Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 токтому менен бекитилген |
Ломбарддын иши жөнүндө отчетту жана ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетту камтыган документтерди түзүүнүн формалары, аларды ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө НУСКАМА
1. Ушул Нускама ломбарддын иши жөнүндө отчетту жана ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетту камтыган документтерди түзүүнүн формаларын, аларды ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнүн мөөнөттөрүн жана тартибин белгилейт.
2. Ломбарддын иши жөнүндө отчет ушул Нускаманын 1-тиркемесинде белгиленген формада жана тартипте түзүлөт.
3. Ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчет ушул Нускаманын 2-тиркемесинде белгиленген формада жана тартипте түзүлөт.
4. Ломбарддын иши жөнүндө отчет төмөнкүдөй берилет:
- календардык жылдын биринчи кварталы, жарым жылдыгы, тогуз айы үчүн отчеттук мезгил аяктаганда 30 календардык күндөн кечиктирбестен;
- календардык жыл үчүн эки жолу - календардык жыл аяктаганда 30 календардык күндөн кечиктирбестен жана календардык жыл аяктаганда 90 календардык күндөн кечиктирбестен.
Календардык жыл аяктаганда 30 календардык күндөн кечиктирбестен берилүүчү календардык жыл үчүн ломбарддын иши жөнүндө отчетту түзүүдө I жана III бөлүмдөр толтурулат.
Календардык жыл аяктаганда 90 календардык күндөн кечиктирбестен берилүүчү календардык жыл үчүн ломбарддын иши жөнүндө отчетту түзүүдө I-II, III-IV бөлүмдөр толтурулат.
Календардык жыл аяктаганда 90 календардык күндөн кечиктирбестен берилүүчү календардык жыл үчүн ломбарддын иши жөнүндө отчетко бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлгөн ломбарддын жылдык бухгалтердик (финансылык) отчетун камтыган электрондук документ тиркелет.
5. Ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчет календардык жыл аяктаганда, ошондой эле ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетто камтылган маалыматтар өзгөргөн учурда, календардык жыл аяктагандан же маалыматтар өзгөргөн датадан кийин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
6. Ломбарддын иши жөнүндө отчетту жана (же) ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетту камтыган документтер (мындан ары бирге айтылганда - отчеттуулук) ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз жүзүндө жана электрондук формада берилет.
7. Ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мурда берилген отчеттуулуктан ломбард ката тапкан учурда, оңдолгон отчеттуулук каталар табылган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жөнөтүлүшү керек.
|
| Ломбарддын иши жөнүндө отчетту жана ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетту камтыган документтерди түзүүнүн формалары, аларды ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө нускаманын 1-тиркемеси |
Форма
Ломбарддын иши жөнүндө ОТЧЕТ
_______-жылдын "__" _____________ карата
Кварталдык
I бөлүм. Ломбард жөнүндө жалпы маалыматтар
1-пункт. Ломбарддын реквизиттери
Ломбарддын толук аталышы | Ломбарддын кыскартылган аталышы | ОКПО боюнча ломбарддын уюштуруу-укуктук формасынын коду | Ломбарддын салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номери (СИН) | Ломбарддын мамлекеттик каттоо номери | Ломбарддын жайгашкан жери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
Ломбарддын иш жүзүндө жайгашкан жери | Почта кат-кабары үчүн дареги | Ломбарддын телефон номери | Ломбарддын факс номери | Ломбарддын электрондук почтасынын дареги | Ломбарддын "Интернет" маалыматтык-телекоммуникация тармагындагы сайтынын дареги (болсо) |
7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
|
|
|
|
|
|
2-пункт. Ломбарддын обочолонгон бөлүнүштөрү жөнүндө маалыматтар
Катар номери | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнун атальппы | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн түрү | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн иш жүзүндө жайгашкан дареги | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн телефон номери | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн факс номери | Ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн электрондук почтасынын дареги |
13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 |
|
|
|
|
|
|
|
3-пункт. Ломбарддын кредиттик уюмдарда ачылган эсептери жөнүндө маалыматтар
Катар номери | Кредиттик уюмдун толук аталышы | Кредиттик уюмдун жайгашкан жери | Кредиттик уюмдун банктык идентификациялык коду (БИК) | Эсептин түрү | Эсептин номери | Эсеп ачылган күн |
20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 |
|
|
|
|
|
|
|
4-пункт. Ломбардга күрөөгө өткөрүп берилген жана сактоого кабыл алынган мүлктү камсыздандыруучу камсыздандыруу уюмдары жөнүндө маалыматтар
Катар номери | Камсыздандыруу уюмунун толук аталышы | Камсыздандыруу уюмунун жайгашкан жери | Камсыздандыруу уюмунун салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номери (СИН) | Камсыздандыруу уюмунун мамлекеттик каттоо номери | Камсыздандыруу ишинин субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги каттоо номери |
27 | 28 | 29 | 30 | 31 | 32 |
|
|
|
|
|
|
II бөлүм. Ломбарддын ишинин негизги көрсөткүчтөрү
1-пункт. Зайымдар жөнүндө маалыматтар
1.1. Берилген зайымдарга карата негизги карыз боюнча карыз
миң сом
Отчеттук мезгилде берилген зайымдардын суммасы | Отчеттук мезгилдин аягына карата берилген зайымдар боюнча негизги карыз боюнча карыздын суммасы, анын ичинде: | Берилген зайымдарга карата негизги карыз боюнча белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн карыздын суммасы |
33 | 34 | 35 |
|
|
|
1.2. Берилген зайымдарга карата пайыздар боюнча карыз
миң сом
Отчеттук мезгилде берилген зайымдар боюнча эсептелген пайыздардын суммасы | Отчеттук мезгилдин аягына карата берилген зайымдар боюнча пайыздар боюнча карыздын суммасы | Берилген зайымдарга карата пайыздар боюнча белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн карыздын суммасы |
36 | 37 | 38 |
|
|
|
1.3. Берилген зайымдар боюнча алынган акча каражаттары
миң сом
Берилген зайымдарга карата негизги карыз боюнча карызды төлөөгө отчеттук мезгил үчүн түшкөн акча каражаттарынын суммасы | Берилген зайымдар боюнча отчеттук мезгилде иш жүзүндө алынган пайыздардын суммасы | Берилген зайымдарга карата негизги карыз боюнча карызды төлөөгө отчеттук мезгил үчүн талап кылынбаган буюмдарды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын суммасы | Берилген зайымдарга карата пайыздар боюнча карызды төлөөгө отчеттук мезгил үчүн талап кылынбаган буюмдарды сатуудан түшкөн акча каражаттарынын суммасы |
39 | 40 | 41 | 42 |
|
|
|
|
1.4. Зайым келишими жөнүндө маалымат
Отчеттук мезгилдин аягына карата алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишиминин саны, даана, анын ичинде | Отчеттук мезгилдин аягына карата алар боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө жабылбаган жана жеңилдетилген бир айлык мөөнөттө турган зайым келишиминин саны, даана | Отчеттук мезгилдин аягына карата алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган мүлк сатыла элек зайым келишиминин саны, даана | Отчеттук мезгилдин аягына карата зайымчылардын саны, адам | Отчеттук мезгилде түзүлгөн зайым келишиминин саны, даана |
43 | 44 | 45 | 46 | 47 |
|
|
|
|
|
1.5. Зайым келишими боюнча башка маалыматтар
миң сом
Зайым келишими боюнча отчеттук мезгилде кайра түзүмдөлгөн карыздын суммасы | Зайым келишимине карата негизги карыз боюнча отчеттук мезгилде эсептен чыгарылган карыздын суммасы | Отчеттук мезгилдин аягына карата талап кылынбаган буюмдарды сатуунун натыйжасында ломбард тарабынан алынууга тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы |
48 | 49 | 50 |
|
|
|
2-пункт. Ломбард тарабынан тартылган акча каражаттары жөнүндө маалыматтар
2.1. Юридикалык жактардан тартылган акча каражаттары жөнүндө маалыматтар
Отчеттук мезгилдин аягына карата юридикалык жактар менен түзүлгөн зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча карыздын (негизги карыз жана пайыздар) суммасы, миң сом | Отчеттук мезгилде зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча юридикалык жактар тарабынан ломбардга берилген акча каражаттарынын суммасы, миң сом | Отчеттук мезгилде зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча ломбардга акча каражаттарын беришкен юридикалык жактардын саны, бирдик | ||
негизги карыз боюнча, миң сом | пайыздар боюнча, миң сом | баардыгы миң сом | ||
51 | 52 | 53 | 54 | 55 |
|
|
|
|
|
анын ичинде кредиттик уюмдар менен түзүлгөн келишим боюнча: | ||||
56 | 57 | 58 | 59 | 60 |
|
|
|
|
|
2.2. Уюштуруучулар (мүчөлөрү, катышуучулары) болуп саналган жеке жактардан тартылган акча каражаттары жөнүндө маалыматтар
Отчеттук мезгилдин аягына карата уюштуруучулар (мүчөлөрү, катышуучулары) болуп саналган жеке жактар менен түзүлгөн зайым келишимдери боюнча карыздын (негизги карыз жана пайыздар) суммасы, миң сом | Отчеттук мезгилде зайым келишимдери боюнча уюштуруучулар (мүчөлөрү, катышуучулары) болуп саналган жеке жактар тарабынан ломбардга берилген акча каражаттарынын суммасы, миң сом | Отчеттук мезгилде зайым келишимдери боюнча ломбардга акча каражаттарын беришкен уюштуруучулар (мүчөлөрү, катышуучулары) болуп саналган жеке жактардын саны, адам |
61 | 62 | 63 |
|
|
|
2.3. Ломбард тарабынан тартылган акча каражаттары жөнүндө жалпы маалыматтар
Отчеттук мезгилде ломбард тарабынан тартылган акча каражаттарынын жалпы суммасы, миң сом | Отчеттук мезгилде ломбард тарабынан түзүлгөн зайым келишимдеринин жана кредиттик келишимдердин жалпы саны, даана | Отчеттук мезгилдин аягына карата ломбард тарабынан тартылган зайымдар жана кредиттер боюнча негизги карыз боюнча карыздын суммасы, миң сом |
64 | 65 | 66 |
|
|
|
3-пункт. Күрөөгө кабыл алынган буюмдар менен байланышкан ломбарддын тобокелдиктерин камсыздандыруу жөнүндө маалымат
Отчеттук мезгилде түзүлгөн күрөөгө кабыл алынган буюмдарды камсыздандыруу келишиминин саны, даана | Отчеттук мезгилде ломбард тарабынан камсыздандыруу уюмдарына төлөнгөн камсыздандыруу акысынын (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн) суммасы | Отчеттук мезгилдин аягына карата күрөөгө кабыл алынган буюмдар камсыздандырылган камсыздандыруу суммасы, миң сом | Отчеттук мезгилде болгон камсыздандыруу учурларынын саны, даана | Отчеттук мезгилде камсыздандыруу уюмдары тарабынан ишке ашырылган камсыздандыруу учурлары боюнча төлөнүүчү сумма |
67 | 68 | 69 | 70 | 71 |
|
|
|
|
|
4-пункт. Башка маалыматтар
Отчеттук мезгилде ломбард тарабынан түзүлгөн буюмдарды сактоо келишимдеринин саны, даана | Отчеттук мезгилде буюмдарды сактоо келишимдери боюнча ломбард тарабынан алынган акча каражаттарынын жалпы суммасы, миң сом | Иштин баардык түрлөрү боюнча таза пайда (чыгаша), миң сом |
72 | 73 | 74 |
|
|
|
III бөлүм. Баланстык көрсөткүчтөр
миң сом
Катар номери | Көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүчтүн мааниси |
1 | 2 | 3 |
1 | Активдер, анын ичинде: |
|
1.1 | финансылык салымдар |
|
1.2 | дебитордук карыз |
|
1.3 | запастар |
|
1.4 | негизги каражаттар |
|
1.5 | акча каражаттары, анын ичинде: |
|
1.5.1 | алыш-бериш эсебинде |
|
1.5.2 | кассада |
|
1.6 | башка активдер |
|
2 | Капитал, анын ичинде: |
|
2.1 | уставдык капитал |
|
2.2 | резервдик капитал |
|
2.3 | кошумча капитал |
|
2.4 | бөлүштүрүлбөгөн пайда (жабылбаган чыгаша) |
|
2.5 | капиталды башка түзүүчүлөр |
|
3 | Милдеттенме, анын ичинде: |
|
3.1 | зайым каражаттары, анын ичинде. |
|
3.1.1 | зайым каражаттары боюнча эсептелген пайыздар |
|
3.2 | ломбарддын кредиттик карызы |
|
3.3 | башка милдеттенмелер |
|
IV бөлүм. Акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалымат
миң сом
Көрсөткүчтүн аталышы | Отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын башталышына карата акча каражаттарынын калдыгы | Отчеттук мезгилдин акыркы кварталында акча каражаттарынын түшүшү | Отчеттук мезгилдин акыркы кварталында акча каражаттарынын эсептен чыгарылышы | Отчеттук мезгилдин акыркы кварталына карата акча каражаттарынын калдыгы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Накталай акча каражаттары |
|
|
|
|
Алыш-бериш эсеби |
|
|
|
|
Валюталык эсеби |
|
|
|
|
Жетекчи _____________________________________________________ (аты-жөнү)
"Ломбарддын иши жөнүндө отчет" формасы боюнча отчетту түзүү ТАРТИБИ
1. Ломбарддын иши жөнүндө отчеттогу (мындан ары - Отчет) маалыматтар отчеттук мезгилдин акыркы кварталы үчүн маалыматтар берилүүчү III жана V бөлүмдөрдөн сырткары, отчеттук мезгилдин акыркы календардык күнүндөгү же отчеттук мезгилге карата абал боюнча көрсөтүлөт.
2. Отчеттун I бөлүмүнүн 1-пунктунда ломбарддын уставында, ошондой эле ломбарддын башка уюштуруу документтеринде, юридикалык жакты салык органында каттоого коюу жөнүндө күбөлүктө, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келген маалыматтар көрсөтүлөт:
- анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн аталышына шайкеш келген, ломбарддын мамлекеттик жана расмий тилдердеги толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
- Уюштуруу-укуктук формалардын жалпы республикалык классификаторуна ылайык ломбарддын уюштуруу-укуктук формасынын коду;
- салык төлөөчүнүн (ломбарддын) идентификациялык номери (СИН) - юридикалык жакты салык органында каттоого коюу жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн номер;
- ломбарддын мамлекеттик каттоо номери - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн номер;
- юридикалык жактын мамлекеттик катталган жери менен аныкталуучу жана анын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн ломбарддын жайгашкан жери;
- отчеттук мезгилде кыйла көп өлчөмдө берилген зайымдар менен иш жүргүзүлгөн негизги орду менен аныкталуучу ломбарддын иш жүзүндөгү жайгашкан жеринин дареги;
- почталык корреспонденциялар үчүн дарек, телефон, факс номери, электрондук почтасынын дареги - отчеттук мезгилдин акыркы календардык күнүнө карата актуалдуу байланыш маалыматы;
- "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармактагы сайттын дареги (болсо).
3. Отчеттун I бөлүмүнүн 2-пунктунда Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын аймагынан сырткары отчеттук мезгилдин акырына карата иштеп жаткан ломбарддын бардык обочолонгон бөлүнүштөрү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. 14-графада обочолонгон бөлүнүштүн толук аталышы көрсөтүлөт (болсо). 15-графада ломбарддын обочолонгон бөлүнүшүнүн түрү - өкүлчүлүк, филиал же жана башка обочолонгон бөлүнүш көрсөтүлөт.
4. Отчеттун I бөлүмүнүн 3-пунктунда кредиттик уюмдарда ачылган бардык эсептер, ошондой эле ломбарддын чет өлкөлөрдөгү обочолонгон бөлүнүштөрү тарабынан ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Бул пунктка ошондой эле отчеттук мезгилде ломбард тарабынан кредиттик уюмдарда ачылган, бирок отчеттук мезгилдин акырына карата жабылган же ломбард тарабынан пайдаланылбаган эсептер жөнүндө маалымат киргизилет.
Эгерде ломбард же анын обочолонгон бөлүнүшү тарабынан резидент эмес банкта эсеп ачылса, Отчеттун I бөлүмүнүн 3-пунктунун 23-графасында кредиттик уюмдун коду көрсөтүлөт, ал эми бул маалымат жок болгондо "резидент эмес" деп көрсөтүлөт.
5. Отчеттун I бөлүмүнүн 4-пунктунда отчеттук мезгилде алар менен ломбардда мүлктү камсыздандыруу келишими түзүлгөн жана (же) колдонулган бардык камсыздандыруу уюмдары жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
6. Отчеттун II бөлүмүнүн көрсөткүчтөрү уюштуруу-укуктук формасына жана ломбард тарабынан колдонулуучу бухгалтердик эсептин маалыматтарынын негизиндеги салык салуу системасына карабастан, ошондой эле зайымдарды эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
Отчеттун II бөлүмүн толтурууда көрсөткүчтүн мааниси жок болсо сап боюнча нөл (0) коюлат, мааниси болгон учурда, суммалар боюнча маалыматтар дааналап саналган миң сом менен толтурулат. Бардык көрсөткүчтөр бүтүн сан менен берилет.
Отчеттун II бөлүмүндө зайымдар, ломбарддын ишин жүргүзүү үчүн тартылган каражаттар жөнүндө маалыматтар, ломбарддын тобокелдиктерин камсыздандыруу жөнүндө маалымат жана зайым келишими боюнча башка маалыматтар көрсөтүлөт.
7. Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.1-пунктчасында отчеттук мезгилде берилген зайымдардын суммасы, ошондой эле отчеттук мезгилдин аягына карата берилген зайымдар боюнча негизги карыз боюнча карыздын суммасы көрсөтүлөт. Өзүнчө графада алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишиминин төлөнбөгөн же коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдерине карата негизги карыз боюнча карыздын суммасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.1-пунктчасынын 33-графасында отчеттук мезгилде түзүлгөн зайым келишимдери боюнча берилген зайымдардын суммасы көрсөтүлөт. Аталган графада алар боюнча отчеттук мезгилдин аягына карата милдеттенмелер жабылбаган жана күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдери боюнча да, ошондой эле отчеттук мезгилдин аягына карата милдеттемелер жабылган же күрөөгө коюлган мүлктөр сатылган зайым келишимдери боюнча да маалыматтар көрсөтүлөт.
Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.1-пунктчасынын 34-графасында алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт баштала элек жана жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдерине карата негизги карыз боюнча карыздын суммасы көрсөтүлөт.
Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.1-пунктчасынын 35-графасында алар боюнча жана жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдерине карата негизги карыз боюнча карыздын суммасы көрсөтүлөт.
8. Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.2-пунктчасында берилген зайымдарга карата пайыздык ставка боюнча отчеттук мезгилде (квартал, жарым жылдык, тогуз ай, жыл) зайымчыга кошуп эсептелген акча каражаттарынын суммасы, отчеттук мезгилдин аягына карата берилген зайымдар боюнча пайыздар боюнча карыздын суммасы (кошуп эсептелген, бирок ломбард тарабынан алынбаган пайыздар жөнүндө маалыматтар) көрсөтүлөт. Алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек, берилген зайымдарга карата пайыздар боюнча карыздын суммасы жөнүндө маалыматтар берилген зайымдарга карата пайыздар карыздын жалпы суммасына кошулат, ошондой эле 40-графада көрсөтүлөт.
Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.2-пунктчасынын 36-графасында кошуп эсептөө методу менен зайым келишимдери боюнча отчеттук мезгилде ломбард тарабынан кошуп эсептелген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт. Аталган сапта алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт баштала элек, жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдери боюнча да, ошондой эле отчеттук мезгилдин аягына карата милдеттенмелер жабылган же күрөөгө коюлган мүлктөр сатылган зайым келишимдери боюнча да маалыматтар көрсөтүлөт.
Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-бөлүмчөсүнүн 1.2-пунктчасынын 37-графасында алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт баштала элек, жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдерине карата пайыздар боюнча карыздын суммасы көрсөтүлөт.
Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.2-пунктчасынын 38-графасында алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдерине карата пайыздар боюнча карыздын суммасы көрсөтүлөт.
9. Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-бөлүмчөсүнүн 1.3-пунктчасынын 39-графасында отчеттук мезгилдин аягына карата негизги карыз боюнча карызды төлөөгө ломбард тарабынан алынган акча каражаттарынын суммасы жана отчеттук мезгилде (квартал, жарым жылдык, тогуз ай, жыл) берилген зайымдар боюнча иш жүзүндө алынган пайыздардын суммасы көрсөтүлөт.
Отчеттун II бөлүмүндөгү 1.3-пунктунун 41 жана 42-графаларында ломбард тарабынан талап кылынбаган буюмдарды сатуудан алынган жана негизги карыз жана пайыздар боюнча карызды төлөөнүн эсебине чегерилген акча каражаттарынын суммасы боюнча маалыматтар көрсөтүлөт.
10. Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.4-пунктчасында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- 43-графада - алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт баштала элек зайым келишимдеринин, ошондой эле жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдеринин саны;
- 44-графада - алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт бүткөн, алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдеринин саны;
- 45-графада - алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдеринин саны көрсөтүлөт;
- 46-графада - алар боюнча жеңилдетилген бир айлык мөөнөт баштала элек, жеңилдетилген бир айлык мөөнөт башталган же бүткөн, бирок алар боюнча милдеттенмелер жабылбаган же күрөөгө коюлган буюмдар сатыла элек зайым келишимдеринин саны;
- 47-графада - отчеттук мезгилде түзүлгөн келишимдердин санын кошкондо, отчеттук мезгилде түзүлгөн, бирок алар боюнча отчеттук мезгилде зайымчылар өз милдеттерин аткарышкан же күрөөгө коюлган буюмдар сатылган зайым келишимдеринин жалпы саны.
11. Отчеттун II бөлүмүндөгү 1-пунктунун 1.5-пунктчасында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- 48-графада - зайым келишимдери боюнча отчеттук мезгилде (квартал, жарым жылдык, тогуз ай, жыл) кайра түзүмдөштүрүлгөн карыздын суммасы. Зайым келишими боюнча отчеттук мезгилде зайымды төлөө (кайтаруу) шарттары өзгөртүлгөн, ал башталганда зайымчы зайым боюнча милдеттенмесин кыйла жагымдуу режимде аткаруу укугуна ээ болгон, анын ичинен келишимдин мөөнөтү узартылган, төлөө мөөнөтү кийинкиге жылдырылган, пайыздык ставка азайтылган зайым келишимдери боюнча карыз кайра түзүмдөштүрүлгөн болуп эсептелет.
Зайым келишими боюнча карыз төмөнкүдөй учурларда кайра түзүмдөштүрүлбөйт, эгерде:
- анын негизинде зайым берилген келишимде ал башталганда зайымчы зайым боюнча милдеттенмесин кыйла жагымдуу режимде аткаруу укугуна ээ болгон шарттар жана зайымды төлөө (кайтаруу) шарттарын өзгөртүү параметрлери камтылса;
- зайым келишиминде көрсөтүлгөн шарттар андан ары иш жүзүндө башталса;
- 49-графада - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайтарымсыз (өндүрүүгө мүмкүн эмес) деп таанылган зайым келишими боюнча негизги карыз боюнча отчеттук мезгилде (квартал, жарым жылдык, тогуз ай, жыл) эсептен чыгарылган карыздын суммасы;
- 50-графада - талап кылынбаган буюмдар сатылган, бирок бул сатуу боюнча төлөм түшө элек жана (же) отчеттук күнгө карата жарым-жартылай түшкөн учурда ломбард тарабынан алынууга тиешелүү болгон акча каражаттарынын суммасы. Аталган графага отчеттук мезгилдин аягына карата берилген зайымдар боюнча негизги карызга карата карызды төлөө үчүн талап кылынбаган сатылган буюмдарга акы төлөө эсебине ломбард тарабынан алынуучу акча каражаттары жөнүндө маалымат гана киргизилет.
12. Отчеттун II бөлүмүндөгү 2-пунктунун 2.1-пунктчасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- отчеттук мезгилдин аягына карата юридикалык жактар менен түзүлгөн зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча ломбарддын карызынын суммасы (тиешелүү эсептер боюнча жыйынды калдыктар);
- "Кыска мөөнөттүү кредиттер жана зайымдар боюнча эсептер" жана "Узак мөөнөттүү кредиттер жана зайымдар боюнча эсептер" кредиттик келишимдер (зайым келишимдери) боюнча пайыздар жана кредиттик келишимдер (зайым келишимдери) боюнча негизги карыз менен карыз суммасын бөлүү аркылуу (бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча). Юридикалык жактар жана кредиттик уюмдар менен түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча ломбарддын карызынын суммасы зайым келишимдери жана юридикалык жактар менен түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча карыздын жалпы суммасына киргизилет, ошондой эле 56-58-графаларда көрсөтүлөт;
- отчеттук мезгилде (квартал, жарым жылдык, тогуз ай, жыл) зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча юридикалык жактар тарабынан ломбардга берилген акча каражаттарынын суммасы, ага колдонуудагы зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча да, ошондой эле отчеттук мезгилдин аягына карата милдеттенмелер жабылган зайым келишими жана кредиттик келишим боюнча да маалыматтар киргизилет. Кредиттик уюмдар тарабынан ломбардга берилген акча каражаттарынын суммасы жөнүндө маалымат зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча юридикалык жактар ломбардга берилген акча каражаттарынын жалпы суммасында, ошондой эле 59-графада көрсөтүлөт;
- отчеттук мезгилде (квартал, жарым жылдык, тогуз ай, жыл) зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча ломбардга акча каражаттарын берген юридикалык жактардын саны, ага зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча ломбардга акча каражаттарын берген кредиттик уюмдардын саны киргизилет. Мындан тышкары зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча ломбардга акча каражаттарын берген кредиттик уюмдардын саны 60-графада көрсөтүлөт;
- 51-графага колдонуудагы зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча да, ошондой эле отчеттук мезгилдин аягына карата алар боюнча милдеттенмелер жабылган зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча да маалыматтар киргизилет.
13. Отчеттун II бөлүмүндөгү 2-пунктунун 2.2-пунктчасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- ломбарддын уюштуруучулары (мүчөлөрү, катышуучулары) болуп саналган жеке жактар менен түзүлгөн зайым келишимдери боюнча отчеттук мезгилдин аягына карата негизги карыз жана пайыздар боюнча ломбарддын карызынын суммасы;
- отчеттук мезгилде ломбард өз милдеттенмелерин аткарган келишимдер жөнүндө маалыматты кошкондо, ломбарддын уюштуруучулары (мүчөлөрү, катышуучулары) болуп саналган жеке жактар тарабынан зайым келишимдери боюнча отчеттук мезгилде ломбардга берилген акча каражаттарынын суммасы;
- отчеттук мезгилде ломбард өз милдеттенмелерин аткарган келишимдер жөнүндө маалыматты кошкондо, зайым келишимдери боюнча отчеттук мезгилде ломбардга акча каражаттарын беришкен уюштуруучулар (мүчөлөрү, катышуучулары) болуп саналган жеке жактардын саны.
14. Отчеттун II бөлүмүндөгү 2-пунктунун 2.3-пунктчасында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- отчеттук мезгилде ломбард тарабынан тартылган акча каражаттарынын жалпы суммасы, анын курамына колдонуудагы зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча да, ошондой эле отчеттук мезгилдин аягына карата алар боюнча милдеттенмелер жабылган зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча да маалыматтар киргизилет;
- отчеттук мезгилде ломбард тарабынан түзүлгөн зайым келишимдери менен кредиттик келишимдердин жалпы саны. Отчеттук мезгилде ломбард тарабынан түзүлгөн зайым келишимдери менен кредиттик келишимдердин курамына колдонуудагы зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча да, ошондой эле отчеттук мезгилдин аягына карата алар боюнча милдеттенмелер толук көлөмдө жабылган зайым келишимдери жана кредиттик келишимдер боюнча да маалыматтар киргизилет;
- отчеттук мезгилдин аягына карата ломбард тарабынан тартылган зайымдарга жана кредиттерге карата негизги карыз боюнча жалпы сумма.
15. Отчеттун II бөлүмүнүн 3-пунктунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- отчеттук мезгилде ломбард тарабынан түзүлгөн күрөөгө кабыл алынган буюмдарды камсыздандыруу келишимдеринин жалпы саны;
- күрөөгө кабыл алынган буюмдарды камсыздандыруу келишимдери боюнча, камсыздандыруу акысынын (камсыздандыруу төгүмдөрүнүн) эсебине камсыздандыруу уюмдары тарабынан отчеттук мезгилде төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы;
- отчеттук мезгилдин аягына карата камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык күрөөгө кабыл алынган буюмдар камсыздандырылган камсыздандыруу суммасы;
- күрөөгө кабыл алынган буюмдарды камсыздандыруу келишимдери боюнча отчеттук мезгилде болгон камсыздандыруу учурларынын саны;
- күрөөгө кабыл алынган буюмдарды камсыздандыруу келишимдери менен камсыздандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу уюмдары тарабынан төлөнгөн сумма.
16. Отчеттун II бөлүмүнүн 4-пунктунда отчеттук мезгилде түзүлгөн буюмдарды сактоо келишимдеринин саны, буюмдарды сактоо келишимдери боюнча отчеттук мезгилде ломбард тарабынан алынган акча каражаттарынын жалпы суммасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ломбарддар жөнүндө мыйзамдары менен уруксат берилген ломбард ишинин бардык түрлөрү боюнча таза пайда (чыгым) жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Чыгымдар жөнүндө маалыматтар кашаанын ичинде көрсөтүлөт.
17. Отчеттун III бөлүмүндө көрсөткүчтөр бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт. Ломбарддын иши жөнүндө отчеттун III бөлүмүн толтурууда "Көрсөткүчтүн мааниси" графасындагы сап боюнча көрсөткүчтүн мааниси жок болгон учурда нөл (0) коюлат, ал эми "Көрсөткүчтүн мааниси" графасында көрсөткүчтүн мааниси болгондо, суммалар боюнча маалыматтар бүтүн санга чейин тегеректөө менен, миң сомдо толтурулат. Терс маанилер кашаанын ичинде көрсөтүлөт.
Отчеттун III бөлүмүндө бардык маалыматтар отчеттук мезгилдин акыркы календардык күнүнө карата берилет.
Отчеттун III бөлүмүнүн 1.6-сабында Отчеттун III бөлүмүнүн 1.1-1.5.2-саптарына киргизилбеген ломбарддын бардык активдери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Отчеттун III бөлүмүнүн 2.5-сабында Отчеттун III бөлүмүнүн 2.1-2.4-саптарына киргизилбеген ломбарддын капиталын түзгөн маалыматтар көрсөтүлөт.
Отчеттун III бөлүмүнүн 3.3-сабында Отчеттун III бөлүмүнүн 3.1-3.2-саптарына киргизилбеген, ломбарддын бардык милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
18. Отчеттун IV бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- ломбарддын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарына ылайык отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын башына карата кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктары, отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын ичинде кассага түшкөн накталай акча каражаттарынын суммасы, отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын ичинде кассадан берилген накталай акча каражаттарынын суммасы жана отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын аягына карата кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктары;
- ломбарддын бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарына ылайык отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын башына карата улуттук жана чет элдик валюталарда ачылган банктык эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары, отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын ичинде улуттук жана чет элдик валюталарда ачылган банктык эсептерге түшкөн акча каражаттарынын суммасы, отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын ичинде улуттук жана чет элдик валюталарда ачылган банктык эсептерге которулган акча каражаттарынын суммасы жана отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын аягына карата улуттук жана чет элдик валюталарда ачылган банктык эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары.
Отчеттук мезгилдин акыркы кварталынын башына жана аягына карата улуттук жана чет элдик валюталарда ачылган банктык эсептердеги акча каражаттарынын калдыктары отчеттук мезгилдин акыркы кварталы башталган жана аяктаган датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сомго карата чет элдик валютанын расмий курсу боюнча аныкталган сомдук эквивалентте көрсөтүлөт. Акча каражаттарынын түшүшү жана алынышы жөнүндө маалыматтар операция жүргүзүлүүчү датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген сомго карата чет элдик валютанын расмий курсу боюнча аныкталган сомдук эквивалентте көрсөтүлөт.
Отчеттун IV бөлүмүнүн "Алыш-бериш эсептери" сабында Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында ачылган банктык эсептер боюнча акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Отчеттун IV бөлүмүндөгү "Валюталык эсептер" сабында чет элдик валютада ачылган банктык эсептер боюнча акча каражаттары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
|
| Ломбарддын иши жөнүндө отчетту жана ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетту камтыган документтерди түзүүнүн формалары, аларды ломбарддын ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө нускаманын 2-тиркемеси |
Форма
Ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө ОТЧЕТ
______-жылдын "__" ______________ карата
Жылдык/Туруктуу эмес негизде
I бөлүм. Ломбард жөнүндө жалпы маалымат
Саптын номери | Маалыматтардын түрү | Мазмуну |
1 | 2 | 3 |
1.1 | Ломбарддын толук аталышы |
|
1.2 | ОКПО боюнча ломбарддын уюштуруу-укуктук формасынын коду |
|
1.3 | Ломбарддын салык төлөөчүсүнүн идентификациялык номери (СИН) |
|
1.4 | Ломбарддын мамлекеттик каттоо номери |
|
II бөлүм. Ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө маалыматтар
Саптын номери | Саптын аталышы | Ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамына кирген адамдар жөнүндө маалыматтар |
1 | 2 | 3 |
1-пункт. Уюмдун атынан ишеним катысыз иш алып барууга укуктуу адам жөнүндө маалыматтар | ||
2.1 | Аты-жөнү |
|
2.2 | Туулган күнү |
|
2.3 | Жарандыгы |
|
2.4 | Ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтары |
|
2.5 | Катталган жеринин дареги |
|
2.6 | Жашаган жеринин дареги |
|
2.7 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН) |
|
2.8 | Кызмат ордунун аталышы |
|
2.9 | Ыйгарым укук берген чечимдин (документтин) датасы жана номери |
|
2.10 | Акыркы үч жыл ичинде иштеген жери |
|
2-пункт. Ломбарддын башкаруу органдарынын жеке курамы жөнүндө маалыматтар (болсо) | ||
2.11 | Аты-жөнү |
|
2.12 | Туулган күнү |
|
2.13 | Жарандыгы |
|
2.14 | Ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтары |
|
2.15 | Катталган жеринин дареги |
|
2.16 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН) |
|
2.17 | Кызмат ордунун аталышы |
|
2.18 | Ыйгарым укук берген чечимдин (документтин) датасы жана номери |
|
2.19 | Акыркы үч жыл ичинде иштеген жери |
|
3-пункт. Өз алдынча же ломбарддын үлүштөрү менен күбөлөндүрүлгөн укуктарын ишке ашыруу предмети болуп эсептелген мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимдери жана (же) жөн гана шериктештик жана (же) тапшырма жана (же) жана башка макулдашуулар менен байланышкан башка адамдар менен бирге же түз же кыйыр (алардын контролундагы адамдар аркылуу) түрдө ломбарддын уставдык капиталын түзгөн добуш берүү үлүшүнө туура келген добуштардын 10 же андан ашык пайызын тескөөгө укуктуу адамдар жөнүндө маалыматтар | ||
2.20 | Уюмдун толук фирмалык аталышы же жеке жактын аты-жөнү |
|
2.21 | Туулган күнү (жеке жак үчүн) |
|
2.22 | Жарандыгы (жеке жак үчүн) |
|
2.23 | Ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтары (жеке жак үчүн) |
|
2.24 | Юридикалык жак үчүн жайгашкан жеринин, жеке жак үчүн катталган жеринин дареги |
|
2.25 | Почта кат-кабарын жөнөтүү үчүн дарек |
|
2.26 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН) |
|
2.27 | Уюмдун мамлекеттик каттоо номери |
|
2.28 | Ломбарддын уставдык капиталын түзгөн добуш берүү үлүшүнө туура келген добуштардын пайызы, аларды адам тескөөгө укуктуу болот |
|
4-пункт. Ички контролдоо эрежелеринин сакталышына жооптуу адам (адамдар) жөнүндө маалыматтар | ||
2.29 | Аты-жөнү |
|
2.30 | Туулган күнү |
|
2.31 | Жарандыгы |
|
2.32 | Ким экендигин күбөлөндүргөн документтин маалыматтары |
|
2.33 | Катталган жеринин дареги |
|
2.34 | Жашаган жеринин дареги |
|
2.35 | Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН) |
|
2.36 | Кызмат ордунун аталышы |
|
2.37 | Ыйгарым укук берген чечимдин (документтин) датасы жана номери |
|
2.38 | Билими жөнүндө маалыматтар |
|
2.39 | Иш тажрыйбасы |
|
Жетекчи: _________________________________________________ (аты-жөнү)
"Ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчет" формасы боюнча отчетту түзүү ТАРТИБИ
1. Ломбарддын жетектөөчү органдарынын жеке курамы жөнүндө отчеттогу (мындан аны - Отчет) маалыматтар отчеттук мезгилдин акыркы календардык күнүнө же маалыматтар өзгөргөн датага карата көрсөтүлөт.
2. Отчеттун I бөлүмүндө ломбарддын уставында, ошондой эле ломбарддын башка уюштуруу документтеринде, юридикалык жакты салык органында каттоого коюу жөнүндө күбөлүктө, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келген маалыматтар көрсөтүлөт:
- ломбарддын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн аталышына шайкеш келген фирмалык аталышы;
- Уюштуруу-укуктук формалардын жалпы республикалык классификаторуна ылайык ломбарддын уюштуруу-укуктук формасынын коду;
- салык төлөөчүнүн (ломабрддын) идентификациялык номери (СИН) - юридикалык жакты салык органында каттоого коюу жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн номер;
- ломбарддын мамлекеттик каттоо номери - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн номер.
3. Отчеттун II бөлүмүндө маалыматтар отчеттук мезгилдин акыркы календардык күнүнө карата көрсөтүлөт.
2.1, 2.11, 2.20 жана 2.29-саптарда атасынын аты, эгерде болсо көрсөтүлөт.
Чет элдик жаран үчүн аты-жөнү чет элдик жарандын ким экендигин күбөлөндүргөн документ катары, Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык документте камтылган маалыматтардын негизинде латын тамгасы менен кошумча көрсөтүлөт.
2.3, 2.13, 2.22 жана 2.31-саптарда жарандыгы жок болсо "жарандыгы жок адам" деп көрсөтүлөт.
2.4, 2.14, 2.23 жана 2.32-саптарда чет элдик жарандын ким экендигин күбөлөндүргөн документ катары, Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык документтин түрү жана реквизиттери көрсөтүлөт.
2.5, 2.15, 2.24 жана 2.33-саптарда катталган жеринин дареги катары каттаган органдын, райондун, шаардын (жана башка калктуу конуштун), көчөнүн аталышы жана үйдүн номери көрсөтүлөт. Чет элдик жарандар үчүн ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүү укугун ырастаган документтин түрү, реквизиттери жана жарактуу мөөнөтү да көрсөтүлөт.
2.10 жана 2.19-саптарда адам акыркы үч жыл ичинде иштеген уюмдун толук аталышы (уюмдардын толук аталыштары), уюмдун (уюмдардын) СИНи жана уюмдун (уюмдардын) жайгашкан жери көрсөтүлөт. Эгерде уюм чет өлкөлүк болуп эсептелсе, саптарды латын тамгасы менен толтурууга уруксат берилет. Эгерде адам акыркы үч жыл ичинде иштебесе, сапта "иштеген эмес" деп көрсөтүлөт.
4. Отчеттун II бөлүмүнүн 2-пунктунда ар бир башкаруу органы (болсо) боюнча ломбарддын башкаруу органдарынын (жалпы жыйналыштын жана (же) коллегиалдуу аткаруу органынын) бардык мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Эгерде башкаруу органынын мүчөсү ломбарддын кызматкери болбосо, 2.9, 2.18 жана 2.37-саптарда анын ушул уюмга тиешелүүлүгү көрсөтүлөт (мисалы, уюштуруучу, уюштуруучунун өкүлү).
5. Отчеттун II бөлүмүнүн 3-пунктунда ломбарддын уставдык капиталын түзгөн добуш берүү үлүшүнө туура келген добуштардын 10 же андан ашык пайызын тескөөгө укуктуу болгон бардык адамдар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
6. Отчеттун II бөлүмүнүн 4-пунктунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- 2.38-сапта - жогорку жана орто кесиптик билиминин болушу жөнүндө маалыматтар анын болушун ырастаган документтин түрүн, номерин, датасын жана окуу жайынын аталышын көрсөтүү менен. Эгерде көрсөтүлгөн билими жок болсо, анда 2.38-сапка "-" белгиси коюлат;
- 2.39-сапта - кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча милдеттерди аткаруу менен байланышкан кызматтарда же кызмат орундарын жана уюмдардын аталышын көрсөтүү менен, акча каражаттары жана башка мүлк менен операцияларды жүргүзгөн кредиттик эмес финансылык уюмдун же болбосо башка уюмдун бөлүмүнүн (же башка бөлүнүштүн) жетекчиси болуп иштеген мезгили.