Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-марты № 152
"Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык бирлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Ереван шаарында 2016-жылдын 20-майында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашуу долбооруна кол коюлганга чейин ал кызыктар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 84-б буйругу менен жактырылган.
Макулдашуунун максаты Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жана ички транзит боюнча ташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат.
Макулдашуунун 12-беренесине ылайык анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу каралган, ушуга байланыштуу аталган Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында аны ратификациялоо зарыл болуп саналат.
Макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен финансы чыгымдарын талап кылбайт, ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.