Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-июлу № 435
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штабды түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2018-жылдын 26-январындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жалпы пайдалануудагы негизги автомобиль жолдорунда кар, жер көчкү, таш кулоо жана башка жылышуу процесстери болгон учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республиканын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн жана башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штаб жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-июнундагы № 444 «Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн жана жер көчкүлөрдүн түшүүсүнүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2018-жылдын 26-январындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, ал жок учурда - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, штабдын жетекчиси.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри, ал жок учурда - министрдин тиешелүү тармакты тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри же анын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун начальниги;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин жол кыймылынын коопсуздугу маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
райондук мамлекеттик администрация башчылары - акимдер.
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 435 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штаб жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2018-жылдын 26-январындагы № 52 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу иштөөчү штаб (мындан ары - туруктуу иштөөчү штаб) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө координациялоочу башкаруу органы болуп эсептелет.
Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды натыйжалуу жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрациялардын күчтөрү жана каражаттары тартылат.
Бул Жобо жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жагындагы маселелерди чечүү боюнча жетектөөчү документ болуп эсептелет.
2. Туруктуу иштөөчү штабдын негизги максаттары жана милдеттери
Туруктуу иштөөчү штабдын негизги максаттары адам курмандыгына, калктуу конуштардын, электр берүү линияларынын, газ түтүктөрүнүн, суу менен камсыздоо тармактарынын, канализациялардын жана башкалардын кыйроосуна жол бербөө болуп эсептелет.
Туруктуу иштөөчү штабдын негизги милдеттери төмөнкүлөр:
- алдын алуучу иш чараларды жүргүзүү үчүн кар, жер көчкү, таш кулоо коркунучу бар участоктордун жана жылышуу процесстеринин абалына туруктуу мониторинг уюштуруу жана жүргүзүү;
- кар, жер көчкүлөрдүн, таш кулоо жана башка жылышуу процесстеринин пайда болуу коркунучун азайтуу максатында алдын алуучу иш-чараларды уюштуруу;
- жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калкка, ведомстволорго жана уюмдарга күн мурун кабарлоонуу уюштуруу;
- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кыш мезгилинде кар, жер көчкүнү жана таш кулоону мажбурлап түшүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү учурунда транспортту пайдалануу тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү пландоо жана уюштуруу;
- кар, жер көчкү, таш кулоо жана башка жылышуу процесстеринин кесепеттерин жоюу боюнча иш аракеттерди координациялоо.
3. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы кар, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоо, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатындагы иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тартиби
Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоо, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатындагы иш-чараларды уюштуруу үчүн:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоону, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу ыкчам маалыматтарды жалпылайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет;
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоонун, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана жоюу иш-чараларын жүргүзүү боюнча координациялоо үчүн ыкчам топторду түзөт;
- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын (макулдашуу боюнча) артиллериялык жана авиациялык бөлүмчөлөрү үчүн керектүү күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүп берет, ошондой эле тартылуучу күчтөрдү жайгаштырууну уюштурат жана алар үчүн тиричилик шарттарын түзөт;
- тартылуучу күчтөрдү жана каражаттарды өз убагында даярдоо үчүн кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү, жер көчкүлөрдүн, таш кулоонун жана башка жылышуу процесстеринин алдын алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүүнүн болжолдуу мөөнөттөрү жөнүндө буйрук чыгарат, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтерине жана ведомстволоруна алдын ала маалымдайт;
- ыкчам топторду түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана аларды Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү, жер көчкү, таш кулоо, башка жылышуу процесстери болгон зонага жөнөтөт;
- кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоонун алдын алуу жана алар түшүшү мүмкүн болгон жерлерде аларды мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди уюштурууга карата иш-чараларды жүргүзүү боюнча ыкчам топторду координациялоо.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- ыкчам чара көрүү үчүн жол пайдалануу ишканасын даярдыкта жана күйүүчү-майлоочу материалдардын зарыл болгон корун кармайт;
- кар, жер көчкү, таш кулоо жана башка жылышуу процесстери зыян келтирген автожолдордун участокторун бачым кайра калыбына келтирүү боюнча шашылыш чараларды көрөт;
- кар көчкүнү, жер көчкүнү жана таш кулоону мажбурлап түшүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө өз убагында жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун кардан, ылайдан жана таштардан тазалайт;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ыкчам топтору менен биргеликте иштөө үчүн ыкчам топту түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү районго жөнөтөт.
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аба ырайы кескин өзгөргөндө жана кар көчкүлөрдү, жер көчкүлөрдү жана таш кулоолорду мажбурлап түшүрүүдө автотранспорт кыймылын чектөөнү жана токтотууну камсыз кылат;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн, таш кулоолордун, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жаткан жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыз кылат;
- кар көчкүлөрдү, жер көчкүлөрдү, таш кулоолорду мажбурлап түшүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү мезгилинде жана алардын кесепеттерин жоюу процессинде жалпы пайдалануудагы автожолдордо автомашиналарды уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылат;
- кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү үчүн бөлүнгөн техникаларды жана артиллериялык куралдарды туруктуу жайгашкан жеринен тапшырманы аткарган жерге чейин жана кайра артка коштоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ыкчам топтору менен биргеликте иштөө үчүн ыкчам топту түзүү жөнүндө буйрук чыгарат жана кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү районго жөнөтөт.
- Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы (макулдашуу боюнча):
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирмесине ылайык жолдордун кар көчкү түшүүгө кооптуу участокторунда карды атып түшүрүү үчүн керектелүүчү бөлүп берет жана кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- туруктуу иштөөчү штабга зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттарга, күйүүчү-майлоочу материалдарга жана артиллериялык ок-дарыларга керектөөлөр жөнүндө билдирме берет, ошондой эле бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымдайт;
- бир вертолетту учурууга сааттык даярдыгын камсыздайт;
- кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү боюнча жолдордун кар көчкү түшүү коркунучу бар участокторун атып түшүрүүдө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобунун начальнигинин көрсөтмөсү менен артиллериялык курамды тапшырмаларды аткаруучу жерге жиберет жана өзүнүн туруктуу жайгашкан ордуна кайрылып келет;
- кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүдө жарылбай калган ок-дарыларды зыянсыздандырат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
ыкчам топтор менен биргеликте иштөө үчүн кезметчи бригадаларды кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүүчү районго жиберет.
- кар көчкү, жер көчкү, таш кулоо жана башка жылышуу процесстери болгон учурда медициналык камсыздоо күчтөрүн жана каражаттарын ишке тартат;
- жабырлануучулар өтө көп болуу учурунда медикаменттердин жана медициналык жабдуулардын корлорун түзөт;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондук мамлекеттик администрациялар:
- адамдар жана транспорт көп чогулушу мүмкүн болгон жерлерде тамактануу жана жылытуу жайларын даярдыкта кармайт;
- кар көчкү, жер көчкү түшүүнүн, таш кулоо жана башка жылышуу процесстеринин кесепеттерин жоюу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды даярдыкта кармашат;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүүсүн, таш кулоону, башка жылышуу процесстеринин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу жаатында иш-чараларды жүргүзүүдө калкты, ыйгарым укуктуу органдарды алдын ала маалымдайт жана жарандык коргонуу комиссиясынын катышуусун камсыз кылат.
- тартылган күчтөрдү жайгаштырууга жана аларга өзгөчө кыш мезгилинде тиричилик шарттарын түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- жабырлануучуларга зарыл болгон ар тараптуу жардам көрсөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-январындагы № 52 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Туруктуу иштөөчү штабдын ыйгарым укуктары
Туруктуу иштөөчү штаб белгиленген тартипте төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот:
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкү, жер көчкү түшүүнүн, таш кулоонун алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу маселелери боюнча туруктуу иштөөчү штабдын мүчөлөрүн угат;
- туруктуу иштөөчү штабдын мүчөлөрүнөн штабдын компетенциясына кирүүчү маалыматтарды сурайт;
- туруктуу иштөөчү штабдын кабыл алган чечимдеринин аткарылышын контролдойт жана аларды аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилик чаралары жана деңгээли жөнүндө сунуш киргизет.
5. Туруктуу иштөөчү штабдын ишин уюштуруу
Туруктуу иштөөчү штабдын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
Туруктуу иштөөчү штабдын жыйындарынын күн тартибин жана жыйындарда маселелерди кароо тартибин штабдын жетекчиси аныктайт.
Туруктуу иштөөчү штабдын жыйынын штабдын жетекчиси башкарат.
Туруктуу иштөөчү штабдын чечимдери протокол менен таризделет.