Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 151
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Баатырбеков А.Б., Артыков А.А., Жамангулов А.Ж., Исаева Д.Ш., Карамушкина И.Ю., Мусабекова Ж.А., Сабиров М.Э., Сулейманов Б.И., Толонов Д.Э., Шайназаров Т.У. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Иманалиев К.К., Нурбаев А.М., Баатырбеков А.Б., Артыков А.А., Жамангулов А.Ж., Исаева Д.Ш., Карамушкина И.Ю., Мусабекова Ж.А., Сабиров М.Э., Сулейманов Б.И., Толонов Д.Э., Шайназаров Т.У. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси менен белгиленгендей, аттестациялык-конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктары ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен бекитилген Аттестациялык-конкурстук комиссия жөнүндө жобо менен аныкталат.
Мыйзамдын долбоору менен аттестациялык-конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктары жана курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилиши сунушталууда.
Аттестациялык-конкурстук комиссия 10 адамдан турат. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын курамына туруктуу негизде ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү жана Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бирден өкүлү кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесине ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт. Ушуга байланыштуу, аткаруу бийлигинин органы катарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине таандык болгон дайындоо, бошотуу, чет өлкөгө узак иш сапарга жиберүү, аттестация өткөрүү, жылдыруу, которуу, кадрлар резервине киргизүү, жогорку окуу жайларына жана илимий мекемелерге жөнөтүү маселелери боюнча аттестациялык-конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрүн киргизүү Конституциянын жогоруда аталган ченемине жана бийликти бөлүштүрүү принцибине каршы келерин белгилей кетүү зарыл.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган түзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыргандыктан, аталган Кызматтын өкүлүн кызматкерлери дипломатиялык кызматты өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин аттестациялык-конкурстук комиссиясынын курамына киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келет.
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын ыйгарым укуктарын жана курамын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитишин сунуштоо да мыйзамга каршы келет, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 9-пунктуна ылайык административдик мамлекеттик бош кызмат орунун жана административдик муниципалдык бош кызмат орунун ээлөөгө конкурс өткөрүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен конкурстук комиссия түзүлөт.
2. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдары Президент тарабынан ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунуштамасы боюнча ыйгарылат.
Мыйзамдын долбоору менен бул жол-жобону Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен да макулдашуу сунушталууда.
Ушундан улам белгилей кетүүчү нерсе, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри класстык чиндерди ыйгарат. Бирок, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчисинин дипломатиялык рангдарын ыйгаруу маселесин макулдашуу боюнча ыйгарым укуктар жазылган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти жогорку аскер наамдарын, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгара турганы белгиленген.
Бирок, конституциялык ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Президентин бул маселени Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашууга милдеттендирбейт. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесине ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, ушул Конституция жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт.
Сунушталып жаткан толуктоо жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясында аныкталган ыйгарым укуктарына каршы келип турат.
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык дипломатиялык рангдар Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын, Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, анын ичинде аталган Мыйзамдын 22-беренесинде каралган тартипте мөөнөтүнөн мурда же кезексиз ыйгарылышы мүмкүн.
Мыйзамдын долбоору менен дипломатиялык рангдар Жогорку Кеңештин комитетинин мурдагы жана иштеп жаткан жетекчилерине, Президенттин Аппаратынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Өкмөттүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык маселелерин тейлөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине, анын ичинде ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте мөөнөтүнөн мурда же кезексиз ыйгаруу мүмкүндүгү болжолдонууда.
Ушул мыйзам долбоорунун демилгечилери "комитеттердин жетекчилери" деген аныктамасы менен "комитеттердин төрагаларын" билишет, бирок "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө өзүнүн курамынан Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын жашыруун добуш берүү менен шайлайт.
2014-жылдын 17-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси жогорку дипломатиялык рангдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтын кызмат орундарынын жана аларга тийиштүү чектелген жогорку дипломатиялык рангдардын тизмесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген комитетинин төрагасы/экс-төрагасы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангын алуу укугуна ээ.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбоорундагы "жетекчилер" деген сөздү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык кызматташтык маселелерин тейлеген комитетинин төрагасы/экс-төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Аталган комитеттин төрагасы/экс-төрагасы дипломатиялык ранг алуу укугуна "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында дипломатиялык рангы үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин талапкер боло алат.
3. Мыйзамдын долбоорун демилгелөөчүлөр эл аралык уюмдарда, анын ичинде парламенттер аралык уюмдарда эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасына бекитилген квоталык кызмат орундарында иштөөсүн дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөтүнө кошууну сунуштоодо.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык эл аралык уюм тиешелүү эл аралык келишимди түзүү жолу менен уюшулган мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмду билдирет.
"Мамлекеттер аралык уюм" түшүнүгү баардык мамлекеттик расмий институттарды, анын ичинде парламенттер аралык уюмдарды билдирет.
"Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинде парламенттер аралык уюмдун статусун деталдуу тактоо зарылдыгы жоктугун белгилей кетүү зарыл.
4. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте социалдык коргоо, ошондой эле дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө атайын мыйзамда белгиленген тартипте пенсия менен камсыз кылуу кепилге алынат.
Мыйзамдын долбоору менен дипломатиялык кызматтын пенсиялык камсыздоосун атайын мыйзам менен белгилебөө сунушталууда.
Ушуга байланыштуу, сунушталган өзгөртүүгө негиздеме-маалымкатта анын негиздери, максаты жана милдети берилген эмес.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ардактуу эс алууга чыккан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлери үчүн пенсиянын өлчөмүн көтөрүү маселеси чечилбей келатат, пенсионер-дипломаттар орто эсеп менен 4000-5000 сом өлчөмүндөгү пенсияга чыгышат. Бүгүнкү күндө пенсионер-дипломаттардын саны 30га жакын адамды түзөт. Баардык пенсионер-дипломаттардын чет өлкөдөгү узак иш сапарда жүрүп, тийиштүү төлөмдөрдү өз убагында которо албагандыгы көйгөй болуп эсептелет. Мурдагы колдонуудагы мыйзамдар пенсиянын көлөмүн кошумча каражаттарды которуу жолу менен көбөйтүүгө мүмкүндүк берген жок. Тажрыйба көрсөткөндөй, жыл сайын дипломатиялык кызматтын пенсиялык жашка жеткен 1 гана кызматкери пенсияга чыгат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчө депутаттары "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун демилгелөөгө ниеттенип жатышат деген маалымат бар. Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын пенсияга чыккан кызматкерлери үчүн пенсиялык камсыздоо принциптерин аныктоо болуп эсептелет (КР ЖК Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине жиберилген, 20.07.2017-ж. № 6-4302и/17 жана 09.01.2018-ж. № 6-66и/18 каттары).
Ушуга байланыштуу бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчө депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен карап чыгууну сунуштайбыз, анткени бир мыйзам долбоору менен пенсиялык камсыздоо жөнүндө ченем кыскартылууда, ал эми башка мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын пенсияга чыккан кызматкерлери үчүн пенсиялык камсыздоо принциптерин аныктоо сунушталып жатат.
5. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, дипломатиялык кызматты токтотуунун негиздеринин бири болуп кызматкерде чет мамлекеттин жарандыгынын болушу эсептелет.
Мыйзамдын долбоору менен негиздердин тизмесин дипломатиялык кызматтын кызматкеринин жубайында чет мамлекеттин жарандыгынын болушу менен толуктоо каралууда.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 383-статьясына ылайык, чет мамлекеттин жарандыгына ээ болбогон жана кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалууга жатпаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарындагы дипломатиялык, консулдук жана администрациялык мамлекеттик кызмат орундарына тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалат.
Аталган берене менен дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жубайында чет мамлекеттин жарандыгы болгон учурда дипломатиялык, консулдук жана мамлекеттик жарандык кызмат орундарына дайындоодо чектөөлөр каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 384-статьясында чет өлкөгө узак иш сапарга жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек шарттары ушул Кодексте белгиленгенден начар болушу мүмкүн эмес.
Сунушталып жаткан толуктоо дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин абалын начарлатат.
Мыйзам долбоорунун негиздеме-малымкатында бул толуктоолор Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо жана кызыкчылыктарын коргоо максатында киргизилип жатат деп айтылган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинде Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керектиги айтылган.
Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилүүчү чектөөлөр ушундай максаттарга шайкеш келиши керек. Ушуга байланыштуу, улуттук коопсуздукту сактоо менен дипломатиялык кызматтын кызматкеринин жубайында Кыргызстандын жарандыгынын милдеттүү түрдө болушун белгилөө кантип шайкеш келери түшүнүксүз.
Дипломатиялык кызматтын кызматкери же бул кызматка талапкер чет мамлекеттин жараны болсо мына ушунда улуттук коопсуздукка коркунучтун болушу мүмкүн деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мындай ченемин ишке ашыруу үчүн "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында дипломатиялык кызматтын кызматкеринин чет мамлекеттин жараны болгон адам менен никеге туруу укугу чектелген эмес.
Мындай ченем пайда болсо мындай укукту Конституция менен чектөө жана дипломатиялык кызматтын кызматкерине тийиштүү кызмат ордунда иштөөгө тыюу салынышы мүмкүн болмок.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аталган ченеми адамдын укугун чектеген жана бузган мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз боло албайт.
Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, мындай зарылдык мамлекеттик сырды жана башка маанилүү маалыматтарды камтыган документтер менен иштеген дипломатиялык кызматтагы иштин өзгөчөлүгүнө байланыштуу жана дипломатиялык кызматтын кызматкерине ар кандай түрдөгү таасир этүүнү болтурбоо максатында пайда болгон.
Башка мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчыларынын көпчүлүгү, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринде жашыруун документтер жана башка маанилүү документтер менен иштөөгө уруксаты бар экенин белгилей кетүү зарыл. Бирок мындай уруксат алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектебейт жана аны токтотууга негиз болуп эсептелбейт.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинде мамлекеттик кызматчынын жубайы чет мамлекеттин жараны болсо жумуш берүүчү же мамлекеттик орган аны ээлеген кызматынан бошотууга укуктуу экени жөнүндө айтылган эмес. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында да мындай чектөө жок.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кызматкердин жубайы чет өлкөнүн жараны болсо, анын мамлекеттик кызматта иштөөсүн чектеген ченем белгиленген эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21-беренесине ылайык ушул Конституцияда белгиленген укуктар менен эркиндиктер бардык жактан толук жетишерлик деп эсептелбейт жана адамдын, жарандын башка жалпы таанылган укуктары менен эркиндиктерин тануу же басмырлоо катары чечмеленбеши керек.
Сунуш кылынган толуктоо Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактысына, 1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укугунун жалпы декларациясына карама-каршы келет (Кыргыз Республикасы 1954-жылдын 12-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 1406-XII токтому менен кошулган).
Жогоруда баяндалгандарды, ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугун сактоо жагындагы максатты эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселени Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматы жөнүндө мыйзамдарынын алкагында кароону максатка ылайык деп эсептейт, анткени Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринде мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды жана мамлекеттик купуя сырды билүүгө уруксаты бар.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун кызыкчылыгында маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүнүн, аларды коргоо системасынын, мындай маалыматтарды жашыруун кылууга жана ачыктоого байланышкан мамилелердин, ошондой эле мамлекеттик сырлар чөйрөсүндөгү башка иш-аракеттин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин жөнгө салат.
Баяндалгандарды эске алуу менен, сунушталып жаткан толуктоо жарандардын укуктарын негизсиз чектөөчү жана бузуучу мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аталган ченемдерине каршы келерин айтмакчыбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом долбоорун дыкат карап толуктап иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт.
Сунуштар.
Мыйзам долбоору дипломатиялык кызматтын ишинин айрым шарттарын өзгөртүүгө багытталгандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүүнү максатка ылайык деп эсептейт.
1. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинде дипломатиялык кызматты токтотуунун негиздери белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 386-беренесин эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкерин чет өлкөдөгү узак иш сапардан чакыртып алууга болуучу төмөнкүдөй негиздер менен толуктоону сунуш кылабыз:
- кызматкер барган өлкөнүн каада-салттарын жана мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин сактабаганда;
- кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрү барган өлкөнүн мыйзамдарын, жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү тийиштүү дипломатиялык кызмат органынын аймагында колдонулган жашоо эрежелерин сакташпаганда;
- 2 айдан узак созулган убактылуу эмгекке жарамсыздыкта же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилген оорулардын тизмесине ылайык, чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган оорусу болгондо.
2. "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген дипломатиялык кызматтын кызматкеринде иши боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте алып салынбаган олуттуу эскертүүсү жана/же тартиптик жазасы бар болсо, ал дипломатиялык рангды ыйгарууга көрсөтүлбөйт.
"Иш боюнча олуттуу эскертүүсү бар" деген сөздөн кенен, так эмес, конкреттүүлүгү жок, аларды бурмалап жана кырдаалды ар кандай чечмелесе болот.
Бирок, аталган Мыйзам мындай олуттуу эскертүүлөрдүн критерийлерин тактабайт жана олуттуу эскертүү берилүүчү адамдардын кандай болоорун аныктаган эмес.
Колдонулуп жаткан ченем аны колдонуучунун жеке олуттуу дооматтарын документ менен бышыктоого милдеттендирбейт, ал эми тартиптик жаза жөнүндө ченем ушуну талап кылат.
Дипломатиялык кызматтын кызматкеринин укуктары негизсиз бузулушу мүмкүн экендигин эске алып, жогоруда аталган Мыйзамдын 22-беренесинин 3-бөлүгүндөгү "олуттуу эскертүүсү бар жана/же" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз.