Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 8-апрели № 205/68/5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 46-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктундагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Президентинин Администрациясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия тууралуу жободо:
- 5, 6, 8, 10, 16, 19, 20-пункттарындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөтү" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- негизги максатты ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын (мындан ары - Иш-чаралар планы) бардык жооптуу аткаруучулардын жана кошо аткаруучулардын ишин жана өз ара аракеттенүүсүн координациялоого;";
- 9-пункту "кароого чейин 5 (беш) жумуш күн мурда" деген сөздөрдөн кийин "кагаз жүзүндө жана (же) электрондук түрдө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин көчүрмөлөрү Ведомстволор аралык комиссиянын бардык мүчөлөрүнө кагаз жүзүндө жана (же) электрондук түрдө берилет.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 93/76/5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 627/42/2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 22-майындагы № 302-6/7 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 737/14/40-5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия түзүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
А.У.Жапаров К.К.Боконтаев
Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын финансы-экономикалык маселелерди тейлеген орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары;
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын экономика жана финансы маселелери боюнча вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары;
"Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын ишкерлер союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын рыноктор, ишканалар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын жүргүнчүлөрдү ташуучулар ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
"РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
"KG төлөм тутумдарынын операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системаларынын методологиясы, талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери, Ведомстволор аралык комиссиянын катчысы.
|
|