Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 19-ноябры № 556
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677, 2011-жылдын 23-мартындагы № 114, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 229, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 830, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2013-жылдын 26-февралындагы № 99, 2013-жылдын 5-августундагы № 448 2013-жылдын 9 сентябрындагы № 504, 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 516, 2014-жылдын 7-октябрындагы № 581, 2015-жылдын 7-майы № 278, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2015-жылдын 9-октябры № 702, 2015-жылдын 27-октябры № 734, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2017-жылдын 8-июнундагы № 347 , 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 584, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76, 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151, 2020-жылдын 21-августундагы № 430, 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №174, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221, 2024-жылдын 17-январындагы № 11, 2024-жылдын 15-августундагы № 473, 2024-жылдын 19-августундагы № 480, 2025-жылдын 15-майындагы № 256, 2025-жылдын 30-майындагы № 296, 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Нормативдик укуктук актыларды өткөрүү пункттары жана мамлекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн тиешелүү контролдоону камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен эл аралык келишимдеринин талатарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасында бажылык жѳнгѳ салуу жѳнγндѳ», "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жаратылышты коргоо жана баңгизаттарга каршы боюнча эл аралык конвенциялардын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2015-жылдын 16-июлу № 504, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомдорунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз-Казакстан мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 1 тиркеме);
- Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 2 тиркеме);
- Кыргыз-тажик мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 3 тиркеме);
- Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасындагы өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 4 тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы эл аралык аба катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын тизмеси (№ 5 тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык постгордун тизмеси (№ 6 тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын тизмеси (6-1-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо пункттарынын тизмеги (62-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттор жөнүндө жобо (№ 7 тиркеме).
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147, 2020-жылдын 13-мартындагы № 151 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карантиндик (эпидемияга каршы, эпизоотияга каршы ) посттору түздөн-түз эпидемия жана эпизоотия чыккан жерлерге, аларды локалдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча облустардын мамлекеттик администрация жетекчилеринин, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын чечими боюнча коюлушу мүмкүн экендиги белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-1. Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагынан товарларды жана транспорттук каражаттарды ташып келүүгө/ташып чыгууга карата мамлекеттик контролдоонун бардык каралган түрлөрүнөн өтүүнүн максималдуу убактысы бир сааттан же аба кемелеринин туруу (темир жол курамдары) убактысынан ашпоого тийиш экендиги белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-декабрындагы № 677 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иштер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында аныкталуучу жоболорго ылайык маалыматтык системаларды колдонуу менен товарларга жана транспорт каражаттарына карата өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
2-3. Салыктык контролдоо ушул токтомдун 61-тиркемесинде каралган контролдоо пункттарында жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Өткөрүү пункттарында тез бузулуучу продукциялар жүктөлгөн транспорт каражаттарын өткөрүүгө убакыт белгиленет. Бул убакыт бир сутка ичинде бир сааттан кем болбоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруучу бийликтин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана айыл өкмөттөрүнө ушул токтомдун 2, 2-1, 2-2 жана 2-3-пункттарында аталган учурларды кошпогондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен аныкталбаган Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда стационардык жана убактылуу посттордун бардык түрлөрүн коюуга тыюу салынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын ички автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун талаптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 734, 2019-жылдын 20-февралындагы № 76 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Товарларды, буюмдарды жана башка предметтерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга контролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-майындагы № 274 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы Стационардык посттордун тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 6-июнундагы № 256 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-июлундагы № 435 токтому;
- "Товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга контролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтому;
- "Товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө жана чыгарууга котролду күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 4-декабрындагы № 791 токтомун жарым-жартылай күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 22-августундагы № 509 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 20-декабрындагы № 660 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 885 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобилдик жолдорундагы ички стационар посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-августундагы № 638 токтомуна толуктоо киргизүү, тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 447 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-августундагы № 553 токтомунун 13-пункту.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Атамбаев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | ||||||
Чек аралык | Транспорттук | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Ак-Жол автожолу | Чүй обл., Аламүдүн р-ну (Бишкек-Алматы а/ж 18 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
2 | Жайыл автожолу | Чүй обл., Жайыл р-ну, Степное а. түндүк чети | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
3 | Чалдыбар автожолу | Чүй обл., Панфилов р-ну, Чалдовар а. батыш чети (Бишкек-Тараз а/ж 98 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + |
4 | Камышановка автожолу | Чүй обл., Сокулук р-ну, Камышановка а. батыш чети | Эки тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | + |
5 | Ак-Тилек автожолу | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Чу д. түштүк жээги (Хун-Чи а. чыгыш жагында көпүрөнүн жаны) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
6 | Кен-Булуң автожолу | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Казакстан Республикасынын Трудовик а. бурулушундагы көпүрөнүн жаны | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | + | + | + | + |
7 | Токмок автожолу | Чүй обл., Чүй р-ну (Бишкек-Кемин а/ж 63 км, Чу д. аркылуу Дунларов атынд. көпүрөнүн жаны) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
8 | Каркыра автожолу | Ысык-Көл обл., Түп р-ну, Каркыра жери (3 МТФ) | Көп тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | + |
9 | Чоң-Капка автожолу | Талас обл., Манас р-ну | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
10 | Кичи-Капка автожолу | Талас обл., Манас р-ну | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + |
| + | + | + | + |
11 | Күркүрөө автожолу | Талас обл., Кара-Буура р-ну, Аманбаев а. батыш чети | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | + | + | + | + |
12 | Кайыңды темир жолу | Чүй обл., Панфилов р-ну, Кайынды ш. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | + | + | + | + | + |
Эскертүү: Транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик чек арага жакын жерде транспорттук контроль жүзөгө ашырылат.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473 , 2024-жылдын 19-августундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Транспорттук | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Торугарт автожолу | Нарын обл., Ат Башы р-ну (Бишкек-Кашгар а/ж 531 км (КЭР) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
2 | Иркештам автожолу | Ош обл., Алай р-ну (Нур а. 4 км чыгыш жагы) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
3 | Бедел автожолу | Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну (Барскоон-Үчтурфан-Аксу а/ж 130 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | 3 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473, 2025-жылдын 30-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери | Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Транспорттук | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Медициналык санитардык карантиндик | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Кайрагач автожолу | Баткен обл., Лейлек р-ну (Раззаков атынд. а. 0,5 км батыш жагы) | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
2 | Кызыл-Бел автожолу | Баткен обл., Баткен р-ну, Кызыл-Бел а. түштүк чети | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
3 | Кулунду автожолу | Баткен обл., Лейлек р-ну, Кулунду а. түндүк чети | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | + | + | + | + | - | + |
4 | Карамык | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Карамык а. түштүк-батыш чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | + | + | + | + | + | + |
5 | Бор-Дөбө автожолу | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Бор-Дөбө жери | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473, 2025-жылдын 30-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери | Өткөрүү пункттарынын статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Транспорттук | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Медициналык санитардык карантиндик | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Кызыл-Кыя автожолу | Баткен обл., Кадамжай р-ну, (Кызыл-Кыя Фергана а/ж 3 км) | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
2 | Кара-Багыш автожолу | Ош обл., Араван р-ну, (Ош Мархамат а/ж 37 км) Өзбекстан Республикасы | Эки тараптуу, күндүз | + | + | - | + | + | + | - | + |
3 | Достук автожолу | Ош обл., Кара-Суу р-ну (Ош Анжиан а/ж 5 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
4 | Ынтымак автожолу | Ош обл., Кара-Суу р-ну, (Ош-Анжиан а/ж) | Эки тараптуу, күндүз | + | + | + | + | + | + |
| + |
5 | Баймак автожолу | Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну, Баймак а. чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | - | - | - | - | - | - | + |
6 | Сейдикум автожолу | Жалал-Абад обл., Базар-Коргон р-ну, Сейдикум а чет жагы | Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз | + | + | + | + | + | + | - | + |
7 | Маданият автожолу | Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, (Бишкек-Ош а/ж 498 км) | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | + | + | + | + | - | + |
8 | Бек-Абад автожолу | Жалал-Абад обл., Сузак р-ну, Бек-Абад а. батыш чет жагы | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | - | + |
9 | Кара-Суу автожолу | Ош обл., Кара-Суу р-ну, Кара-Суу ш. түндүк чет жагы | Эки тараптуу, күндүз | + | - | + | + | + | + | - | + |
10 | Сумсар автожолу | Жалал-Абад обл., Ала-Бука р-ну | Жөнөкөйлөтүлгөн өткөрүү, күндүз | + | + | - | + | + | + | - | + |
11 | Кең-Сай автожолу | Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | - | + |
12 | Кызыл-Кыя темир жолу | Баткен обл., Кызыл-Кыя ш., Кызыл-Кыя т/ж станциясынын 38-посту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
13 | Жалал-Абад темир жолу | Жалал-Абад обл., Жалал-Абад ш. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
14 | Кара-Суу темир жолу | Ош обл., Кара-Суу а. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + | + |
15 | Шамалды-Сай темир жолу | Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, Шамалды-Сай т/ж ст. | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | - | + |
|
| 5-тиркеме |
Эл аралык аба катнаштары үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аэропортторундагы өткөрүү пункттарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473, 2025-жылдын 15-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Өткөрүү пунктунун статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||||
Чек аралык | Бажылык | Салыктык | Медициналык санитардык-карантиндик | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | "Манас" аэропорту | Чүй обл., Сокулук р-ну, "Манас" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
2 | "Ош" аэропорту | Ош ш., "Ош" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
3 | "Ысык-Көл" аэропорту | Ысык-Көл обл., Тамчы а., "Ысык-Көл" аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
4 | "Каракол" аэропорту | Ысык-Көл облусу, Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | + | + | + | + | + | + |
5 | "Баткен" аэропорту | Баткен обл., Баткен ш., "Баткен" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | - | - | - | + | + | + | + |
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-августундагы № 473, 2025-жылдын 30-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
ИИМдин автомобилдик инспекциялары | Транспорттук | Ветеринардык | Фитосанитардык | Баңгизаттарга каршы | Статистикалык эсеп | ||||
1 | Чычкан | Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Чычкан капчыгайы, Бишкек-Ош а/ж 272 км | Күнү-түнү | + | - | + | - | + | + |
2 | Манас | Чүй обл., Сокулук р-ну, Ак-Жол а., Бишкек а/ж - "Манас" а/п | Күнү-түнү | - | - | - | - | + | + |
3 | Маловодное | Чүй обл., Сокулук р-ну, Маловодное а., Бишкек-Ташкент а/ж | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
4 | Сосновка | Чүй обл., Жайыл р-ну, Сосновка а., Бишкек-Ош а/ж 82 км | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
5 | Ысык-Көл | Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Бишкек-Каракол а/ж 144 км | Күнү-түнү | - | - | - | + | + | + |
6 | Ак-Жол | Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Бишкек-Алматы а/ж 18 км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
7 | Кара-Көл | Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Бишкек-Ош а/ж 395 км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
8 | Кызыл көпүрө | Чүй обл., Кемин р-ну, Бишкек-Торугарт а/ж 135 км | Күнү-түнү | + | - | + | + | + | + |
9 | Киргшелк | Чүй обл., Ысык-Ата р-ну, Бишкек-Торугарт а/ж 16 км | Күнү-түнү | - | + | - | - | + | + |
10 | Рязан-Сай | Жалал-Абад обл., Аксы р-ну, Бишкек-Ош а/ж 425 км | Күнү-түнү | - | - | - | - | + | + |
11 | Кызыл-Омпол | Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Кочкор-Балыкчы а/ж 55 км | Күнү-түнү | - | - | - | - | + | + |
12 | Ак-Турпак | Баткен обл., Баткен р-ну, Баткен-Кадамжай айланма а/ж 29 км | Күнү-түнү | + | - | - | - | + | + |
13 | Кызыл-Кыя | Баткен обл., Кызыл-Кыя ш., Бишкек-Баткен а/ж 170 км | Күнү-түнү | - | - | - | + | - | + |
14 | Балыкчы | Ысык-Көл обл., Балыкчы ш., "Ак-Кеме" экологиялык посту Балыкчы-Бишкек а/ж 190 км | Күнү-түнү | - | + | - | + | - | + |
15 | Сары-Чат | Нарын обл., Кочкор р-ну, Бишкек-Нарын-Торугарт а/ж 174 км | Күнү-түнү | + | + | - | - | - | + |
|
| 61-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордогу контролдоо пункттарынын ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221, 2025-жылдын 28-августундагы №533 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Контролдоо пунктунун аталышы | Посттун жайгашкан жери (облус, район) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | Ысык-Ата | Чүй облусунун Ысык-Ата району (Хун-Чи а.) | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
2 | Кең-Булуң | Чүй облусунун Ысык-Ата району (Казакстан Республикасынын Трудовик айылынын бурулушундагы көпүрөнүн жаны) | Күнү-түнү | + | + | + | + |
| + |
3 | Ак-Жол | Чүй облусунун Аламүдүн району (Бишкек-Алматы а/ж 18 км) | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
4 | Чалдыбар | Чүй облусунун Жайыл району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
5 | Сосновка | Чүй облусунун Жайыл району | Күнү-түнү | + | - | + | + | + | + |
6 | Жайыл | Чүй облусунун Жайыл району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
7 | Камышановка | Чүй облусунун Сокулук району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
8 | Чоң-Капка | Талас облусунун Манас району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
9 | Кичи-Капка | Талас облусунун Манас району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
10 | Каркыра | Ысык-Көл облусунун Түп району (Каркыра жери) | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
|
| 62-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ички стационардык темир жол постторундагы контролдоо постторунун ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Контролдоо постторунун аталышы | Посттордун жайгашкан жери (облус, район, калктуу конуш) | Стационардык посттордун иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү | |||||
транспорттук | салыктык | карантиндик жана фитосанитардык | санитардык-эпидемиологиялык | ветеринардык | статистикалык (эсепке алуу максатында) | ||||
1 | "Маймак" | Талас облусу, Кара-Буура району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
2 | "Кара-Балта" | Чүй облусу, Жайыл району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
3 | "Аламүдүн" | Чүй облусу, Аламүдүн району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
4 | "Кара-Суу" | Ош облусу, Кара-Суу району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
5 | "Бишкек-1" | Бишкек шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
6 | "Кызыл-Кыя" | Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
7 | "Беловодское" | Чүй облусу, Москва району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
8 | "Кант" | Чуй облусу, Ысык-Ата району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
9 | "Рыбачье" | Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + |
|
10 | "Жалал-Абад" | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
11 | "Таш-Көмүр" | Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
12 | "Кайынды" | Чүй облусу, Панфилов району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
13 | "Токмок" | Чүй облусу, Токмок шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
14 | "Кашгар-Кишлак" | Ош облусу, Кара-Суу району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
15 | "Ош" | Ош шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
16 | "Шамалды-Сай" | Жалал-Абад облусу, Шамалды-Сай шаарчасы | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
17 | "Шопоков" | Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
18 | "Ивановка" | Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ивановка айылы | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
19 | "Быстровка" | Чүй облусу, Кемин району, Кемин шаары | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
20 | "Джиль-Арык" | Чүй облусу, Кемин району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
21 | "Жоон-Дөбө" | Талас облусу, Кара-Буура району | Күнү-түнү | + | + | + | + | + | + |
Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттор жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунда ички постторду (мындан ары - посттор) орнотуунун, ачуунун, алардын иштешинин жана жабуунун укуктук, уюштуруучулук, финансы-экономикалык жана башка негиздерин аныктайт.
1.2. Посттор жеке жана юридикалык жактардын (мындан ары - жактар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, автомобилдик катнаш тармагындагы эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды, товарларды, транспорт каражаттарын жана башка буюмдарды алып өтүүнүн белгиленген эрежелерин сакташы үчүн мамлекеттик контролдоону камсыздоого арналат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Аймактарынын чектериндеги посттор өзүнө тийиштүү технологиялык жабдуулары бар имараттарды камтыйт, аларда посттордун ишин камсыздоочу мамлекеттик контролдоо органдары кызматтык иш жүргүзүшөт.
1.4. Жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, автомобилдик катнаш тармагындагы эл аралык келишимдерди жана конвенцияларды, товарларды, транспорт каражаттарын жана башка буюмдарды алып өтүүнүн белгиленген эрежелерин сакташын контролдоону камсыздоо үчүн посттордо жол кыймылынын коопсуздугу, транспорттук, салыктык, санитардык-карантиндик, ветеринардык-карантиндик, баңгизаттарга каршы жана фитосанитардык контроль органдарынын бөлүмдөрү түзүлөт (мындан ары - мамлекеттик контролдоо органдары).
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.5. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык контролдоо функциялары төмөнкүлөргө тапшырылган:
- транспорттук контролду камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;
- ветеринардык-карантиндик жана фитосанитардык контролду камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга;
- санитардык-карантиндик контролду камсыздоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;
- баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүнө контролду камсыздоо боюнча - баңги кылуучу каражаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;
- салыктык контролду камсыз кылуу боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-июлундагы № 440, 2013-жылдын 24-январындагы № 28, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2018-жылдын 22-мартындагы № 147 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.6. Посттордо контролдун башка түрлөрүн уюштурууга жана жүргүзүүгө, ошондой эле аткаруу бийлиги органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын посттордо чарбалык жана башка иштерди жүргүзүүсүнө жол берилбейт.
2. Постторду орнотуунун тартиби
2.1. Посттор Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана облустук мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын (мындан ары - демилгечилер) сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен орнотулат.
3. Постторду жабуунун тартиби
3.1. Посттор Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана облустук мамлекеттик администрацияларынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен, посттордун андан ары иштешинин ылайыксыздыгын же мүмкүн эместигин негиздөө менен аныкталган тартипте жабылат.
3.2. Посттор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен төмөнкүдөй учурларда убактылуу жабылат:
- транспорттук катнашты жүргүзүү же мамлекеттик контролдоочу органдардын иштеши мүмкүн эмес болгон өзгөчө кырдаалдарда, табигый кырсыктарда жана техногендик мүнөздөгү кырдаалдарда;
- санитардык-карантиндик мүнөздөгү себептер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздун камсыздоо максатында;
- эл аралык келишимдерде каралган милдеттерди аткаруу максатында.
3.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн постторду жабуу же убактылуу жабуу жөнүндө, ошондой эле постторду убактылуу жабуу жөнүндө чечимдердин жоюлганы тууралуу чечимдери жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
3.4. Убактылуу жабылган посттун иши кайра башталганга чейин мамлекеттик контролдоочу органдардын түзүмдүк бөлүмдөрү таратылбайт жана тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин чечими боюнча пайдаланылат.
4. Посттордун ишин уюштуруу
4.1. Посттордо контролдун бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен аныкталат.
5. Мамлекеттик контролдоо органдарынын иштерин координациялоо
5.1 Мамлекеттик контролдоо органдарынын иштерин координациялоо төмөнкүдөй негизги багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- посттогу түзүлгөн абалды биргелешип талдоо, жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымдарынын өзгөрүүлөрү боюнча тенденцияларды, ал аркылуу транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана башка мүлктү алып өтүү боюнча эрежелерди мүмкүн болгон бузууларды болжолдоо;
- посттордун ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
5.2. Ишти координациялоону камсыздоо максатында мамлекеттик контролдоо органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана пост турган аймактагы башка аткаруу бийлиги органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан координациялык кеңешмелер чакырылат.
Координациялык кеңешменин мүчөлөрү маселелерди талкуулоодо жана чечим кабыл алууда бирдей укуктарга ээ.
6. Посттордун финансылык жана материалдык техникалык камсыздалышы
6.1. Постторду куруу (реконструкциялоо) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинде учурдагы финансылык жылга каралган каражаттардын эсебинен жана анын чектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
6.2. Посттор эксплуатацияга кабыл алынгандан кийин мамлекеттик контролдоо органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө контролдун тийиштүү түрүн жүргүзүшү үчүн керектүү кызматтык жана тиричиликтин жайлар, атайын орундар жана технологиялык жабдуулар белгиленген тартипте берилет.
6.3. Постторду атайын аппараттар жана текшерүүнүн техникалык каражаттары менен жабдуу, аларды иштетүү боюнча чыгымдар, ошондой эле мамлекеттик контролдоо органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өздүк курамын кармоого байланышкан чыгымдар мамлекеттик бюджеттин учурдагы финансылык жылга карата каралган каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартылуучу башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин - министрдин милдетин аткаруучу |
| М.Исмаилов |