Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-февралы № 62
Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 296, 2013-жылдын 18-февралындагы № 82, 2013-жылдын 5-августундагы № 447, 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 604 2013-жылдын 23-декабрындагы № 695, 2014-жылдын 15-декабры № 705, 2015-жылдын 2-апрели № 183, 2015-жылдын 3-июлу № 441, 2015-жылдын 23-декабры № 875, 2016-жылдын 3-июнундагы № 299, 2016-жылдын 17-июнундагы № 333, 2016-жылдын 1-июлундагы № 371, 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 198 , 2017-жылдын 26-октябрындагы № 702 , 2017-жылдын 30-декабрындагы № 851, 2018-жылдын 31-январындагы № 72, 2018-жылдын 28-мартындагы № 161 , 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик ишканалардын түшкөн пайдасын сарамжалдуу пайдалануу жана мамлекеттик бюджетти колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1-1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасына өзгөчө тартипте 2012-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдадан 10 (он) млн. сомду кийин 2013-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберүү менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга, ал эми пайданын калган бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан бекитилген иш-чаралар планына ылайык ишкананы өнүктүрүүгө жумшоого уруксат берилсин.
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2014-жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен ушул иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчет берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
1-2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2013-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешенин 50 пайызын бюджетке төгүүдөн бошотулсун жана калган каражатты тепловоздорду сатып алууга жумшасын.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2013-жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешенин бюджетке которулууга тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
1-3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына 2014-жылдагы финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 25 пайызын кийин республикалык бюджетке жиберүү менен 2015-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга уруксат берилсин
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлу № 441 токтомунун редакциясына ылайык)
1-4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2017-2022-жылдардагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун. Бошотулган каражаттар ишкананы техникалык жактан модернизациялоого жана көчмө телестанциясын сатып алуу үчүн алынган бюджеттик кредитти төлөөгө жумшалсын.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2017-2022-жылдардагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго отчет берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 198, 2017-жылдын 26-октябрындагы № 702 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 2015-2016-жылдардагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы:
- төлөөдөн бошотулган каражаттарды жүгүртүлүүчү каражаттарды толуктоого жана ишкананы өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы программалык-техникалык каражаттарды жана технологияларды ишке киргизүүгө жумшасын;
- республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон, 2015-2016-жылдардагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине отчет берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
1-6 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасына 2017-2020-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын 25 пайызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алыш-бериш эсебине которууга уруксат берилсин.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы 2017-2020-жылдардагы финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон 25 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине жыл сайын отчет берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 851 токтомунун редакциясына ылайык)
1-7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 2016-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча республикалык бюджетке таза пайданын 50 пайызын төлөөдөн бошотулсун жана бошогон каражаттар идентификациялык карталарды - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) даярдоого жумшалсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 2016-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө отчет берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)
1-8. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы 2017-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын 50 пайызын республикалык бюджетке төлөөдөн бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы:
- бошогон каражаттарды "Ысык-Көл кемечилиги" филиалын өнүктүрүүгө жумшасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине 2017-жылдагы иштин жыйынтыктары боюнча таза пайданын республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланылышы жөнүндө отчет берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
1-9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы 2017-2020-жылдардагы ишинин жыйынтыгы боюнча таза пайданын 50 пайызын республикалык бюджетке төлөөдөн бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы:
- бошотулган каражаттарды 453 айыл аймагында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана ал процесстерди оптималдаштыруу үчүн маалыматтык күркөлөрдү түзүү менен байланышкан иш-чараларга жумшасын;
- республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон, 2017-2020-жылдардагы иштин жыйынтыгы боюнча таза пайданын 50 пайызын пайдалануу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 161 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |