Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 691 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча ЭРЕЖЕЛЕР
1. Киришүү
1. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча эрежелер (мындан ары - Эрежелер) коомдук саламаттык сактоого жана калктын ден соолугу үчүн коркунуч жаратуучу карантиндик жана башка жугуштуу ооруларды ташып келүүдөн/алып кирүүдөн жана жайылтуудан Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча, санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды уюштурууга карата негизги талаптарды белгилейт.
2. Ушул Эреже менчигинин түрүнө карабай бардык мамлекеттик органдар, ишканалар жана кызмат адамдары үчүн аткарылууга милдеттүү.
2. Жалпы жоболор
3. Ушул Эрежелер "Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин (мындан ары - ЭМСЭ 2005-жыл) талаптарына ылайык иштелип чыкты.
4. Ушул Эрежелер 2001-жылдын 31-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарын санитардык коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууда белгиленген карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларга (мындан ары - оорулар) жайылтылат.
5. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо ооруларды ташып келүү/алып кирүү жана жайылтуунун алдын алууга, ошондой эле аларды жайылтпоого, локализациялоого жана жоюуга багытталган жалпы мамлекеттик иш-чаралардын системасы болуп саналат.
Ушул Эрежелерде каралбаган оорулар келип чыккан же ташып келинген/алып кирилген учурларда алардын Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле таандыгына карабастан транспорттук каражаттарга карата жайылтылышын болтурбоо боюнча бардык иш-чаралар саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо өзүнө эл аралык каттамдардагы транспорттук каражаттардын бардык түрлөрүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында жүзөгө ашырылуучу уюштуруучулук, санитардык-гигиеналык, дарылоо-алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чараларды камтыйт.
7. Коомдук саламаттык сактоо уюмдары (мындан ары - КССУ) жана шаарлардын, райондордун Кыргыз Республикасынын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө аймактык борборлору (мындан ары - ОААжМСЭКБ), Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору (мындан ары - КжӨКЖОРБ) тейлешкен аймактарынын чегинде санитардык коргоо боюнча иш-чараларды аткарууга жана аларды уюштурууга санитардык көзөмөлдү камсыздашат.
8. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чаралар жыл сайын ар бир административдик аймактын КССУ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды ташып келүүдөн/алып кирүүдөн жана жайылтуудан санитардык коргоо боюнча эпидемияга каршы иш-чаралардын комплекстүү планына (мындан ары - Комплекстүү план) киргизилет. Эпидемиялык кырдаал менен жергиликтүү шарттар өзгөрүлгөндө Комплекстүү планга оңдоп-түзөтүүлөр киргизилип турат.
9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдөгү, КМШга катышкан мамлекеттерде жана Кыргыз Республикасында эпидемиялык кырдаалдын өзгөргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат менен белгиленген тартипте - түздөн-түз өзүнө баш ийишкен аймактык КССУларды, ведомстволук медициналык кызматтарды, санитардык-эпидемиологиялык багыттагы уюмдарды, ошондой эле эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүшкөн башка министрликтер менен ведомстволорго камсыз кылат.
10. Чет элдик жарандардын арасында оорулар пайда болгон учурларда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн компетенциясынын алкагында консультациялык-практикалык жардам берет жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине билдирет.
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги сапарга чыгууда Кыргыз Республикасынын жарандары милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүсү зарыл өлкөлөрдүн тизмесин белгилейт, аталган тизмени жана андагы өзгөрүүлөрдү аймактык КССУларга, министрликтерге жана ведомстволорго, ошондой эле өз убагында эмдөөгө жооптуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөгө чыгуусун тариздөөчү менчигинин түрүнө карабай башка уюмдарга билдиришет.
12. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте жугуштуу ооруларга карата эл аралык эпидемиологиялык көзөмөл маселелери боюнча тышкы байланыштарды жүзөгө ашырат жана 2005-жылдын ЭМСЭ аткарат, Кыргыз Республикасынын оорулар боюнча эпидемиялык жана эпизоотиялык кырдаал туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (мындан ары - ДССУ), ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларын жана консулдуктарын суроо-талабы боюнча кабарлайт.
13. Ушул Эрежелерде каралган талаптар аткарылбаган учурларда транспорттук каражаттардын жана айрым адамдардын, анын ичинде чет элдик жарандардын республикага кирүүсүнө жана республикадан чыгып кетүүсүнө, ошондой эле жүктөрдү, товарларды, багаждарды, контейнерлерди, эл аралык почталык корреспонденцияны ж.б. республикага ташып киргизүүгө жана ташып чыгарууга тыюу салынат. Ушул Эрежелердин талаптары аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипке чакыруу, административдик, жазык жана жарандык жоопкерчиликке тартылышат.
14. Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында оорулардын таралуу коркунучу жаралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы республикалык өзгөчө комиссиясынын (мындан ары - ЭЭКӨК) чечими боюнча коркунучтуу участоктордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү каттамдар убактылуу же биротоло токтотулат, же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүүчү адамдар, багаждар, товарлар, жаныбарлар, жүктөр жана транспорттук каражаттар үчүн карантин киргизилет.
15. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана шаарлардын мэриялары чектөө (карантин) иш-чараларын киргизүү учурунда:
- карантин киргизилүүчү зонанын курчамын, объекттердин чегин жана аймагын аныктайт;
- ЭЭКӨК чечими менен чектөө чараларын (карантин) киргизүү жөнүндө токтом чыгарат;
- чектөө жана карантин киргизилген зонада контролдук-өткөрмө пункттарын орнотушат;
- карантин шартында чарбачылык, социалдык-экономикалык жана өндүрүштүк иш-аракетин камсыздайт;
- тамак-аш өнөр жайы, коомдук тамактануу жана соода, базар, коммуналдык чарба, вокзал объекттеринде, адамдар көп топтолгон жерлерде жана башка эпидемиологиялык маанилүү объекттерде контролду жана санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтөт;
- карантиндик оруулардан каза болгон адамдарды көмүүгө атайын орун бөлүп берет;
- чет мамлекеттен келген туристтерди жана транспорттук жүк ташууларды контролдойт.
16. Оорулардын очогу жоюлгандан кийин (чектөө чараларын, карантинди алганда) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары, тартылган уюмдар жана кызматтар менен бирдикте:
- кызматтардын эпидемияга каршы өзгөчө кырдаалды локалдаштыруу жана жоюу (очокту локалдаштыруу) боюнча аткарылган жумуштары тууралуу маалымат даярдашат;
- оорулардын келип чыгуу шарттарын, очокту жоюу боюнча органдардын, уюмдардын жумушу жөнүндө отчетту ЭЭКӨК жыйынында угушат;
- жугуштуу ооруларды локалдаштыруу жана очогун жоюу боюнча иштин жыйынтыгын жана аныкталган кемчиликтерди эске алуу менен эпидемияга каршы комплекстүү, оперативдик иш-чаралардын планына зарылдыкка жараша өзгөртүүлөрдү киргизишет.
3. Эл аралык каттамдарда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарына өткөрүлүүчү иш-чаралар
17. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, анын ведомстволук уюмдары, ишканалары, мекемелери, ошондой эле транспорт каражаттарынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ээлери төмөнкүлөрдү камсыз кылышат:
- Кыргыз Республикасынан сыртка чыгып кетүүчү транспорт каражаттарынын эпидемияга каршы даярдыгын;
- саламаттык сактоо жаатындагы аймактык мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдары өткөрө турган ооруларды алдын алуу жана күрөшүү маселелери боюнча транспорт каражаттарынын экипаж (бригада) мүчөлөрүн атайын даярдоону;
- экипаж (бригада) мүчөлөрүн жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу ичүүчү суу менен;
- транспорт каражаттарын, объекттерди жана аэропорт, темир жол жана автовокзалдардын аймагын кемирүүчүлөрдөн, курт-кумурскалардан коргоону;
- эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча дезинфекциялоону, дезинсекциялоону жана дератизациялоону.
18. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы, мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын жетекчилери транспорт каражаттары аркылуу экипаж (бригада) мүчөлөрүн жана жүргүнчүлөрдү сапаттуу тамак-аш азыктары менен камсыз кылышат.
19. Аба кемелеринин командирлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин начальниктери, топтун (автобустардын) жетекчилери:
- жогору турган администрацияга, ошондой эле аэропорттордун, темир жол вокзалдарынын жана автовокзалдардын санитардык кызматтарына транспорттук каражаттардын кайда бараткандыгы жана кайда тургандыгы, экипаж (бригада) мүчөлөрү же жүргүнчүлөр арасында ооруга шектүү бейтаптардын бар экендиги жана кемирүүчүлөр кырылып калгандыгы тууралуу шашылыш түрдө маалымат беришет;
- экипаж (бригада) мүчөлөрү же жүргүнчүлөр арасында ооруга шектүү бейтаптар жана өлгөн кемирүүчүлөр аныкталса, жолдо баратып алгачкы эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүшөт, анын ичинде аныкталган бейтапты убактылуу обочолотуу жана транспорт каражатындагы адамдардын ден соолугунун абалын байкоо;
- өлгөн, кармалган кемирүүчүлөрдү жакынкы станцияга жеткирүү, дезинфекция, дезинсекция жана дератизациялоо, чогултуу жана сактоо чараларын көрүүгө жооптуу болушат.
20. Ооруга шектенүү үчүн негиз болуп эпидемиологиялык маалыматты эске алуу менен төмөнкү симптомдор саналат: калтыратма (температурасы 38° жана андан жогору), ич өткөк, кусуу, бүдүр, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, сарык, кан куюлуу жана кансыроо, психика функциясынын катуу бузулушу, мээ кыртыштарынын дүүлүгүүсү.
21. Кыргыз Республикасына транспорт каражаттарынын келишине чейин аэропорттордун, темир жол жана автовокзалдардын администрациясына ыкчам байланыш боюнча (интернет, факс, мобилдик байланыш ж.б.) маалыматтарды төмөнкүлөр кабарлайт:
- аба кемелеринин командирлери - аба кемесинин жалпы декларациясынын медициналык-санитардык бөлүгүнө ылайык;
- жүргүнчү поезддеринин начальниктери, топтун (автобустун) жетекчилери - ушул Эрежелерде каралган ооруга шектүү бейтаптардын бар экендиги, ошондой эле кемирүүчүлөрдүн өлүмү жөнүндө.
22. Аэропорттордун, темир жол жана автовокзалдардын администрациясы алынган маалыматты дароо санитардык-карантиндик контролду жана санитардык кароону жүзөгө ашыруучу санитардык-карантиндик пунктка (мындан ары - СКП) билдиришет.
23. Кыргыз жана чет өлкөлүк транспорт каражаттарында жугуштуу оору симптомдору бар бейтаптын, курт-кумурскалардын, өлгөн кемирүүчүлөрдүн бар экендиги тууралуу маалымат келип түшкөн учурларда, ошондой эле анын экипажы, жүргүнчүлөрү, товарлары жана жүктөрү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пунктка келгенден кийин санитардык-карантиндик контролдон жана санитардык кароодон өткөрүлөт.
24. Келип жаткан транспорт каражаттарына санитардык-карантиндик контролдоо жана санитардык кароо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ооруга шектүү адамдарды аныктоо максатында экипажды (бригаданы) жана жүргүнчүлөрдү медициналык кароодон өткөрүү жана сурамжылоо, булар мындай ооруларга чалдыккан катары белгиленет, аларга карата оорунун таркалышын алдын алууга толук көлөмдүү иш-чаралар жүргүзүлөт;
- аба кемесин, поезддин жалпы декларациясынын медициналык-санитардык бөлүгүн текшерүү, дератизация же андан бошотулгандыгы тууралуу күбөлөндүрүү;
- маршруттун багытын аныктоо максатында паспорт жана билеттерди (объективдүү санитардык-эпидемиялык негиздер болгондо) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте текшерүү.
Транспорт каражаттары, жүктөр жана контейнерлер жүктү кабыл алуучу тарабынан ачылган же бүтүндүгү бузулган учурларда гана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык кароодон өтүшөт. Контейнер өткөрүү пункттарынан сырткарыда ачылгандан кийин жүк алуучу анда кемирүүчүлөрдүн, курт-кумурскалардын бар экендигин байкаганда аймактык ОААжМСЭКБга тезинен билдирүүгө милдеттүү.
25. Санитардык кароо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы кароонун башка түрлөрүнөн мурда жүргүзүлөт. Чет өлкөдөн келген транспорт каражаттарына, жүргүнчүлөргө карата санитардык кароо аяктагандан кийин, ошондой эле алар боюнча өткөрүлгөн эпидемияга каршы иш-чаралар бүткөндөн кийин чек аралык жана бажылык контролдоо жүргүзүлөт.
Бейтаптын багажы жана аны менен байланышта болгон адамдын багажынын сактыгы дезинфекциялык иштеп чыгуудан кийин бейтаптын аныкталган жери боюнча транспорттук ишкана аны ээси тарабынан бажылык контролго өткөрүп берилгиче камсыз кылынат.
26. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик контролдоо жана санитардык кароо иштерин төмөнкүлөр жүргүзөт:
- эл аралык аэропорттордо, эл аралык автожол трассаларында, өткөөлдөрдө жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - аймактык ОААжМСЭКБ жана СКП күчтөрү;
- чек арадагы темир жол вокзалдарында - Кыргыз Республиканын темир жол транспортунун ведомстволук санитардык-эпидемиологиялык станцияларынын жана СКПнын күчтөрү.
27. Санитардык-карантиндик контролду жана санитардык кароону жүзөгө ашыруучу адамдар транспорт каражаттарына, жүктөрдү жана буюмдарды бажылык тариздөө пункттарына, ошондой эле экипаждын мүчөлөрү (бригадалар), Кыргыз Республикасынын аймагына келген жүргүнчүлөр, ташылуучу жүктөр менен товарлар жайгашкан бардык жайларга эркин кирүүгө укугу бар.
Санитардык кароо иштеринин жыйынтыгына жараша жана транспорт каражатына өткөрүлгөн эпидемияга каршы иш-чаралар аяктагандан кийин анын андан ары жүрүүсүнө уруксат берилет.
28. Чек ара, бажы кызматтары жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдар менен жүктөргө контролду жүргүзгөн башка органдар кароо процессине жана оорулардын симптомдору бар бейтаптарды аныктоого көмөктөшөт.
29. Транспорт каражатында оорунун симптомдору бар бейтаптын, курт-кумускалардын, өлгөн кемирүүчүлөрдүн бар экендиги тууралуу администрациясы тарабынан маалымат келип түшпөгөн аба кемелерине жана поезддерге аймактык КССУдан жана СКПдан андан ары жүрүү укугуна уруксат алышат.
30. СКП кызматкерлери эпидемиялык кырдаалды контролдоо максатында транспорт каражаттарынын тандалмалуу санитардык кароосун жүргүзүшөт.
31. Өткөрүү пунктунун администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздайт:
- санитардык кароо жүргүзүүчү кызматкерди жайгаштырууга жайларды акысыз берүүнү жана бейтапты, аны менен байланышта болгон адамдарды убактылуу обочолотууну. Жайлар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын, аэропорттун, вокзалдын аймагында жайгашууга тийиш жана үзгүлтүксүз телефондук байланышы болушу керек;
- санитардык кароону ыкчам өткөрүү үчүн СКПнын карамагына транспорт (автомашина) бөлүп берүүнү;
- аймактардын, объекттердин жана транспорт каражаттарынын талаптагыдай санитардык абалын;
- айлана-чөйрөнү (аэропорттун, темир жол менен автовокзалдардын аймактарын) чарбалык-тиричиликтик жана саркынды суу, таштанды жана калдыктар менен булгабоону;
- эл аралык аэропорттордун санитардык аянттарын, чек арадагы темир жол вокзалдарынын санитардык аянттарын, санитардык туюк жолун бөлүү жана жабдуу (суу менен камсыздоо, канализация, жарыктандыруу, телефон коюу же интернет байланыш, кирүүчү жолдор).
32. Ооруга шектүү адамдар аныкталганда эпидемияга каршы иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- санитардык кароону камсыздоочу аймактык же ведомстволук медициналык уюмдун жетекчисине шашылыш маалымат берүүнү;
- диагнозун тактоо жана дарылоону жүргүзүү максатында бейтапты убактылуу шашылыш обочолотууну жана кийин тезинен ооруканага жаткырууну;
- ОААжМСЭКБ жана СКП профилактикалык дезинфекция бөлүмдөрүнүн күчү менен транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана багаждарды дезинфекциялоону, дезинсекциялоону жана дератизациялоону;
- дарыгер-консультант тарабынан ооруканага жаткырылган бейтапка коюлган алдын ала диагноз аныкталгандан кийинки иш-чаралар ушул Эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.
33. Транспорт каражаттарында, жайларда жана транспорт объекттеринин аймагында алдын алуучу дезинфекция, дезинсекция жана дератизация ОААжСЭКБ профилактикалык дезинфекция бөлүмдөрү тарабынан транспорт каражаттарына ээ болушкан мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынын эсебинен, белгиленген прейскурантка ылайык акысын төлөө менен өткөрүлөт.
34. Дезинфекция, дезинсекция жана дератизация чаралары транспорт каражаттарына, жүктөргө жана айрым адамдарга карата мүмкүн болушунча ашыкча ыңгайсыздык жана зыян жаратпагыдай өткөрүлөт.
35. Ооруга шектүү бейтап түшүп келген транспорт каражаттары, жүргүнчүлөрү жана жүктөрү менен бирге эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү үчүн санитардык токтоочу жайга (санитардык аянтка, санитардык туюк жолго) жеткирилет.
36. Изоляция учурунда дарылоо, багуу жана тамактануу, ошондой эле медициналык кароо, бактериологиялык жана башка текшерүүлөр, эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча дезинфекция, дезинсекция жана дератизация үчүн төлөм алынбайт.
37. Аскердик жана чет өлкөлүк аскердик транспорт каражаттарында Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин мекемелери ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүргүзөт.
38. Транспорттук ишкананын/уюмдун администрациясы расмий кайрылганда ОААжМСЭКБ жана СКП күбөлүк беришет, анда транспорт каражаттарына, жүктөргө, анын ичинде контейнерлерге колдонулган чаралар, ыкмалар жана ошол чараларды көрүүнү шарттаган себептер көрсөтүлөт. Аба кемесине карата чаралар кабыл алынганда бул маалымат аба кемесинин жалпы декларациясынын санитардык бөлүгүнө киргизилиши мүмкүн.
Ушул Эрежелерде каралган чараларды дайындоо жөнүндө, аларды колдонуунун алдында ОААжМСЭКБ жана СКП транспорт каражаттарынын администрациясына маалымдайт.
Аймактык ОААжМСЭКБ жана СКП жүргүнчүлөргө (экипаж, бригада мүчөлөрүнө) алардын келген күнүн, кеткен күнүн жана аларга, багажга карата көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен күбөлүк бере алат.
39. Эгерде жолдо келе жаткан учурда эпидемиологиялык мааниге ээ фактылар аныкталбаса, же кабыл алынган чаралардын натыйжасыз экендиги аныкталса, Эрежеде каралган жана келген жеринде кабыл алынган санитардык кароодон башка бардык чаралар кийинки аэропортто, вокзалда кайталанбайт.
40. Ушул Эрежелерге ылайык ОААжМСЭКБ жана СКП буйруган чаралардан өтүүдөн администрациясы баш тарткан бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүү укугунан ажыратуу менен ошол замат кайра артка кетүүгө уруксат алат. Мындай транспорт каражатына күйүүчү май, суу жана азык-түлүк алууга улуксат берилет.
41. Эгерде жүктөр жана товарлар оорулар тараган жерлерден келсе, ОААжМСЭКБ, СКПнын жүктөр оорулар менен жабыркаган жана ошол оорулардын таралышына шарт түзө алат деген маалыматы болгондо, ушул Эрежелерде каралган санитардык чаралар менен жүктөр жана товарлар камтылат. Жүктөр жана товарлар, жаныбарларды кошпогондо, транзит аркылуу ташылса, кайрадан жүктөлбөсө, санитардык кароого алынбайт, аэропорттордо, темир жол жана автовокзалдарда кармалбайт.
42. Жугуштуу ооруга чалдыккан же ошого шектүү адамдын багажы, эгерде анда жугуштуу материалдар же курт-кумурскалар - ооруну ташыгандар бар экендигине шектенгенде гана дезинфекцияланат.
43. Эл аралык почта жөнөтмөлөрү санитардык кароого алынат, эгерде аларда төмөнкүлөр болсо:
- ооруга шектүү бейтап колдонгон же булганган кийим-кече, бут кийим, төшөнчү жана шейшеп;
- ушул Эрежелерде каралган оору булагы болушу мүмкүн жаныбарлар жана курт-кумурскалар.
44. Кирүү учурунда алдын алуучу эмдөөлөр талап кылынган өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын жарандары бардык транспорт каражаттарынын түрү менен кетип баратканда тиешелүү аймактык ОААжМСЭКБ жана СКП вакцинация жана ревакцинация жөнүндө эл аралык күбөлүктөрүн текшерүүнү камсыздайт.
4. Холераны ташып келүүдөн/алып кирүүдөн жана жайылтуудан алдын алуу боюнча атайын чаралар
45. Холераны ташып келүүнүн/алып кирүүнүн жана жайылтуунун алдын алуу боюнча чаралар:
- ушул Эрежелерди колдонууда холеранын инкубациялык мезгили 5 күндү түзөт.
- холера оорусу менен жабыркаган (шектелген) бейтап аныкталган учурларда, ал келген транспорт каражатына карата тиешелүү КССУ тарабынан төмөнкүдөй чаралар колдонулат:
- бейтапты шашылыш түрдө ооруканага жаткыруу;
- жүргүнчүлөр менен экипаж (бригада) мүчөлөрүн 5 күндөн ашык эмес мөөнөткө обочолотуу (эпидемиялык көрсөтмө боюнча, жугуу тобокелдигин эске алуу менен) же медициналык байкоону жүргүзүү;
- эпидемиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча - жарандарды, экипаждын (бригадалардын) мүчөлөрүн, жүргүнчүлөрдү бактериологиялык текшерүү жана профилактикалык дарылоо;
- сууларды, тамак-аш азыктарын, жүктү, экскременттер жана агынды сууларды. анын ичинде таштандыларды жана башка булганган заттарды зыянсыздандыруу;
- суулар үчүн челектерди, ошондой эле тамактарды тазалоо жана сактоо үчүн жабдууларды дезинфекциялоо.
46. Холера оорусу тууралуу кабар берген симптомдор болгондо холерага бактериологиялык изилдөө үчүн чет өлкөлүк жарандардан милдеттүү түрдө материалдар (заң, кусундулар) алынат.
47. Рейс учурунда холерага кабылган транспорт каражатынын жүгү тамак-аш продуктулары болгондо, жүк Кыргыз Республикасына арналган учурда гана холерага бактериологиялык изилдөө жүргүзүлөт.
48. Транспорт каражаттары ушул Эрежелердин 47, 48 жана 49-пункттарында каралган иш-чаралар аткарылгандан кийин эркин жүрүүгө уруксат алышат.
5. Кара тумоону ташып келүүгө/алып кирүүгө жана жайылтууга бөгөт коюу чаралары
49. Ушул Эрежелерди колдонууда кара тумоонун инкубациялык мезгили 6 күндү түзөт.
50. Дезинфекция, дезинсекция жана дератизация чараларынан бошотулгандыгы тууралуу күбөлүк аэропорттордун, темир жол жана автовокзалдардын атайын жайларында гана берилет.
51. Эгерде тандалмалуу санитардык кароодо кемирүүчүлөр же алардын жашагандыгы аныкталса, дезинфекция, дезинсекция жана дератизация жөнүндө же андан бошотулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо дагы, транспорт каражатына дезинфекция, дезинсекция жана дератизация кылынат.
Дайындаган дезинфекция, дезинсекция жана дератизация жөнүндө КССУ жана СКП транспорт каражаттарынын ээсине же администрациясына жазуу жүзүндө кабарлайт.
52. Транспорт каражатында же темир жол курамында кара тумоону жуктуруп алган адам, курт-кумурскалар, кемирүүчүлөр бар болсо, алар ооруну жуктурган болуп эсептелет.
53. Келген транспорт каражаты же темир жол курамы кара тумоого шектүү болуп төмөнкү учурларда эсептелет:
- соңку алты күндүн аралыгында жүргүнчүлөр менен экипаждын (бригадалар) арасында аталган оору аныкталса;
- транспорт каражатын кароодо медициналык кызматкерлер өлгөн кемирүүчүлөрдү тапса, аларды ошол замат эпидемияга каршы режимдин талаптарын сактоо менен өз алдынча же КССУ жана СКП аркылуу кара тумоого каршы бөлүмдөргө жеткиришет;
- эгерде бортто кара тумоо оорусунун өпкө формасы катталган жерден келе жаткан жана жуктуруп алуу коркунучуна дуушар болгон, ошондой эле кеткен жери боюнча 6 күндүк обочолотуудан өтпөгөн адам болсо;
- экипаж (бригада) мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр келген күндөн тартып 6 күндүн ичинде эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча өткөрүлүүчү медициналык байкоодон, ошондой эле профилактикалык дарылоодон (чет элдик жарандарга профилактикалык дарылоо алардын макулдугу боюнча) өткөрүлөт;
- бейтап менен байланышта болгон адамдын жүгүн, жууркан-төшөнчүлөрүн, кийимдерин, ошондой эле оору жукту деп саналган транспорт каражатынын бардык бөлүгүнө карата дезинфекциялоо жана дезинсекциялоо; дератизация чаралары кемирүүчүлөр табылган учурларда.
54. Транспорт каражатында кара тумоонун өпкө формасы менен жабыркаган бейтап аныкталганда же оорунун ушул формасы келгенге чейин 6 күндүн аралыгында орун алса, жугузуу коркунучуна кабылган экипаж (бригада) мүчөлөрүнө жана жүргүнчүлөргө жогорудагы чараларга кошумча 6 күндүк мөөнөткө обочолонууга, фарингеалдык бактерияга бактериологиялык текшерилүүгө, андан кийин профилактикалык дарыланууга тийиш (чет элдик жарандарга профилактикалык дарылоо алардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт).
55. Кемирүүчүлөрдөн кара тумоо оорусу аныкталган учурларда санитардык токтоочу жайда, аянтта, туюк жолдо транспорттук каражаттарга карата дезинсекция менен бирге дератизация чаралары өткөрүлөт.
56. Ушул Эрежелердин 55, 56 жана 57-пункттарында көрсөтүлгөн чараларды аткаргандан кийин, транспорт каражатына аэропорттон же вокзалдан эркин жүрүүгө уруксат берилет.
6. Сары калтыратманы ташып келүүгө/алып кирүүгө бөгөт коюу чаралары
57. Ушул Эрежелерди колдонууда сары калтыратманын инкубациялык мезгили 6 күндү түзөт.
58. Келген транспорттук каражаттан же рейс учуруңда аныкталган сары калтыратма оорусуна чалдыккан (шектүү) бейтап ооруканага жаткырылат.
59. Бортто курт-кумурскалардын бар экендиги тууралуу маалымат алынган учурда жугуштуу райондон келген бардык транспорт каражаты дезинсекцияланууга тийиш.
60. Сары калтыратма катталган өлкөлөргө кетип жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алган өлкөнүн талабы боюнча милдеттүү эмдөөдөн өтүшөт.
7. Контагиоздук вирустук геморрагиялык калтыратма оорусун ташып келүү/алып кирүү жана жайылтуунун алдын алуу чаралары
61. Ушул Эрежелерди колдонуу максатында Лассо калтыратмасынын, Эбола ооруларынын инкубациялык мезгили 21 күндү түзөт.
62. Контагиоздук вирустук геморрагиялык калтыратма оорусуна шектенүүдө эң алгач шектүү адамдын жугуштуу оорунун табигый булагы менен болгон байланышын ырастоо керек, ошондой эле бейтап (шектүү адам) келген өлкөдө анын жайылгандыгы тууралуу маалымат эске алынат. Чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаал туурасында кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ аркылуу 2005-жылдын ЭМСЭге ылайык алат.
63. Контагиоздук вирустук геморрагиялык калтыратма оорусуна чалдыккан (шектүү) бейтап аныкталган учурда Кыргыз Республикасына келээри менен же рейс учурунда төмөнкүдөй чаралар колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген инфекциялык стационарга эпидемияга каршы режимди сактоо менен аныкталган жеринен бейтапты обочолотуп, токтоосуз ооруканага жаткыруу;
- мүмкүнчүлүккө жараша өзүнчө кирип-чыгуучу бокс-изоляторго жаткыруу;
- бейтапты эвакуациялоо (ташуу) жылып жүрүүчү изоляторлорду пайдалануу менен катуу режимдик шартта өткөрүлөт;
- эгерде жугуштуу оорунун таралуу коркунучу олуттуу болсо, изоляция, же бейтап менен байланыштагы адамдарга медициналык байкоо, клиникалык байкоо 21 күн бою жүргүзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарына жана нускама документтерине ылайык дезинфекциялоо;
- эпидемияга каршы режимдин талаптарын сактоо менен лаборатордук изилдөөлөр үчүн бейтаптан материалды алуу жана жөнөтүү;
- эпидемиялык коопсуздуктун максимумдук шартында Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун базасында вирусологиялык жана серологиялык изилдөөлөрдү адистештирилген лабораторияларда жүргүзүү.
8. Чиркейлерден (курт-кумурскалардан) жугуучу ооруларды ташып келүү/алып кирүү жана жайылтуунун алдын алуу чаралары
64. Эгерде рейс учурунда дезинсекция жасалбаса, анда аэропортко келген соң чиркейлерден жугуучу ооруну алып жүрүүчүлөр аркылуу таралуусун алдын алуу үчүн транспорт каражаты ошол жердеги аэропортто дезинсекцияланууга тийиш.
65. Вирустук геморрагиялык калтыратма боюнча эпидемиологиялык жактан жагымсыз жерден узаган ар бир транспорт каражаты ооруну алып жүрүүчү чиркейлерден таза болушу керек. Ооруну алып жүрүүчү чиркейлери бар экендиги аныкталган учурда, белгиленген пунктка келээри менен транспорт каражаты дароо дезинсекцияланат.
66. Келген бардык транспорт каражаттары багаж жана жүктү түшүргөнгө чейин дезинсекцияланат.
67. Жарандардын эпидемиологиялык жактан жагымсыз өлкөлөргө (тизме ДССУ сунушу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет) келүүсүнө каршы көрсөтмөсү жоктугу тууралуу медициналык маалымкат берген КССУнун адистери, ошол өлкөлөргө кетүүчү адамдарга алдын алуучу аракеттер тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрүүсү зарыл.
68. Чиркейлерден жугуучу трансмиссивдик жугуштуу ооруларды жана паразит алып жүрүүчүлөрдү жугуштуу өлкөлөрдөн кайтып келишкен адамдардын арасынан аныктоо, аларды дарылоо жана химиялык профилактика Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарына жана нускама-методикалык көрсөтмөлөрүнө (сунуштарына) ылайык өткөрүлөт.
9. Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чаралар
69. Белгисиз этиологиядагы ооруларды алдын алуу жана күрөшүү боюнча бардык иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, аймактык КССУ, ОААжМСЭКБ, облустук бириккен жана аймактык ооруканалар, ведомстволук медициналык кызматтар облустун, шаардын, райондун ар бир административдик аймагында комплекстүү аймактык пландарына ылайык уюштурушат.
Комплекстүү пландарда ооруларга карата алдын алууга жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүүгө катышкан бардык кызматтардын алдында турган милдеттер аныкталат.
70. Ведомстволук таандыгына карабастан бардык КССУ оорулардын очогун локалдаштыруу жана жоюу боюнча алгачкы иш-чараларды өткөрүүгө толук жана дайыма даяр болушу керек. Эпидемияга каршы даярдык ар бир КССУда аймактык уюмдун комплекстүү планындагы милдеттерди эске алуу менен түзүлүүчү эпидемияга каршы баштапкы иш-чараларды өткөрүү планына ылайык камсыз кылынат.
71. КССУнун эпидемияга каршы даярдыгы алардын материалдык-техникалык жабдылышын, эпидемиологиялык маалыматтар системасын, кызматкерлердин иштелип чыккан иш милдеттерин жана атайын адистерди даярдоону, бейтаптарды эрте аныктоо боюнча иш-чараларды уюштурууну, оорунун очогун локалдаштырууну жана жоюуну карайт. Ошондой эле стационардын даярдыгы госпиталды, изоляторду (бир же массалык мүнөздөгү ооруларда), обсерваторду, лабораторияларды жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүнү, кайра багыттоону жана паспорттоштурууну, бейтаптарды дарылоо үчүн интенсивдүү терапия палаталарын жабдууну, консультанттарды, транспортту бөлүп берүүнү камтыйт.
72. Бардык КССУда эпидемиология, клиника, диагностика, оорулардын алдын алуу, дарылоо жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча медициналык кызматкерлерди системалык негизде теориялык жана практикалык даярдоо өткөрүлөт,
73. Даярдоо дифференциалдык мүнөзгө ээ жана оорунун очогунда иштөөдө адистикти жана иш милдеттерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен программалар боюнча жүзөгө ашырылат.
74. Алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүүгө тартылган медициналык эмес багыттагы бардык ишканалар, мекемелер, уюмдар комплекстүү планга ылайык медициналык кызматкерлер жүзөгө ашыруучу атайын адистерди даярдоону уюштурушат.
75. Аймактык КССУ жана ведомстволук уюмдар калк арасында оорулардын алдын алуу боюнча санитардык-агартуучу иштерди өткөрүшөт.
76. Аймактык жана ведомстволук КССУ белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине төмөнкүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү:
- ооруга чалдыккан (шектүү) бейтаптарды аныктоо жөнүндө;
- оорунун козгоочуларын алып жүргөн адамдарды аныктоо жөнүндө;
- чет элдик жарандарды обочолотуу жөнүндө;
- оорунун козгоочуларынын культурасы бөлүнгөндүгү жөнүндө.
77. Республиканын бардык аймагында ооруган (шектүү) адамдарды активдүү аныктоону медициналык жардамга кайрылуунун бардык этаптарында, ошондой эле чет мамлекеттен келген адамдарды жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн тейлөөчү кызматкерлер аркылуу маалымат чогултуу менен камсыз кылышат.
78. Кыргыз Республикасына жугуштуу оорулар боюнча кырдаалы начар өлкөлөрдөн келишкен адамдарга карата алдын алуу чаралары катары медициналык байкоо иштери өткөрүлбөйт жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсү боюнча өзгөчө учурларда гана белгиленет.
79. Медициналык байкоого алынышы керек болгон адамдар жөнүндө аймактык ОААжМСЭКБ тиешелүү КССУга маалымат жөнөтөт, ошондой эле өткөрүлгөн эпидемияга каршы иш-чараларды сапатын жана өз убагында ишке ашырылганын контролдойт.
80. Медициналык байкоого алынышы керек болгон адамдар туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча КССУга чакырылышы мүмкүн. Зарылчылыкка жараша алардан бара турган багыты, ошондой эле конкреттүү оорунун инкубациялык мезгил ичиндеги туруктуу же убактылуу жашаган жеринин дарегин, ал эми дареги белгисиз учурларда иш сапарга жөнөткөн же кабыл алган уюмдун аталышы тууралуу жазуу жүзүндө билдирүүсүн талап кылууга болот.
81. Медициналык байкоо алдындагы адамдар обочолонбойт жана алардын эркин жүрүүсү чектелбейт.
82. Аталган оорулар менен бейтаптар аныкталган айрым үйлөр, калктуу пункттар жана алардын бөлүгү оорулардын очогу болуп жарыяланышы мүмкүн.
83. Оорунун очогуна карата карантин аймактык ОААжМСЭКБ сунушу боюнча ЭЭКӨК чечими менен киргизилет.
Административдик аймакка карантин киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылат.
84. Жугуштуу оорунун очогунда эпидемияга каршы иш-чараларды ЭЭКӨК уюштурат.
85. Жугуштуу оорунун очогунда эпидемияга каршы иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бейтаптарды (шектүүлөрдү) жана алар менен байланышта болгон адамдарды КССМ жана ведомстволук медициналык кызматтар-аркылуу активдүү аныктоону;
- бейтаптарды көрсөткүчтөр боюнча ооруканаларга жаткырууну жана дарылоону, алар менен байланышта болгондорду обочолотууну, оорунун очогунда болгон жана андан сырткары чыгып кеткендерди медициналык байкоого алууну, алдын ала дарылоону жана текшерүүнү (обсерваторлордо), дезинфекциялоону, дезинсекциялоону жана дератизациялоону - аймактык ОААжМСЭКБ, КССУ жана ведомстволук медициналык кызматтар тарабынан;
- өзгөчө учурларда калктын оорунун очогуна кирүүсүнө жана андан сырткары чыгуусуна чектөөлөрдү (карантинди) киргизүүнү - ЭЭКӨК тарабынан - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу менен;
- карантиндик зонадан сырткары чыгып жатышкан адамдарга карата көрсөтмөлөр боюнча обсервацияларды уюштурууну (кезектүүлүгүн аныктоо, обсервацияга жөнөтүү, обсервациядагы адамдардын тамак-ашы, оорунун очогуңан сырткары чыгуусун камсыз кылуу) - ЭЭКӨК тарабынан;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин мекемелери, ошондой эле шаар аралык ташууларды жүзөгө ашыруучу бардык ведомстволор тарабынан жүктөргө, багажга, товарларга жана почта жөнөтмөлөргө карата санитардык талаптарды коюуну;
- жугуштуу оорулардын таралуу мүмкүндүгүн бербеген тамак-аш азыктары менен чийки заттарды өндүрүү, сатуу жана оорунун очогунан сырткары жактарга ташып жеткирүү шарттарын камсыздоону;
- калкты жакшы сапаттагы ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана министрликтер менен ведомстволордун ишканалары, мекемелери жана уюмдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан саркынды сууларды зыянсыздандырууну;
- ведомстволук таандыгына карабастан бардык мекемелер, ишканалар жана уюмдар, ошондой эле жарандар тарабынан санитардык-гигиеналык ченемдер менен эрежелерди, эпидемияга каршы режимди сактоону.
86. Карантин киргизилген учурларда оорунун очогундагы объекттерди, негизги транспорттук магистралдарды кайтаруу, карантиндик зонанын чек араларын сыртынан курчоого алуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан, ал эми өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
87. Карантиндик зонадан келүүчү бардык транспорттук магистралдарда убактылуу санитардык-контролдук жана контролдук-өткөрүү пункттарын жергиликтүү КССУ, транспорт жана жол, ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте уюштурат.
88. Эпидемияга каршы иш-чаралар оорунун очогу толук жоюлгуча жүргүзүлөт. Карантинди алып салуу саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын маалыматы боюнча республикалык жана/же аймактык ЭЭКӨК чечими менен жүзөгө ашырылат.