Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 824
( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жаңы редакциясына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 745 "Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуласындагы "71" жана "145" деген цифралар тиешелүү түрдө "91" жана "160" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |