Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 694
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган чийки зат товарларынын үлгүлөрүн тандоодо инспекциялык жана сыноочу жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруунун жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүнүн тартибинде:
- бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "сыноочу инспекциялык" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "инспекциялык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Инспекциялык компания тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноону ИСО/МЭК 17025 стандарты боюнча аккредиттелген лабораторияда (жеке менчик же тартылган) өткөрөт. Тандалып алынган үлгүлөрдүн экземплярларын сыноо, кенди пайдалануу укугуна лицензияда көрсөтүлгөн пайдалуу компоненттин ар бир түрүнө жүргүзүлөт.";
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |