Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-марты № 147
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласы "максатында," деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине," деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын тизмеси (6-1-тиркеме);";
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-3-пункт менен толукталсын:
"2-3. Салыктык контролдоо ушул токтомдун 6-1-тиркемесинде каралган контролдоо пункттарында жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.";
- 3-пунктундагы "2-пунктунда" деген сөздөр "2, 2-1, 2-2 жана 2-3-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттор жөнүндө жободо:
- 1.4-пункту "транспорттук," деген сөздөн кийин "салыктык," деген сөз менен толукталсын;
- 1.5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- салыктык контролду камсыз кылуу боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
"6-1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Контролдоо пунктунун аталышы | Посттун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иш режими | Контролдун түрлөрү | |||||
транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | Ысык-Ата | Чүй облусу, Ысык-Ата району, Хун-Чи а.) | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
2 | Манас | Талас облусу, Манас району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
3 | Чалдыбар | Чүй облусу, Жайыл району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
4 | Сосновка | Чүй облусу, Жайыл району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |