Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- "2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| С. Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 85 токтому менен жактырылган |
2017-жылдын 13-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогоруда аталган Макулдашуунун долбоору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 512-б буйругу менен жактырылган.
"Айылдарды таза суу менен жабдууну жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилет.
Долбоордун наркы 43,2 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинен:
- Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын гранты - 11,9 млн. АКУ, (эквиваленти 16,2 млн. АКШ доллары);
- Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы - 14,5 млн. АКУ, (эквиваленти 19,8 млн. АКШ доллары);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу - 7,2 млн. АКШ доллары. Каржылоо булактары 2018-жылдын республикалык бюджетинде жана 2019-2020-жылдарга болжолдо каралган.
Ошону менен бирге, АКУ - атайын карыз алуу укугу, насыя аркылуу төлөм баланстарын жөнгө салуу үчүн пайдаланылат.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын финансылык насыя берүүсүнүн шарттары: насыя 38 жылга, 6 жылдык жеңилдетилген мезгил менен берилет, пайыздык чени 0,75%.
Бул Долбоордун максаты - катышуучу айылдык жамааттарда суу менен жабдуу жана санитария кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууну, ичүүчү суу менен жабдуучулардын потенциалын бекемдөөнү көздөйт.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын каржылоосу Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы тандалган 53 айылдагы иш-чараларга жумшалат.
Аталган Макулдашуу айыл жериндеги суу менен жабдуу жана санитария тутумдарын андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу маселелерди чечүүнү көздөйт жана республиканын суу секторун өнүктүрүүгө жакшы таасир берет.
Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы менен айыл жеринде жашаган 11000 адам коопсуз ичүүчү таза суу менен камсыз болот, ошондой эле санитария кызматы жакшырат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кошо каржылоосу курулуш иштерине, ошондой эле калкты көчүрүүгө байланыштуу иш-чараларга жумшалат.
Аталган мыйзам долбоору социалдык, мыйзамдык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбейт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет. Бул Мыйзамды кабыл алуу башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт.
Аталган Макулдашуудан келип чыгуучу финансылык милдеттенмелер 2018-жылга карата республикалык бюджеттин жана 2019-2020-жылдарга болжолдун эсебинен камсыздалышат.