Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 162
"Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|
Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Чыгыш электр" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Бишкек шаарында 2017-жылдын 7-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чыгыш электр" ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоорун каржылоо боюнча макулдашуулар (кредиттик, гранттык) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аталган макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 5-декабрындагы № 550-б буйругу менен жактырылган.
Бөлүштүрүүчү тармактарды модернизациялоого жана бекемдөөгө, ЭКЭАМӨС заманбап системаларын сатып алууга жана орнотууга, ошондой эле электр менен камсыздоо системаларынын линияларынын жана трансформаторлорунун кубаттуулуктарын күчөтүү боюнча башка иш-чараларга инвестицияларды тартуу максатында макулдашууларга кол коюлган.
Жогоруда аталган макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасына 4 миллион евро өлчөмүндөгү кредиттик каражатты 1%+еврибор пайыздык ставка менен, 15 жылдык мөөнөткө, 3 жылдык жеңилдик берүү мезгили менен, ошондой эле 2 миллион евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты (Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен) бөлүп берет. Мындан тышкары, Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасына Долбоорду ишке ашырууга (сатып алууларды өткөрүү, тендердик документтерди даярдоо, корпоративдик өнүктүрүү программаларын киргизүү) колдоо көрсөтүү түрүндө техникалык көмөк көрсөтүлөт. Кредит жарым жылда бир жолу, ар жылдын 21-майында жана 21-ноябрында бирдей төлөмдөр менен жабылат.
Кредиттик каражаттар "Чыгыш электр" ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте кайра кредитке бериле тургандыктан, макулдашууларды ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча түйшүк келтирбейт. Ошондой эле акча каражатын кайтарып берүү ЭКЭАМӨС системаларын киргизип, электр энергиясынын жоготууларын жана операциялык жана ишке киргизүүгө байланышкан чыгашаларды кыскартуунун эсебинен жүзөгө ашыруу болжолдонууда.
Макулдашууларды ратификациялоо социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.