Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-октябры № 686
"Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуучу предмети
Ушул Мыйзам жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен айыл чарба жана кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын (мындан ары - продукция) кампага сактоочу товардык кампанын иштөөсү үчүн укуктук жана уюштуруучулук шарттарды белгилейт, ошондой эле жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн, кош кампа күбөлүктөрүнүн өзүнчө бөлүктөрүн (кампа жана күрөө күбөлүктөрүн) чыгарууда (берүүдө), жүгүртүүдө, алмаштырууда жана жабууда пайда болгон укуктук мамилелерди жөнгө салат.
Продукцияларды кампага сактоо боюнча иштерди кампа күбөлүктөрүн чыгарбастан (бербестен) жүргүзүүчү товардык кампалар ушул Мыйзамдын аракетине кирбейт жана өздөрүнүн ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамында каралган тартипте жүргүзүшөт.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
жөнөкөй кампа күбөлүгү - документ же документ эмес формадагы эмиссиялык эмес товар бөлүштүрүүчү документ, ал товардык кампа тарабынан продукциянын кампага сактоо келишими боюнча сактоого кабыл алынгандыгын тастыктоо жана аны көрсөткөндөн кийин ээсине берүү үчүн чыгарылат (берилет). Документ эмес формадагы кампа күбөлүгү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде каралган милдеттүү реквизиттер жазылып, программалык-техникалык каражаттын жардамы менен чыгарылат (берилет);
кош кампа күбөлүгү - документ формасындагы өндүрүштүк эмиссиялык эмес энчилүү ордердик баалуу кагаз, товардык кампа тарабынан продукция кампага сактоо келишими боюнча сактоого кабыл алынганын тастыктоо үчүн чыгарылат (берилет) жана эки бөлүктөн: кампа күбөлүгүнөн жана күрөө күбөлүгүнөн (варрантан) турган товар бөлүштүрүүчү документ. Эки бөлүгү тең өз алдынча баалуу кагаз болуп эсептелет;
кампа күбөлүгү - кош кампа күбөлүгүнүн бөлүгү болуп саналган, анда көрсөтүлгөн продукцияларга карата менчик укугун тастыктоочу ордердик баалуу кагаз;
күрөө күбөлүгү ("варрант") - кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз, ал анын ээсинин күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууну талап кылууга укугун күбөлөндүрөт;
кош кампа күбөлүгүн кармоочу - кампалык сактоо келишими боюнча сактоодо турган продукциянын менчик ээси, кош кампа күбөлүгүнүн эки тарабынын тең ээси;
кампа күбөлүгүн кармоочу - күрөө менен чектелген, кампалык сактоо келишими боюнча сактоодо турган продукциянын ээси;
күрөө күбөлүгүн кармоочу - продукцияны күрөөгө кармоочу болуп саналган жак, анын укугу кампа күбөлүгүнөн бөлүнгөн күрөө күбөлүгү менен күбөлөндүрүлөт.
кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн берүүчү (чыгаруучу) товардык кампа - кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) менен продукцияны кампага сактоочу жана сактоо боюнча кызматтарды акы төлөөчү негизде көрсөтүүчү юридикалык жак;
товардык кампалардын классификациясы (А, В, С, D) - товардык кампалардын техникалык параметрлерине (пайдалуу аянты, инфратүзүмдүн өнүгүшү, анын ичинде инженердик коммуникациялары, астанасынын төшөлүшү жана башка параметрлери) негизделген классификация. Товардык кампанын ар бир классына карата жалпы талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
ыйгарым укуктуу орган - товардык кампаларды каттоочу жана товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүчү мамлекеттик орган;
кампа күбөлүктөрүнүн реестри - кампа күбөлүктөрү менен болгон операциялар жөнүндө, анын ичинде жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн берүү, жабуу, алмаштыруу, ошондой эле күрөөдө турган кош кампа күбөлүктөрү жөнүндө товардык кампа тарабынан түзүлүүчү маалыматтардын тизмеси;
товардык кампанын продукцияларынын реестри - сактоого кабыл алынган жана берилген продукциялардын эсебин чагылдыруучу, товардык кампа тарабынан түзүлүүчү маалыматтардын тизмеси;
товардык кампалардын бирдиктүү мамлекеттик реестри - товардык кампаларды каттоочу ыйгарым укуктуу органдын веб-порталына ачык жайгаштырылган, товардык кампалар жөнүндө маалыматтардын тобу (мындан ары - бирдиктүү мамлекеттик реестр);
кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестри - чыгарылган (берилген) кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрү, алардын кармоочулары, алар менен операциялар, анын ичинде кош кампа күбөлүгүнүн өзүнчө бөлүктөрү менен операциялар жөнүндө, ошондой эле жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүн жүгүртүүгө же алар боюнча укуктарды ишке ашырууга карата чектөөлөрдүн болушу, чектөөлөрдүн түрлөрү тууралуу маалыматтардын жыйындысы. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
индоссамент - кош кампа күбөлүгү же анын бөлүктөрү боюнча укуктар индоссанттан индоссатка өткөндүгүн күбөлөндүрүүчү, өткөрүп берүү жөнүндө жазуу;
индоссант - кош кампа күбөлүгү же анын бөлүктөрү боюнча өзүнүн укуктарын өткөрүп берген жак, кош кампа күбөлүгүнө же анын бөлүктөрүнө бул тууралуу өткөрүп берүү жөнүндө жазуу түшүрүлөт;
индоссат - кош кампа күбөлүгү же анын бөлүктөрү боюнча анын пайдасына өткөрүп берүү жөнүндө жазуу түшүрүлгөн жак;
товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) - товардык кампанын бирдиктүү мамлекеттик реестрге кошулганын жана товардык кампанын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен талаптарга шайкештигин тастыктаган расмий документ. Товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүк ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөөчү негизде берилет. Акынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3-берене. Товардык кампаларды бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо
1. Товардык кампа тиешелүү күбөлүк алган күндөн тартып, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүн чыгаруу (берүү) менен продукцияларды кампага сактоо боюнча кызмат көрсөтүүгө укуктуу.
2. Күбөлүк алуу үчүн товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы ыйгарым укуктуу органга арызын жана документтерди берет. Арыздын формасы, ошондой эле, документтердин тизмеси, аларды берүү жана карап чыгуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтар ачык болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чектөө коюлган маалыматтардан башкалары каттоочу органдын веб-порталында жайгаштырылууга тийиш.
4-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартуу жана колдонулушун токтотуу үчүн негиз
1. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартат:
1) эгерде товардык кампа Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга шайкеш келбесе;
2) эгерде товардык кампа Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген документтердин толук тизмесин бербесе же туура эмес маалымат берсе же берилген документтердеги маалыматтарда так эместиктер же шайкеш эместиктер аныкталса;
3) товардык кампа арызды кароо жана күбөлүк берүү үчүн акыны төлөбөсө.
Реестрге каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим милдеттүү түрдө Мыйзамга шилтеме жасоо менен негиздемеси болушу керек.
2. Күбөлүктүн колдонулушу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) товардык кампа кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен кампага сактоо боюнча ишин ыктыярдуу токтотуу үчүн жана бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгуу ниети менен арыз берсе;
2) эгерде соттун чечими менен товардык кампага кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияларды кампага сактоо боюнча ишти жүргүзүүгө тыюу салынса;
3) эгерде товардык кампа банкроттук жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте банкрот (кудуретсиз) деп таанылса;
4) эгерде товардык кампа юридикалык жак катары иши токтотулган деп катталса;
5) эгерде товардык кампа ыйгарым укуктуу органдын күбөлүктүн жарактуулугун токтотушунун себептерин жойбосо.
3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге күбөлүктүн колдонулушу токтогондугу жөнүндө маалымат киргизилгенден баштап, күбөлүктүн колдонулушу токтотулду деп таанылат.
4. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Эгерде товардык кампа бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылса, ал жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн бербестен (чыгарбастан), ишин жарандык мыйзамга ылайык жүргүзөт.
5-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу жана жаңылоо
1. Ыйгарым укуктуу органдын күбөлүктүн колдонулушун токтотушу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) кош кампа күбөлүгүн (жана анын өзүнчө бөлүктөрүн) жана жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочулардын арызы болгон шартта, продукцияларды кабыл алууда жана түшүрүүдө анын сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн бурмалоонун системалуу фактысы аныкталса (календардык жылды түзгөн он эки календардык айдын ичинде эки жолудан көп болсо);
2) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү документтик тастыктамасы болгон шартта, фитосанитария чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген сактоо шарттары бузулса;
3) берилген, алмаштырылган жана жабылган кампа күбөлүктөрү жөнүндө мезгилдик отчёттордогу маалыматтардын системалуу бурмаланганы баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталса, жеке капиталдын өлчөмүнө карата талаптар жана башка талаптар сакталбаса.
2. Товардык кампа күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечимдин үстүнөн административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
3. Товардык кампанын күбөлүгүнүн колдонулушу ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ушул Мыйзамдын же кампада сактоо жана кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) боюнча иштерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жобосун бузуулар товардык кампа күбөлүктүн колдонулушу токтотулган мөөнөттүн ичинде жоюлган шартта жаңыланат (калыбына келтирилет).
Күбөлүктүн колдонулушун токтотуп туруу жана жаңылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-берене. Товардык кампанын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Товардык кампа төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) кампага сактоо кызматын көрсөтүү үчүн товардык кампанын бекитилген бааларына ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча каралган көлөмдө акчалай же кампага сактоого алынган продукция түрүндө акы алууга;
2) продукцияны сактоо боюнча коштоочу башка кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде товардын ээсинен продукцияларды жеткирүүнү, продукциялардын сапатын жана санын аныктоо менен таңгактоону акы төлөнүүчү негизде ишке ашырууга;
3) эгерде продукция сактоонун атайын шарттарын талап кылса, товардык кампада аны камсыз кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жок болсо, продукция техникалык регламенттерге жана фитосанитардык ченемдерге шайкеш келбесе аны сактоого кабыл алуудан баш тартууга;
4) товардык кампанын ишин жүргүзүү максатында гана карыз/кредит катары акча каражатын алууга жана мындай карыздарды/кредиттерди камсыз кылуу үчүн гана өзүнүн мүлкүн күрөөгө коюуга, мында товардык кампа үчүнчү жактын милдеттенмелери боюнча кепил болуу жана (же) күрөөгө берүүчү укугуна ээ эмес;
5) тараптардын макулдашуусу боюнча бир продукцияны ошондой эле түрдөгү жана сапаттагы башка продукция менен аралаштырып сактоого же башка жакка таандык продукциядан бөлөк сактоого;
6) жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын алдында милдеттерди аткарууда банктык кепилдикти же камсыз кылуунун башка ыкмаларын пайдаланууга.
Товардык кампа товардын ээсинен продукциянын бузулбашы үчүн упаковкаланган түрдө сактоого өткөрүүнү талап кылууга укуктуу.
2. Товардык кампа төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кампа үчүн милдеттүү болгон ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, ички регламенттерде белгиленген сактоо шарттарын аткарууга;
2) кампалык сактоо келишимдерин кагаз (жазуу) же электрондук түрдө эсепке алууга;
3) кампага сактоого алынган продукциянын реестрин жүргүзүүгө, ошондой эле продукцияны кампага сактоого кабыл алууда анын ошол күндөгү рыноктук баасын жазууга. Эгерде кампага сактоо келишиминде башкача каралбаса, кампага сактоо келишиминде продукциянын наркы катары тараптар көрсөткөн сумма анын рыноктук наркы болуп эсептелет. Тараптар ошондой эле көз карандысыз баалоочулар менен продукциянын өздүк наркын аныктоо жөнүндө макулдаша алышат. Товардын ээси чыгымдын ордун төлөөнү талап кылганда мындай жол менен белгиленген продукциянын баасы негиз болот;
4) товардын ээсине продукцияны кабыл алган күнү жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн берүүгө. Мында продукциянын наркы боюнча берилүүчү кампа күбөлүктөрүнүн жалпы көлөмү товардык кампа жарыялаган жеке капиталдан ашпашы керек;
5) аталган кампа күбөлүгүнүн чыгарылышын, ошондой эле тийиштүү кампа күбөлүгүн кармоочудан жазуу жүзүндө кабарлоо келген учурдан тартып дароо кампа күбөлүктөрүнө байланыштуу кийинки бардык операцияларды өзүндөгү кампа күбөлүктөрүнүн реестрине жазуу жүзүндө же электрондук түрдө каттоого;
6) келишимде белгиленген мөөнөттө жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту аткарылган шартта жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочунун биринчи талабы боюнча жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн тең ордуна, табигый коромжулукту эсепке алуу менен продукцияны толук көлөмдө кайтарып берүүгө. Товардык кампа тарабынан кампа күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенмени белгиленген тартипте аткарганга чейин продукцияны кайтарууга жол берилбейт;
7) эгерде күрөө жөнүндө мыйзамда каралган соттук же соттук эмес тартипте өндүрүлсө, продукцияны күрөө күбөлүгүн кармоочуга берүүгө. Мында товардын ээси товардык кампага сактоо үчүн өткөрүп берген продукцияны товардык кампанын милдеттенмелери боюнча өндүрүүгө чегерүүгө болбойт;
8) сактоо келишимин түзүүгө чейин кампага сакталууга тийиш болгон продукциянын сапатына өз эсебинен баалоо жүргүзүүгө;
9) товардык кампа кызмат көрсөтүүлөрүнө карата колдонуудагы баалар жөнүндө маалыматты жалпыга жеткиликтүү болгон жерге жайгаштырууга;
10) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган текшерүү жүргүзүшкөн учурда аларга көмөктөшүүгө, ошондой эле текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалымат булактарына жетимдүүлүктү камсыз кылууга;
11) ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр тууралуу тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып алгылыктуу мөөнөттө (беш календардык күндөн кечиктирбестен) кат жүзүндө кабарлоого:
а) төлөөгө кудуретсиз болуу коркунучу, жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу менен продукцияны кампага сактоо боюнча иштин токтотулаары жөнүндө;
б) товардык кампанын жеке капиталын көбөйтүү же кыскартуу ниеттери жөнүндө;
в) уюштуруучулардын курамы жана башкаруу органдары өзгөргөнү тууралуу;
д) мурда кабарланган класс өзгөргөнү жөнүндө.
12) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
3. Товардык кампа жыл сайын тышкы аудиттен өтүүгө милдеттүү.
4. Товардык кампа продукцияны карап жана тышкы абалын аныктоого, продукциянын санынын өзгөрүшүнөн (табигый коромжулуктан тышкары) жана бузулуудан, бүлүнүүдөн сактоого, ошондой эле сактоого кабыл алынган продукциянын уурдалышын, айрым бөлүгү же толук жок кылынышын, уурдалышын, жоготулушун болтурбоого багытталган бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Товардык кампа төмөнкүлөрдөн башка учурларда кампалык сактоого коюлган продукцияга келтирилген зыян үчүн, атап айтканда аны алгандан тартып чыгарганга чейин продукциянын толугу менен же айрым бөлүгү жок болгону, бузулганы, уурдалганы, жоготулганы үчүн жоопкерчилик тартат:
1) товардык кампанын кызмат адамдарынан жана кызматчыларынан көз каранды болбогон форс-мажордук жагдайлар;
2) эгерде товардын ээси продукцияны кампалык сактоого өткөрүп берээрдин алдында товардык кампага аны сактоонун өзгөчө ыкмалары жөнүндө маалымдабаса, ошондой эле кампага сактоо келишиминде каралган башка учурларда.
6. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 4-бөлүгү бузулса товардык кампа Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык күрөө күбөлүгүн кармоочунун алдында жоопкерчилик тартат.
7-берене. Кош кампа күбөлүгүн кармоочунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
1. Кош кампа күбөлүгүн кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) товардык кампа тарабынан продукциянын сапатына жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгы менен макул болбосо, лабораторияларды аккредитациялоону жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген тартипте аккредитацияланган лаборатория аркылуу продукциянын сапатына көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө. Мындай учурда продукциянын сапатын баалоого байланыштуу чыгымдарды кош кампа күбөлүгүн кармоочу өзү тартат;
2) продукцияны сактоо шарттарын товардык кампанын регламентинде көрсөтүлгөн иш учурунда текшерүүгө, мында эгерде кампага сактоо келишиминде башкача каралбаса, товардык кампанын текшерүүгө байланыштуу чыгымдарын төлөп берет;
3) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык, күрөө кармоочуга күрөө күбөлүгүн өткөрүп берүү жана индоссамент жүргүзүү жолу менен продукцияны товардык кампага сактоо мөөнөтүнүн ичинде продукцияны күрөөгө коюуга;
2. Индоссамент жүргүзүүдө кош кампа күбөлүгүн кармоочу (анын өзүнчө бөлүктөрүн - күрөө күбөлүгүн жана кампа күбөлүгүн) товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга индоссамент жүргүзүлгөн учурдан тартып беш иш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
3. Кош кампа күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин кармоочу продукциясын алып кетүүгө, же эгерде продукциянын түрү, сорту жана сапаты анын сактоо мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берсе кампага сактоо келишимин жаңы мөөнөткө түзүүгө милдеттүү.
4. Күрөө күбөлүгүнөн бөлүнгөн кампа күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгүн кармоочунун алдындагы акчалай милдеттенмесин жапкан шартта, индоссамент жүргүзүү аркылуу күрөөгө коюлган продукцияга карата укугун өткөрүп бере алат, бирок товардык кампадан күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенме аткарылганга чейин продукцияны кайтарып берүүсүн талап кылууга укугу жок.
Күрөө күбөлүгүнөн бөлүнгөн кампа күбөлүгүн кармоочу кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүн тең товардык кампага өткөрүп бергенден кийин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган учурларда продукцияны алууга укуктуу.
5. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн мамлекеттик реестринде индоссамент жөнүндө жазуунун жоктугуна байланыштуу мүмкүн болуучу ар кандай жоготуулар үчүн жоопкерчиликти укугун өткөрүп берген жана ал жөнүндө жазуу жок болгон кош кампа күбөлүгүн (анын өзүнчө бөлүктөрүн - күрөө жана кампа күбөлүктөрүн) кармоочу тартат.
6. Бардык кийинки кош кампа күбөлүгүн (анын өзүнчө бөлүктөрүн - күрөө жана кампа күбөлүктөрүн) кармоочулар кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги, ошондой эле товардык кампалардын кампа күбөлүктөрүнүн реестриндеги өткөрүп берүү жөнүндө жазуу менен тааныша алышат.
8-берене. Күрөө күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери
1. Күрөө күбөлүгүн кармоочу төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) кампа күбөлүгүн кармоочудан күрөө күбөлүгү менен камсыздалган талаптарды аткарууну талап кылууга;
2) күрөө жөнүндө мыйзамда каралган тартипте, күрөө күбөлүгүнүн негизинде күрөөгө коюлган продукцияга талап кылуу укугун каттоого;
3) эгер жарандык мыйзамдарда же келишимде башкача каралбаса, күрөө күбөлүгүн ага тиешелүү бардык укуктары менен кошо, күрөө күбөлүгүнө индоссамент жасаган кампа күбөлүгүн кармоочунун кошумча макулдугусуз эле үчүнчү жакка берүүгө;
4) күрөө жөнүндө мыйзамда каралган башка укуктарды ишке ашырууга.
2. Күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаса же тиешелүү деңгээлде аткарылбаса, күрөө күбөлүгүн кармоочу күрөө жөнүндө мыйзамга ылайык, күрөө күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны өндүрүүгө чегерүүгө укуктуу.
3. Кредитор алдындагы күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмүндөгү карызды төлөөдө күрөө күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгүнө индоссамент жасоого жана аны кампа күбөлүгүн кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө каралган учурларда күрөө күбөлүгүн кармоочу индоссамент жүргүзүүдө ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган мөөнөттө товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кат жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
9-берене. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери
1. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ага менчик укугунда таандык болгон жана сактоого кабыл алынган продукцияны тескөөгө укуктуу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-2-пункттарында каралган укуктарга ээ, мында жөнөкөй кампа күбөлүгү күрөөнүн предмети болушу мүмкүн эмес.
2. Жөнөкөй кампа күбөлүгү менен тастыкталган укукту берүү үчүн аны жаңы кармоочуга өткөрүп берүү жетиштүү, мында жөнөкөй кампа күбөлүгү келишим жана/же жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы менен таризделиши мүмкүн.
Жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга берүү продукцияны өткөрүп берүүгө барабар болот, мында жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп бергендиги жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана товардык кампага жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берген күндөн тартып беш иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
Жөнөкөй кампа күбөлүгүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган аракеттерди жасоого милдеттүү.
10-берене. Товардык кампалардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен кампага сактоону ишке ашыруучу товардык кампалардын иши ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүү жана баалуу кагаздар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерилүүгө тийиш.
2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган товардык кампаларды ушул Мыйзамда белгиленген талаптарды аткаруусун, ошондой эле баалуу кагаздар менен операцияларды жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакташын контролдоо максатында текшерет.
Эгерде, баалуу кагаздар менен операцияларга карата талаптарды аткарбаса товардык кампага баалуу кагаздар рыногу жөнүңдө мыйзамда каралган чаралар колдонулат.
3. Аныкталган эреже бузуулар жана алардын жоюлганы же жоюлбаганы жөнүндө маалыматты баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү орган ыйгарым укуктуу органга эреже бузуу аныкталган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу орган күбөлүктүн колдонулушун убактылуу токтотуп турушу, жаңылоосу же токтотуу жөнүндө чечим чыгаруу максатында жиберилүүгө тийиш.
11-берене. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүгүнүн формасы
1. Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүгү атайын даярдалган кагаз бланкка жазылат. Жөнөкөй кампа күбөлүгү документтик эмес формада таризделиши мүмкүн. Кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнүн тең бланктарынын номерлери бирдей болууга тийиш.
Документтик эмес формадагы жөнөкөй кампа күбөлүгүнүн, ошондой документ формасындагы кош жана жөнөкөй кампа күбөлүгүнүн бланктарынын формалары, коргоо даражасына карата талаптар, аларды алуу, сактоо, жок кылуу жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Кош кампа күбөлүгүндө жана жөнөкөй кампа күбөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган маалыматтар болууга тийиш.
Кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүнүн жарактуулугу товар сактоого кабыл алынган мөөнөт аяктагандан кийин токтотулат.
Кампа күбөлүгүн күрөө күбөлүгүнөн бөлүүдө кредиттик келишимдин жана күрөө келишиминин жарактуулук мөөнөттөрү кош кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
12-берене. Товардык кампанын жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүн чыгаруусунун (берүүсүнүн) тартиби
1. Товардык кампанын кош же жөнөкөй кампа күбөлүгүн чыгаруусу (берүүсү) продукцияны кампага сактоого кабыл алган күнү ишке ашырылат. Кош же жөнөкөй кампа күбөлүгү товардын ээсинин өтүнүчү боюнча продукциянын ар бир партиясына берилиши мүмкүн.
2. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү товардык кампанын кампа күбөлүктөрүнүн реестрине каттоо жана кол койдуруу менен товардын ээсине берилет.
3. Товардык кампа тиешелүү күбөлүктүн кармоочусунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, мурда берилген жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүнүн ордуна жаңы кош кампа күбөлүктөрүн же жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн төмөнкүдөй учурларда берүүгө милдеттүү:
1) индоссамент жүргүзүү үчүн кош кампа күбөлүгүндө бош орун калбаса;
2) эскирсе;
3) жөнөкөй же кош кампа күбөлүгү (анын өзүнчө бөлүктөрү) жоголсо, уурдалса, орчундуу бузулса (белгилери жоголсо);
4) жөнөкөй же кош кампа күбөлүктөрүндө көрсөтүлгөн продукцияны сактоо мөөнөтү аяктаса, же эгерде жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүнүн кармоочусу кампага сактоонун жаңы келишимин түзүүгө ниеттенсе.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн (анын өзүнчө бөлүктөрүн) кармоочу:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамында каралган тартипте сотко жоголуп кеткен ордердик баалуу кагаз же көрсөтүүчүгө төлөнүүчү баалуу кагаз боюнча укукту калыбына келтирүү жөнүндө кайрылууга укуктуу;
2) кечиктирбестен, жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн (анын өзүнчө бөлүктөрүн) уурдаткан, жоготкон, бузулган (белгилерин жоготулган) факты жөнүндө товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө дароо кабарлоого милдеттүү.
Сот жоголгон/бузулган кампа күбөлүктөрүн жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди чыгарган учурда, чечим мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин чечимде маалыматтары көрсөтүлгөн жак кайрылган күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде товардык кампа жаңы жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн (анын өзүнчө бөлүктөрүн) берет жана кампа күбөлүктөрүнүн реестрине жоголгон баалуу кагаздын жоюлганы жөнүндө тийиштүү жазууну жазат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн 1, 2 жана 4-пункттарында каралган учурларда, товардык кампа жазуу жүзүндөгү арыз кабыл алынган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде кампа күбөлүктөрүнүн реестрине аталган баалуу кагаздын жоюлганы жөнүндө тиешелүү жазууларды жазат жана жаңы жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн берет. Жаңы кош кампа күбөлүгү эгерде күрөө күбөлүгү күрөө күбөлүгүн кармоочунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана күрөө предмети болуп саналган учурда берилет. Күрөө күбөлүгү менен болгон баардык операциялар, анын ичинде алмашуу жана жабуу ушул Мыйзамга ылайык товардык кампа тарабынан дайыма жана өз учурунда эсепке алынууга тийиш.
13-берене. Кош кампа күбөлүгү боюнча укуктарды өткөрүп берүү
1. Кош кампа күбөлүгү боюнча укуктар индоссамент жасоо менен өткөрүп берилет. Бөлүнбөгөн кош кампа күбөлүгү боюнча укуктарды өткөрүп берүү индоссаментти кампа күбөлүгүндө гана жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат. Кампа күбөлүгүн күрөө күбөлүгүнөн бөлүүдө кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүнө тең индоссамент жүргүзүлөт. Товардык биржада кош кампа күбөлүктөрү менен бүтүмдөрдү жасоодо индоссамент соода сессиясы жабылгандан кийин аталган кампа күбөлүгүндө кош кампа күбөлүгүн кармоочудан акыркы сатып алуучуга жасалат.
2. Кош кампа күбөлүгүндө жана кош кампа күбөлүгүнүн эки бөлүгүндө тең кош кампа күбөлүгүнүн ээси тарабынан жасалган биринчи индоссамент, ошондой эле күрөө жана кампа күбөлүктөрүндө болгон бардык кийинки индоссаменттер өткөрүп берүү жөнүндө жазылган күндөн тартып беш иш күндөн ашпаган мөөнөттө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө кабарланууга тийиш, ал эми укуктарды кош кампа күбөлүгү же анын өзүнчө бөлүктөрү боюнча товардык биржа аркылуу өткөрүп берген учурда - кош кампа күбөлүгү менен соода сессиясы жабылган күндөн тартып беш иш күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарланууга тийиш.
3. Кош кампа күбөлүгүндөгү жана анын бөлүктөрүндөгү - кампа жана күрөө күбөлүктөрүндөгү индоссамент төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) индоссант жана индоссат болуп саналган юридикалык жактын толук аталышы жана реквизиттери же жеке адамдын аты-жөнү, ошондой эле идентификациялык салык номери (ИСН), алардын турган жери же жашаган жери, паспорттун номери, сериясы, датасы жана жеке адамга паспортту берген органдын аталышы;
2) эгер индоссант юридикалык жак болсо индоссанттын мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн индоссанттын колу же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колу;
3) индоссамент жасоого негиз (берүү, күрөө, сатуу ж.б.у.с.), индоссамент жасалган дата.
4. Эгерде индоссант же индоссат жеке жак болуп саналса, анын ичинде (мөөрү жок эле) ишкердик жүргүзүүчү жак катары катталса индоссаментти нотариуста күбөлөндүрүү талап кылынат. Укуктарды товардык биржа аркылуу кош кампа күбөлүгү же анын өзүнчө бөлүктөрү боюнча өткөрүп берүүдө индоссаментти нотариуста күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
Ушул берененин талаптарын бузуу менен индоссант тарабынан жүргүзүлгөн индоссамент жараксыз деп эсептелет жана кош кампа күбөлүгү же анын өзүнчө бөлүктөрү боюнча укуктардын өткөрүлүшүн тастыктай албайт.
5. Индоссамент эч нерсе менен шартталбашы керек жана кош кампа күбөлүгү же анын бөлүктөрү - кампа же күрөө күбөлүгү боюнча укуктарды берүүнү чектөөчү ар кандай шарттар жараксыз деп эсептелет. Индоссаментке түшүндүрүүчү баяндамаларды, толуктоолорду, оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
6. Укуктарды кош кампа күбөлүгү же анын өзүнчө бөлүктөрү - күрөө жана кампа күбөлүктөрү боюнча, аларга тиешелүү бардык укуктар менен үчүнчү жакка өткөрүп берүүдө индоссант Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик алат.
Күрөө күбөлүгүн кампа күбөлүгүнөн бөлүүдө күрөө күбөлүгүнүн жана кампа күбөлүгүнүн бланкынын арткы бетине индоссант тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлгөн жазуу жазылат:
1) өткөрүп берүү жөнүндө жазууда күрөө күбөлүгү менен тастыкталган акчалай милдеттенмедеги кредитор/карызга берүүчү болгон юридикалык жактын аталышы же жеке адамдын толук аты-жөнү, ошондой эле ИСН, турган жери же жашаган жери;
2) өткөрүп берүү жөнүндө жазуунун натыйжасында кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукциянын күрөөсү менен камсыз болуучу акчалай милдеттенменин мааниси, анын өлчөмү, ал боюнча пайыздар, аны аткаруу тартиби жана мөөнөтү, күбөлүк менен камсыздалган милдеттенме боюнча келишимдин реквизиттери, ошондой эле акчалай милдеттенмени тейлөө жана жабуу үчүн акча каражатын которуу үчүн банктык реквизиттер;
3) юридикалык жактын ыйгарым укуктуу жактарынын аталыштары жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн колдор, же жеке адамдын аты-жөнү, жана күрөө күбөлүгүн кампа күбөлүгүнөн бөлгөн жеке адамдын нотариуста күбөлөндүрүлгөн колу;
4) күрөө күбөлүгүн кампа күбөлүгүнөн бөлгөн дата.
7. Эгерде күрөө келишиминде башкача каралбаса, күрөө жөнүндө маалымат камтылган кампа күбөлүгү боюнча укуктарды күрөө күбөлүгүн кармоочунун макулдугусуз өткөрүп берүүгө болбойт.
14-берене. Кампа күбөлүктөрүн жабуу
1. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн жабуу товардык кампа тарабынан жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны кайтарып берүүдө жана продукциянын саны, сапаты боюнча доомат жок болгондо, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган учурларда ишке ашырылат.
2. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн жабуу ага "Жабылды" деген штамп коюп, жабылган датаны көрсөтүп жана кампа күбөлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды жазуу жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жабылган күндөн тартып беш календардык күндөн кечиктирбестен кабарлоо жолу менен ишке ашырылат.
15-берене. Кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүү
1. Жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны алуу үчүн товардык кампага продукцияны чыгаруу жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылууга жана өзү келүүгө же кампа турган жерге ыйгарым укуктуу өкүлүн жиберүүгө милдеттүү.
2. Товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнүн ордуна продукцияны берээрде кампа күбөлүгүн кармоочунун ушул күбөлүккө ээ болуу укугу бар экенин жана продукцияны алууга укуктуу экенин текшерүүгө милдеттүү, андан соң товардык кампа бул күбөлүктү жабат жана товардык кампанын ыйгарым укуктуу адамы кампа күбөлүктөрүнүн реестрине бул тууралуу тиешелүү жазууларды жазат.
3. Товардык кампа төмөнкүдөй учурда кампа күбөлүгүн кармоочуга продукцияны берүүдөн жазуу жүзүндө баш тартууга укуктуу, эгерде:
1) күрөө күбөлүгүндө күрөө кармоочу тарабынан жасалган тиешелүү индоссамент жок болсо;
2) кампа күбөлүгүнүн бланкасынын абалы аны идентификациялоого же тууралыгын текшерүүгө мүмкүндүк бербесе.
Товардык кампа продукцияны берүүдөн баш тартканда жазуу жүзүндөгү баш тартуу менен кошо кампа күбөлүгүн аны кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү.
4. Эгерде келишимде башкача каралбаса, товардык кампа продукцияны бергенде кош же жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу продукцияны кампага сактоого байланыштуу бардык төлөмдөрдү төлөөгө милдеттүү.
5. Жөнөкөй жана кош кампа күбөлүгүн кармоочу, күрөө күбөлүгүн кармоочу же товардык кампа продукцияны берүүдө продукцияны карап текшерүүнү жана/же продукциянын сапатына көз каранды эмес экспертиза жасоону талап кылууга укуктуу. Сапатты кароого, текшерүүгө жана экспертизалоого байланыштуу чыгымдарды демилгелеген тарап көтөрөт.
6. Эгерде жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочу кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин продукциясын албаса, анда товардык кампа жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүн кармоочуга кампада сактоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде продукцияны алып кетүү же кампага сактоо келишимин жаңы мөөнөткө түзүү зарылдыгы тууралуу жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
7. Эгерде товардык кампа ушул берененин 6-бөлүгүндөгү талаптарды аткарса жана ошого карабастан товардын ээси продукциясын алуудан качса, товардык кампа Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган тартипте аракеттенүүгө укуктуу.
16-берене. Товардык кампанын отчёту
Товардык кампа берилген, жабылган, алмаштырылган кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрү, анын ичинде жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү (анын өзүнчө бөлүктөрү) менен жасалган операциялар жөнүндө алынган маалыматтар тууралуу баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жазуу жүзүндө же электрондук түрдө отчёт берет.
17-берене. Күрөөгө коюлган продукцияны күрөө күбөлүгүнүн негизинде төлөтүп алуу жана сатуу
Күрөө күбөлүгүн кармоочу анын күрөө күбөлүгү менен камсыздалган талаптары мөөнөтүндө аткарылбаса күрөөгө коюлган продукцияны күрөө жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алып сатууга жана өзүнүн талаптарын жабууга укуктуу.
Эгерде келишимде башкача белгиленбесе, күрөө күбөлүгүн кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган мүлктүн баасынын эсебинен канааттандыруу күрөөгө коюлган продукцияны тоорукта сатуу аркылуу ишке ашырылат.
18-берене. Кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик берүү
Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мыйзамдык мамилелердин субъекттеринин тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, ошондой эле продукцияга жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгарууга (берүүгө) жана жүгүртүүгө байланыштуу пайда болуучу милдеттенмелердин товардык кампалар тарабынан аткарылышына кепилдик берүү максатында Кампа күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин аткарылышына кепилдик фонду (мындан ары - Фонд) түзүлүшү мүмкүн.
Фонддун иши Фонддун катышуучусу болгон товардык кампа берген жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукциянын наркын жабууга кепилдик берүү аркылуу, товардык кампа чыгарган кампа берген күбөлүктөрү боюнча милдеттенмелердин товардык кампа тарабынан аткарылбай калышынан кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталат.
19-берене. Кампа күбөлүктөрүн чыгаруу менен продукцияны кампага сактоодогу камсыздандыруу
1. Товардык кампа кампада сактоо үчүн пайдаланылуучу өзүнүн кыймылсыз мүлкүн, ошондой эле персонал тарабынан өзүнүн милдеттерин тийиштүү аткарбоосуна же аткарбоосуна байланыштуу тобокелдиктерди камсыздандырууга укуктуу.
2. Товардык кампа продукция жоголгон, бузулган, жетпей калган же бүлүнгөн учурларга карата кампа күбөлүктөрүн кармоочулардын алдындагы өзүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырууга укуктуу.
3. Эгерде кампага сактоо келишиминде продукцияны камсыздандыруу каралбаса, жөнөкөй же кош кампа күбөлүгүнө "Камсыздандырылган жок" деген жазуу жазылат. Бирок мындай жазуу товар ээсине жана күрөө кармоочуга продукцияны же өзүнүн жөнөкөй же кош кампа күбөлүгү боюнча өзүнүн укуктарын өз каалоосу менен камсыздандырууга тыюу салбайт.
20-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды аткаруу үчүн зарыл болгон тийиштүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|