Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 1-июнундагы № 17
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-марты № 86
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы Жеке маалыматтарды коргоо боюнча департамент түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы төмөнкүлөрдү бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы Жеке маалыматтарды коргоо боюнча департамент жөнүндө жобонун долбоорун;
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомунун 2-пунктунун экинчи, үчүнчү абзацтары жана 3-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 589 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 12-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 12-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишине тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 217 "Мамлекеттик фельдъегердик кызматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратын, ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө финансы чыгымдарынын булагы болуп республикалык бюджет эсептеле тургандыгы аныкталсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 (3204) жарыяланды
Премьер-министр |
| У.Марипов |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ