Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-январы № 43
Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобонун III бөлүгүндө:
- "19", "6", "6", "6" сандары иретине жараша "13", "4", "4", "4" сандары менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институту", илимий-изилдөө институттары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдор" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, илимий-изилдөө институттары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюм" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |