтүнүчү боюнча аскердик кызматка калтырууга пландалып жаткан офицерлердин тизмеси жылына бир жолу, күн мурунтан, коллегиянын кезектеги пландуу жыйынында учурдагы жылдын биринчи кварталында каралат.
Чектүү жаштан жогору 3 жылга чейинки мөөнөткө аскердик кызматта калтырылган офицерлер командачылыктын чечими боюнча же жеке өтүнүчүнүн негизинде, алар калтырылган мөөнөт аяктаганга чейин бошотулушу мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
55. Запаста туруунун чектүү жашына жеткен запастагы офицерлер же ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгарып салуу менен аскердик кызматка жараксыз деп табылган адамдар отставкага которулат.
2-глава
Офицердик курамдын кызматтарын комплектөө
56. Офицердик курамдын кызматтары төмөнкүлөрдү дайындоо жолу менен комплектелет:
а) аскердик кызматта турган офицерлер менен;
б) аскердик окуу жайларды бүтүрүүчү-офицерлер менен;
в) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан катардагы жоокер, сержант жана старшина курамдарындагы аскер кызматчылар, тийиштүү аскердик-каттоо адистикке даярдоо профили боюнча жакын жогорку билими бар прапорщиктерди, "майордон" жогору эмес штаттык категориядагы офицердик курамдын кызматтарына дайындоо жолу менен, мында аларга баш ийген офицердик курамдын адамдары болбошу керек.
57. Кызматтык зарылчылык болгондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин чечими менен офицердик курамдын кызматтарына, ушул кызматтар боюнча милдеттерди аткаруу үчүн керектүү иш тажрыйбасы бар жарандык персоналдын адамдары дайындалышы мүмкүн.
Ушул Жобонун 56-пункттун "в" пунктчасында жана ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн кызматтарга офицерлерди дайындоо зарыл болгон учурларда, аскер кызматчылардын жана кызматчылардын категориясы, офицердик курамдагы ээлеген кызматтарынан, аларды офицердик курамдын кызматтарына дайындоого чейинки ээлеген кызматтарына тең кызматтарга кезектеги жайгаштыруу менен бошотулат.
58. Офицердик курамдын кызматтары ошондой эле төмөнкүлөр менен комплектелет:
1) аскердик кызматта болуунун чектүү жашына жете элек, контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынуучу запастагы офицерлер менен;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган санда жана аскердик-каттоо адистиги боюнча, 30 жаштан жогору эмес курактагы адамдардын ичинен 2 жылга аскердик кызматка чакырылуучу запастагы офицерлер менен;
3) кенже офицердик курамдын аскердик кызматында болуунун чектүү жашына жете элек, тийиштүү аскердик-каттоо адистикке даярдоо профили боюнча жакын жогорку билими бар, запастагы жоокерлер, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер менен;
4) мурда аскердик каттоодо турбаган, 40 жаштан жогору эмес тийиштүү аскердик-каттоо адистикке даярдоо профили боюнча жакын жогорку билими бар аялдар менен.
3-глава
Кызматка дайындоо, кызмат боюнча которуу
59. Офицердик курамдын кызматтары жана ушул кызматтарга тийиштүү аскердик наамдар атайын тизмелер менен аныкталат жана штаттарда каралат. Ушул кызматтардын тизмелери, жогорку офицердик курамдын кызматтарынан тышкары ыйгарым укуктуу соттун органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.
60. Офицерлерди кызматка дайындоо төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
1) ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин карамагына алардын келүүсү боюнча - эки ай аралыгында;
2) контракт боюнча аскердик кызматка запастан аныкталгандарга - алардын, аскердик комиссариаттын жазма буйругунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна кетүү күнүнөн баштап бир айдан кеч эмес мөөнөттө.
61. Офицерлерди дайындоо (Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу кызматтардан тышкары) төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- офицердик курамдын кызмат ордуна аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн, ошондой эле контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, сержант жана старшиналык курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерди дайындоо - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, "майорду" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин курамына кирген дивизиянын командачылыгынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, "капитанды" кошо алганда штаттык кызматтык категориядагы кызмат орундарына - дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундардын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин, ошондой эле Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, борбордук баш ийүүдөгү бөлүктөрдүн ортосундагы офицерлерди, "майорду" кошо алганда штаттык категориядагы кызмат орундарына - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
- калган офицерлерди - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын буйруктары менен;
2) коргоо органында - коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен;
3) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйруктары менен; зарыл болгон учурда улуттук коопсуздук органынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына, түзүмдүк жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн, ошондой эле ведомстволук мекемелеринин жетекчилерине офицерлерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;
Чек ара кызматында - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине офицерлерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;
5) аскердик прокуратура органдарында:
- Аскер прокурорунун сунушу боюнча Аскер прокурорунун орун басарларын, улук жардамчыларын жана бөлүмдөрдүн башчыларын, аскер гарнизондорунун прокурорлорун - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен;
- прокурорлордун жардамчыларын, улук прокурорлорду жана бөлүмдөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) прокурорлорун, прокурор-криминалисттерди, улук тергөөчүлөрдү жана тергөөчүлөрдү, ошондой эле башкы адистерди - Аскер прокурорунун буйруктары менен;
6) жазык-аткаруу тутумунун органында - жазык-аткаруу тутумунун органынын жетекчисинин буйруктары менен; мында жазык-аткаруу тутумунун органынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына офицерлерди кызмат орундарына дайындоо боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
7) өзгөчө кырдаалдар органында - өзгөчө кырдаалдар органынын жетекчисинин буйруктары менен;
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде:
- колбашчысынын орун басарлары, аскер бөлүктөрүнүн командирлери - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
- калган офицерлерди - Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 659, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2017-жылдын 18-августундагы № 506, 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
62. Офицерлерди кызмат боюнча жайгаштыруу төмөнкүчө ишке ашат:
1. жогору турган кызматтарга;
2. тең кызматтарга;
3. төмөн турган кызматтарга;
4. ээлеген кызматынан бошонуу менен окууга тапшырууга байланыштуу жана окууну аяктагандан кийин.
Кызмат боюнча жайгаштыруу жөнүндө буйруктарда (өздүк курам боюнча), офицер кайсы кызматка (жогору турган, тең турган, төмөн турган) жайгаштырылып жатат жана ушул Жобонун 63-65-пункттары менен каралган мындай жайгаштыруунун негизи көрсөтүлөт.
63. Офицердик курамдын кызматы төмөнкүдөй болот:
1) жогору турган - эгерде кызматы боюнча штатта ээлеген кызматы боюнча офицердик курамдын аскердик наамынан жогору аскердик наамы каралса, ал эми тең аскердик наамдарда чоң кызматтык маяна каралса;
- төмөн турган - эгерде кызмат боюнча, штатта ээлеген кызматынан төмөн офицердик курамдын аскердик наамы, ал эми тең аскердик наамдарда - аз кызматтык маяна каралса. Штаттарда эки аскердик наам жана минимумдан максимумга чейин кызматтык маяналар каралган учурда, улук аскердик наам же максималдуу кызматтык маяна эске алынат.
64. Офицерлерди жогору турган кызматтарга жайгаштыруу кызмат боюнча көтөрүлүү тартибинде жүргүзүлөт. Жогору турган кызматтарга жайгаштырууда, офицерлердин кесиптик сапаттары жана кызматтагы жетишкен жыйынтыктары эске алынат. Жогору турган кызматтарга дайындоого биринчи кезекте, көтөрүлүү үчүн кадрлардын резервинде турган офицерлер каралат.
65. Офицерлерди тең кызматтарга дайындоо төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) штаттардын кыскартылышы боюнча же уюштуруу-штаттык иш чараларга байланыштуу;
2) кызмат кылуу мөөнөтү белгиленген жерлерде алмаштырууну өткөрүүдө;
3) адистик боюнча максатка ылайык пайдалануу үчүн же иш тажрыйбасын эске алуу менен;
4) кызматтарды комплектөө зарыл болгондо;
5) ден соолугунун абалы боюнча - офицердин өтүнүчү боюнча;
6) үй-бүлөлүк шарттар боюнча - офицердин өтүнүчү боюнча.
66. Жогору турган кызматтагы офицерлерди төмөн турган кызматтарга жайгаштыруу төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) штаттардын кыскартылышы боюнча же өткөрүлүүчү уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу - тең кызматка которуу мүмкүн болбогондо;
2) аттестациялык тартипте иш сапаттарынан чыгып, ээлеген кызматына ылайык келбегендиги боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык коюлган тартип жазасын ишке ашыруу тартибинде;
4) Офицердик жыйындын же офицерлердин жолдоштук абийир сотунун өтүнүчү боюнча же соттун тийиштүү өкүмү боюнча;
5) офицердин жазуу түрүндөгү макулдугу менен учуу иштерине же ээлеген кызматы боюнча башка милдеттерди аткарууга жараксыздыгы жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиясынын токтомуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
6) үй-бүлөлүк же башка шарттарга байланыштуу офицердин жеке өтүнүчү боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Штаттардын кыскарылгандыгы боюнча жогору турган кызматтан төмөн турган кызматтарга которулган офицерлер көтөрүлүү үчүн кадрлардын резервине киришет.
68. Офицерлерди кызматка дайындоодо жана кызмат боюнча аларды которгондо төмөнкүдөй шарттар сакталат:
1) офицерлерди кызмат орундарына дайындоодо жана кызматы боюнча аларды которууда офицерлерди негизги же жакынкы адистиги боюнча пайдалануунун камсыздалышы, тажрыйбасы жана ар кандай жерлерде кезектешип кызмат өтөөсү жана моралдык-иштик жана кесиптик сапаттары, иштеген жылдары, тартип практикасы эске алынышы керек;
2) жаңы адистиктер боюнча кызматтарда офицерлерди колдонуу зарылчылыгында бул кызматтарга дайындоо тиешелүү курстарда кайра даярдоо коштолот же курстарга жиберүүгө мүмкүнчүлүк жокто - дайындоо күнүнөн баштап бир ай мөөнөт ичинде жаңы кызматта милдеттерди убактылуу аткаруу процессинде;
3) аскердик окуу жайларын бүтүргөндө же запастан аскердик кызматка аныкталганда, офицерлер, алган же өзүнүн адистигине ылайык офицердик курамдын бош кызматтарына дайындалат;
4) жогорку аскердик билими бар офицерлерди башка кызматтарга дайындоо алардын практикалык тажрыйба алуу максатында же тийиштүү аскердик-каттоо адистиги менен кызматка дайындоо мүмкүнчүлүгү жок болгондо жол берилет;
5) офицердик курамдын аял аскер кызматчылары болгон иш тажрыйбасын жана аскердик-каттоо адистигин эске алуу менен дайындалат;
6) аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан ден соолугунун абалы боюнча, тынч убакта катардагы эмес аскердик кызматка жарактуу, аскердик убакта биринчи даражадагы чектүү жарактуу деп табылган, бирок аскердик кызматка туруунун чектүү жашына жете элек офицерлер, ден соолугунун абалын, даярдыгын жана кызмат тажрыйбасын эске алуу менен милдеттерин аткара алган башка кызматка, которулууга тийиш.
7) башка жерге офицерлерди которуу, алардын өтүнүчү боюнча алар кызмат ордун (жашаган жерин) өзгөртүүгө муктаж болгон учурда ишке ашырылат:
- өзүнүн ден соолугунун абалы боюнча, эгерде алар аскердик-дарыгердик комиссиянын токтому менен тынч убакта катардык эмес кызматка жарактуу, согуш убагында биринчи даражадагы чектүү жарактуу же тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында экинчи даражадагы чектүү жарактуу деп табылса;
- алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы боюнча: аскер кызматчынын багуусунда болгон аялы (күйөөсү), 18 жашка толо элек, 18ге толгон - окуган балдары, аскер кызматчынын же аскер кызматчынын аялынын (күйөөсүнүн) чоогуу жашаган I жана II топтогу майып балдар, картаң ата-энеси;
8) офицерлерди кызматтык сыйышуучулук тартибинде кызматка дайындоого жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
69. Кызмат боюнча көтөрүлүү үчүн артыкча укукту, көтөрүлүү үчүн кадрлардын резервинде турган офицерлер, ошондой эле ушул резервде турбаган, күжүрмөн аракеттерде же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда, күжүрмөн нөөмөттү (күжүрмөн кызматты) өтөөдө кесипкөйлүктү жана уюштуруу жөндөмдүүлүктөрүн көрсөткөн офицерлер колдонот.
70. Ээлеген кызматы боюнча штатта каралган аскердик наамдан бир баскыч жогорку кезектеги аскердик наам ыйгарылган офицерлер кызматы боюнча көтөрүлүү үчүн кадрлардын резервине киришет.
71. Жогорку ээлеген кызматынан төмөн турган кызматка мурда которулган офицерлер, ушул Жобонун 68-пунктунун талаптарын эске алуу менен кызмат боюнча көтөрүлөт. Мында тартип жазаны ишке ашыруу тартибинде Офицерлердин жыйналышынын же офицерлердин жолдоштук абийир сотунун өтүнүчү боюнча төмөнкү кызматтарга которулган офицерлер, аларга коюлган тартип жазасы алынгандан кийин кызмат боюнча көтөрүлүшү мүмкүн.
72. Офицерлер төмөнкү негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин карамагына кириши мүмкүн:
1) өткөрүлгөн уюштуруу-штаттык иш чаралардын жыйынтыгында ээлеген кызматынын кыскартылуусуна байланыштуу;
2) алты айдан ашык мөөнөткө аскердик окуу жайга окууга же кызматтык иш сапарга жөнөтүүгө байланыштуу;
3) тергөө жүргүзгөн органдын жазуу түрүндөгү билдирүүсү бар болгондо кылмыш ишинин козголуусуна байланыштуу (ээлеген кызматынан бошотулган офицерлер мындай учурда кылмыш иши боюнча акыркы чечим чыкканга чейин карамагында турат);
4) "кызматынан төмөндөтүү" берилген тартиптик жазаны ишке ашыруу мезгилинде, командачылыктын чечими боюнча. Эгерде офицерлер аларды ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө командачылык тарабынан кабыл алынган чечим менен макул болбосо жана анда аны соттук тартипте талашышса, алар иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин карамагында болушат;
5) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) аскер кызматчы туткунда, барымтада же интерленгенде жана ушу сыяктуу мыйзам менен аныкталган башка шарттарда болгондугуна байланыштуу - болуунун бардык мезгилине.
Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлер, баласы үч жашка чыкканга чейин ушул пункттун 1 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурлардан тышкары алардын макулдугу жок ээлеген кызматтарынан бошотулушу мүмкүн эмес.
7) мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча, офицердин жеке өтүнүчүнүн негизинде;
8) жубайынын (күйөөсүнүн) мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмчөлөрүнө кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо - аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес.
"Карамагындагы офицерлерге карата кылмыш иши козголгон жана тергөө жүргүзүлүп жаткан учурда, аларды карамагына киргизүү негизине карабастан, кылмыш иши боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин алар карамагында турат.
Кийинкиге калтырууга болбогон (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында каралган) учурларда офицерлер аскердик бөлүктүн командиринен баштап жана андан жогорку түздөн-түз башчыларынын чечими боюнча ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилиши мүмкүн.
Баш ийген адамды кызматтан бошоткон командир (башчы), кызматтан кетирүүнүн себептерин жана шарттарын кеңири жазуу менен бул жөнүндө тезинен команда боюнча билдирүүгө милдеттүү.
Баш ийген адамды жетиштүү негиздери жок кызматтан бошоткон командир (башчы) жоопкерчилик тартат, ал эми кызматтан четтетүү жөнүндө чечим бул чечимди кабыл алган командир (башчы) же улук түздөн-түз башчы тарабынан жокко чыгарылат.
Чек ара кызматынын офицерлери Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен ээлеген кызматынан бошотулушу жана карамагына киргизилиши мүмкүн (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына офицерлерди кызмат орундарынан бошотуу жана аларды карамагына киргизүү боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 210 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
73. Уюштуруу-штаттык иш чараларды өткөрүүнүн жыйынтыгында жана командачылыктын чечими боюнча ээлеген кызматтарынан бошотулган офицерлер, бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлерден тышкары, үч айдан көп эмес карамагында турушу мүмкүн, андан кийин алар кызматка калыбына келтирилүүгө, башка тең кызматка, ал эми мындай кызмат болбогон учурда - офицердин өзүнүн макулдугу боюнча төмөн турган кызматка дайындалууга же аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш, эгерде ушул Жобо менен башка тартип каралбаса.
Офицерлер командирдин (башчынын) карамагында турган мезгилде командачылыктын чечими боюнча кадр органдары аларга башка бош тең кызматка же төмөн турган кызматка дайындоону эки жолудан кем эмес сунуштоого милдеттүү, эгерде ушул Жобо менен башка тартип каралбаса. Ар бир баш тартуу же сунушталган кызматка макул болуу протокол түрүндө жазылат, ал офицердин өздүк ишине тиркелет.
Командирдин (башчынын) карамагында белгиленген мөөнөттөн ашык турган офицерлер сунушталган кызматтан кезектеги баш тартуудан кийин аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.
Жүргүзүлгөн уюштуруу-штаттык иш-чаралардын жыйынтыгында жана командачылыктын чечими боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын офицерлери бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлерден тышкары, үч айдан көп эмес карамагында турушу мүмкүн, андан кийин алар кызматка калыбына келтирилүүгө, башка тең кызматка, ал эми мындай кызмат болбогон учурда - офицердин өзүнүн макулдугу боюнча бир баскычка төмөн турган кызматка дайындалууга же аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш. Улуттук коопсуздук органдарынын офицерлери командирдин (начальниктин) карамагында турган мезгилде кадр органдары жетекчилик менен макулдашуу боюнча аларга тең же төмөн турган кызматка дайындоо үчүн бир жолу сунуштайт. Сунушталган кызматтан баш тартуу же макул болуу протокол түрүндө жазылат, ал офицердин өздүк ишине тигилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 572, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2016-жылдын 17-июнундагы № 337, 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
74. Бала үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча өргүүдө болуу мезгилинде ээлеген кызматынын кыскарганына байланыштуу карамагында турган офицерлерге өргүү бүткөндө ошол эле кызматтар, ал эми алар жок болгон учурларда - карамагына киргенге чейин алардын ээлеген кызматтарына тең кызматтар берилиши керек.
Аскердик окуу жайына окууга жана чет мамлекеттик кызматтык иш сапарларга жиберүүгө байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулган офицерлер окуудагы (иш сапардагы) бардык мөөнөт аралыгында карамагында турушат. Мындай офицерлердин кийинки кызматтык абалын аныктоо боюнча чечим алар окуудан (иш сапардан) келгенден кийин эки ай аралыгында кабыл алынышы керек.
Карамагында турган офицерлер (аскердик окуу жайына окууга жана чет мамлекеттик кызматтык иш сапарларга жиберилгендерден сырткары) кызмат
убактысынын белгиленген күн тартибине же регламентине ылайык өздүк ку- рамдын тизмесинде турган аскердик бөлүккө (мекемеге) күн сайын келүүгө милдеттүү. Бул аскер кызматчыларына кызмат убагында бөлүктөн (мекемеден) чыгуу уруксаты аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын) чечими менен берилет.
Карамагындагы турган мөөнөткө белгиленген өргүүлөрдө, (бала багуу боюнча өргүүдөн башка) дарылоо мекемелеринде (бөлүкчөлөрдө) дарыланууда (текшерилүүдө), офицердик курамдын бош кызматтарын убактылуу аткарууда, офицерлердин кызматтык абалы аларга байланышпаган себептер боюнча өз убагында аныкталбаган кызматтын башка учурлары кирбейт.
Ушул Жобонун 72 жана 73-пункттарынын жоболору прапорщиктерге карата да колдонулат.
75. Аскер кызматчылар жана кызматчылар офицердик курамдын бош (бош эмес) кызматтары боюнча кызматтарды (милдеттерди) убактылуу аткарууга аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын) буйругу менен кое берилиши мүмкүн.
76. Офицерлердин кызмат боюнча которулуусу эреже катары, аларды тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин карамагына киргизбестен жүргүзүлөт.
(2-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кызмат боюнча которулуп жаткан офицерлер, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы менен белгиленген мөөнөттө ишин жана кызматын тапшыргандан кийин, бирок офицер кезектеги өргүүдө же дарыланууда жүргөн учурлардан тышкары, кызматка дайындоо жөнүндө буйруктун (жазуу түрүндө билдирүүнүн) көчүрмөсүн аскердик бөлүктөн алган күндөн баштап бир ай мөөнөттөн кеч эмес жаңы кызмат ордуна кетиши керек.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
77. Ыйгарым укуктуу органдардын офицердик курамынын адамдары аскердик кызматты мындан ары улантуу үчүн бир органдан экинчи органга которулушу мүмкүн.
Которуу персоналдык тартипте жана офицердин макулдугу менен болот.
Офицерлерди которуу, ушул органдардын тийиштүү жетекчилеринин ортосунда өз ара макулдашуу боюнча ишке ашат жана бул жетекчилердин буйруктары менен таризделет.
Бир органдан башка органга офицердик курамдын адамдарын которууда мурдагы кызмат орду боюнча өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат жаңы кызмат орду боюнча өздүк курамдын тизмесине киргизилет. Мында ушундай аскер кызматчылар түзгөн контракттардын шарттары бардык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан таанылат.
Офицер жаңы кызмат ордуна кеткенде аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) 3 күндүк мөөнөттө жаңы кызмат орду боюнча командачылыкты офицердин кеткендиги жөнүндө баруу мөөнөтүн көрсөтүү менен кабарлайт. Офицер жаңы кызмат ордуна келгенде, аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) 3 күндүк мөөнөттө эски кызмат орду боюнча командачылыкка офицердин келгендиги жөнүндө кабарлайт.
78. Офицердик курамдын адамдары, алардын аскердик кызматта (Куралдуу Күчтөрдүн кадрларына) калуусу менен коргоо мүнөзүндөгү иштерди аткаруу, улуттук коопсуздук маселелерин, башка атайын милдеттерди жана эл аралык милдеттемелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аппараттарына, ишканаларга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилиши мүмкүн.
Мындай офицерлерде, офицердик курамдын адамдары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген укуктар, кепилдиктер, компенсациялар, артыкчылыктар жана милдеттер сакталат.
79. Мамлекеттик органдарынын аппараттарына, ишканаларга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилген офицерлерге кезектеги аскердик наамдар, мамлекеттик органдардын тиешелүү аппараттарынын жана эл аралык уюмдардын, ишканалардын жана уюмдардын көрсөтүүсү боюнча ушул Жобонун талаптарына ылайык ал иш сапарга жиберилген мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат. Мында аларга "полковникке" чейинки аскердик наам, аны кошуу менен ыйгарылышы мүмкүн.
Иш сапарга жиберилген аскер кызматчылары менен мурда түзүлгөн контракттар мындай иш сапардын бардык учурунда өзүнүн аракетин сактайт.
Мамлекеттик органдардын аппараттарына, ишканаларга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилген офицерлерди аскердик кызматтан бошотуу белгиленген тартипте иш сапар аяктагандан кийин жүргүзүлөт.
80. Өзүнчө учурларда офицерлерге жеке тартипте, алар аскердик кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) тарабынан илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук же эксперттик ишмердүүлүккө уруксат берилиши мүмкүн.
4-глава
Аскердик наамды ыйгаруу, аскердик наамдан ажыратуу, аскердик наамын калыбына келтирүү
81. Аскер кызматында турган адамдарга офицердик курамдын аскердик наамдары жеке ыйгарылат. Офицердик курамдын ыйгарылуучу аскердик наамынын түрүн аныктоодо, аскердик же башка атайын даярдык, кызматтагы жетишкен жыйынтыктары, ээлеген кызматы жана аскердик наамда кызмат өтөгөн мөөнөтү эске алынат.
Офицердик курамдын аскердик наамдары ыйгаруу ырааттуулугуна жараша биринчи жана кезектеги болуп бөлүнөт.
Офицердик курамдын биринчи аскердик наамдары тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан офицердик курамга аттестацияланган адамдарга ыйгарылат.
Офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамына берилүүчү аскердик наамынын туура келүүсүндө жана мурдагы аскердик наамында кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү бүткөнү боюнча ыйгарылат.
Офицердик курамдын аскердик наамын ыйгаруу кезектүүлүк тартиби менен жүргүзүлөт.
82. Офицердик курамдын биринчи "кенже лейтенант" аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) беш жылдан ашкан окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайлардын курсанттарын алтынчы курска которуп жатканда;
2) офицердик курамдын аскердик наамына ээ эмес, кенже офицерлерди даярдоо боюнча курстарды аяктагандан кийин офицердик курамдын кызматына дайындалган аскер кызматчыларга;
3) ушул Жобонун 58-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларына ылайык офицердик курамдын кызматтарын комплектөө үчүн аскердик кызматка аныктоодо, аскердик-каттоо адистигине туура келип, жакындыгы бар адистиги боюнча жарандык жогорку окуу жайларын аяктаган жарандарга.
83. Офицердик курамдын биринчи "лейтенант" аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) курсанттарга - беш жылга чейинки окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайын аяктаганда;
2) жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын кызматтарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан, жогорку билими бар, офицердик курамдын кызматына белгиленген тартипте дайындалган жана эгерде ушул аскердик-каттоо адистик боюнча офицерлерге муктаждык бар болсо, ушул кызматтар боюнча милдеттерди бир жылдан кем эмес ийгиликтүү аткарган прапорщиктерге жана аскер кызматчыларга;
84. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
85. "Кызматка толук эмес ылайык келбөө жөнүндө эскертүү" же "кызматынан төмөндөтүү" тартип жазасы берилген офицерлерге - ошондой эле карамагында турган же убактылуу ээлеген кызматынан четтетилген (2-пунктчада көрсөтүлгөн адамдардан тышкары) офицерлер кезектеги аскердик наам ыйгарууга көрсөтүлбөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
86. Офицердик курамдын жогорку аскердик наамдары, жогорку офицердик курамдын адамдары дайындалууга тийиш болгон кызматтарда турган офицердик курамдын адамдарына Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
87. Аскердик кызматта турган офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында кызмат өтөө жылдарын мөөнөтү төмөнкүдөй белгиленет:
1) кенже лейтенант наамында - 1 жыл;
2) лейтенант наамында - 2 жыл;
3) улук лейтенант наамында - 3 жыл;
4) капитан наамында - 4 жыл;
5) майор наамында - 5 жыл;
6) подполковник наамында - 6 жыл.
"Полковник" аскердик наамында кызмат өтөө жылдары белгиленбейт.
Генерал-майор" жогорку аскердик наамын ыйгаруу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
88. Офицердик курамдын аскердик наамында кызмат өтөө мөөнөтү аскердик наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол койгон күндөн баштап эсептелет.
Офицердик курамдын аскердик наамда кызмат кылган мөөнөтүнө офицердин аскердик кызматта негизи жок себептер менен жок болгон убактысы эсептелбейт.
Запастан контракт боюнча аскердик кызматка аныкталган офицерлердин офицердик курамдын аскердик наамында кызмат өтөө мөөнөтүнө аскердик наамдагы бар болгон кызмат өтөө жылдары эсептелет.
89. Окууга же кызматтык иш сапарга жиберүүгө байланыштуу карамагында турган офицерлерге кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары төмөнкүдөй ыйгарылат:
- подполковникти кошо - тиешелүү аскердик наамдарда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү бүткөндө;
- полковник - подполковник аскердик наамында кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү бүткөндө, эгерде алар окууга тапшырганга же кызматтык иш сапарга жибергенге чейин "подполковник-полковник" штаттык категориясынан төмөн эмес кызматтарды ээлешкен болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
90. Офицерлерге аскердик наамдар (жогорку аскердик наамдардан тышкары) төмөнкүдөй ыйгарылат:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кошуундарында, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде офицердик курамдын "майорду" кошо алганда кезектеги аскердик наамдары - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин курамына кирген дивизиянын командачылыгынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин кенже офицердик курамындагы кезектеги аскердик наамдары - дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- борбордук баш ийүүдөгү кошуундарда, аскер бөлүктөрдө жана мекемелерде жана башкаруу органдарында офицердик курамдагы "майорду" кошо алганда кезектеги аскердик наамдары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
- "подполковник", "полковник" офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары жана кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын буйруктары менен;
2) коргоо органында - коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен;
3) (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5) өзгөчө кырдаалдар органында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - өзгөчө кырдаалдар органынын жетекчисинин буйруктары менен;
51) улуттук коопсуздук органында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйруктары менен;
мамлекеттик күзөт органында кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо - мамлекеттик күзөт органынын жетекчисинин буйруктары менен (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары);
Чек ара кызматында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине офицерлерге аскердик наамдарды берүү боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;
6) жазык-аткаруу тутумунун органында:
- кенже офицердик курамдын "капитанды" кошо алганда, кезектеги аскердик наамдары - кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү департаментинин башчысынын буйруктары менен;
- улук офицердик курамдын "полковникти" кошо алганда, кезектеги аскердик наамдары, ошондой эле кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдары - жазык-аткаруу тутумунун жетекчисинин буйруктары менен;
61) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде:
- "майорду" кошкондо ага чейинки кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары - Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен;
- улук офицердик курамдын "подполковник", "полковник" кезектеги аскердик наамдары жана кенже, улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн мурда берилүүчү аскердик наамдары - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
7) Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратура органдарында кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн эрте берилүүчүлөрдү кошкондо, кезектеги аскердик наамдары - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен;
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 506 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9) аскердик окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө "лейтенант" жана ушул Жобонун 82-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн курсанттарга "кенже лейтенант" аскердик наамдары аскер кызматчысын окууга жиберген органдын жетекчисинин буйруктары менен ыйгарылат;
10) ушул Жобонун 82-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн жарандарга аскердик наамды аскердик кызматка аныктоодо коргоо, улуттук коопсуздук органынын жана Чек ара кызматынын жетекчиси ыйгарат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2017-жылдын 18-августундагы № 506, 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 386 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
91. Кыргыз Республикасын коргоодо, күжүрмөн нөөмөттү өтөөдө же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда, же аскердик милдетти үлгүлүү аткарууда жогорку күжүрмөн жана кесиптик сапаттарын көрсөткөн кенже жана улук офицердик курамдын адамдарына полковникке чейин жана аны кошуу менен кезектеги аскердик наам мөөнөтүнүн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Аскердик наам мөөнөтүнөн мурда, аскердик наамдарда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес убактысы өткөндө жана ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамга ыйгарылган наам ылайык келгенде ыйгарылат.
Офицердик курамдын аскердик наамдары мөөнөтүнөн мурда аскер кызматында кызмат өтөөнүн бардык учурунда эки жолудан ашык ыйгарылышы мүмкүн эмес.
Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти бекемдөөдө, оор аскердик техниканы башкарууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен же тапшырылган участокто милдеттерин үлгүлүү аткарган офицерлерге анык аскердик кызмат өтөө мезгили үчүн бир жолудан көп эмес, ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Аскердик прокуратура органдарынын кенже жана улук офицердик курамынын адамдарына мөөнөтүнөн эрте берилүүчү аскердик наамдар "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ыйгарылат.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 454 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 568, 2018-жылдын 4-октябрындагы № 454 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
92. Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти бекемдөөдө, оор аскердик техникаларды башкарууда же аскердик кызматтын милдеттерин үлгүлүү атка-
рууда жогорку көрсөткүчтөргө жеткен офицерлерге, Офицердик жыйындын пикирин жана аскердик наамда тийиштүү кызмат өтөөсүн бар болуусун эске алуу менен ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бирбаскычка жогору, подполковникке чейин жана аны кошуу менен кезектеги аскердик наам ыйгарылышы мүмкүн.
93. Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам, аскердик кызмат мезгилинде бир жолудан ашык эмес, төмөнкү учурларда ыйгарылат:
1) аскердик наамда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтү бүткөндө, илимий даражасы бар офицерлерге;
2) подполковникке чейин жана аны кошуу менен аскердик наамда кызмат өтөө жылдарынын белгиленген эки мөөнөтүнөн ашса.
94. Ушул Жобонун 186-пунктунун 1-4-пунктчалары, 187-пунктунун 2-пунктчасы менен каралган негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулуучу офицерлерге подполковникке чейин жана аны кошуу менен кезектеги аскердик наам төмөнкүдөй ыйгарылышы мүмкүн:
1) ээлеген кызматы боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору - кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча;
2) ыйгарылган аскердик наамдан бир баскычка жогору - Кыргыз Республикасын коргоо боюнча же Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелерине ылайык күжүрмөн тапшырмаларды аткарган же Чернобыль АЭСиндеги
кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкан офицерлерге аскердик наамында кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча.
95. Офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдарын өз убагында ыйгарууну камсыздоо максатында, аскердик наамдарды ыйгаруу үчүн керектүү документтер аскердик наамда кызмат өтөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн бүтөөрүнө 10 күндөн кем эмес калганда документтер кароого түшкүдөй кылып күн мурун таризделет.
96. Офицердик курамдын аскердик наамы мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу
талапкерлер, Офицердик жыйындын пикирин эске алуу менен аскердик наамды ыйгарууга көрсөтүлөт.
97. Офицердик курамдагы адамдар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча аскердик наамдан ажыратылышы мүмкүн.
Офицердик курамдын аскердик наамынан ажыратылган адамдар "катардагы жоокер" аскердик наамында аскердик каттоого турууга тийиш.
Офицердик курамдын аскердик наамынын ар-намысына шек келтирүү жана офицердик курамга таандыгына туура келбеген жоруктарды жасаган офицерлердин аскердик наамы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен бир баскычка төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн офицерлерге кезектеги аскердик наамды ыйгаруу үчүн ыйгарылган наамдагы кызмат өтөө мөөнөтү аскердик наамынан төмөндөтүү жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
98. Аскердик наамынан ажыратылган адамдардын аскердик наамы соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
5-глава
Офицердик курамдагы адамдарды аттестациялоо
99. Офицердик кадрларды туура тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону камсыздоо максатында офицерлерди аттестациялоо жүргүзүлөт.
Офицерлерди аттестациядан өткөрүү мезгили, так мөөнөттөрү жана тартиби Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери тарабынан аныкталат.
100. Аттестациялоодо ар бир офицердин кесиптик, моралдык жана иш сапаттарына объективдүү баа берилет, ээлеген кызматына ылайыктыгы жана аны келечекте кызматта пайдалануу аныкталат, кызматынан жогорулатуу жана окууга жиберүү үчүн кадрлардын резерви көрсөтүлөт.
101. Аттестация жүргүзүү жана ал боюнча жыйынтыктарды чыгаруу үчүн кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде туруктуу иштөөчү аттестациялык комиссия түзүлөт, анын курамы командирдин (башчынын) буйругу менен аныкталат. Офицердик жыйын, өзүнүн ишмердүүлүгүндө аттестацияны даярдоо суроолорун, аттестациянын жүрүшүн жана жыйынтыктарынын ишке ашуусун карайт.
102. Офицерлер аттестацияда белгиленген кемчиликтерди жоюуга милдеттүү. Тике командирлер (башчылар) офицерлерден аттестацияда белгиленген кемчиликтерди жоюуну талап кылуусу, аттестациялык чечимдердин ишке ашуусун жана татыктуу офицерлерди өз убагында жогору турган кызматка дайындоону жана аларды окууга жиберүүнү камсыздоосу керек.
6-глава
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык аскердик кызматка чакырылган офицерлердин аскердик кызматты өтөө өзгөчөлүктөрү
103. Офицердик курамды кызматка дайындоо, офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдарын ыйгаруу, кызмат боюнча жогорулатуу, аттестациялоо, чакыруу боюнча офицердик курамдын адамдарын аскердик наамдарынан ажыратуу же калыбына келтирүү ушул Жобо менен каралган жалпы негиздер менен жүргүзүлөт.
104. Чакыруу боюнча офицерлерге жылына кыска мөөнөттүү өргүүлөр жана оорусу боюнча өргүүлөр ушул Жобо менен каралган жалпы негиздер менен берилет, ушуну менен аскердик кызматтан бошотулган жылы өргүүнүн узактыгы ушул жылы кызмат өтөгөн убакытка пропорционалдуу аныкталат. Мындай өргүү, аскердик кызматтан бошотулганына байланыштуу аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу менен берилет.
105. Ушул Жобонун V бөлүгүнүн 4, 5, 6-главалары менен каралган өргүүлөр чакыруу боюнча офицерлерге берилбейт.
106. Чакыруу боюнча офицерлер аскердик кызматтан запаска төмөнкү учурда бошотулат:
1) кызмат өтөө мөөнөтүү боюнча - Мыйзам менен белгиленген кызмат мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча;
2) ушул Жобонун 186-пунктунун 4-9-пунктчалары менен каралган негиздер боюнча.
III бөлүк
Прапорщиктердин аскердик кызматты өтөөсү
1-глава
Жалпы жоболор
107. Прапощиктерге "прапорщик" жана "улук прапорщик" деген аскердик наамдар ыйгарылган аскер кызматчылар кирет.
Прапорщиктер аскердик милдетине карата төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) контракт боюнча аскердик кызматта турган;
2) запаста турган.
Аскердик бөлүктөрдүн командирлери (мекемелердин башчылары), кадрдык органдардын башчылары жана аскер комиссарлары төмөнкүлөрдү камсыздайт:
1) даярдалган аскер кызматчылар жана аскерге милдеттүүлөр менен прапорщиктердин кызматтарын толук жана сапаттуу комплектөөнү жана аларды аскердик кызматта узак мөөнөткө бекитүүнү;
2) аскердик кызматка татыктуу талапкерлерди белгиленген тартипте тандоону жана кабыл алууну;
3) прапощиктерди аттестациялоону жана аттестация боюнча чечимдерди ишке ашырууну.
108. Прапорщиктер алар аскердик кызматта болуунун чектүү жашына жеткенге чейин аскердик кызматта турушу мүмкүн, андан кийин ушул Жобонун 46-пунктунда белгиленген учурлардан тышкары аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.
Кызматтык зарылчылыктын айрым учурларында, башка адамдар тарабынан милдеттерди аткаруу мүмкүн болбогондо, аскердик кызматта болуунун чектүү жашына чыккан прапорщиктер жалпы жыйындын өтүнүчү боюнча, алар аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдын коллегиясынын чечиминин негизинде 3 жылга чейинки мөөнөткө аскердик кызматта калтырылышы мүмкүн.
Бул максаттарда учурдагы жылы чектүү жашка чыккан жана жалпы жыйындын өтүнүчү боюнча аскердик кызматка калтыруу пландалып жаткан прапорщиктердин тизмеси жылына бир жолу, күн мурунтан, коллегиянын кезектеги пландуу жыйынында учурдагы жылдын биринчи кварталында каралат.
Чектүү жаштан жогору 3 жылга чейинки мөөнөткө аскердик кызматта калтырылган прапорщиктер командачылыктын чечими боюнча же жеке өтүнүчүнүн негизинде алар калтырылган мөөнөт аяктаганга чейин бошотулушу мүмкүн
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
109. Прапорщик катары контракт боюнча аскердик кызматтын башталышы төмөнкүдөй эсептелет:
1) мөөнөттү аскердик кызматты же контракт боюнча кызматты өтөп жаткан жоокерлер, сержанттар жана старшиналар үчүн - "прапорщик" аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күн;
2) запастагы жоокерлер, сержанттар жана старшиналар жана аскердик каттоодо мурда турбаган аялдар үчүн - "прапорщик" аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күн, бирок аскер комиссариатынын жазма буйругунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна кеткен күндөн эрте эмес;
3) аскердик кызматка аныкталган запастагы прапорщиктер үчүн - аскер комиссариатынын жазма буйругунда көрсөтүлгөн кызмат өтөө ордуна кеткен күн.
2-глава
Кызматтарды комплектөө
110. Прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызматка он сегиз жаш курагынан жаш эмес жана Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта болуунун чектүү жашынан улуу эмес, тартиптүү, ортодон төмөн эмес жалпы билими бар, кызмат (акыркы жумуш же окуу ордунан) боюнча жакшы мүнөздөмөсү бар жана кызмат үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берген адамдар кабыл алынат.
Прапорщиктер менен дайындалуучу кызматтар төмөнкүдөй комплектелет:
1) орто-техникалык (техникумдар жана аларга тең окуу жайлар) же жогорку билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн жоокерлер, сержанттар жана старшиналар менен;
2) жалпы орто билими бар контракттык кызматтын аскер кызматчылары менен;
3) орто-техникалык жалпы, орто кесиптик же жогорку билим бар запастагы жоокерлер, сержанттар жана старшиналар менен;
4) он тогуздан кырк жашка чейинки, медициналык же аскердик-каттоо адистигине жакын башка атайын даярдыгы бар мурда аскердик каттоого турбаган аялдар менен;
5) аскердик кызматта болуунун чектүү жашына жете элек запастагы прапорщиктер менен.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 337, 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
111. Прапорщиктерди кызматка дайындоо жана бошотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабында:
- Кургактагы аскерлердин, Улуттук гвардиянын жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кошуундарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын - тийиштүү кол башчылардын буйруктары менен;
- Кургактагы аскерлердин курамына кирген дивизиянын командачылыгынын, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын - дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- калган аскер кызматчыларын - Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) коргоо органында - коргоо органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
3) (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча органдарда - өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча органдын жетекчисинин орун басарынын буйругу менен;
5) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин орун басарларынын, ошондой эле түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук мекемелеринин жетекчилеринин буйруктары менен - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча;
Чек ара кызматында - Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен; зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилерине прапорщиктерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укук берүүгө укуктуу;
6) жазык-аткаруу системалары органында - жазык-аткаруу системасындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменттин башчысынын буйруктары менен;
7) Аскердик прокуратурада - Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун буйруктары менен.
8) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлеринде - Ички аскерлердин колбашчысынын буйруктары менен.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2013-жылдын 30-майындагы № 306, 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 659, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2017-жылдын 18-августундагы № 506, 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2019-жылдын 14-мартындагы № 117, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
112. Прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынган адамдар аскердик кызматты өтөө жөнүндө контрактка кол коюшат (1-тиркеме).
Аскердик кызматта туруунун чектүү жашына чыкканга чейин үч жылдан аз убакыт калган адамдар менен контракт ушул Жобонун 46-пунктуна ылайык түзүлөт.
113. Аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдары жана аскер комиссариаттары, прапорщиктер катары аскердик кызматты өтөө каалоолорун билдирген адамдардын баарына ушул Жобонун 47-пунктунун экинчи абзацына ылайык өздүк делолорду тариздешет.
Таризделген өздүк делолор аскердик кызматка кабыл алуу жөнүндө буйрук чыккандан кийин, аскер кызматчысы прапорщиктин кызматында контракт боюнча аскердик кызматты өтөй турган аскердик бөлүктүн (мекеменин)дарегине жиберилет.
3-глава
Аскердик наамдарды ыйгаруу
114. Ушул Жобонун 110-пунктунда көрсөтүлгөн (5-пунктчасынан тышкары) адамдарга, кызматка дайындоо жөнүндө (аскердик кызматка өз эрки менен аныкталгандыгы жөнүндө) буйруктун чыгарылышы менен бир эле убакта "прапорщик" аскердик наамы ыйгарылат.
115. "Улук прапорщик" аскердик наамы төмөнкү учурда ыйгарылат:
1) беш жылдан кем эмес прапорщик катары кызмат өтөгөн жана улук прапорщиктер же офицерлер менен комплектөөгө жаткан кызматтарды ээлеген прапорщиктерге;
2) Кыргыз Республикасынын коргоо боюнча же Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелерине ылайык күжүрмөн тапшырмаларды аткарган прапорщиктерге - прапорщик катары кызмат өтөө мөөнөтүнө жана ээлеген кызматына карабастан;
3) 10 жыл аралыгында прапорщик катары үзгүлтүксүз жана кемчиликсиз кызмат өтөгөндүгү үчүн - ээлеген кызматына карабастан.
116. Запаста турган адамдардын аскердик наамына "запастагы" деген сөз кошулат (запастагы прапорщик).
117. Прапорщиктерге аскердик наамдарды ыйгаруу, аларды кызматка дайындоо укугу берилген адамдардын буйругу менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
118. Прапорщиктер соттун өкүмү боюнча аскердик наамынан ажырашы мүмкүн.
"Прапорщик", "улук прапорщик" аскердик наамынан ажыратылган адамдар "катардагы жоокер" аскердик наамында аскердик каттоого турууга тийиш.
Аскердик наамынан ажыратылган адамдарга аскердик наам соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
119. Аскердик наам ыйгаруу жөнүндө мыйзамсыз буйрук соттун чечими боюнча алынып салынышы мүмкүн.
120. Запас боюнча прапорщиктерге аскердик наамдар ыйгарылбайт.
4-глава
Кызматка дайындоо, кызмат боюнча жайгаштыруу
121. Прапорщиктер дайындалууга тийиш кызматтар жана ушул кызматтарга ылайыктуу аскердик наамдар атайын тизмелер менен аныкталат жана штаттарда каралат. Ушул кызматтардын тизмелери ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.
122. Аскер кызматчыларды прапорщиктердин штаттык кызматына дайындоо ушул Жобонун 111-пунктуна ылайык ишке ашат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
123. Прапорщиктерди которуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) жогору турган кызматтарга;
2) тең кызматтарга;
3) төмөн турган кызматтарга.
124. Прапорщиктердин кызматтарды төмөнкүдөй эсептелет:
1) жогору турган - эгерде бул кызмат боюнча штатта ээлеген кызматы боюнча аскердик наамынан жогору аскердик наам, ал эми тең аскердик наамдарда чоң кызматтык маяна каралса;
2) тең - эгерде ушул кызмат боюнча штатта, мурда ээлеген кызматына тең аскердик наам жана кызматтык маяна каралса;
3) төмөн турган - эгерде ушул кызмат боюнча штатта, элеген кызматы боюнча төмөн аскердик наам же аз кызматтык маяна каралса.
125. Прапорщиктерди прапорщиктер менен дайындалуучу кызматтардан төмөнкү кызматтарга же контракттык кызматтын жоокерлеринин, сержанттарынын жана старшиналарынын кызматтарына которуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) уюштуруу-штаттык иш чараларды өткөрүүдө;
2) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
3) кесиптик сапаттарынан чыгып, аттестациялык тартипте ээлеген кызматына ылайык келбегендиги боюнча;
4) Куралдуу Күчтөрдүн Тартип уставына ылайык берилген тартип жазасын ишке ашыруу тартибинде;
5) билдирменин негизинде алардын жеке өтүнүчү боюнча, жашы же үй-бүлөлүк абалы боюнча.
126. Прапорщиктерди бир аскердик бөлүктөн экинчисине которуу:
1) негизи бар себептер бар болгондо прапорщиктердин жазуу түрүндөгү билдирмелери боюнча;
2) ден соолугунун абалы боюнча, эгерде аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу боюнча, ээлеген кызматы боюнча милдеттерди аткаруу же ушул жерде кызмат өтөө аскер кызматчыга каршы көрсөтүлсө;
3) үй-бүлөлүк абалы боюнча, аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу боюнча качан үй-бүлө мүчөлөрүнө аскер кызматчы кызмат кылган жери боюнча жашоосуна карама-каршы келсе. Ушул максатта медициналык күбөлөндүрүүгө жибериле турган үй-бүлө мүчөлөрүнө аялы (күйөөсү), бойго жете элек балдары, бойго жеткен - окуган балдары, аскер кызматчынын багуусунда турган I жана II топтогу майып балдар, аскер кызматчынын же аскер кызматчынын аялынын (күйөөсүнүн) бирге жашаган карыган ата-энеси кирет;
4) кызмат орду боюнча адистигине ылайыктуу бош кызмат жок болгондо уюштуруу-штаттык иш чараларын өткөрүүгө байланыштуу.
127. Кызматтын кызыкчылыгында прапорщиктерди которууда, алар эреже катары бар болгон адистигине жана аскердик кызматтын практикалык тажрыйбасына ылайык тең кызматтарга дайындалышы керек. Тең кызматтар жок болгон учурларында прапорщиктер, алардын макулдугу боюнча төмөн турган кызматтарга, анын ичинде контракттык кызматтын жоокердик, сержанттык жана старшиналык курамдардын кызматтарына да дайындалышы мүмкүн.
128. Аскер бөлүктөрдү түзүү, жайылтуу жана кайра башка жерге жайгаштыруу менен байланыштуу жана башка кызматтык зарылчылык болгон учурларда прапощиктерди которуу, Кыргыз Республикасынын коргоо, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун, аскердик прокуратуранын жана аскердик соттун органдарынын жетекчилеринин чечимдери менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
129. Прапорщиктерди бир аскердик бөлүктөн (мекемеден) башкага которууда, ушул аскер кызматчынын жаңы кызмат ордуна өз убагында келүүсүнө прапорщик аскердик кызматты өтөгөн ошол аскердик бөлүктүн (мекеменин) командири жооп берет.
Прапорщикти которуу жөнүндө буйруктан көчүрмө (жазуу түрүндөгү кабарлоо) аскердик бөлүккө келип түшкөндө, ишти жана кызматты өткөрүп берүү мөөнөтү, ошондой эле ишти жана кызматты кабыл алуучу кызмат адамы бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) тарабынан аныкталат.
Прапорщиктин мурдагы кызмат ордунан кетүүсү жана анын жаңы кызмат ордуна келүүсү жөнүндө кабарлоо ушул Жобонун 77-пунктунун бешинчи абзацына ылайык жүргүзүлөт.
130. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарында аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер мындан ары аскердик кызматты өтөө үчүн бир органдан башка органга которулушу мүмкүн.
131. Которуу жеке тартипте жана прапорщиктердин макулдугу менен жүргүзүлөт.
Прапорщиктердин кызматтарында турган адамдарды которуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин тийиштүү орун басарларынын ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана ушул кызмат адамдарынын буйруктары менен таризделет.
Бир органдан башка органга которууда прапорщиктер мурдагы иштеген орду боюнча өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат жана жаңы кызмат орду боюнча өздүк курамдын тизмесине киргизилет.
Мында ушундай аскер кызматчысы түзгөн контракттын шарттары бардык ыйгарым укуктуу органдарда таанылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава
Прапорщиктерди аттестациялоо
132. Прапорщиктерди туура тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону камсыздоо максатында, аларды аттестациялоо жүргүзүлөт. Прапорщиктерди аттестациялоонун мезгилдүүлүгү, конкреттүү мөөнөттөрү жана өткөрүү тартиби ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен аныкталат.
133. Аттестациялоодо ар бир прапорщиктин кесиптик, моралдык жана иш сапаттарына объективдүү баа берилет, ээлеген кызматына ылайыктуулугу жана аны кызматка пайдалануунун келечеги аныкталат.
134. Аттестацияны өткөрүү жана ал боюнча корутундуларды чыгаруу үчүн кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде туруктуу иштеген аттестациялык комиссия түзүлөт, анын курамы командирдин (башчынын) буйругу менен аныкталат.
135. Прапорщиктер аттестацияда белгиленген кемчиликтерди жок кылууга милдеттүү. Түздөн-түз башчылар алардан кемчиликтерди жоюуну талап кылышы керек жана аларга жардам көрсөтүү менен аттестациядан кийинки кызматты эске алып, аттестациянын жыйынтыктарын ишке ашырууну камсыздоосу керек.
VI бөлүм
Куралдуу күчтөрдүн запасында туруу
136. Куралдуу Күчтөрдүн офицердик курамынын запасы төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) аскердик кызматтан бошотулган жана запаска кирген кенже, улук жана жогорку офицердик курамдардын офицерлеринен;
2) мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, запас боюнча офицердик курамдын "лейтенант" биринчи аскердик наамын алышкан, запаска бошонууда белгиленген экзамендердин тапшырган жогорку билими бар жоокерлерден, сержанттардан жана старшиналардан;
3) жарандык жогорку окуу жайларында запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсун өткөн, белгиленген экзамендерди тапшырган, аскердик окуу жыйындарын өткөн жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи аскердик наамын алган адамдардан;
4) аскердик-каттоо адистикке тиешелүү даярдоо багыты боюнча жакын жарандык жогорку билим алган, запас боюнча биринчи офицердик наам ыйгарылган запастагы жоокерлерден, сержанттардан, старшиналардан, прапорщиктерден;
5) мөөнөттүү аскердик кызматты же контракт боюнча кызматты өткөн, жогорку билимге ээ жана запастагы офицерлерди даярдоо боюнча аскердик окуу жыйындарын өткөндөн жана белгиленген экзамендерди тапшыргандан кийин запас боюнча биринчи аскердик наам алган аскерге милдеттүүлөрдөн;
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
137. Куралдуу Күчтөрдү комплектөө үчүн дайындалган аскерге милдеттүүлөр окуу, текшерүү жана атайын аскердик жыйындарга чакырылышат.
Аскердик жыйындардын мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдүн ээлеген кызматы жана жумуш орду сакталат.
Запастагы офицерлер окуу аскердик жыйындардын ортосундагы аралыкта он беш күн убакытка чейин текшерүүчү аскердик жыйындарга тартылышы мүмкүн.
Запастагы офицерлер бир айга чейинки мөөнөткө аскердик жыйындарга беш жылда бир жолу чакырылышы мүмкүн.
138. Атайын аскердик жыйындар төрт айга чейинки узактыкта өткөрүлөт.
139. Запаста болгон мезгилде жыйындардын жалпы мөөнөтү он сегиз айдан ашпашы керек. Мында аскердик окуу жыйындарда болгон жалпы мөөнөтүнө текшерүүчү аскердик жыйындарда болгон мөөнөтү да кирет.
140. Офицердик курамдын аскердик наамдары алардын аскердик жана атайын даярдыгын жана ушул бөлүм менен каралган башка шарттарды эске алуу менен офицердик курамга аттестацияланган адамдарга запас боюнча жеке ыйгарылат.
141. Офицердик курамдын запас боюнча "кенже лейтенант" биринчи аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) жарандык жогорку окуу жайларда запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктын толук курсун өткөн жана жарандык жогорку окуу жайларын бүткөндөн кийин белгиленген экзамендерди тапшырган адамдарга;
2) тиешелүү аскердик-каттоо адистигине жакын адистиги боюнча жарандык жогорку окуу жайларын бүткөн аялдарга;
142. Запас боюнча офицердик курамдын "лейтенант" аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
а) аскердик окуу жайын бүткөндөн кийин аскердик кызматтан бошотулуучу курсанттарга:
1) тынч убакта аскердик кызматка катардык эмес жарактуу, согуш убагында биринчи даражадагы чектүү жарактуу же тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында экинчи даражадагы чектүү жарактуу деп табылгандыгы жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын жыйынтыгына байланыштуу ден соолугунун абалы боюнча;
2) үй-бүлөлүк шарттар боюнча;
3) аскердик кызматта калтырбай жарандык министрликтерге жана ведомстволорго иш сапарга жиберүүгө байланыштуу;
4) уюштуруу-штаттык иш чараларга байланыштуу, аскердик кызматта колдонууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда;
2) мөөнөттүү аскердик кызматты, же контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн, аскердик каттоо адистигине жакын адистик боюнча жогорку окуу жайларын бүткөн, запаста болгон мезгилде запастагы офицерлерди даярдоо боюнча окуу аскердик жыйындарын өткөн жана белгиленген экзамендерди тапшырган аскерге милдеттүүлөргө;
3) жогорку билимге ээ жана мөөнөттүү аскердик кызмат бүткөндө запастагы офицерлерди даярдоо боюнча жыйындарды өткөн мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларына.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
143. Запас боюнча кезектеги аскердик наамдар коргоо органынын жетекчисинин буйруктары менен, ал эми улуттук коопсуздук органынын запастагы офицерлерине - улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин буйругу менен ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
144. Запастагы офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында болуусуна төмөнкүдөй мөөнөттөр белгиленет:
1) кенже лейтенант наамында - 3 жыл;
2) лейтенант наамында - 4 жыл;
3) улук лейтенант наамында - 5 жыл;
4) капитан наамында - 6 жыл;
5) майор наамында - 7 жыл;
6) подполковник наамында - 8 жыл.
Запастагы офицерге ыйгарылган аскердик наамда болуусунун мөөнөтү бул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет.
145. Запастагы офицерлерге кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги наамдары мурдагы наамынын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөндө жана алар аттестацияны жакшы тапшырганда берилет. Мында запастагы офицерлерге капитандан полковникке чейин, полковникти кошуу менен кезектеги аскердик наамдары алардын кезектеги наамына тиешелүү кызматы боюнча аскердик жыйындарды ийгиликтүү өткөн шарттарда ыйгарылат. Берилген наамда жүргөн мезгилде жыйындарды өтпөгөн запастагы офицерлерге капитан жана андан жогорку кезектеги наамдар, алардын аскердик-каттоо адистигине жакын адистиги боюнча керектүү иш тажрыйбасы же аскердик кызматка чакыруу учурунда алар дайындалышы боюнча милдеттерди аткаруу үчүн кызматтарды эске алуу менен офицердик курамдын кызматтарында аскердик кызматта тажрыйбасы барларга берилет.
146. Запастагы офицерлерге офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары ырааттуу тартипте ыйгарылат.
Аскердик кызматка колдонулуучу адистиги боюнча жогорку даярдыгы жана чоң иш тажрыйбасы менен запастагы офицерлерге аскердик кызматка аныктоодо (чакырууда) же согуш убагына дайындоодо, коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен өзгөчө тартипте ушул Жобонун 144-пунктунда каралган кызмат өтөө мөөнөттөрүнө карабастан кезектеги офицердик наам (полковникке чейин, аны кошкондо) ыйгарылышы мүмкүн.
Мында аскердик наам мурда жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда ыйгарылган запастагы офицерлерге кезектеги аскердик наам ыйгарылган күндөн бир жыл өткөндөн кийин ыйгарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
147. Отставкадагы офицерлерге офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары берилбейт.
148. Отставкадагы офицерлер аскер форма кийимин кийүү укугунан кийин ушундай укукту кайрадан алуу менен ажыратылышы мүмкүн.
149. Запастагы аскер кызматчылар кадыр-баркты кетирүүчү кылыктарды жасаганда, аскердик комиссариаттагы комиссиянын пикирин эске алуу менен аскер форма кийимин кийүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.
150. Аскер форма кийимин кийүү укугунан ажыратылган запастагы офицерлердин кемчиликсиз жүрүм-турумунда аскердик комиссариатта аскердик комиссиянын пикирин эске алуу менен аскер форма кийимин кийүү укугу калыбына келиши мүмкүн, бирок бир жылдан эрте эмес.
151. Запастагы аскер кызматчылар Мекенди коргоого дайым даяр болууга, өзүнүн аскердик даярдыгын тырышуу менен жогорулатууга, жогорку офицердик наамын эмгек жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен актоого, калк менен, өзгөчө чакырылууга чейинки жана чакырылуучу жаштагы жаштар менен коргоо-массалык ишинде активдүү катышууга милдеттүү.
152. Отставкадагы офицерлер өздөрүнүн күчүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша коомдук-пайдалуу ишмердүүлүктү улантышы, калкты патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш жүргүзүшү мүмкүн.
V бөлүм
Өргүүлөр
1-глава
Жылдык өргүүлөр
153. Аскер кызматчыларга, жалпы кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтүнө, алардын аскердик кызматынын өзгөчөлүктөрүнө жана шарттарына жараша (өргүүнү өткөрүүчү жерге баруудагы жана кайра кайтуудагы керектүү убакытты эске албастан) төмөнкү узактыктагы жылдык өргүүлөр белгиленет:
1) жылдык өргүүлөр, алардын узактыгы аскер кызматчылардын статусу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат;
2) учуу иштеринде жүргөндөргө - 50 сутка. Милдеттерин аткаруу, офицерлерге 50 сутка узактыктагы жылдык өргүү берүүгө укук берген кызматтардын тизмеси ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен аныкталат;
3) аскер кызматчылары үчүн 50 сутка кызмат өтөө мөөнөтү белгиленген оор климаттык шарттары бар жерлерде кызмат өтөгөндөргө. Мындай жерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет;
4) аскердик кеңешчилер, байкоочулар, өкүлдөр, адистер жана башка кызматкерлер катары чет мамлекеттик иштерде жүргөндөргө - чет мамлекеттик мекемелердин жумушчулары үчүн белгиленген узактыкта.
154. Аскердик бөлүккө (мекемеге) дайындоого чейин, анда жылдык өргүүлөрдүн башка узактыгы белгиленгендиктен, кезектеги өргүүсүн колдонбогон аскер кызматчыларынын жылдык өргүүсүнүн узактыгы мурдагы жана жаңы кызмат орду боюнча өтүп жаткан жылдын кызмат убактысынын пропорциясы менен аныкталат.
155. Аскердик кызматка аныктаган (чакырылган) жылдагы жылдык өргүүнүн узактыгы бар болгон кызмат өтөө жылдарынын, кызматынын өзгөчөлүктөрүн жана шарттарын эске алуу менен календардык жылдын аягына чейин кызматтын ар бир толук айы үчүн эки жарым күн эсебинде кызмат өтөгөн убакытты пропорционалдуу эсептелет. Аскер кызматчысынын каалоосу боюнча мындай өргүү кийинки жыл үчүн жылдык өргүүгө кошулушу мүмкүн.
Кызмат өтөгөн убактысына пропорционалдуу жылдык жана кошумча өргүүлөрдү берүүдө алардын узактыгы ар бир көрсөтүлгөн өргүүлөрдүн толук өлчөмүн 12ге бөлүү жана кызматтын толук айларынын санына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
156. Аскер кызматчыларга жылдык өргүү, өргүүлөрдү колдонуу мезгилдеринин алмашуу зарылчылыгын, аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) дайыма күжүрмөн даярдыгынын камсыздалышын эске алуу менен, жылдык өргүүлөрдүн пландарына ылайык календардык жылдын ар кайсы убактысында берилет.
Аскердик байкоочулар, кеңешчилер, адистер жана башка кызматчылар катары чет өлкөдө иштеп жүргөн аскер кызматчыларына кезектеги ар жылкы өргүүлөрдү чет өлкөдө жүргөн убакыт үчүн бириктирүүгө уруксат берилет. Алар тарабынан колдонулбаган өргүүлөр Кыргыз Республикасына кайтып келгенде берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
157. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
158. Өргүүлөрдүн узактыгы суткалар менен эсептелет. Өргүүлөрдүн узактыгын аныктоодо мыйзамдар менен иш эмес күндөр деп белгиленген жалпы мамлекеттик майрамдар эске алынбайт.
Өргүүнүн узактыгын аныктоодо өргүү өткөрүү жерине барган жана келген жолдун, анын ичинде өргүүдөн офицерди чакырган убактысы эсептелбейт.
Мында өргүү өткөрүү жерине барган жана келген жолдун убактысы 3 суткадан ашпашы керек.
Мамлекеттик майрамдарга байланыштуу күндөрдү жылдырууда бул күндөр жылдык өргүүгө кошулат.
159. Аскер кызматчылары өзгөчө кызматтык зарылчылыктан (өзгөчө жана/же согуштук абал, кризистик кырдаал, козголоң, машыгууларды, операцияларды өткөрүү, кызматтык командировкалар) тышкары, өргүүдөн чакырылбайт. Мындай учурда алар мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын чечими боюнча өргүүдөн чакырылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү аскер кызматчысына ошол календардык жылдын ичинде башка убакта берилиши же кийинки жыл үчүн өргүүгө кошулушу керек. Ар жылдык өргүү (анын пайдаланылбаган бөлүгү) берилбеген учурда аскер кызматчысы өргүүгө чыкпаган бардык жылдары үчүн аны пайдалануу укугун жоготпойт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
160. Негизсиз себептер менен кызматка келбей калган аскер кызматчыларга зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаргандыгы үчүн же кызматтын өзгөчө мүнөзү үчүн өткөн жылга же кийинки жылга берилүүчү жылдык өргүү жана кошумча өргүү келбеген күндөрдүн санына кыскартылат. Мында жылдык өргүү 20 суткадан аз болбошу керек.
161. Оорусуна байланыштуу аскер кызматчысына өткөн жыл үчүн кезектеги жана/же кошумча өргүүлөр берилбей калган учурда, өргүү кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
162. Аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчы жубайларга кезектеги өргүү алардын каалоосу боюнча бир убакта берилет.
163. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүү жеңилдик болуп саналат жана алардын ооруларын профилактика кылуу максатында аскер кызматчыларына берилет. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүү алуу укугуна кызматтык милдеттерди аткаруу адамдын ден соолугуна зыяндуу физикалык, химиялык, биологиялык жана башка факторлордун жагымсыз таасири менен байланышкан аскер кызматчылары ээ болот.
164. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүүнүн узактыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эмгектин зыяндуу жана оор шарттары менен иш үчүн кошумча өргүүлөрдүн узактыгына ылайык аныкталат.
165. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткарганы үчүн аскер кызматчыларына кошумча өргүүнү берүү тартиби жана шарттары, ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен белгиленет.
2-глава
Оорусу боюнча өргүүлөр
166. Оорусу боюнча өргүүлөр, дарылоо мекемесинде дарылануусу бүткөндөн кийин ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматтын милдеттерин аткара албаган аскер кызматчыларына аскердик-дарыгердик комиссиясынын токтомунун негизинде берилет.
Оорусу боюнча өргүүлөр 30 суткага чейинки узактыкта берилет. Өзгөчө учурларда, жаракаттарда, контузияларда, майып болгондо жана алардын мүнөздөмөсүнө жараша ооруларда өргүү 60 суткага чейинки узактыкта берилет. Медициналык көрсөтүүлөр бар болгондо оорусу боюнча өргүү узартылышы мүмкүн, бирок 30 суткадан ашык эмес.
Дарыланууда үзгүлтүксүз жүрүүнүн жана оорусу боюнча өргүүнүн төрт айы бүткөндө, аскер кызматчылар аскердик-дарыгердик комиссиянын күбөлөндүрүүсүнө жатат (аскердик кызматка алардын жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн).
Аскер кызматчынын үзгүлтүксүз дарыланууда болуу мөөнөтүн узартуу же аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн аны АДКда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим зарыл болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (тынч жана согуш убагында) медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө Жобого ылайык тийиштүү кызмат адамы тарабынан кабыл алынат.
167. Күжүрмөн аракеттерге катышууда, башка күжүрмөн тапшырмаларды
же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда майып (жаракат, трав-
ма, контузия алган) болгон аскер кызматчыларды аскердик кызматка жарам-
дуулугу жөнүндө медициналык күбөлөндүрүү стационардык дарылоо бүткөндөн
кийин анын узактыгына карабастан жүргүзүлөт.
168. Аскер кызматчылар аскердик кызматтан бошотулганда оорусу боюнча өргүү берилбейт.
Оорусу боюнча өргүү жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
3-глава
Кыска мөөнөттүү өргүүлөр
169. Чечүүнү кийинкиге жылдырууга болбогон үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу, командирлер (башчылар) 10 сутка узактыгы менен кыска мөөнөттүү өргүүлөрдү берүүгө укуктуу.
170. Кыска мөөнөттүү өргүүлөр жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
4-глава
Каникулдук өргүүлөр
171. Окутуунун күндүзгү формасы боюнча аскердик окуу жайларында окуган аскер кызматчыларга төмөнкү өргүүлөр берилет:
1) 14 сутка узактыгы менен кышкы каникулдук өргүү;
2) 30 сутка узактыгы менен жайкы каникулдук өргүү;
3) аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген узактыгы менен аскердик окуу жайын бүтүрүүсүнө байланыштуу өргүү.
172. Окууда карызы бар аскердик окуу жайлардын аскер кызматчыларына каникулдук өргүүлөр, карыздарды жойгондон кийин окуу программаларында белгиленген өргүүлөрдү өткөрүү мөөнөтүнүн чегинде берилет. Мында жайкы каникулдук өргүү 15 суткадан аз эмес узактыгы менен берилет.
173. Аскердик окуу жайды бүтүрүү менен байланышкан өргүү жылдык өргүүнүн эсебине кирет жана аскер кызматчылардын кызматка дайындалгандан жана алар кызмат ордуна келгенден кийин берилет.
5-глава
Окуу өргүүлөрү
174. Аскердик-каттоо адистигине жакын адистиктер боюнча жарандык окуу жайларында сырттан окуу формасы боюнча окуган аскер кызматчыларына окуу өргүүлөрү окуу пландары менен аныкталган мөөнөттө, сессия өтүп жаткан убакта берилет. Окуу өргүүлөрү окуу жайдын маалымкатынын негизинде берилет.
175. Окуу өргүүсү жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
6-глава
Чыгармачылык өргүүлөр
176. Чыгармачылык өргүүлөр күндүзгү адъюнктураларда окугандардан же аскердик докторантураларда даярдоодон өтүп жаткандардан башка, диссертациялык иштерди бүтүрүү, окуу китептерин жазуу үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка учурларда аскер кызматчыларга берилет.
177. Чыгармачылык өргүүлөрдүн узактыгы, берүү шарттары жана акчасын төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган тартипте белгиленет.
7-глава
Энеликке жана балдарды кароого байланыштуу өргүүлөр
178. Энеликке байланыштуу аял аскер кызматчыларга төмөнкү өргүүлөр берилет:
1) кош бойлуулук жана төрөт боюнча - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө акчалай жана накталай камсыздоонун сакталышы менен;
2) баланы кароо боюнча - Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө акчалай жана накталай камсыздоосунун сакталуусу жок өз каалоосу боюнча.
Кош бойлуу жана төрөт боюнча өргүү жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт. Кош бойлуу жана төрөт боюнча өргүүгө чыгаар алдында же андан кийин аял аскер кызматчыларга үстүбүздөгү жыл үчүн жылдык өргүү берилет.
179. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүлөр, аял аскер кызматчыларынын билдирмелери жана тийиштүү медициналык мекемелердин маалымкаттарынын негизинде берилет.
180. Аял аскер кызматчыларга бала үч жашка толгонго чейин баланы кароо боюнча өргүү алардын каалоосу боюнча толук же бөлүк-бөлүк болуп берилет. Мындан сырткары, бул өргүү балдарды энеси жок тарбиялап жаткан (ал каза болгондо, ата-эненин укугунан ажыратылганда, дарылоо мекемесинде узак убакытта болгондо жана балдарга эненин камкордугу жок башка учурларда), баланы чыныгы кароосун ишке ашырган аскер кызматчы - баланын атасына (багуучу, кам көрүүчүгө) да берилет.
Аскер кызматчылары үч жашка толгонго чейин баланы кароо боюнча өргүү таризделген мөөнөттүн бүтүүсүнө чейин кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн киришүү укугуна ээ.
181. Кош бойлуу жана төрөт боюнча, баланы кароо боюнча өргүүлөрдүн убактысы, аскердик наамдарда кызмат өтөө, кызмат өтөө жылдары үчүн үстөк акы төлөп берүү үчүн кызмат өтөө жылдарынын, тоолуу жерлерде үзгүлтүксүз кызмат үчүн үстөк акынын, ошондой эле пенсияга кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтүнө эсептелет.
182. Бала (кыз), (балдарды) багып алган аскер кызматчыларга баланы кароо боюнча өргүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилет.
183. Жылдык өргүү баланы кароо боюнча өргүү бүткөн жылда бул өргүүнүн бүткөн күнүнөн баштап, кызматтын ар бир толук айы үчүн эки жарым күн эсебинде календардык жылдын аягына чейинки убакытка пропорционалдуу эсептелет.
184. Ооруган баланы кароо үчүн аскер кызматчылар Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен белгиленген узактыкта жана тартипте тийиштүү медициналык мекемелердин маалымкаттарынын негизинде кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат.
185. Аскер кызматчылар баланы кароо боюнча өргүүдө жүргөн убакта ал үч жашка толгонго чейин, анын ордуна Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен каралган тартипте, ошол мезгилге алар менен мөөнөттүү эмгек келишимдерди түзүү менен тийиштүү адистиктеги жарандык персоналды бул кызматка алууга уруксат берилет. Арызда жана жумушка кабыл алуу жөнүндө буйрукта мындай мөөнөттүү келишимдин түзүлүшү жөнүндө көрсөтүлүшү керек.
VI бөлүм
Аскердик кызматтан бошотуу
1-глава
Аскердик кызматтан бошотуу
186. Аскердик кызматты контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылар аскердик кызматтан запаска төмөнкү шарттарда бошотулат:
1) жаш курагы боюнча - аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткенде, анын ичинде аскердик кызматта болуунун чектүү курагынан ашык аскердик кызмат узартылган мөөнөт аяктаганда;
2) пенсияга чыгуу укугун берген кызмат өтөө мөөнөтү боюнча;
3) контракттын мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча - кызматтан бошотууга башка негиздер болбосо;
4) аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын жыйынтыгына байланыштуу ден соолугунун абалы боюнча;
5) кызматка туура келбестиги боюнча (аскер кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганда же так аткарбаганда, анын ичинде тартип бузган кылыктарды кылганда) - Офицердик жыйналыштын пикирин эске алуу менен же аскердик кызматты андан ары улантып колдонууга максатты актабай тургандыгы жөнүндө аттестациялык жыйынтыктар боюнча командачылыктын чечими менен, ал эми аттестация аралыгындагы мезгилде - бошонуу жөнүндө жыйынтык жана Офицердик жыйналыштын (офицердик курамдын адамдары үчүн) пикири же аскер кызматчылардын жалпы жыйынын (прапрощиктер үчүн) өтүнүчү менен кызматтык мүнөздөмөнү эске алуу менен, ал эми улуттук коопсуздук органдарында иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ошондой эле кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча (Чек ара кызматында - улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирүүчү кызмат орундарынан тышкары Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча);
6) дискредитациялоо боюнча:
- Куралдуу Күчтөрдүн беделин жана кадыр-баркын кетирген иш-аракеттерди жасагандыгы, офицердин же прапорщиктин жогорку наамын дискредитациялоочу жосундарды жасагандыгы үчүн - офицердик жыйналыштын (аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларынын жалпы жыйналышынын) чечиминин негизинде, ал эми улуттук коопсуздук органдарында иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ошондой эле кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин чечими боюнча (Чек ара кызматында - улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирүүчү кызмат орундарынан тышкары Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча);
- сот тарабынан (өкүм менен) аскер кызматчысы атайылап кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулган, ошондой эле аларга карата тергөөчү, прокурор, сот тарабынан атайылап жасалган кылмыштар боюнча кылмыштын курамынын же окуясынын жоктугу менен байланышпаган негиздер боюнча кылмыш иши токтотулган учурларда;
61) Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө күбөлөндүргөн кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча (Чек ара кызматында - улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирүүчү кызмат орундарынан тышкары Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча) ишеничтен кеткендигине байланыштуу бошотулушу мүмкүн:
- акчалай жана товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген аскер кызматчысы күнөөлүү аракеттерди жасаганы;
- мыйзам менен белгиленген же оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, ишкердик иштин бардык түрлөрү же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарындагы иштер менен алектенгени;
- динге карата тигил же бул мамилени үгүттөө үчүн өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы;
- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды түзгөнү, мүчө болгону, аларга катышканы, ар кандай түрдө көмөк көрсөткөнү, саясий максаттарды көздөгөн мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына көмөк көрсөткөнү;
- профсоюздарга мүчө болгону, иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурганы же аларга катышканы, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук жараткан башка иш-аракеттерге катышканы;
- оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан же болбосо аскер бөлүгүнүн командиринин (мекеменин, уюмдун башчысынын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен жекече тартипте илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик иш менен байланышкан иштерден тышкары, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда айкалыштыруу менен иштегени;
- "кызматтык пайдалануу үчүн" жетүү чектелген грифи бар документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайсы болбосун юридикалык жана жеке адамдарга бергени;
- аскер кызматчысына ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууда белгилүү болгон мыйзам менен корголгон сырды (мамлекеттик, аскердик, кызматтык же башка) ачыкка чыгарганы;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашырганы же Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө атайын жалган маалыматты бергени;
- мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны бербегени же мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда атайын туура эмес же толук эмес маалыматтарды бергени;
- аскер кызматына кабыл алууда аскер кызматчысынын жалган документтерди же атайын жалган маалыматтарды бергени;
- алар Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабаганы;
- алардын жеке кызыкчылыктарына, жакын туугандарынын кызыкчылыктарына, ошондой эле алардын багуусунда турган же чогуу жашаган же болбосо жалпы чарбасы бар адамдардын же жыныстык мамилелерде же болбосо төмөнкү мүлктүк милдеттенмелерге негизделген мамилелерде болгон адамдардын кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелерди чечүүдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пайдаланганы:
а) коммерциялык эмес же диний уюмдардын, саясий партиялардын же болбосо саясий максаттарды көздөгөн уюмдардын ишине, иш таштоолорду жана башка мыйзамсыз массалык иш-чараларды уюштурууга же аларды өткөрүүгө катышууга,
б) террористтик, экстремисттик жана мыйзамсыз диний ишке;
7) аскер кызматчысын эркинен ажыратуу (анын ичинде шарттуу түрдө) түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу;
8) аскердик наамынан ажыратылганына байланыштуу;
9) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготконуна байланыштуу;
91) чет мамлекеттин жарандыгын кабыл алууга байланыштуу;
10) аскердик кызмат менен байланышпаган кызматтарга шайланган же дайындалган учурда (Куралдуу Күчтөрдүн кадрында калтырбастан).
Улуттук коопсуздук органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ушул пункттун 5 - 61-пунктчаларында каралган негиздер боюнча кызматтык териштирүүнүн корутундусунун негизинде аларга карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча (Чек ара кызматында улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча) бошотулушу мүмкүн.
Аталган адамдарга карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттары боюнча токтотулган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү чыккан учурда, алар белгиленген тартипте калыбына келтирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 572, 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853, 2016-жылдын 9-декабрындагы № 651, 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава
Аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу
187. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар мөөнөтүнөн мурда төмөнкү шарттарда бошотулушу мүмкүн:
а) алар тарабынан аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракттын же окууга контракттын шарттарын аткарылбаганына байланыштуу;
2) штаттарды кыскартуу боюнча же ушул Жобонун 73-пункту менен белгиленген командирдин (башчынын) карамагында болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин башка уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, аны колдонууга мүмкүнчүлүгү болбогон же ага сунушталган кызматтардан баш тарткан учурда;
3) аскер кызматчысын, ал тарабынан жасалган кылмыш үчүн күнөөлүү деп табуу жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирүүсүнө байланыштуу.
Мындан тышкары мөөнөтүнөн эрте бошотуу ушул Жобонун 186-пункттунун 4-10-пунктчалары менен каралган негиздер боюнча жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52, 2014-жылдын 2-октябрындагы № 572, 2016-жылдын 9-декабрындагы № 651 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
188. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчы төмөнкү шарттарда аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошонууга укуктуу:
1) аскер кызматчыга карата контракттын шарттары олуттуу бузулган учурда;
2) үй-бүлөлүк абалдын төмөнкү натыйжалары боюнча:
а) аскер кызматчы аскердик кызматты өтөп жаткан жерде медициналык көрсөткүчтөр боюнча аскер кызматчынын үй-бүлө мүчөсүнүн жашоосуна жана аскер кызматчыны аскердик кызматтын жаңы жерине которууга мүмкүнчүлүк болбогондо;
б) үй-бүлөнүн башка жерге зарылчылыктан көчүүсүнө байланыштуу, аскер кызматчы - күйөөсүнүн (аскер кызматчы - аялынын) аскердик кызматынын орду өзгөргөндө;
в) алардын жашаган жери боюнча калкты социалдык жактан коргоо органынын чечимине жана аскер кызматчынын үй-бүлөсү жашаган жери боюнча аскердик комиссариаттын комиссиясы тарабынан бекитилген үй-бүлөлүк-мүлктүк абалын текшерүү актысына ылайык атасын, энесин, аялын, күйөөсүн, агасын, эжесин, чоң атасын, чоң энесин же багып алган адамды дайыма кароо зарылчылыгынан, ден соолугунун абалы боюнча дайыма кароого (жардамга, көзөмөлгө) муктаж болгондорду, же биринчи же экинчи топтогу майып болгондорду, же карылыгы боюнча пенсия жашына жеткен адамдарды, же он сегиз жаш курагына толо электерди мыйзам боюнча кароого башка адамдардын жогунда;
3) аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынч убакта катардагы эмес аскердик кызматка жарактуу, согуш убагында аскердик кызматка жарактуу деп табылганда;
189. Аскердик кызмат өтөөгө мурда контракт түзбөгөн офицердик курамдын адамдары, офицердик курамдын кызматтарында 10 календардык жылдан аз эмес кызмат өтөө жылдары бар болгондо өз каалоосу боюнча аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошонууга укуктуу.
3-глава
Аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотуу тартиби
190. Офицердик курамдын кызматтарында аскердик кызматты өтөп жаткан адамдар аскердик кызматтан тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчилеринин Чек ара кызматында - Чек ара кызматынын жетекчисинин (улуттук коопсуздук органынын жетекчиси дайындоочу тизмеге кирген кызмат орундарынан тышкары) буйруктары менен бошотулат.
Прапорщиктердин кызматтарында аскердик кызматты өтөп жаткан адамдар аскердик кызматтан прапорщиктердин кызматына дайындоо укугуна ээ кызмат адамдарынын буйруктары менен бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15, 2021-жылдын 23-мартындагы № 105 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
191. Укугун чектөөсүз аларды бошотуу объективдүү мүмкүн болбогон шарттарда (медициналык мекемеде стационардык дарыланууда, кош бойлуу, төрөт жана бала кароо боюнча өргүүдө, туткун же интернирленген абалда туткунда жана мыйзам менен аныкталган башка ушуга окшогон жагдайларда болгондо) болгон аскер кызматчылар көрсөтүлгөн абалдар бүткөнгө чейин аскердик кызматтан бошотулушу мүмкүн эмес.
Эгерде байкабастыктан чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес кылмыш жасаган кылмыштары үчүн аскер кызматчысына (улуттук коопсуздук органдарынан сырткары) карата козголгон кылмыш иши, тергөөчү, прокурор, сот тарабынан кыскартылган учурларда, аларга карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык тартиптик таасир көрсөтүүчү катуу чаралар колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)
192. Каза болгон (курман болгон) аскер кызматчы өлгөн күнүнөн баштап, ал эми сот тарабынан дайынсыз жоголгон же өлгөн деп табылган аскер кызматчысы соттун чечими мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап аскердик бөлүктүн (мекеменин) өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Каза болгон же дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларды кийин тизмеден чыгаруу аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) себептерин көрсөткөн тийиштүү билдирүүлөрүнүн негизинде, тиешелүү мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларын бошотуу боюнча ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын буйруктары (өздүк курам боюнча) менен жүргүзүлөт.
Мында каза (курман) болгон аскер кызматчыларды, дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларды, ошондой эле тынч убакта аскердик аракеттерге байланыштуу кабары жок жоголгон аскер кызматчыларды тизмеден чыгаруу, дайынсыз жок болуунун себептерин жана шарттарын текшерүүнүн "жыйынтыктарынын негизинде, офицердин жоктугу жөнүндө маалыматтарды алгандан кийин үч айдан кеч эмес мөөнөттө ишке ашат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-январындагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)
193. Өзгөчө кырдаал же аскердик абал киргизилген учурда, анын аракеттеги мезгилинде аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотуу токтотулат.
194. Аскер кызматчысында аскердик кызматтан бошонуу үчүн бир канча негиздер бар болгондо ал, аларды тандап алган негиз боюнча бошотулат (ушул Жобонун 186-пункттунун 5-9-пунктчалары, 187-пункттун 1-пунктчасы менен каралган негиздер боюнча бошотуу жүргүзүлгөн учурлардан тышкары).
Аскер кызматчыларын бошотуу, ушул Жобонун 186-пунктунун 5-9-пунктчалары, 187-пунктунун 1-пунктчасы менен каралган негиздер боюнча бошотуу жүргүзүлгөн учурлардан тышкары, кезектеги өргүү берилгенден кийин жүргүзүлөт.
Запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөлөрү аскердик бөлүккө келгенге чейин бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жыл үчүн өргүүнү колдонбогон аскер кызматчыларына, алар ишин жана кызматын тапшыргандан кийин гана, аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен кийин чыгаруу менен берилет.
Мында ар жылкы өргүү аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык болгон календардык иштеген жылдарына жараша берилет.
Бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган жыл үчүн өргүүнү колдонгон, бирок кийинки жылы бошотулгандыгына байланыштуу өздүк курамдын тизмесинен чыгарылган аскер кызматчыларына ар жылкы өргүү келе жаткан жыл үчүн берилбейт.
Эгерде өргүүдө жүргөн офицер аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү аскердик бөлүккө келип түшкөндөн кийин ооруп калса, ар жылкы өргүү узартылбайт. Ошондой эле аскердик кызматтан бошотууга байланыштуу аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен аны кийин чыгаруу менен офицерге берилген кезектеги өргүү узартылбайт.195. Аскер кызматчыларды аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүнүн алдында кадрдык органдар тарабынан алардын кызмат өтөөсү жөнүндө маалыматтар такталат. Пенсияга чыгуу укугун алуу үчүн керектүү кызмат өтөгөн жылдары бар болгондо пенсияга чыгууга кызмат өтөө жылынын эсеби түзүлөт. Мында офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызматтарында аскердик кызматты өтөгөн адамдарга карата аскердик кызматты өтөө мезгилдерин тактоо кадрдык органга жүктөлөт.
Кызмат өтөө жылдарынын эсеби аскер кызматчысына кол койдуруп жарыяланат. Кызмат өтөө жылын эсептөө боюнча аскер кызматчынын каршылыгы, аны бошотуу укугу бар командир (башчы) тарабынан каралат жана аскер кызматчысын аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүүгө чейин ал боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат да, алар аскер кызматчысына ошондой эле кол койдуруп жеткирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
196. Аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулууга көрсөтүлүү алдында ден соолугунун абалы боюнча, алардын өтүнүчү боюнча аскердик кызматка жарамдуулук деңгээлин аныктоо үчүн аскердик-дарыгердик комиссиясына күбөлөндүрүүгө жиберилет, бошотуунун негизин аныктоодо алардын токтому эске алынат. Медициналык күбөлөндүрүү бир айдан ашпаган мөөнөттө амбулаториялык же стационардык түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.
Аскердик-дарыгердик комиссиядан өтүүдөн баш тартуу аскер кызматчынын жазуу түрүндөгү билдирмеси боюнча таризделет.
Ушул Жобонун 186-пунктунун 5-9-пунктчалары, 187-пунктунун 1-пунктчасы менен каралган негиздер боюнча аскердик кызматтан бошотулуучу жана аскердик кызматта 20 календардык жылдан кем кызмат өтөгөн аскер кызматчылар күбөлөндүрүүдөн өтүүгө аскердик-дарыгердик комиссияга жиберилбейт.
Аскердик кызматта 20 календардык жыл жана андан жогору кызмат өтөө жылдары бар аскер кызматчылар бошотуунун негиздерине карабастан аскердик-дарыгердик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет, мында аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу бошотуунун негизине таасирин тийгизбейт.
197. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
198. Аскердик кызматтан бошотулган, бирок белгиленген тартипте ишин жана кызматын тапшыра элек аскер кызматчысы бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн же жазуу түрүндөгү кабарлоону алган күндөн баштап бир ай мөөнөтү өткөндө, өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат. Мында каттоо документтери аскердик каттоого туруучу жерге жиберилет. Аскердик бөлүккө (мекемеге) карызы болгондо, карызды төлөтүп алуу аскер кызматчылардын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
199. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн аскер кызматчыларды бошотууга документтерди даярдоо тартиби ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен аныкталат.
200. Мыйзамсыз соттоого байланыштуу аскердик кызматтан бошотулган же кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылуусуна байланыштуу ээлеген кызматынан четтетилген аскер кызматчылар белгиленген тартипте мурда ээлеген кызматтарга же ага тең кызматтарга аскер кызматка калыбына келтирилет.
201. Аскердик кызматта 20 жыл жана жеңилдик эсептөөдө андан көп кызмат өтөгөн аскер кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын коргоо, ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу жана Башкы прокуратуранын (аскердик прокуратуранын) органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен запаска же отставкага бошотууда, ушул Жобонун 186-пунктунун "д", "е", "ж", "з", "и" пунктчалары, 187-пунктунун "а" пунктчасы менен каралган негиздер боюнча бошотулган адамдардан тышкары аскер кызматчыларга аскер форма кийимин кийүү укугу берилет.
202. Аскердик кызматтан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарында атайын аскердик каттоодо же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында турат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 718 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча (запаста туруусу) аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобого
1-тиркеме |
Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракттын типтүү формасы
Аскердик кызматты өтөө жөнүндө
КОНТРАКТ
1. ______________________________________________________________
(аскер кызматчынын, (жарандын) аскердик наамы,
_______________________________________________________________________
аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы)
(паспорт: сериясы ___________ № ________ 20__-жылдын ____-_____________
берилген), бир тараптан мындан ары "аскер кызматчы" аталып, өз ыктыяры
менен башка тараптан мындан ары "Ведомство" аталган ___________________
_______________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
өкүлү катары __________________________________________________________
_________________________________________________________________ менен
(кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү)
ушул контрактты, төмөнкүлөр жөнүндө түзүштү:
Аскер кызматчысы өз ыктыяры менен төмөнкү милдеттемелерди берет:
- Аскердик Антка бекем болууга, өз элине жан-дили менен кызмат кы-
лууга; Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого;
- ушул контракттын белгиленген мөөнөтүнүн аралыгында контракт бо-
юнча аскердик кызматты ________________________________________________
_______________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка нормативдик укуктук актылары менен белгиленген шарттарда жана тартипте кызмат орундарында өтөөгө;
- аскер кызматчынын жогорку наамын татыктуу алып жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ар-намысын жана күжүрмөн даңкын ардактоого;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарынын талаптарын катуу жана так аткарууга;
- контракт боюнча аскердик кызматты өтөө мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзам жана башка нормативдик укуктук актылары менен белгиленген аскер кызматчылардын бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, Аскердик анттын, аскердик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын жана аскердик кызмат жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга;
- укук бузган учурларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жоопкерчиликтин бардык түрлөрүн тартууга;
- аскердик тартипти сактоого, башчылардын буйруктарын, тескемелерин жана талаптарын аткарууга;
- жашыруун документтерди жана аскердик техниканы (аппараттарды) колдонуунун бекитилген тартибин, окуунун жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды сактоого.
2. Аскер кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызмат өтөө мезгилинде кызматтык турак-жай менен камсыз болууга (турак-жайды ижарага алганы үчүн акчалай компенсацияны алууга) жана аскер кызматчылардын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте өз менчигине турак-жайды сатып алууга (алууга);
- аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык пенсия менен камсыздалууга;
- аскер кызматчынын жашоосуна жана ден соолугуна зыян келтирүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана шарттарда акчалай компенсацияга;
- кызмат өтөө мезгилинде Ведомство тарабынан белгиленген ченемдер боюнча акчалай, азык-түлүк жана кийим менен камсыздалууга.
3. Ведомство:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчынын социалдык жана укуктук коргоосун ишке ашырат;
- белгиленген ченемдерге ылайык акчалай жана мүлктүк үлүштөр менен камсыздайт;
- аскер кызматчылары үчүн колдонуудагы мыйзамдар менен каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыз кылат.
4. Ведомство төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматтын кызыкчылыгында аскер кызматчыны башка кызмат ордуларына, анын ичинде башка жерге которууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдар менен каралган учурларда аскер кызматчыны материалдык жоопкерчиликке тартууга;
- аскер кызматчынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда контракт бузулганда аскер кызматчынын бошонуу жөлөк пулун кармоого жана төмөндөтүүгө;
- кызматтык милдеттерди тийиштүү аткарбаган, тартиптик жана башка укуктук бузууларды кылган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык үстөк акынын белгиленген түрлөрүн төлөбөй коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка укуктарга ээ.
5. Контракт, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамына ылайык ____________________________________________________
_____________________________________________________ жылдык мөөнөткө түзүлдү.
(контракттын мөөнөтү жазуу түрүндө)
Ушул контракт, тараптар ага кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Контракт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле соттун чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
7. Ушул контракт төрт нускада түзүлдү (мамлекеттик жана расмий тилде), мында ар бир нуска юридикалык күчкө ээ:
- биринчи нуска аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш жүргүзүүсүндө өзүнчө делого көктөлөт;
- экинчи жана үчүнчү нускалары аскер кызматчынын өздүк делосуна кошулат;
- төртүнчүсү аскер кызматчысында болот.
8. Тараптардын колдору:
Ведомство үчүн __________________________________________________
_______________________________________________________________________
(кызмат адамынын кызматы, аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын _____-_____________________
(М.О., күн-айы)
Аскер кызматчы ___________________________________________________
_______________________________________________________________________
(аскер кызматчынын аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын _____-_____________________
Ушул контракт өзүнүн аракетин ____________________________________
(Кыргыз Республикасынын
_______________________________________________________________________
мыйзамдарына ылайык контракттын иштөөсүн токтотуу негизи)
_________________________________________________ байланыштуу токтотту.
(контрактын аракети токтогон күн-айы)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча (запаста туруусу)аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобого
2-тиркеме |
Окуу жөнүндө контракттын типтүү формасы
Бир жыл жана андан ашык окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайда, адъюнктурада же аскердик докторантурада аскер кызматчынын окуусуна
КОНТРАКТ
1. ______________________________________________________________
(аскер кызматчынын, (жарандын) аскердик наамы,
_______________________________________________________________________
аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы)
(паспорт: сериясы ___________ № ________ 20__-жылдын ____-_____________
берилген), бир тараптан мындан ары "аскер кызматчысы" аталып, өз ыктыя-
ры менен башка тараптан мындан ары "Ведомство" аталган ________________
_______________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
өкүлү катары __________________________________________________________
_________________________________________________________________ менен
(кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү)
ушул контрактты, төмөнкүлөр жөнүндө түзүштү:
2. Ведомство аскер кызматчыны аскердик окуу жайга, адъюнктурага же
аскердик докторантурага (мындан ары - ЖОЖ) ____________________________
_______________________________________________________________________
(ЖОЖдун, мамлекеттин аталышы)
_______________________________________________________________________
(окуунун мөөнөтүн көрсөтүү)
окуу мөөнөтү менен окууга жиберет.
3. Аскер кызматчы ________________________________________________
адистиги боюнча окууга жиберилет.
Окуу ошол ЖОЖдо кабыл алынган окуу программаларына ылайык ________
_________________________________________________________ тилинде өтөт.
4. Ведомство:
- чет мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго ылайык, ЖОЖго окууга жиберилүүчү аскер кызматчынын окуусуна байланыштуу бардык чыгымдарын төлөйт (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);
- ЖОЖдо окуп жаткан аскер кызматчыны, Кыргыз Республикасынын жана окуп жаткан өлкөнүн аракеттеги мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук коргоону ишке ашырат (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);
- окутуунун белгиленген ченемдери жана шарттарына ылайык акча жана буюм үлүштөрү менен камсыз кылат;
- белгиленген нормаларга жана окутуунун шарттарына ылайык азык-түлүк жана мүлк менен камсыздоону ишке ашырат;
- аскер кызматчыларга жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн аракеттеги мыйзамдар менен каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыздайт;
- аскер кызматчынын өзүн күбөлөндүргөн документтерди берет.
5. ЖОЖду аяктагандан кийин Ведомство аскер кызматчысын алынган же окшош адистигине ылайык андан аркы аскердик кызматты өтөөсү үчүн, Ведомствонун кошундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине офицердик курамдагы адамдар менен комплектөөгө тийиш болгон кызмат ордуна жөнөтөт.
6. Аскер кызматчы өз ыктыяры менен төмөнкүлөргө милдеттеме алат:
- Аскердик Антка бекем болууга, өз элине жан-дили менен кызмат кылууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Мыйзамдарын сактоого;
- аскер кызматчысынын жогорку наамын ар-намыс менен алып жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн намысын жана күжүрмөн даңкын сактоого;
- окуп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сактоого, анын элинин каада-салттарын сыйлоого, андагы чет элдик жарандар үчүн бекитилген жашоонун жана орун алмаштыруунун эрежелерин аткарууга (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарынын талаптарын катуу жана так аткарууга;
- аскердик тартипти сактоого, башчылардын буйруктарын, тескемелерин жана талаптарын аткарууга;
- жашыруун документтерди жана аскердик техниканы (аппараттарды) колдонуунун ЖОЖдо бекитилген тартибин, окуунун жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды сактоого;
- аскер кийиминин формасын кийүүнүн эрежелерин сактоого, өзүн тыкан алып жүрүүгө, аскер кызматчыларга карата, анын ичинде чет мамлекеттеги ЖОЖдо окууда, окуп жаткан өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына тиешелүү болгон аскердик саламдашуулардын эрежелерин аткарууга.
7. Мындан сырткары аскер кызматчылар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ЖОЖдо бекитилген ички тартиптин бардык эрежелерин аткарууга;
- окутуу программалары (сабактардын жүгүртмөсү) менен каралган бардык окуу сабактарына катышууга, белгиленген мөөнөттө окуу тапшырмаларын аткарууга, экзамен жана зачетторду тапшырууга;
- окуу жабдууларына, окуу китептерине жана окуу усулдарына, курал-жарактарга, аскер техникасына жана башка мүлктөргө аяр мамиле кылууга, окуу жана туруучу жайларда тартипти жана тазалыкты кармоого;
- окуу жана турак жайларында өрт коопсуздугунун белгиленген талаптарын сактоого;
- поезддерде жол жүрүүдө, учактарда учууда, эс алууга жана стажировкага кетип жатканда, окуу аяктаганга чейин команда боюнча улук адамдын көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- ЖОЖго өргүүлөрдөн өз убагында кайтып келүүгө. Аскер кызматчысынын ЖОЖго кезектеги өргүүдөн өз убагында кайтып келүүгө мүмкүн болбогон жагдайларда, ал пайда болгон жагдайлар жөнүндө Ведомствого билдирме менен алдын ала билдирүүгө жана кезектеги өргүүдөн кечигүүсүнүн себептерин ырастаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү;
- аскер кызматчыларга жана жарандарга, ал эми чет мамлекеттик ЖОЖдо окууда чет мамлекеттердин аскер кызматчыларына жана жарандарына сый мамилени көрсөтүүгө, коомдук тартипти бузууга жол бербөөгө;
- ЖОЖду аяктагандан кийин, жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Ведомствонун жетекчилигинин карамагына келүүгө жана 3 жылдан кем эмес мөөнөт менен аскердик кызматты Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык Ведомствонун кошундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде улантууга милдеттүү.
8. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Аскер кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка "нормативдик укуктук актылары менен белгиленген аскер кызматчылардын бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерди аткарууга өз ыктыяры менен милдеттеме алат.
10. Ведомство окуп жаткан аскер кызматчысына карата төмөнкүлөргө укуктуу:
- кезектеги аскердик наамдарды ыйгарууга;
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык аскердик наамды төмөндөтүүгө жана калыбына келтирүүгө;
- бул контракт боюнча аскер кызматчылары милдеттерин, ошондой эле окуп жаткандардан талап кылынуучу ЖОЖдун талаптарын аткарбаган учурда аскер кызматчысынын ЖОЖдо окуусун бир тараптуу токтотууга;
- аскер кызматчылардын жетишүүсүнүн абалына, аскердик тартибине жана турмуш-тиричилигинин шарттарына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыларын жоопкерчиликке тартууга.
11. Аскер кызматчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жеке же жазуу түрүндө өтүнүч, даттануу, арыздар жана сунуштар менен кайрылууга;
- ЖОЖдун командачылыгына үй-бүлөлүк, жеке же башка маанилүү кырдаалдар боюнча кыска мөөнөттөгү эс алуу берүү жөнүндө өтүнүүгө;
- сабактардан бошогон убакта жарандык кийим кийүүгө.
12. Ведомство төмөнкүлөргө жооп берет:
- ушул контракт боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга;
- аскер кызматчысын окуган жерине өз убагында жөнөтүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте акчалай үлүшүн төлөп берүүгө;
- Ведомствонун аскер кызматчылары үчүн бекитилген ченемдер боюнча ЖОЖго жөнөтүү күнүнө азык-түлүк жана буюм-мүлкү менен камсыз кылууга;
- аскер кызматчыны бардык зарыл болгон документтер менен камсыз кылууга.
13. Аскер кызматчы:
- ушул контрактка кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгынан башка жарандыгы жок экенин, ошондой эле ЖОЖдо окуу убагында жана андан аркы Ведомствонун аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызмат өтөөсүндө ушул контракт колдонулган мезгилде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу ниети жок экендигин тастыктайт;
- бул контракт боюнча милдеттерин, ошондой эле окуп жаткандардан талап кылынуучу ЖОЖдун талаптарын толук аткарат.
14. Чет мамлекеттин ЖОЖунан чыгарылган аскер кызматчынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол киресин төлөө, ден соолугунун абалы боюнча чыгарылгандардан тышкары (эгерде кабыл алуучу тарап тарабынан каралбаса) жеке өзүнүн каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
15. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Ушул контракт ЖОЖдо окуунун бардык мезгилине жана ЖОЖду бүткөндөн кийин үч жыл аралыгына аракетте болот.
17. Ушул контракт төрт нускада түзүлдү (мамлекеттик жана расмий тилде), мында ар бир нуска юридикалык күчкө ээ:
- биринчи нуска аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш жүргүзүүсүндө өзүнчө делого көктөлөт;
- экинчи жана үчүнчү нускалары аскер кызматчынын өздүк делосуна кошулат;
- төртүнчүсү аскер кызматчысында болот.
18. Ушул контракт тараптар ага кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Тараптардын колдору:
Ведомство үчүн ___________________________________________________
______________________________________________________________________
(кызмат адамынын кызматы, аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын _____-_____________________
(М.О., күн-айы)
Аскер кызматчы ____________________________________________________________________________________________________________________________________________
(аскер кызматчынын аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын _____-_____________________
Ушул контракт өзүнүн аракетин ____________________________________
(Кыргыз Республикасынын _________________________________________ мыйзамдарына ылайык контракттын иштөөсүн токтотуу негизи) _________________________________________________ байланыштуу токтотту.
(контрактын аракети токтогон күн-айы)
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча (запаста туруусу) аскердик кызматты өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобого
3-тиркеме |
Окуу жөнүндө контракттын типтүү формасы
Аскердик окуу жайда аскер кызматчынын окуусуна
КОНТРАКТ
1. ______________________________________________________________________
(аскер кызматчынын, (жарандын) аскердик наамы,
______________________________________________________________________
аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы)
(паспорт: сериясы ___________ N ________ 20__-жылдын ____-_____________
берилген), бир тараптан мындан ары "аскер кызматчысы" аталып, өз ыктыяры менен башка тараптан мындан ары "Ведомство" аталган ______________________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
өкүлү катары _____________________________________________________
________________________________________________________________менен
(кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү)
ушул контрактты, төмөнкүлөр жөнүндө түзүштү:
2. Ведомство аскер кызматчыны аскердик окуу жайга (мындан ары -
ЖОЖ) ______________________________________________________________________
(ЖОЖдун, мамлекеттин аталышы)
______________________________________________________________________
(окуунун мөөнөтүн көрсөтүү)
окуу мөөнөтү менен окууга жиберет.
3. Аскер кызматчы _________________________________________________
адистиги боюнча окууга жиберилет.
Окуу ошол ЖОЖдо кабыл алынган окуу программаларына ылайык __________________________________________________________тилинде өтөт.
4. Ведомство:
- чет мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго ылайык, ЖОЖго окууга жиберилүүчү аскер кызматчынын окуусуна байланыштуу бардык чыгымдарын төлөйт (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);
- ЖОЖдо окуп жаткан аскер кызматчыны, Кыргыз Республикасынын жана окуп жаткан өлкөнүн аракеттеги мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук коргоону ишке ашырат (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);
- окутуунун белгиленген ченемдери жана шарттарына ылайык акча жана буюм үлүштөрү менен камсыз кылат;
- аскер кызматчыларга жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн аракеттеги мыйзамдар менен каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыздайт.
5. ЖОЖду аяктагандан кийин Ведомство аскер кызматчыны алынган же окшош адистигине ылайык, андан аркы аскердик кызматты өтөөсү үчүн, Ведомствонун кошундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине офицердик курамдагы адамдар менен комплектөөгө тийиш болгон кызмат ордуна жөнөтөт.
6. Аскер кызматчы өз ыктыяры менен төмөнкүлөргө милдеттеме алат:
- Аскердик Антка бекем болууга, өз элине жан-дили менен кызмат кылууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Мыйзамдарын сактоого;
- аскер кызматчысынын жогорку наамын ар-намыс менен алып жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн намысын жана күжүрмөн даңкын сактоого;
- окуп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сактоого, анын элинин каада-салттарын сыйлоого, андагы чет элдик жарандар үчүн бекитилген жашоонун жана орун алмаштыруунун эрежелерин аткарууга (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарынын талаптарын катуу жана так аткарууга;
- аскердик тартипти сактоого, башчылардын буйруктарын, тескемелерин жана талаптарын аткарууга;
- жашыруун документтерди жана аскер техникасын колдонуунун ЖОЖдо бекитилген тартибин, окуунун жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды сактоого;
- аскер кийиминин формасын кийүүнүн эрежелерин сактоого, өзүн тыкан алып жүрүүгө, аскер кызматчыларга карата, анын ичинде чет мамлекеттеги ЖОЖдо окууда, окуп жаткан өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына тиешелүү болгон аскердик саламдашуулардын эрежелерин аткарууга;
7. Мындан тышкары аскер кызматчылар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ЖОЖдо бекитилген ички тартиптин бардык эрежелерин аткарууга;
- окутуу программалары (сабактардын жүгүртмөсү) менен каралган бардык окуу сабактарына катышууга, белгиленген мөөнөттө окуу тапшырмаларын аткарууга, экзамен жана зачетторду тапшырууга;
- окуу жабдууларына, окуу китептерине жана окуу усулдарына, курал-жарактарга, аскер техникасына жана башка мүлктөргө аяр мамиле кылууга, окуу жана туруучу жайларда тартипти жана тазалыкты кармоого;
- окуу жана турган жайларында өрт коопсуздугунун белгиленген талаптарын сактоого;
- поезддерде жол жүрүүдө, учактарда учууда, эс алууга жана стажировкага кетип жатканда, окуу аяктаганга чейин команда боюнча улук адамдын көрсөтмөлөрүн аткарууга;
- ЖОЖго өргүүлөрдөн өз убагында кайтып келүүгө. Аскер кызматчысынын ЖОЖго кезектеги өргүүдөн өз убагында кайтып келүүгө мүмкүн болбогон жагдайларда, ал пайда болгон жагдайлар жөнүндө Ведомствого билдирме менен алдын ала билдирүүгө жана кезектеги өргүүдөн кечигүүсүнүн себептерин ырастаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү;
- аскер кызматчыларга жана жарандарга, ал эми чет мамлекеттик ЖОЖдо окууда анын ичинен чет мамлекеттердин аскер кызматчыларына жана жарандарына сый мамилени көрсөтүүгө, коомдук тартипти бузууга жол бербөөгө;
- ЖОЖду аяктагандан кийин, жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Ведомствонун жетекчилигинин карамагына келүүгө жана аскердик кызматты Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык Ведомствонун кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде улантууга милдеттүү.
8. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Аскер кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка нормативдик укуктук актылары менен белгиленген аскер кызматчылардын бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерди аткарууга өз ыктыяры менен милдеттеме алат.
10. Ведомство окуп жаткан аскер кызматчыга карата төмөнкүлөргө укуктуу:
- кезектеги аскердик наамдарды ыйгарууга;
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык аскердик наамды төмөндөтүүгө жана калыбына келтирүүгө;
- анын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерди берүүгө;
- бул контракт боюнча аскер кызматчылар милдеттерин, ошондой эле окуп жаткандардан талап кылынуучу ЖОЖдун талаптарын аткарбаган учурда аскер кызматчынын ЖОЖдо окуусун бир тараптуу токтотууга;
- аскер кызматчылардын жетишүүсүнүн абалына, аскердик тартибине жана турмуш-тиричилигинин шарттарына көзөмөл жүргүзүүнү ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыларды жоопкерчиликке тартууга.
11. Аскер кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик уставдарына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жеке же жазуу түрүндө өтүнүч, даттануу, арыздар жана сунуштар менен кайрылууга;
- ЖОЖдун командачылыгына үй-бүлөлүк, жеке же башка маанилүү кырдаалдар боюнча кыска мөөнөттөгү өргүү берүү жөнүндө өтүнүүгө;
- ЖОЖдо белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык жатаканада, мейманканада жана бошонуп чыгууда сабактардан бошогон убакта жарандык кийим кийүүгө;
- ЖОЖдо белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык ЖОЖдон тышкары бошонууда болууга (офицерлерге тийиштүү эмес).
12. Ведомство төмөнкүлөргө жооп берет:
- ушул контракт боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга;
- аскер кызматчыны окуган жерине өз убагында жөнөтүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте акчалай үлүшүн төлөп берүүгө;
- Ведомствонун аскер кызматчылары үчүн бекитилген ченемдер боюнча ЖОЖго жөнөтүү күнүнө буюм-мүлкү менен камсыз кылууга;- аскер кызматчыны бардык зарыл болгон документтер менен камсыз кылууга.
13. Аскер кызматчы:
- ушул контрактка кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгынан башка жарандыгы жок экенин, ошондой эле ЖОЖдо окуу убагында жана андан аркы Ведомствонун аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызмат өтөөсүндө ушул контракт колдонулган мезгилде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу ниети жок экендигин тастыктайт;
- бул контракт боюнча милдеттерин, ошондой эле окуп жаткандардан талап кылынуучу ЖОЖдун талаптарын толук аткарат.
14. Чет мамлекеттин ЖОЖунан чыгарылган аскер кызматчынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол киресин төлөө, ден соолугунун абалы боюнча чыгарылгандардан тышкары (эгерде кабыл алуучу тарап тарабынан каралбаса) жеке каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.
15. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Ушул контракт ЖОЖдо окуунун бардык мезгилине жана ЖОЖду бүткөндөн кийин үч жыл аралыгына аракетте болот.
17. Ушул контракт төрт нускада түзүлдү (мамлекеттик жана расмий тилде), мында ар бир нуска юридикалык күчкө ээ:
- биринчи нуска аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш жүргүзүүсүндө өзүнчө делого көктөлөт;
- экинчи жана үчүнчү нускалары аскер кызматчынын өздүк делосуна кошулат;
- төртүнчүсү аскер кызматчысында болот.
18. Ушул контракт тараптар ага кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет.
19. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-январындагы № 8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Тараптардын колдору:
Ведомство үчүн ___________________________________________________
_______________________________________________________________________
(кызмат адамынын кызматы, аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын _____-_____________________
(М.О., күн-айы)
Аскер кызматчы ___________________________________________________
_______________________________________________________________________
(аскер кызматчынын аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын _____-_____________________
Ушул контракт өзүнүн аракетин ____________________________________
(Кыргыз Республикасынын
_______________________________________________________________________
мыйзамдарына ылайык контракттын иштөөсүн токтотуу негизи)
_________________________________________________ байланыштуу токтотту.
(контрактын аракети токтогон күн-айы)