Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-марты N 155
"Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит N 5235-KG, Грант N Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант N TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу каты ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына/Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (Дүйнөлүк банк) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу катынын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
Бишкек шаарында 2017-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча иш-чараларды андан ары ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын реформалоонун 2012-2016-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы (мындан ары - "Ден соолук" программасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоонун 2012-2018-жылдарга карата "Ден соолук" улуттук программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому менен 2018-жылга чейин узартылган.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр бюджетти колдоого каражаттарды берүү (кеңири сектордук мамиленин алкагында (мындан ары - SWAp), ошондой эле параллелдүү каржылоо аркылуу "Ден соолук" программасын колдошот. Азыркы учурда SWAp2 катышуучулары болуп Дүйнөлүк банк, Немис өнүктүрүү банкы (KfW) жана Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилиги саналат. "Ден соолук" программасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен ишке ашырылууда.
"Ден соолук" программасын ишке ашыруунун алкагында 2014-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилиги, Немис өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлган.
2014-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти "2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон.
2014-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенти "2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF 015135) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон.
2018-жылдын аягына чейин "Ден соолук" программасынын алкагындагы иш-чараларды андан ары аткарууга, саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртууга, саламаттык сактоо уюмдарында электрондук сатып алууларды оптималдаштыруу үчүн дары каражаттарын жана медицина буюмдарын жүгүртүүнү жөнгө салуу жаатындагы маалымдамалар менен классификаторлордун бирдиктүү системасын түзүүгө, Бирдиктүү төлөөчү системанын ченемдик укуктук базасын иштеп чыгууга жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо механизмдерин жана ыкмаларын жакшыртууга, ден соолукту чыңдоо боюнча кампания өткөрүүгө жана оорулардын алдын алуу чараларын көрүүгө сарпталган чыгымдарды жабууга каражаттарды жумшоо пландалууда. Пландагы иш-чараларды аяктоо үчүн 2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана 2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF 015135) өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыкты.
Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүү киргизүү жөнүндө макулдашуу катка (мындан ары - Макулдашуу кат) кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери: Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 514-б буйругу менен жактырылган.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Макулдашуу кат ратификацияланууга тийиш.
Макулдашуу катты ратификациялоо финансы-экономикалык жана башка кесепеттерди жана республикалык бюджеттин финансылык чыгымдарына терс таасирин тийгизбейт.
Жогоруда аталган Макулдашуу кат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.