Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-ноябрындагы № 596 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 77
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 176 "Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын администрациялык комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын администрациялык комиссиялары тууралуу типтүү жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
''2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын компетенцияларынын алкагында администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 509 жана 534-1-беренелерине ылайык кароого укуктуу.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С. Исаков |