Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 52
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, министрликтердин жана ведомстволордун ыкчам топторунун жеке курамынын жөнгө салынган иштерин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабды түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабдын курамында:
- үчүнчү абзацтагы "коммуникациялар" деген сөз "жол" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун начальниги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"облустардын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлор" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штаб жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "облустук, райондук мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-главада:
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоонун, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү боюнча координациялоо үчүн ыкчам топторду түзөт;";
- бешинчи абзац "материалдарды бөлүп берет" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле тартылуучу күчтөрдү жайгаштырууну уюштурат жана алар үчүн тиричилик шарттарын түзөт" деген сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды өз убагында даярдоо үчүн кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү, жер көчкүлөрдүн, таш кулоонун жана башка жылышуу процесстеринин алдын алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүүнүн болжолдуу мөөнөттөрү жөнүндө буйрук чыгарат, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтерине жана ведомстволоруна алдын ала маалымдайт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- ыкчам топторду түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана аларды Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү, жер көчкү, таш кулоо, башка жылышуу процесстери болгон зонага жөнөтөт;
- кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоонун алдын алуу жана алар түшүшү мүмкүн болгон жерлерде аларды мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди уюштурууга карата иш-чараларды жүргүзүү боюнча ыкчам топторду координациялоо.";
- сегизинчи абзацтагы "мекемелерди" деген сөз "ишканасын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ыкчам топтору менен биргеликте иштөө үчүн ыкчам топту түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү районго жөнөтөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ыкчам топтору менен биргеликте иштөө үчүн ыкчам топту түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү районго жөнөтөт.";
- он сегизинчи абзацтагы "жана артиллериялык ок-дарыларга" деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы жана жыйырма биринчи абзацтар менен толукталсын:
"- кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү боюнча жолдордун кар көчкү түшүү коркунучу бар участокторун атып түшүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун начальнигинин көрсөтмөсү менен артиллериялык курамды тапшырмаларды аткаруучу жерге жиберет жана өзүнүн туруктуу жайгашкан ордуна кайрылып келет;
- кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө жарылбай калган ок-дарыларды зыянсыздандырат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- ыкчам топтор менен биргеликте иштөө үчүн кезметчи бригадаларды кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү районго жиберет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоону, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатында иш-чараларды жүргүзүүдө калкты, ыйгарым укуктуу органдарды алдын ала маалымдайт жана жарандык коргонуу комиссиясынын катышуусун камсыз кылат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |