Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры №745
Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 91-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 160-беренесине ылайык, ошондой эле оор ооруу менен ооруган соттолгондорду андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуунун процессин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартиби бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |