Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты № 167
"Таза Коом" долбоорун ишке ашыруунун алкагында процесстерди жана маалыматтык технологияларды автоматташтыруу боюнча айрым маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарындагы процесстерди жана маалыматтык технологияларды андан ары автоматташтыруу максатында. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чектеринде "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруунун алкагында процесстерди жана маалыматтык технологияларды автоматташтыруу маселелерин координациялоо боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды тапшыруу менен мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (санариптик өнүктүрүү боюнча) кызмат орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомунун 6-тиркемесине ылайык киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (санариптик өнүктүрүү боюнча) кызмат орду киргизилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеси, ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык.";
- 5-тиркемесиндеги эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарынын чектик саны ушул токтомдун 6-тиркемесин эсепке албастан көрсөтүлгөн.";
- жогоруда аталган токтом ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 6-тиркеме менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте эки айлык мөөнөттө мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын (санариптик өнүктүрүү боюнча) электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү жаңы тенденциялар боюнча квалификациясын жогорулатууну уюштуруу чараларын көрсүн.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык сандарынын алкагында жана алар үчүн 2018-жылга жана келерки жылдарга каралган каражаттардын чектеринде төлөнө тургандыгы белгиленсин.
5. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары бир айлык мөөнөттө:
- мамлекеттик органдар жөнүндөгү жоболорго ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте киргизишсин;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жана аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 токтомуна 6-тиркеме |
Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (санариптик өнүктүрүү боюнча) кызмат орду киргизилген "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруунун алкагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги,
9. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
10. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги.
11. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети.
12. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд.
22. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
23. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.".