Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 629 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы № 91
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2015-жылдын 18-августу, № 78) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренесинин 5-пункту "администрациялык органдын" деген сөздөрдөн кийин "арыздануучунун," деген сөз менен толукталсын;
2) 27-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
3) 42-беренесинде:
а) аталышы "жол-жобонун" деген сөздөн кийин "өткөрүү" деген сөз менен толукталсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Администрациялык орган эгерде башка ченемдик укуктук акт менен атайын мөөнөт белгиленбесе, он жумушчу күндүн ичинде административдик жол-жобону аякташы керек.";
4) 46-беренесинин 4-бөлүгүндөгү "жол-жобонун катышуучуларына үч жумушчу күндүн ичинде тиешелүү түрдө жиберилет" деген сөздөр "жол-жобонун катышуучуларына эгерде башка ченемдик укуктук акт менен атайын мөөнөт белгиленбесе, үч жумушчу күндүн ичинде тиешелүү түрдө жиберилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 52-беренесинин 4-бөлүгү "Административдик акт" деген сөздөрдөн кийин "эгерде башка ченемдик укуктук акт менен атайын мөөнөт белгиленбесе" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 62-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "жана 57-беренесинин 3-бөлүгү" деген сөздөр 57-беренесинин 3-бөлүгү жана 67-беренесинин 1-3-бөлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 63-беренесинин 1-бөлүгү "жумушчу күндүн" деген сөздөрдөн кийин "же башка ченемдик укуктук акт менен каралган атайын мөөнөттүн" деген сөздөр менен толукталсын;
8) 64-беренесинде:
а) аталышындагы "Даттанууга" деген сөз "Административдик даттанууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Административдик даттануу жазуу түрүндө берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Административдик даттануу жеке өзү, өкүл аркылуу берилиши же почта менен жөнөтүлүшү мүмкүн.";
9) 65-беренесинде:
а) аталышы "келип түшкөн" деген сөздөрдөн кийин "административдик" деген сөз менен толукталсын;
б) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Администрациялык орган ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарын сактоо менен административдик даттанууну дароо каттоого жана даттанууну берген жакка маалымкат берүүгө же жиберүүгө милдеттүү.
Маалымкатта административдик даттануунун катталган датасы, аны кароо мөөнөтү жана даттанууну кароонун атайын мөөнөтү аныкталган мыйзамдын аталышы көрсөтүлүшү керек. Маалымкаттын формасы администрациялык орган тарабынан өз алдынча аныкталат.";
в) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "даттанууну алганда даттануунун" деген сөздөр "административдик даттанууну алганда анын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
г) 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "даттануу" деген сөз "административдик даттануу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
д) 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "учурда," деген сөздөн кийин "административдик" деген сөз менен толукталсын;
е) 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "беш күндүк" деген сөздөр "бир күндүк" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ё) 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Төмөн турган администрациялык орган административдик ишти (материалды) документтин түп нускасын кийин жөнөтүү менен факсимиль байланышы аркылуу берүүгө укуктуу.";
10) 67-беренесинде:
а) 1-бөлүгүндөгү "Эгерде ушул главада башка каралбаса" деген сөздөр "Ушул Мыйзамдын 28-32-беренелеринен, 43-беренесинин 2-4-бөлүктөрүнөн жана 44-47-беренелеринен, ошондой эле 10 жана 11-главаларынан тышкары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1, 1-2 жана 1-3-бөлүктөр менен толукталсын:
"1-1. Администрациялык орган административдик актка, төмөн турган администрациялык органдын (кызмат адамынын) аракетине же аракетсиздигине даттанууну эгерде башка ченемдик укуктук акт менен атайын мөөнөт белгиленбесе, ал катталган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде кароого милдеттүү.
1-2. Административдик даттанууну кароо мөөнөтү ушул Мыйзамдын 43-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда беш жумуш күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
1-3. Эгерде администрациялык орган ушул берененин 1-1 жана 1-2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө административдик даттанууну маңызы боюнча карабаса жана чечим кабыл албаса, анда даттанууну берген жак административдик актыга, төмөн турган администрациялык органдын (кызмат адамынын) аракетине же аракетсиздигине, анын ичинде административдик даттануу боюнча администрациялык органдын аракетсиздигине сот тартибинде даттанууга укуктуу.";
11) 68-беренесинин 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2017-жылдын 1-февралы, № 10-11) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
111-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту "органдын чечими" деген сөздөрдөн кийин "же административдик иш жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте административдик орган тарабынан берилген маалымкат" деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти