Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-октябры № 700
Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230 КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июлундагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-октябрындагы № 700 токтому менен бекитилген |
Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдарды өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддору (мындан ары - Фонддор) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин (мындан ары - монополияга каршы органдар) материалдык-техникалык базасын чыңдоо, иш үчүн зарыл шарттарды түзүү жана кызматкерлерди социалдык коргоону камсыз кылуу максатында түзүлөт.
Фонддор өз ишинде "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Фонддордун каражаттарын түзүүнүн тартиби
2. Монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучулук талаптардан четтөөлөрдүн суммалары мыйзамсыз (негизсиз жана кошумча) алынган кирешелер түрүндө 100% өлчөмүндө монополияга каршы органдардын бюджеттик эсептеринин түзүмүндө жаралган аккумуляциялык эсептеринде чагылдыруу менен республикалык бюджеттин кирешесине түшөт.
Фонддордун каражаттары республикалык бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнөн каржылоонун эсебинен өткөн жылдарга ар жылдык ретроспективдүү талдоо жүргүзүүгө ылайык өткөн жыл үчүн республикалык бюджетке түшкөн жөнгө салуучулук талаптардан четтөөлөрдүн суммасынын 15%ы өлчөмүндө түзүлөт. Жыл ичинде аталган сумманы учурдагы жыл үчүн республикалык бюджетке иш жүзүндө түшкөн каражаттарды салыштырып текшерүү актысынын негизинде 25% өлчөмүндө көбөйтүү же азайтуу жагына оңдоо жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Фонддордун каражаттарын пайдалануунун тартиби
3. Фонддордун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- монополияга каршы органдардын ишине тиешелүү маселелер боюнча буклеттерди, брошюраларды жана башка адистештирилген адабияттарды, анын ичинде электрондук алып жүргүчтөрдө иштеп чыгууга, чыгарууга, сатып алууга;
- монополияга каршы органдардын кызматкерлерин окутууну уюштурууга;
- атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү, монополияга каршы жөнгө салуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, жарнама, ошондой эле монополияга каршы органдардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча улуттук органдардын жана эл аралык уюмдардын ишине катышууга;
- стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду ж.б.у.с. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
- социалдык-маданий жана спорттук иш-чараларды, расмий жолугушууларды, семинарларды, конференцияларды, кайрымдуулук иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө чыгымдарга;
- консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдар көрсөтүүчү кызматтарга, эксперттердин жана адистердин, анын ичинде мыйзамдарды бузуулар боюнча иштерди кароодо, текшерүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүдө, ошондой эле өндүрүштүк зарылчылык болгондо келишимдик негизде тартылуучу белгилүү жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга укугу бар ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда белгилүү жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга укугу бар чет өлкөлүк адистердин иштерине акы төлөөгө;
- монополияга каршы органдардын ишин жакшыртууга багытталган иш-чараларды уюштурууга;
- натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн монополияга каршы органдардын материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, анын ичинде кызматтык автотранспортту сатып алууга;
- компьютердик жабдууларды, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, эмеректерди сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
- монополияга каршы органдардын жетекчилеринин тиешелүү буйруктарынын негизинде кызматкерлерге сый акы берүүгө;
- убактылуу жок болгон кызматкерлердин, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызмат орду боюнча милдеттерин аткарган кызматкерлердин эмгек акысына кошумча төлөөгө;
- дарылануу жана башка максаттарда бир жолу берилүүчү материалдык жардамдарды көрсөтүүгө, жумуш берүүчү менен жумуш берүүчүлөр менен монополияга каршы органдардын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдарынын ортосунда түзүлүүчү жамааттык келишим боюнча башка милдеттерди аткарууга;
- функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн шаардын, райондун, облустун чегинде жүрүүнүн жана тамактануунун наркын төлөп берүүгө;
- кенже жана техникалык тейлөөчү персонал үчүн маяналарга эмгек мыйзамдарына ылайык ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн үстөктөрдү белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте иш жүзүндөгү чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө командировкалык чыгымдарды төлөөгө;
- монополияга каршы органдардын жетекчилеринин чечими менен бекитилген жобого ылайык борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине социалдык-тиричиликтик маселелерди чечүүгө, жашоо шарттарын жакшыртууга, анын ичинде турак жай сатып алууга жана курууга кайтарылуучу негизде каражаттарды берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 629 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Эсепке алуу жана отчет берүү тартиби
4. Фонддордун каражаттарын чыгымдоо сарптоолордун бекитилген сметасына жана кирешенин иш жүзүндө түшүүсүнө ылайык жүргүзүлөт.
5. Тиешелүү фонддун каражаттарын тескөөчү жана колдонууга жооптуу адам болуп монополияга каршы органдын директору эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Монополияга каршы органдардын тиешелүү бухгалтердик эсеп жүргүзүүчү түзүмдүк бөлүмдөрү фонддун каражаттарын түзүүнү (түшүү), бөлүштүрүүнү эсепке алат, белгиленген тартипте бекитилүүчү сметалык багыттарга ылайык каражаттарды максаттуу пайдаланууну контролдойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган каражаттар боюнча фонддордун тескөөчүлөрүнө отчет берет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-майындагы № 230, токтомунун редакциясына ылайык)