ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-октябрындагы № 702 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62»Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция26.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 26-октябры № 702

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-4-пунктунда:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2017-2022-жылдардагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун. Бошотулган каражаттар ишкананы техникалык жактан модернизациялоого жана көчмө телестанциясын сатып алуу үчүн алынган бюджеттик кредитти төлөөгө жумшалсын.";

- экинчи абзацындагы "2015-жылдагы" деген сөздөр "2017-2022-жылдардагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

С.Исаков