Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-январы № 67
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө шарттарын жана тартибин иретке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 601 "Аскер кызматчыларына талаа акчаларынын ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы "мезгилдери үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле бул бөлүктөргө жана бөлүмдөргө текшерүү, инспекциялоо жана аскердик даярдыктарды уюштурууга жана өздүк курамды турмуш-тиричилик жактан камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн командировкага жиберилген аскер кызматчыларына" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн курамына таандык эмес, окутуу борборлоруна, лагерлерге, полигондорго жана запастык аэродромдорго жиберилген, ушул бөлүктөргө жана бөлүмдөргө текшерүү, инспекциялоо жана аскердик даярдыктарды уюштурууга жана өздүк курамды турмуш-тиричилик жактан камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн командировкага жиберилген;";
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскердик түзүлүштөрү өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чараларды ишке ашыруу тиешелүү жылга республикалык бюджетте бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |