Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-июну № 321
Кыргыз Республикасында актуарийлердин ишинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомунун редакциясына ылайык)
Актуарийлердин ишин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 321 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында актуардык ишти жүргүзүүгө коюлуучу негизги талаптарды белгилейт.
2. Актуардык иш "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
актуардык иш - тобокелдиктерди жана (же) тобокелдиктер менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык баалоо боюнча, ошондой эле финансылык тобокелдиктерди башкаруу методдорун иштеп чыгуу жана натыйжалуулугун баалоо боюнча иш;
актуардык корутунду - уюмдардын финансылык милдеттенмелеринин көлөмү, аларды аткаруу мүмкүндүгү же белгилүү финансылык көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүндүгү жөнүндө негизделген тыянактарды камтуучу актуардык баалоонун жыйынтыктары боюнча даярдалган документ жана ал баа берилүүчү уюм тарабынан пайдаланууга арналат;
актуардык эсептөөлөр - математикалык жана статистикалык методдорду пайдалануу менен камсыздандыруунун тарифтик ставкаларынын эсептөөлөрү;
актуардык баалоо - тобокелдиктерди жана (же) тобокелдиктер менен шартталган финансылык милдеттенмелерди талдоо жана сандык, финансылык баалоо боюнча актуардык иштин түрү, анын жыйынтыгында актуардык корутунду берилет;
баа берилүүчү уюм - актуардык кызмат көрсөтүүгө келишим түзгөн юридикалык жак;
ыйгарым укуктуу орган - финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2. Актуарийлерге коюлуучу квалификациялык талаптар
4. Төмөнкү талаптарга жооп берген жактар актуарий боло алат:
- актуардык ишти жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясы болууга тийиш;
- Кыргыз Республикасында таанылган экономикалык, математикалык же техникалык жогорку билимге ээ болгон;
- кылмыш кылгандыгы үчүн мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугу болбошу керек.
3. Актуардык ишти жүргүзүүгө коюлуучу талаптар
5. Актуардык кызматтар баа берилүүчү уюм менен актуарийдин ортосунда жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдин негизинде жана ага ылайык көрсөтүлөт.
6. Актуардык эсептөөлөр, талдоо жана баа берүү төмөнкү принциптерге негизделет:
1) толуктук;
2) объективдүүлүк;
3) айкындуулук;
4) көз карандысыздык;
5) негиздүүлүк.
7. Актуардык корутунду төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) актуарий жөнүндө маалыматты;
2) баа берилүүчү уюм жөнүндө маалыматты;
3) актуардык корутундунун түзүлгөн күнүн;
4) актуардык баалоо кайсыл күнгө карата түзүлгөндүгү тууралуу маалыматты;
5) баа берилүүчү уюм көрсөткөн маалыматтардын тизмесин;
6) актуардык корутундуда камтылган жыйынтыктардын ишенимдүүлүгүн текшерүүгө жол берген актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүү методикасынын сүрөттөмөсүн;
7) актуардык корутундуда камтылган тыянактарды негиздөө үчүн актуардык баалоодо колдонулган математикалык моделдерди жана статистикалык маалыматты;
8) актуардык баалоо жөнүндө келишимде актуарийге коюлган маселеге жоопту, актуардык корутундудагы тыянактарды негиздөө үчүн керектүү актуардык эсептөөлөрдүн натыйжаларын;
9) аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тыянактар жана сунуштар.
8. Актуардык баалоонун натыйжасында актуарий тарабынан эсептөөдө колдонулган божомолдорду жана жорууларды чагылдырган актуардык корутунду чыгарылат.
9. Актуардык корутунду ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз түрүндө 2 (эки) нускада таризделет жана актуарий тарабынан кол коюлат.
Актуардык корутундунун бир нускасы актуарийде, экинчи нускасы баа берилүүчү уюмда сакталат.
4. Актуарийдин укуктары жана милдеттери
10. Актуарий төмөнкүлөргө укуктуу:
- актуардык эсептөөлөрдүн методун өз алдынча аныктоого;
- баа берилүүчү уюмдан документтерди сурап алууга, оозеки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө алууга, ошондой эле актуардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча маалыматтарды алууга;
- пайдалануу (изилдөө) актуардык эсептөөлөр үчүн зарыл болгон баа берилүүчү уюмдун финансылык отчеттору жана башка документтери менен таанышууга;
- актуардык корутундуну даярдоо үчүн керектүү маселелер боюнча маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талап менен расмий түрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга кайрылууга.
11. Актуарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
- актуардык кызматтарды көрсөтүүнүн жүрүшүндө алган документтердин сактыгын камсыз кылууга;
- актуардык кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө баа берилүүчү уюмдан алган купуя маалыматты, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жарыялабоого;
- актуардык эсептөөлөрдү жүргүзүүгө тиешелүү келишимди түзүү үчүн негиз болуучу документтерди баа берилүүчү уюмга көрсөтүүгө, актуардык корутундуну түзүүгө жана/же ушул Жободо каралган башка кызмат көрсөтүүгө;
- керектүү актуардык эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын, пайдаланган методикалардын жана актуардык божомолдордун, тиешелүү негиздөөчү маалыматтардын сүрөттөмөсүн тиркөө менен актуардык корутундуну түзүүгө;
- түзүлгөн келишимдерди (макулдашууларды), түзүлүүчү актуардык корутундуларды жана өзүнүн иши туурасында башка маалыматтарды өз убагында жана толук эсепке алууга;
- ар жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга актуардык корутундулардын саны жана түрү жөнүндө маалыматты берүүгө;
- актуардык ишке байланыштуу бардык документтерди беш жылдан кем эмес аралыкта сактоого;
- коммерциялык сырды жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырды сактоого.
5. Корутунду жоболор
12. Актуарийлердин ишин контролдоону ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырат.
13. Актуарийлер ушул Жобонун талаптарын сактоо, ошондой эле алар жасаган актуардык эсептөөлөрдүн жана корутундулардын туура жана так болушу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Кыргыз Республикасында актуардык иш жөнүндө жобого тиркеме |
Форма
Актуардык корутунду
1. Камсыздандыруу уюму жөнүндө маалымат: 1) Толук аталышы: ________________________________________________________________________________ 2) Жайгашкан жери жана банктык реквизиттер: ________________________________________________________________________________ 3) Юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайрадан каттоосу) жөнүндө күбөлүгү же маалымкаты: ________________________________________________________________________________ (номери жана берилген күнү) 4) Камсыздандыруу ишин жүргүзүү укугуна лицензиясы: ________________________________________________________________________________ (номери жана берилген күнү) 2. Актуарий жөнүндө маалымат: 1) Аты-жөнү: ________________________________________________________________________________ 2) Жашаган жери (жайгашкан жери): ________________________________________________________________________________ 3) Камсыздандыруу рыногунда актуардык ишти жүргүзүүгө лицензиясы: ________________________________________________________________________________ (номери жана берилген күнү) 3. Актуардык корутундунун түрү: ________________________________________________________________________________ 4. Актуардык эсептөөлөрдү даярдоонун негизи: ________________________________________________________________________________ (келишим, номери жана келишим түзүлгөн күнү) 5. Актуардык изилдөөнүн предмети (белгиленген тапшырмалардын тизмеси) ________________________________________________________________________________ 6. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму берген документтердин (маалыматтардын) тизмеси ________________________________________________________________________________ 7. Актуарий колдонгон башка материалдар жана маалыматтар (алардын булактары жана/же алынган жери) ________________________________________________________________________________ 8. Актуарий колдонгон эсептөөлөрдүн методикасы ________________________________________________________________________________ 9. Алынган натыйжалар жана тыянактар ________________________________________________________________________________ 10. Сунуштар (эгер бар болсо) ________________________________________________________________________________ 11. Актуардык корутундуну даярдоо мөөнөтү жана түзүлгөн жери ________________________________________________________________________________ 12. Колу, күнү жана нускамалардын саны ________________________________________________________________________________
|