Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-мартындагы № 92 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында жер астындагы сууларды коргоо жана пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Жобо Кыргыз Республикасынын жер астындагы сууларды жеке максаттарына пайдаланган юридикалык жактарына жана жеке адамдарына, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде жарандыгы жок адамдарга (мындан ары - суу пайдалануучулар) жана скважиналарды куруу жана бургулоо иштерин аткарган уюмдарга алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан тиешелүү.
2. Терминдер жана аныктамалар
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
жер астындагы суулар - жердин үстүнкү катмарынан төмөн жактагы бардык тузсуз жана минералдык-термалдык суулар;
жер кыртышындагы суулар - жердин суу өтпөс мейкиндигинин биринчи катмарынын үстүндөгү жер астындагы кысымсыз суулар;
артезиан (кысымдуу) суулары - ачканда суунун деңгээли жердин үстүнөн же ачуунун тереңдигинен жогору болуучу тереңдеги суу горизонтторундагы жер астындагы суулар;
фонтандаган (өзү чыгып туруучу) скважина - ачканда суунун деңгээли жердин үстүнөн жогору болуучу кысымдуу суулуу горизонттордогу скважина;
суу чыгаруучу курулма - жер астындагы суу менен камсыздоо булактарынан сууну алуу үчүн гидротехникалык курулуш;
санитардык коргоо аймагы - ичүүчү суу алынуучу булакты, суу түтүк курулуштарын жана ичүүчү сууну булгануудан сактоо максатында чарбалык жана башка иштерге өзгөчө режим белгиленген чектеги аймак жана (же) акватория;
мониторинг - суунун коопсуздугун баалоо жана өзгөрүүлөрдү табуу үчүн тийиштүү программа боюнча жүргүзүлүүчү үзгүлтүксүз байкоолордун жана контролдун тутуму;
байкоо тармагы - жер астындагы суулардын абалын (булгануусун) байкоо үчүн бургулап тешилген скважиналар;
каптаж үстүндөгү курулмалар - скважиналардын башын жана булактардын чыккан жерлерин коргоо үчүн жер үстүндө же жер астында жасалган курулмалар;
жер астындагы сууларды коргоо - жер астындагы суулардын булгануусун, булгануунун жана соолуунун кесепеттерин болтурбоого жана жоюуга, республиканын калктуу конуштарынын, өнөр-жай жана башка объектилеринин чарбага жана ичүүгө керектөөлөрү үчүн пайдалануусуна мүмкүндүк берүүчү сапатта жана көлөмдө сактоо багытындагы иш-чаралардын тутуму;
жер астындагы сууларды коргоого мамлекеттик контроль - жаратылышты коргоо мыйзамдарын аткарууну камсыздоо боюнча иш-чаралардын тутуму.
3. Жер астындагы сууларды коргоо
4. Жер астындагы сууларды коргоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- суу жөнүндө мыйзамды жана сууларды пайдалануу жана коргоо жагындагы башка нормативдик документтерди сактоо;
- саркынды суулардын жана булгоочу заттардын жер үстүнөн жер астындагы суунун горизонтуна сарыгып кошулуусунун алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди;
- саркынды сууларды тазалоонун деңгээлин жогорулатуу жана агын сууларга, көлмөлөргө жана жер астындагы суулуу горизонтторго тазаланбаган саркынды суулардын кошулуусун болтурбоо;
- жер астындагы сууларга чалгындоо жүргүзүүнүн, долбоорлоонун, жер алдынан суу чыгаргычтарды долбоорлоонун, куруунун жана пайдалануунун тартиптеринде айтылган талаптарды катуу сактоо;
- жер астындагы суулардын абалын жана курчап турган чөйрөнүн абалын, анын ичинде суу алгычтардын участокторунда жана ири өнөр жайлык жана айыл чарбалык гидротехникалык объектилер жайгашкан райондордо такай көзөмөлдөө;
- жер астындагы сууларды коргоо боюнча дагы башка суу коргоо иш-чараларын өткөрүү.
5. Коргоонун негизги объектилери болуп: жер астындагы тузсуз жана минералдык-термалдык суулардын жаралган жерлери, чарбалык-ичүүчү жана башка багыттагы пайдаланылып жаткан суулуу горизонттор жана суу чыгаруучу курулмалар эсептелет.
6. Жер астындагы сууларды соолуудан жана өнөр жай, айыл-чарба жана тиричилик калдыктарынан булгануудан коргоо боюнча, жер астындагы сууларды эксплуатациялоонун жана суу чыгаруучу курулмаларды санитардык коргоо аймактарында белгиленген режимди сактоо боюнча жоопкерчиликти жер астындагы сууларды пайдаланышкан жана алардын булгануусуна жол берген суу пайдалануучулар көтөрөт.
7. Жер астындагы сууларды коргоо боюнча иш-чаралар алдын алуу жана атайын болуп бөлүнөт.
8. Алдын алуу иш-чараларына төмөнкүлөр кирет:
- өнөр-жай же башка объектилерди жайгаштыруу үчүн жер астындагы сууларды булгабай турган жерди тандоо;
- суу алгычтарга же өнөр жай жана айыл чарба объектилерин курууга жерди бөлүү, өнөр жай жана тиричилик калдыктардын полигонунун, фильтрациялоо талааларынын, шлам топтолмолорунун, калдык сактагычтардын, тундургуч-бассейндердин жана саркынды сууларды бууга айлантуу, туз жана күл таштоочу жайлар, уу химикаттарды көмүү участокторун жана жер астындагы суулардын абалына таасир берген же таасир бериши мүмкүн болгон башка объектилердин участокторун тандоо;
- саркынды суулардын жер үстүнөн агып кетүүсүн болтурбоо;
- жер астындагы суулардын абалына мониторинг жүргүзүү аркылуу байкоо жүргүзүлүүчү скважиналардын тармагы боюнча алардын абалын такай контролдоо;
- суу алгыч курулмалардын санитардык коргоо аймактарын түзүү жана белгиленген аймактардын чегинде суу коргоо режимин сактоо;
- суу алгыч курулмаларды пайдалануунун жер астындагы суулардын запасынын соолуу мүмкүндүгүн болтурбоочу өндүрүмдүү жана сарамжалдуу режимин негиздөө жана сактоо;
- өнөр жай же башка суу чыгаруучу курулуш объектисин пайдаланууга бергенден кийин жер астындагы суулардын абалынын жана касиеттеринин өзгөрүү болжолун түзүү.
9. Атайын иш-чараларга төмөнкүлөр кирет:
- булганган сууларды кармоочу коргоо скважиналарынын катарларын куруу, жер астындагы суулардын булгануу чордондорун чектөө жана жоюу, булгануу чордонунун тегерегине өткөзбөөчү тосмолорду куруу;
- табигый корголбогон жер астындагы суулар бар аймактарда саркындыларды чогултуучу суу өткөзбөөчү гидроизоляциялык экрандарды куруу;
- жер астындагы сууларды булгоочу табылган чордонду жоюу.
10. Жер астындагы сууларды булгануудан жана соолуудан коргоо боюнча иш-чараларды иши жер астындагы суулардын абалына түз же кыйыр таасир көрсөтүүсү мүмкүн болгон (же көрсөтүп жаткан) ишканалар аткарат жана каржылайт.
11. Суу пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жер астындагы сууларды кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген кен пайдаланууга укук берүү лицензиясына ылайык алууга жана пайдаланууга;
- жер астындагы сууларды иш жүзүндө алууга жана пайдаланууга баштапкы прибордук эсеп жүргүзүүгө жана кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга суу пайдалануу жөнүндө отчет берүүгө (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2006-жылдын 17-ноябрындагы № 36 "Экологиялык статистика боюнча мамлекеттик статистикалык отчетторунун формасын бекитүү туурасында" токтому менен бекитилген № 2 форма ТП (суу чарба);
- жер астынан суу алгычтарды (скважиналарды, булактарды, суу нугунун астындагы дрендерди) суу коргоонун ченемдик талаптарына ылайык жабдууга;
- скважиналардан, гидранттардан, суу чыгаруучу колонкалардан суунун контролсуз жана пайдасыз чыгымдалышын (чыгарылышын) болтурбоого, суу өткөрүүчү коммуникациялардан жана сыйдыргычтардан суулардын коромжуланышына жол бербөөгө. Өндүрүштө суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө, сууларды кайра пайдалануу жана суу менен айлантып камсыздоону киргизүүгө;
- жер астындагы сууларды коргоодо жана пайдаланууда мыйзамдар аркылуу белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү карманууга;
- менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон жер астындагы сууларды пайдалануу менен байланышкан курулуштарды, механизмдерди, курулмаларды жана аймактарды курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө зыян келтирбеген жана жер астындагы суулардын булгануусуна жол бербеген абалда кармоого;
- жер астындагы сууларды булгануудан, бүтөлүүдөн жана соолуудан коргоону камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле суулардын абалын жана режимин жакшыртууга;
- суу алгычтардын иштешин ар дайым контролдоого, суу чыгаргыч курулманы пайдаланууда белгиленген режимди кармоого;
- тиешелүү документтери (эсепке алуу журналы, жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу укугуна лицензия, скважинанын паспорту, насостун паспорту, суу өлчөгүч эсептегичтин паспорту), алынуучу суунун химиялык анализдеринин жана микробиологиялык анализдеринин жыйынтыгы), алар контролдоочу органдардын талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш;
- фонтандап өзүнөн-өзү агып туруучу скважиналарды скважина пайдаланууга жарабай калбашы үчүн өзүнөн-өзү агып чыгып жаткан суунун дебитин чектөөгө жана пайдаланылбай агуу көлөмүн 10-15% өлчөмдө чектеп-жөнгө салып турууга мүмкүндүк берүүчү чорго болгон учурда гана пайдаланууга.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Суу керектөөчүлөргө тыюу төмөнкүлөргө салынат:
- камсыздоо жер астындагы суу булактарынан сууларды өз эркинче пайдаланууга жана пайдалануу укугун башка пайдалануучуларга берүүгө;
- пайдалануу скважиналарын өз эркинче бургулоого же чалгындоо жана байкоо скважиналарын пайдалануу үчүн өзгөртүп жабдууга;
- жер астындагы сууларды лицензияда белгиленген суу пайдалануу лимитинен ашык пайдаланууга;
- жер астындагы булганган булактарды ичүү жана чарбалык-тиричилик багытында пайдаланууга;
- суу чыгаргыч курулмалардын санитардык коргоодогу бардык үч аймагында тең, ири борборлошкон суу чыгаргычтардын таасир этүүчү аймактарында минералдык жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн химиялык каражаттар жана башка өндүрүштүн зыяндуу калдыктары сыяктуу булгоочу заттарды (кык, таштандылар, нажастар) төгүүгө жана топтоого;
- жердин кыртышына жер астындагы сууларды булгоочу мунайзаттарды, техникалык майларды, эмульсияларды жана ууландыруучу заттарды төгүүгө;
- жергиликтүү рельефке тазаланбаган жана зыянсыздандырылбаган саркынды сууларды төгүүгө;
- суу ресурстарын сарамжалсыз жана ысырапкорчулук менен пайдаланып, жер астындагы булактардын запасынын соолушуна алып келүүгө;
- жер кыртышына жакын суулардын жана суу каптоочу аймактардын жанына, жер астындагы мейкиндиктерге агып кетүүсүн жана сарыгып өтүүсүн болтурбоо боюнча тиешелүү чараларды көрбөстөн пестициддерди жана алар менен булганган идиштерин жайгаштырууга, сактоого жана көмүүгө;
- суулуу горизонттордун участокторунда сарыгып өтүүгө каршы тоскучтар менен жабдылбаган топтоочу чуңкурларды (калдык сактагычтар, суюктук чогулткучтар, кык жана заң сактагыч, саркынды сууну топтогучтар, малды түшүрүү үчүн ванналар) эксплуатациялоого;
- корголбогон суулуу горизонттордогу кендердин аймактарында жана суулуу горизонттордун чектери менен түздөн-түз жанаша жерлерде, ошондой эле сууну тосуучу катмар менен тосулбаган жаракалуу тектер жана карсттар жайгашкан аймактарда чыпкалоочу талааларды курууга;
- санитардык коргоо аймагы жана алынып жаткан сууну эсепке алуу жана суулуу горизонтторду булгануудан жана соолуудан коргоону камсыздап турган тиешелүү жабдуулары жок жаңы суу чыгаргычтарды пайдаланууга киргизүүгө;
- калкка келечекте чарбага-ичүүгө керектөө үчүн пайдаланыла турган суулуу горизонтторго өндүрүштүк, коммуналдык-тиричилик, дренаждык жана башка саркынды сууларды сиңирүүчү скважиналарды казууга жана сиңирүүчү кудуктарды курууга;
- экологиялык жана техникалык коопсуздук, кендерди коргоо жана пайдалануу боюнча экспертизанын оң корутундусун алган долбоорлорсуз ар кандай максаттар үчүн суу алуучу скважиналарды жана курулмаларды (галереялар, дрендер, кудуктар, каптаждар) куруу боюнча иштеген уюмдар менен жумуштарды жүргүзүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 31 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ишкананы (объектини) куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, багытын өзгөртүү, жоюу долбоорунда алардын жер астындагы сууларга терс таасир тийгизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарган суу коргоо чаралары каралышы керек.
14. Жер астындагы сууларды сарамжалдуу пайдалануунун гидрогеологиялык негиздемеси, алардын абалын изилдөө жана болжолдоо, ошондой эле жер астындагы сууларды изилдөө боюнча жүргүзүлүүчү бардык иштердин методикалык жетекчилиги кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
4. Жер астынан алынуучу суулардын булактарынын санитардык коргоо аймактары
15. Жер астынан суу алуучу булактардын санитардык коргоо аймагын (СКА) түзүүнүн максаты, суу чыгаруучу курулма турган жерлерде суулуу горизонтту бактериялык жана химиялык булгануудан коргоо болот.
16. СКА чарбага-ичүүгө керектөө жана башка максаттарга пайдалануу үчүн жер астындагы булактардан суу берүүчү бардык суу чыгаргыч курулмаларда (алардын ведомстволук таандыгына, пайдалануу максатына, суу чыгаргычтын чоңдугуна карабастан) түзүлөт.
17. СКА Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
18. СКА үч тилкеден турган курамда уюштурулат:
Санитардык коргоо аймагынын биринчи тилкеси (катаал режимдеги) суулуу горизонттун табигый корголушуна жараша аныкталат жана корголгон суулуу горизонтту пайдаланууда жер астындагы суунун булагынын 30 м радиусунда жана корголбогон суулуу горизонтту пайдаланууда - 50 м радиуста аныкталат. Жердин кыртышын жана жер астындагы сууларды булгабай турган объектинин аймагында жайгашкан суу алгычтар үчүн СКАнын биринчи тилкесинин өлчөмүн коомдук саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашуу боюнча гидрогеологиялык негиздеме менен азайтууга жол берилет. СКАнын биринчи тилкеси өзүнө түздөн-түз суу алуучу булакты, резервуарларды, сууну түртүп чыгаруучу мунараларды, насосторду, суу өткөргүчтөрдү камтыйт.
Экинчи жана үчүнчү тилкелер (чектөө тилкелери), суу менен камсыздоо булактарын булгануудан коргоого арналган аймактарды камтыйт. СКАнын экинчи жана үчүнчү тилкелеринин чектери атайын суу чыгаргычтын чоңдугуна жана пайдаланылып жаткан суулуу горизонттун гидрогеологиялык параметрлерине жараша СКА эсебинин долбооруна ылайык атайын гидродинамикалык эсептөөлөр менен аныкталат.
19. СКА эсеби жана анын негиздемеси суу алгыч курулманын долбооруна киргизилиши керек. СКА жок болгон, иштелип жаткан суу чыгаргыч үчүн анын долбоору атайын иштелип чыгат.
20. Техникалык багыттагы, анын ичинде жерлерди сугарууга арналган суу чыгаргычтар үчүн СКА каралбайт. Ошондой болсо да, суу пайдалануучу тарабынан катаал режимдеги СКАнын шарттуу тилкесинин чегинде суу коргоо иш-чараларын аткаруу милдеттүү.
21. СКАны уюштуруу жана СКА чегинде суу коргоо режимин сактоо СКА чегинде чарбалык иш жүргүзгөн суу пайдалануучу уюмдардын милдети болот.
5. Байкоо тармагы
22. Кыргыз Республикасынын аймагында жер астындагы суулардын абалын, аларды пайдалануу режимин жана аларды коргоочу атайын чаралардын өз убагында көрүлүшүн контролдоо үчүн эки типтеги байкоо тармагы түзүлөт жана иштейт:
- региондук таяныч байкоо тармагы;
- атайын байкоо тармагы.
23. Региондук таяныч байкоо тармагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин астындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" МИ) тарабынан өзүнчө региондордо (гидрогеологиялык бассейндерде) жер астындагы суулардын абалынын жана касиетинин өзгөрүүсүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө такай маалымат алуу максатында техногендик таасирлердин деңгээлин эске алуу менен түзүлөт.
24. Атайын байкоо тармагы, иши суулуу горизонттун булгануусуна алып келиши мүмкүн болгон чарбакер субъекттердин эсебинен, төмөнкүлөргө такай байкоо жүргүзүү үчүн түзүлөт:
- суулуу горизонттун соолуусун контролдоо максатында ири суу чыгаргычтарда жер астындагы суулардын деңгээлин байкоо үчүн;
- жер астындагы суулардын булгануусу табылган жер участоктордо же алардын потенциалдык булгануусуна коркунуч бар участоктордо жер астындагы суулардын сапатын байкоо үчүн.
25. Атайын байкоо тармагы суу алгыч курулмаларды куруу (реконструкциялоо, кеңейтүү) долбоорлорунун курамында каралат (милдеттүү курамдык бөлүгү катары).
26. Атайын байкоо тармагы бардык ири өнөр-жай жана айыл чарба объектилеринде, баарынан мурда өнөр жайлык, айыл чарбалык жана тиричилик саркындылары жана калдыктары сакталуучу райондордо (калдык сактагычтар, шлам чогулткучтар, тундургучтар, буулантуу бассейндери, күл төгүүчү жайлар жана башка калдыктарды сактоо жана көмүү үчүн атайын жабдылган жерлер), ошондой эле жер астындагы мунайларды, мунайзаттарды жана суюлтулган газдарды сактоочу жайлар турган жерлерде курулуусу керек.
27. Булгануу мүмкүнчүлүгү бар жерлерде атайын байкоо тармагы, суулуу горизонттун потенциалдуу булгоочу булактын агымынын төмөн жагында жайгаштырылган, жок дегенде эки байкоо скважинасынан турушу керек.
28. Атайын байкоочу тармак кыртыш сууларын жана зарыл болсо жердин сыртындагы биринчи кысымдуу жана кысымсыз горизонттогу жер астындагы тузсуз сууларды камтышы керек.
29. Өнөр жайлык жана башка объектилерде байкоо тармагын түзүү, атайын байкоо жүргүзүү тармагындагы скважиналарда жер астындагы суулардын сапатын байкоого алуу жана лабораториялык контролдоо "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" МИ методикалык башкаруусунун астында суу пайдалануучулар тарабынан аткарылат.
30. Атайын байкоо жана аймактык таяныч байкоо тармактарындагы байкоо скважиналарын жок кылууга же бузууга, аларды өз эркинче басып алууга же жер астындагы сууларды алуу жана пайдалануу үчүн эксплуатациялоого берүүгө тыюу салынат.
6. Кароосуз калган скважиналарды жок кылуу
31. Жер астындагы суулардын булгануусун болтурбоо максатында суунун скважиналарын, пайдаланууга жарабаган, кароосуз калган байкоо скважиналарын, ошондой эле жер астындагы сууларга булгоочу заттардын түшүүсүнө мүмкүндүк берүүчү (булгоочу саркындылар агып кириши да мүмкүн) бардык чалгындоо скважиналарын (анын ичинде ар кандай катуу кендердики) суулуу горизонттон изоляциялоо менен бүтөлүшү керек.
32. Пайдаланууга жараксыз скважиналарды жок кылуу (долбоорго ылайык) скважинанын сөңгөгү аркылуу суулуу горизонттун булгануусун болтурбоо үчүн кайрадан оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүгү жана аларды пайдалануунун келечеги жок экендиги жөнүндө корутунду алынгандан кийин адистешкен бургулоочу уюмдар аркылуу ишке ашырылат.
Пайдаланууга жараксыз скважиналарды жок кылуу үчүн геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарга жараша атайын чопо эритиндилери, чопо жана цемент колдонулат.
33. Иштетилбей калган бардык тик жана горизонталдуу кен чалгындоонун казындылары, ошондой эле каралбай калган кудуктар, долбоорго ылайык жок кылынууга тийиш.
34. Пайдаланууга же жер астындагы суулардын абалын байкоого жараксыз скважиналарды бүтөө жана чалгындоо казындыларын жоюу алар карамагында турган уюмдардын эсебинен, адистештирилген бургулоочу уюмдар тарабынан жүргүзүлүшү керек.
7. Жер астындагы сууларды эсепке алуу
35. Жер астындагы сууларды алуунун жана пайдалануунун эсебин кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сууларды мамлекеттик эсепке алуунун чегинде бирдиктүү система боюнча алат. Сууларды пайдаланууну мамлекеттик эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында сууну пайдалануунун мамлекеттик эсеби жана ага контроль жөнүндө жобо менен белгиленет.
36. Жер астындагы сууларды алуунун жана пайдалануунун эсеби өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жер астындагы сууларды иш жүзүндө алуунун жана пайдалануунун баштапкы эсеби, аны суу чыгаргычтардын менчик ээлери же республиканын калкына, өнөр жай жана башка объекттерге жер астындагы сууну берүүчү уюмдар суу өлчөгүч эсептегичтер жана эсепке алуу журналы аркылуу жүргүзүшөт. Баштапкы эсепке алуунун жыйынтыгы милдеттүү тартипте отчеттун стандартынын белгиленген формасына ылайык кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет;
- кендерде, административдик райондордо жана артезиан бассейндеринде жана сууну пайдалануунун түрлөрү боюнча жер астындагы сууларды алуунун жана пайдалануунун мамлекеттик эсебин.
37. Жер астындагы сууларды мамлекеттик эсепке алуунун негизги милдети болуп, ушул суулардын санын жана сапатын, ошондой эле аларды республиканын калкынын жана башка объекттеринин керектөөсү үчүн бекитилген эксплуатациялык запастардын чегинде пайдалануу жана келечекте пайдалануунун божомолу жөнүндө маалыматтарды аныктоо эсептелет.
38. Жер астындагы суулардын жана аларды пайдалануунун мамлекеттик эсебин жүргүзүп баштапкы маалыматтарды алууну камсыздоо менен чечиле турган маселелердин катарына төмөнкүлөр кирет:
- сууларды алуунун, пайдалануунун учурдагы жана келечек планын түзүү жана суу коргоо иш-чараларын жүргүзүү;
- сууларды комплекстүү пайдалануу жана коргоо схемаларын түзүү.
39. Суулардын жана аларды пайдалануунун мамлекеттик эсеби республика үчүн бирдей система боюнча жүргүзүлөт: "жер астындагы суулар" - кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан; "жер үстүндөгү суулар" бөлүгү боюнча - (суунун башталышындагы жер үстүндөгү суу объектилеринде) - гидрометеорология тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан; "жер астындагы жана жер үстүндөгү сууларды пайдалануу" бөлүгү боюнча - суу ресурстары тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан.
40. Кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- жер астындагы суулардын запасын мамлекеттик эсепке алат, ошондой эле алардын режимин жана сапатын байкоого алат;
- региондук жана атайын байкоо тармагы боюнча жер астындагы суулардын сапатынын начарлашы жана запастарынын соолушу мүмкүн болгон жана табылган жерлерде жер астындагы суулардын абалын мониторингдейт жана изилдейт;
- кызыкдар мекемелерди, уюмдарды, ишканаларды, жеке жактарды жер астындагы суулардын абалы жөнүндө маалыматтар менен камсыздайт.
41. Суу ресурстары тармагындагы саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- сууларды пайдаланууну мамлекеттик эсепке алат жана контролдойт;
- суу пайдалануучулардын эсебин алат жана каттайт;
- суу чарба курулмаларынын реестрин жүргүзөт;
- мамлекеттик сугат системаларында суу ресурстарынын эсебин алат.
42. Гидрометеорология тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
- суунун башатындагы аймакта жер үстүндөгү сууларды мамлекеттик эсепке алат;
- гидрометеорологиялык станцияларда жана посттордо туруктуу байкоо жүргүзүүнүн негизинде жер үстүндөгү суу объектилерине мониторинг жүргүзөт;
- суулардын сандык көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнүн прогнозун түзүүнү камсыздайт.
8. Саркындыларды жер астына көмүү
43. Өндүрүштүк саркындыларды, шахталык жана мунай өндүрүштүк сууларды жер астына көмүү (агызуу) атайын долбоорлор боюнча ишке ашырылат, ал долбоорлордо саркынды сууларды, зыяндуу заттарды, өндүрүштүк калдыктарды, башка заттарды жана материалдарды зыянсыздандырууну, көмүлүүчү заттарды сиңирип алуучу суулуу горизонттун аныкталган чек араларында локалдаштырууну камсыздоочу иш-чаралар каралууга тийиш.
44. Өндүрүш саркындыларын жер астына көмүүчү полигондор аларга төгүлүүчү саркындылардын катмардагы жана жогору жактагы суулуу горизонттордогу орун которуусун контролдоо үчүн байкоо скважиналары менен жабдылат. Байкоо тармагын курмайынча полигон пайдаланууга берилиши мүмкүн эмес. Байкоо тармагын куруу жана байкоо иштери полигондун ээси тарабынан жүргүзүлөт.
9. Жер астындагы суулардын корголушун контролдоо
45. Жер астындагы суулардын пайдаланылышын жана корголушун мамлекеттик контролдоочулар:
- кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- экологиялык жана техникалык коопсуздук маселеси боюнча мамлекеттик көзөмөлдөөчү жана контролдоочу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган;
- коомдук саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган.
46. Кен пайдалануу жана кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- жер астындагы тузсуз жана термалдык-минералдык суулардын булгануудан жана соолуудан корголушун контролдойт;
- өзү агып чыгып туруучу скважиналардын чорголук режимге которулуусун, кароосуз калган скважиналардын жоюлушун көзөмөлдөйт;
- жер астынан жалгыз жана топ суу алгычтардын техникалык абалын жана пайдалануу режимин көзөмөлдөйт;
- суу пайдалануучулар тарабынан керектүү гидрорежимдик байкоолордун жана өлчөөлөрдүн жүргүзүлүшүн контролдойт;
- жер астындагы суу чыгаруунун жана пайдалануунун баштапкы эсебинин туура жүргүзүлүшүн контролдойт;
- скважиналарды байкоо тармагын түзүүнү, анын техникалык абалын жана байкоолордун жүргүзүлүшүн контролдойт;
- дарылоочу суу объектилерин (минералдык жана термалдык суулардын булактарын), санитардык-курорттук мекемелердин, ылай менен дарылоочу жайлардын, куюштуруучу заводдордун жана башка суу пайдалануучулардын туура эксплуатациялоосун, ошондой эле дары сууларды булгануудан, убактысынан мурда соолуудан коргоо иштерин контролдойт.
47. Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселесине мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- суу алгычтарды куруу, бургулоо жана кен иштерин жүргүзүүчү уюмдарда жер астындагы сууларды булгануудан жана соолуудан коргоо боюнча чаралардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жер астындагы сууларды булгап жаткан объектилерди изилдөөнүн жыйынтыгы жөнүндө актыларды түзөт;
жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарды администрациялык жоопкерчиликке тартат;
- саркынды сууларды жер астындагы терең горизонтторго көмгөн полигондордун эксплуатацияланышын контролдойт (куюунун дебити, шыкоо кысымы, режимдик скважиналарда байкоо).
48. Коомдук саламаттык сактоо тармагында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- ичүүчү сууга, ичүүчү суу менен жабдуу булактарына жана системаларына коюлуучу талаптардын аткарылышын көзөмөлдөйт;
- жер астындагы суулардын, ичүүчү жана бальнеологиялык суу алуучу курулмалардын сапатын жана алардын калк тарабынан коопсуз пайдаланылышын контролдойт;
- ичүүчү жана бальнеологиялык суу чыгаргыч курулмалардын коргоо зоналарынын санитардык жана суу коргоо режиминин белгиленишин жана аткарылышын контролдойт.