Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 691
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча эрежелер 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагын 2018-2022-жылдары коомдук саламаттык сактоо жана калктын ден соолугу үчүн коркунуч жаратуучу карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды ташып келүүдөн/алып кирүүдөн жана жайылтуудан санитардык коргоо боюнча эпидемияга каршы иш-чаралардын комплекстүү планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору жана Комлекстүү планды ишке ашырууга катышкан башка мекемелер, аны толук жүзөгө ашырууну камсыздоо боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагын 2018-2022-жылдары коомдук саламаттык сактоо жана калктын ден соолугу үчүн коркунуч жаратуучу карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды ташып келүүдөн/алып кирүүдөн жана жайылтуудан санитардык коргоо боюнча эпидемияга каршы иш-чаралардын КОМПЛЕКСТҮҮ ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
1 | 2 | 3 |
|
1. Даярдануу мезгилдеги уюштуруу иш-чаралары | |||
1.1 | Кыргыз Республикасынын аймагын 2018-2022-жылдары коомдук саламаттык сактоо жана калктын ден соолугу үчүн коркунуч жаратуучу карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды ташып келүүдөн/алып кирүүдөн жана жайылтуудан санитардык коргоо боюнча региондук, ведомстволук, комплекстүү пландарды кабарлоо схемалары менен иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-2022-жылдары (жыл сайын I кварталда) | ССМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.2 | Санитардык-гигиеналык иш-чаралардын төмөнкүлөрдү камсыздоо боюнча аймактык пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү: - калктуу пункттардын, балдар, сакайтуучу уюмдардын, коомдук тамактануу жана соода ишканаларынын, калк топтолгон жерлердин санитардык-гигиеналык абалын контролдоону; - маанилүү эпидемиологиялык мааниси бар канализациялык жана суу түтүктөрдүн курулмаларын биринчи кезекте курууну жана реконструкциялоону; - калкка таза суу жана сапаттуу тамак-аш азыктарын; - тазалоо жана канализация курулмаларынын үзгүлтүксүз жана авариясыз иштешин; - саламаттык сактоо уюмдарында, суу менен камсыздоо объекттеринде, тазалоо жана канализация курулмаларында дезинфекциялык жана жугушсуздандыруу каражаттарынын запасын | 2018-2022-жылдары (жыл сайын I кварталда) | ССМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.3 | Кыргыз Республикасынын аймагында санитардык коргоо жана эпидемияга каршы иш-чаралардын комплекстүү планын дарылоо-алдын алуу уюмдарында ишке ашырылышын контролдоону камсыздоо | Даярдыгын текшерүү планына ылайык | ССМ |
1.4 | Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар келип чыккан учурда дарылоо-алдын алуу уюмдарынын даярдыгын камсыздоо | ДПУларды текшерүүнүн натыйжасы боюнча | ССМ |
1.5 | Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларга шектүү же ооруп калган бейтаптарды ташуу үчүн кошумча автотранспортту бөлүү, зарыл учурда койка фондун караштыруу, карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларга шектүүлөрдү же оорулууларды жаткыруу үчүн стационарларды аныктоо | 2018-жылдын II кварталында, андан ары - дайыма | аймактык ДПУ, ССМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.6 | Дары-дармектердин, жабдыктардын, аппаратуралардын, мүлктүн, жеке коргонуу каражаттарынын, иммунобиологиялык препараттардын, химиялык реактивдердин, жугушсуздандыруу каражаттарынын резервин госпиталдык жана лабораториялык базалардын кубаттуулугуна жараша камсыздоо | 2018-жылдын II кварталында, андан ары - дайыма | ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.7 | Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды сырттан ташып келүүдөн/алып кирүүдөн жана жайылтуудан Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү үчүн адистерди даярдоону камсыздоо | Ведомстволор аралык бекитилген планга ылайык | ССМ |
1.8 | Карантиндик жана өтө коошуу жугуштуу оорулардын очогун локализациялоо жана жоюу боюнча ведомстволор аралык көрсөтмөлүү-машыгуу окууларын өткөрүү | Ведомстволор аралык бекитилген планга ылайык | ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.9 | Кара тумоо жана башка өтө кооптуу инфекциялар боюнча кооптуу жана потенциалдуу кооптуу аймактардагы транспорттук, туристтик каттамдар жана аңчылык жөнүндө маалыматтарды Саламаттыкты сактоо министрлигине тандоо жүргүзүү үчүн берет | Жыл сайын | ТЖМ, ММТМ, Токой агенттиги |
1.10 | Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар боюнча жагымсыз аймактардын абалына мониторинг жүргүзүү | Дайыма | ССМ |
1.11 | Карантиндик жана башка өтө кооптуу жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча калкка дайыма маалымдайт | Дайыма | ССМ, АЧТММ, ЖМК |
1.12 | Коомдук саламаттыкты сактоо тармагында өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда пландуу жана шашылыш алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө финансы каражаттарын бөлүүнү кароо | Жыл сайын | ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.13 | Булганычтарды жана таштандыларды ташып чыгаруучу ассенизациялык жана башка атайын транспорттордун, канализациялык тазалоо курулмаларынын тынымсыз иштешин камсыздоо | Дайыма | ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
1.14 | Комплекстүү планга тартылган уюмдардын даярдыгынын абалын, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо маселелерин аймактык ЭЭКӨК жыйындарында жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегияларында кароо | Жыл сайын | ССМ, КРӨ облустардагы ЫУӨ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
2. Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларга чалдыккан бейтапты аныктоодо эпидемияга каршы иш-чаралар | |||
2.1 | Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу ооруларды аныктоо жана кабарлоо схемасына жана оперативдик планга ылайык көрүлгөн эпидемияга каршы иш-чаралар жөнүндө ыкчам маалыматты берүүнү камсыздоо | Ошол замат | ССМ, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
2.2 | - аймактык ЭЭКӨК очокторду локализациялоо жана жоюу боюнча иш-чаралардын биргелешкен планын бекитүүгө берүү: - пайда болгон очокторду локализациялоо жана жоюу боюнча иш-чаралардын планы; - госпиталдык, лабораториялык базаларды жана башка бөлүмдөрдү этап-этабы менен жайгаштыруу планы; - очоктогу иштер үчүн күчтөрдү жана каражаттарды мобилизациялоо планы (саламаттык сактоонун жана башка ведомстволордун кызматкерлери, материалдык камсыздоо, тамактанууну уюштуруу ж.б.); - адистештирилген уюмдарды жана эпидемиологиялык маанилүү объектилерди күнү-түнү кайтаруу механизмин камсыздоо; - коомдук саламаттыкты сактоо уюмдарында жана башка ведомстволор, инфекция очогундагы кызматтардын ортосундагы коммуникациялык байланыштын жана системасынын схемаларын көрсөтүү (интернет, телефон жана радио байланыш) | Маалыматты алганда | ССМ, ИИМ, ӨКМ, КМК, ЖМА, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
1 | ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги. |
2 | ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги. |
3 | ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. |
4 | ТЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги. |
5 | ММТМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги. |
6 | АТММ | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги. |
7 | КРӨ облустардагы ЫУӨ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. |
8 | ЖМА | - | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар. |
9 | Токой агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги. |
10 | КМК | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети. |
11 | ЭЭКӨК | - | Кыргыз Республикасынын Эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө кырдаалдар комиссиясы. |
12 | ЖМК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары. |