Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 205/68/5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-ноябры № 737/14/40-5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамында:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
С.Исаков |
| К.Кулматов |