Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 16-ноябры № 795
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы № 238, 2007-жылдын 27-августундагы № 337, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751, 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, 2013-жылдын 18-февралындагы № 86, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 695, 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 30-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу тармагындагы институттук жана түзүмдүк кайра түзүүлөр жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлсүн жана ал Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча улуттук орган болуп аныкталсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2. Шайкештикти милдеттүү баалоо чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруучу шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасынын шайкештикти баалоо боюнча органдарын аккредитациялоо боюнча улуттук орган жүргүзөт деп аныкталсын. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык) 3. Аккредитациялоо боюнча чет өлкөлүк органдардын аккредитациялоо натыйжаларын өз ара таануу белгиленген тартипте эки жана көп тараптуу макулдашууларды түзүү аркылуу жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин. Аккредитациялоо боюнча эл аралык ILAC, LAF уюмдарын өз ара таануу жөнүндө макулдашууларга кошулушкан мүчө болгон чет өлкөлүк аккредитациялоо боюнча органдар жүргүзгөн аккредитация бир тараптуу таанылат. 4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 5. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 6. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо; - (Абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту) - Шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш жөнүндө жобо. - Аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизүү/чыгаруу жөнүндө чечимдерин кабыл алуунун тартиби жана негиздери жөнүндө жобо. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Дагы караңыз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-декабрындагы № 727-б (Шайкештикти баалоого карата органдарды аккредитациялоо боюнча кеңештин курамын бекитүү тууралуу) буйругу 7. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына (макулдашуу боюнча) өз ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборуна өзүнчө административдик бөлүп берүү жөнүндө маселени чечүү сунуш кылынсын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 128, 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 9. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 10. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 11. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-февралындагы № 57 "2001-жылга чейин стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо жана продукциянын сапатын башкаруу тармактарындагы мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыттары (Концепциясы)" токтому; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-августундагы № 466 "Продукциялардын, процесстердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгиленген талаптарга шайкештигин баалоо боюнча ишмердик чөйрөлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө" токтому. 13. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 14. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2007-жылдын 28-февралындагы № 4 (290) саны менен жарыяланды 15. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 86 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|