Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-октябры № 697
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьясында:
1-бөлүгүндөгү "теле көрсөтүү жана радио уктуруу" деген сөздөр "телерадиоканалдар" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-бөлүгүндөгү "телеканалды, радиоканалды берүү (телекөрсөтүү, радио берүү), тиешелүүлүгүнө жараша телеканалдын, радиоканалдын курамында телепрограмманы, радиопрограмманы берүү," деген сөздөр "телерадио берүү," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5-статьясынын 2-бөлүгүндө:
"Телекөрсөтүү чөйрөсүндөгү массалык маалымат каражаттары" деген сөздөр "Телерадио уюмунун массалык маалымат каражаттары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"телекөрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу" деген сөздөр "телерадио берүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстиндеги "(телекөрсөтүү уюмунун)" деген сөздөр алып салынсын;
3) 6-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Массалык маалымат каражаттарын каттоо
1. Массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишинин токтотулушун каттоо (мындан ары - каттоо) массалык маалымат каражаттарын түзүү, кайра каттоо жана ишинин токтотулушу жөнүндөгү маалыматты массалык маалымат каражаттарынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - мамлекеттик реестр) киргизүү аркылуу 10 жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
2. Массалык маалымат каражаттарын каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Массалык маалымат каражаттарын жайылтууга ал катталгандан кийин жол берилет.
4. Массалык маалымат каражатын каттоодон негизсиз баш тартуу же аны кечиктирүү сотко даттанылышы мүмкүн.";
4) 7-статьясы күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти