Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-ноябры № 596
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 176 "Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын администрациялык комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-февралындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-мартындагы № 176 "Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын администрациялык комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |