Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-январы № 31
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 62 токтомунун редакциясына ылайык)
Ачык-айкындыкты камсыздоо, коррупциялык тобокелдерди болтурбоо жана ишкердик жүргүзүүгө мамлекеттик жөнгө салуунун таасирин азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 62 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жободо:
- 11-пункттун бешинчи абзацындагы "жер астындагы сууларды сарамжалдуу пайдаланууга," деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттун онунчу абзацындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын;
- 12-пункттун он бешинчи абзацындагы "ж.б." деген сөздөр алып салынсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |