Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-апрели № 217
Мамлекеттик фельдъегердик кызматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик фельдъегердик кызматтын кызматкерлеринин кызмат өтөө тартиби жөнүндө маселелерди убактылуу жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кыл ат:
1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялөр жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик фельдъегердик кызмат Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин кармаагынан чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик фельдъегердик кызмат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматы деп аталсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бюджетине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Фельдъегердик кызматын каржылоо бөлүгү боюнча оңдоп-түзөтүү киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүшсүн.
8.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жана коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом 2020-жылдын 3-февралынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |