Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 559 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 129
Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелерин бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 23, 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 448, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-январындагы № 73 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкметү' жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 129 токтому менен бекитилген |
Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 23, 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 448, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-январындагы № 73, 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 487 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Ушул Эрежелер Башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан башкаруунун тартибин жана негизги принциптерин белгилейт (мындан ары - Эрежелер).
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Социалдык фонд) пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарында гана, ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык диверсификациялоо, ишенимдүүлүк, өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк жана кайтарымдуулук принциптерин камсыз кылуу зарылчылыгына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Социалдык фонд пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууда ушул Эрежелерге ылайык функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Инвестициялык портфелдин түзүмүнө талаптар
4. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөргө жайгаштырылышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына, пенсиялык топтоолордун наркынын 85 пайызынан ашпаган өлчөмдө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын эмитенттери тарабынан чыгарылган камсыздалган (күрөөлүк) облигацияларга, пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө. Мында бир эмитенттин облигацияларына ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун 5 пайызынан ашпаган өлчөмүн жайгаштырууга уруксат берилет;
3) пенсиялык топтоолордун наркынын 25 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү кредиттик уюмдардагы мөөнөттүү депозиттерге. Мында пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун депозитине ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун 15 пайызынан ашпаган өлчөмдө жайгаштырылышы мүмкүн;
31) пенсиялык топтоолордун наркынын 5 пайызынан ашпаган өлчөмдө кредиттик уюмдардагы чет өлкөлүк валютадагы мөөнөттүү депозиттерге. Мында пенсиялык топтоо каражаттары бир кредиттик уюмдун чет өлкөлүк валютадагы депозиттерине пенсиялык топтоолордун 15 пайызынан ашпаган өлчөмдө жана бир чет өлкөлүк валютада ушул пунктчада каралган пенсиялык топтоолордун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө жайгаштырылышы мүмкүн;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-январындагы № 73, 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 487 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын облигацияларына, пенсиялык топтоолордун наркынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө;
5) турак жайга ипотекалык кредит берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан чыгарылган ипотекалык баалуу кагаздарга, пенсиялык топтоолордун наркынын 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралбаган башка башкаруу объектилерине жайгаштырууга жол берилбейт.
Ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын ушул Эрежелердин 4-пунктунда каралган мамлекеттик баалуу кагаздарды кошпогондо, жылдык кирешеси жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынып жатканда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасынан төмөн болгон башкаруу объектилерине жайгаштырууга жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Пенсиялык топтоо каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн эмес:
1) эмитенттери тейлөө жөнүндө келишимдер түзүлгөн башкаруучу компаниялар, брокерлер, кредиттик жана камсыздандыруу уюмдары, депозитарий жана аудиторлору болуп саналган баалуу кагаздарды алууга;
2) банкроттук жол-жобосу козголгон эмитенттердин баалуу кагаздарын алууга;
3) оффшордук чөлкөмдө катталган юридикалык жак же оффшордук чөлкөмдө катталган катышуучулары, акционерлери жана аффилирленген жактары бар юридикалык жак, же болбосо оффшордук чөлкөмдүн аймагында жашаган жеке жак, же оффшордук чөлкөмдө катталган акционер (катышуучу) болуп саналган юридикалык жактар эмитенттердин баалуу кагаздарын алууга.
7. Пенсиялык топтоо каражаттары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге алынууга жатпайт, көрсөтүлгөн каражаттардын менчик ээсинин жана пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттеринин, ошондой эле пенсиялык топтоо каражаттарын түзүү жана инвестициялоо процессинин башка катышуучуларынын милдеттенмелерин башка камсыздоосунун жана күрөө предмети боло алышпайт.
8. Социалдык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын башкаруу боюнча ишинин аудити "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт
3. Пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштыруу үчүн кредиттик уюмдарды тандоо критерийлери
(Глава КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 448 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөттүү депозиттерге жайгаштыруу үчүн кредиттик уюмдарды тандоо критерийлери:
1) кредиттик уюмдарда банктык операцияларды жүргүзүү, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү салымдарды тартуу укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тийиштүү лицензиясынын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын, ошондой эле "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттешүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку 12 айдын ичинде бардык отчеттук даталарга (ай сайын) карата сакталышы;
3) акыркы эки жылда чыгашасыз иштердин жүргүзүлүшү;
4) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы эки жылда бухгалтердик жана финансылык отчеттуулуктун стандарттарында белгиленген эсепке алуунун жана отчеттуулуктун шайкештигин ырастаган тышкы аудитордун эскертүүсүз чыгарылган корутундусунун болушу;
5) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы отчеттук датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында, ошондой эле башка кредиторлордун жана контрагенттердин алдында тындырылбаган жана мөөнөтү өткөн карыздардын болбошу;
6) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы отчеттук датага карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнө карыздын болбошу;
7) мөөнөттүү депозиттик салымды кабыл алууга табыштамалар берилген датадан мурунку акыркы отчеттук датага карата жеке жактардан депозиттерди тартууга, жеке жана юридикалык жактарга алыш-бериш эсептерин ачууга тыюу салуулардын же чектөөлөрдүн жоктугу;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук териштирүүлөрдүн жоктугу;
9) кредиттик уюмдар убактылуу башкаруу режиминде эмес, ошондой эле кредиттик уюмдарда тикелей банктык көзөмөл киргизилген эмес.
Кредиттик уюмдардын ушул эрежелердин 9-пунктунда аталган критерийлерге шайкештигин ырастоо боюнча маалыматтардын тактыгына жоопкерчилик, аларды берген адамдарга жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 448 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кредиттик уюмдардын критерийлерге шайкештигин ырастаган маалымат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы макулдашуу боюнча, кредиттик уюмдар, ыйгарым укуктуу салык органы жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-сентябрындагы № 448 токтомунун редакциясына ылайык)