Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы N 601 токтомуна тиркеме |
Аскер кызматчыларына талаа акчаларын төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 450, 2018-жылдын 31-январындагы № 67 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама контракттык кызматтын аскер кызматчыларына (мындан ары - аскер кызматчылары) талаа акчаларын төлөө тартибин жана шарттарын аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 450 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аскер кызматчыларына күжүрмөн даярдык боюнча милдеттерди бышыктоо үчүн окуу борборлорунда, лагерлерде, полигондордо, запастагы аэродромдордо, бирикмелердин, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин (мындан ары - аскер бөлүктөрү) туруктуу жайгашкан пункттарынан тышкары машыгууларда жана маневрларда болгон убагы үчүн талаа акчалары төлөнүп берилет.
II. Талаа акчаларын төлөп берүү тартиби жана шарттары
3. Талаа акчалары, анын ичинде жолдогу убактысы үчүн, төмөнкү аскер кызматчыларына төлөнүп берилет:
- аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн курамына таандык эмес, окутуу борборлоруна, лагерлерге, полигондорго жана запастык аэродромдорго жиберилген, ушул бөлүктөргө жана бөлүмдөргө текшерүү, инспекциялоо жана аскердик даярдыктарды уюштурууга жана өздүк курамды турмуш-тиричилик жактан камсыздоого жардам көрсөтүү үчүн командировкага жиберилген;
- аскер топторунун командачысынын, башкы башкармалыктын башчысынын, аларга теңдеш жана жогору тургандардын буйругу менен же бул кызмат адамдары тарабынан бекитилген аскерлерди окуу борборлоруна, лагерлерге, полигондорго, запастагы аэродромдорго чыгаруу планына ылайык күжүрмөн даярдык боюнча милдеттерди бышыктоо үчүн окуу борборлоруна, лагерлерге, полигондорго, запастагы аэродромдорго чыгарылган аскер бөлүктөрүнүн жана подразделениелердин кызматчыларына;
- эгер маневрлардын жана машыгуулардын (оюндардын) узактыгы бир суткадан ашык убакытты түзсө, күжүрмөн даярдык планы боюнча өткөрүлүүчү маневрларга, талаа жана командалык-штабдык машыгууларга (оюндарга) катышууга тартылуучу аскер бөлүктөрүнүн жана подразделениелердин кызматчыларына.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 67 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы № 67 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Ошондой эле талаа акчалары, анын ичинде жолдогу убактысы үчүн, төмөнкү аскер кызматчыларына төлөнүп берилет:
а) аскер бөлүктөрүнүн жана подразделениелердин курамына тиешелүү болбогон маневрларга жана машыгууларга (оюндарга) катышуучуларга;
б) окуу борборлорун жана лагерлерди кайтаруу, жабдуу же оңдоо үчүн подразделениелердин курамында жөнөтүлгөндөргө же жеке калтырылгандарга;
в) рекогносцировкаларда аскер бөлүктөрүнүн же командалардын курамында болгон убактысы үчүн;
г) авиациялык техниканы, учуу-конуу тилкелерин жана башка аэродромдук курулмаларды күжүрмөн даярдыкта кармоо үчүн бир жылдык мөөнөткө чейин запастык аэродромдорго аскер бөлүктөрүнүн жана подразделениелердин же командалардын курамында жөнөтүлгөндөргө;
д) аскердик бөлүктөрдүн туруктуу жайгашкан пунктунан тышкары бекемделген райондордун кезметтик подразделениелеринин жана артиллериялык взводдорунун курамында күжүрмөн кезметти өтөө убактысы үчүн;
е) эпидемиялардын очокторунда карантин зоналарын кайтарууга алуу үчүн аскер бөлүктөрүнүн жана подразделениелердин же командалардын курамында жөнөтүлгөндөргө;
ж) аскер окуу жайларынан окуу борборлоруна жана лагерлерге запастагы офицерлер, угуучулар жана курсанттар менен окуу сабактарын өткөрүү үчүн же угуучулукка (курсанттыкка) талапкерлерден конкурстук кирүү сынактарын кабыл алуу үчүн командировкалангандарга;
з) окуу борборлорунда жана лагерлерде окуу сабактарында болгон мөөнөтү үчүн жогорку аскер окуу жайларынын жана орто аскер окуу жайынын угуучуларына жана курсанттарына;
и) катардык, инженердик-аэродромдук жана жол-курулуш аскер бөлүктөрүнүн, подразделениелердин же командалардын курамында бир жылдык мөөнөткө чейин аскердик бөлүктүн туруктуу жайгашкан пунктунан тышкары курулуш жана оңдоо иштерин аткаруу үчүн жөнөтүлгөндөргө;
к) аскердик бөлүктүн туруктуу жайгашкан пунктунан тышкары турган курулуш объекттерине, көлөмү чоң эмес болгондуктан бул объекттердеги ал иштерди аткаруу бүтүндөй аскердик бөлүктү кайра жайгаштырууну талап кылбаган учурларда подразделениелердин же командалардын курамында бир жылдык мөөнөткө чейин жөнөтүлгөндөргө;
л) аскерлерди тейлөө үчүн жөнөтүлгөн аскер бөлүктөрүнүн көчмө мекемелеринин жана көчмө подразделениелеринин аскер кызматчыларына.
Бул пункттун "г)", "и)", "к)" пунктчаларында көрсөтүлгөн иштердеги аскер кызматчыларынын үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү аскердик бөлүктүн, подразделениенин же команданын аскердик бөлүктүн туруктуу жайгашкан пунктунан тышкары турган курулуш (оңдоо) объекттерине же болбосо запастык аэродромдоруна жөнөтүлгөн баштапкы күнүнөн баштап, бул убакыттан айрым аскер кызматчыларынын өргүүгө, иш-сапарга, дарыланууга ж.б.у.с. кетүү менен жок болгон мөөнөтүн чыгарып салбастан эсептелет.
Аскер бөлүктөрүнүн, подразделениелердин же командалардын курамында бир курулуш (оңдоо) объекттеринен же запастык аэродромунан башкаларга жөнөтүлгөн аскер кызматчыларына жаңы курулуш (оңдоо) объектинде, запастык аэродромдо болгон үзгүлтүксүз мөөнөтү мурдакы объектте, аэродромдо болуу мөөнөтү эсепке алынбай эсептелет.
6. Талаа акчаларын эсептөөдө аскердик бөлүктүн же подразделениенин туруктуу жайгашкан пункттунан кеткен күн жана бул пунктка кайрылып келген күн бир сутка деп эсептелет.
Аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын чек арасынан сырткары болгон учурда талаа акчаларын эсептөөдө окуу борборуна, лагерге, полигонго, запастык аэродромго, маневрларга же машыгууларга барууда чек арадан өткөн күн жана аскердик бөлүктүн туруктуу жайгашкан жерине кайтып келаткандагы чек арадан өткөн күн бир сутка болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 450 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Талаа акчалары аскер кызматчыларына штаттык кызмат орду боюнча, өтүп кеткен ай үчүн акча үлүшүнө өтүп жаткан айдагы үлүштү кошо төлөө менен - аскер бөлүгүнүн командиринин буйругунун негизинде берилет.
Окуу борборлоруна, лагерлерге, полигондорго, запастагы аэродромдорго, машыгууларга, маневрларга жеке өзү жиберилген аскер кызматчыларына жана ушул Нускаманын 5-пунктундагы "в)", "д)", "е)"", "и)" жана "л)"" пунктчаларында каралган маселелерди аткаруу үчүн жиберилген аскер кызматчыларына талаа акчалары төлөнөт, ал эми белгиленген учурларда иш-сапардык жазма көрсөтмөнүн негизинде - тиешелүү иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жүктөлгөн аскер бөлүктөрү тарабынан суткалык акчалар төлөнөт.
Талаа же суткалык жана квартиралык акчаларды төлөө жөнүндө жазуу иш-сапардык көрсөтмөдө, төлөө кайсы мөөнөткө жана канча суммада жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүү менен жүргүзүлөт.
8. Талаа акчалары, анын ичинде жолдо жүрүү убактысына, төмөнкүлөргө төлөнбөйт:
- эгер кызматтык тапшырманы аткаруу кызматтык пункттан (туруктуу жашаган жеринен) тышкары үзгүлтүксүз болууну талап кылбаса, ал жөнүндө аскердик бөлүктүн командиринин буйругунда көрсөтүлүшү керек, кызмат ордуна же туруктуу жашаган жерине күн сайын барып-келүүгө мүмкүнчүлүгү болгон аскер кызматчыларына;
- бул Нускаманын 3-пунктунун биринчи пунктчасында аталган кызмат орундагы адамдардын буйругусуз окуу борборлоруна, лагерлерге, полигондорго жана запастагы аэродромдорго күжүрмөн даярдануу боюнча милдеттерди бышыктоо үчүн чыгарылган аскердик бөлүктөрдүн жана подразделениелердин аскер кызматчыларына;
- аскер кызматчыларынын дарылануу мекемелеринде (подразделениелеринде) дарыланууда жүргөн мезгилинде;
- өлкөнү асмандагы чабуулдан коргоо боюнча күжүрмөн кезметчилиги үчүн иш-сапардык чыгымдардын же акчалай акынын ордун толтурууга укугу бар аскер кызматчыларына;
- аскер кызматчыларынын гауптвахтада камакта жүргөн мезгилинде;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына жана жарандык жаштардын же мөөнөттүү кызматтын солдаттарынын, сержанттарынын жана старшиналарынын ичинен аскердик-окуу жайлардын курсанттарына;
- окутуучу жана текшерүүчү жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөргө;
- аскердик окуу жайлардан окуу борборлоруна жана лагерлерине илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, алдыңкы тажрыйбаны жалпылоо жана аякталган илимий иштерин киргизүү үчүн жиберилген аскер кызматчыларына;
- окуу борборлоруна жана лагерлерге аскердик-окуу жайларга, анын ичинде сырттан окуунун факультеттерине жана бөлүмчөлөрүнө конкурстук кирүү экзамендерин берүү үчүн, ошондой эле аскердик окуу жайлардын толук курсуна зачетторду жана экзамендерди тез арада берүү үчүн жиберилген аскер кызматчыларына;
- аскер кызматчылары акысыз тамактануу менен камсыз кылынган учурда, маневрларда жана машыгууларда болуу мезгилинде азык-түлүк азыгынын ордуна акчалай компенсацияга укугу бар аскер кызматчыларына.
9. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-июлундагы № 450 токтомуна ылайык күчүн жоготту)